Бул оору тууралуу көбү айтуудан жазганып азабын тартып келет. Туура эмес тамактануу, жашоо образы жана башка себептер бул дартка жеткирет. Оорунун себеби жана дарылоо жолу төмөндө.
«Геморрой «деген сөз латын тилинен которгондо «кан агуу» дегенди түшүндүрөт. Дүйнө жүзү боюнча ар бир алтынчы адам бул дартка чалдыгат. Көтөн чучуктун ич жагында жана сырт жагында да геморройдук түйүндөр бар. Алар өздөрүнүн коргонуучу клеткалары менен ичегидеги нерселерди сыртка чыгарбай кармап турушат. Адам көп кыймылдабаганда жамбашта кан айлануу начарлайт дагы, ошол геморройдук түйүндөр көөп чыгат. Мунун натыйжасында акырындап уюган кан (тромб) пайда болот.
Себептери:
— Ичегинин иштөөсүнүн бузулушу көбүнчө туура эмес тамактануудан келип чыгат. Ич бирде катат, бирде өтөт.
— Кыймылдын аздыгынан улам жамбаштагы кан тамырларда кан айлануу начарлайт. Мындан улам тромб пайда болот.
— Аял кош бойлуу кезинде түйүлдүк жамбаш чарасындагы кан тамырларды кысып калат. Мындай кезде аялдын ичи өтсө же ичи катса, туздуу, ачуу тамактарды көп колдонсо, ансыз да чыңалган кан тамырлар ого бетер чыңалат.
— Төрөт мезгилинде веналардын чыңалуусунан кан туруп калып, геморройдук түйүндөр чоңоюп кетет.
Оорунун белгилери:
— Мунун алгачкы белгисине көтөн чучуктун тегерегинин аздан кычышуусу, ачышуусу кирет. Буга айрымдар узакка чейин маани бербейт, чүчөк болуп жатам деп боолгошот.
— Көтөн чучуктун оорушу, кан агуу, геморройдук түйүндүн түшүшү, көтөн чучуктун айланасынын кычышуусу жана ачышуусу, суюктуктун бөлүнүп чыгышы эсептелет.
— Ич бурап ооруйт, бирок адам заңдай албайт. Бул учурда кан тамырлар жыйрылып ооруксунуу жаратып жаткан болот.
Оорунун үч даражасы бар:
I даража – көтөн чучуктагы чырмалышкан кан тамырлар кеңейет.
II даража – кан тамырлар кеңейип отуруп геморройдук түйүн пайда болот. Күч келгенде түйүн көтөн чучуктан чыгып кетет да, бирок кайра калыбына келип калат.
III даража геморройдук түйүн түшөт (сыртка чыгып калат). Кол менен ичке киргизүүгө туура келет.
IV даражада — геморройдук түйүн көтөн чучуктун былжыр кабыгы менен кошо сыртка чыгып калат да, ичке киргизүүгө мүмкүн эмес. Жүк көтөргөндө, көбүрөөк басканда деле чыгып кетет.
Оорунун алдын алуучу кеңештер:
— Заң ката баштаганда аны жумшартуунун жолун издеш керек. Болбосо жыйылган заң организмди уулап, ичегинин сапатына кедергисин тийгизет. Ак нандын ордуна кара нанды колдонуу, жер-жемиштерге өзгөчө басым коюп, өрүк, кара өрүк, кызыл кызылча, ашкабак колдонуу сунушталат.
— Көтөн чучуктун баары нервдер менен туташкандыктан, адамдагы эмоция таасирин берет. Андыктан нерв системаны жөнгө салган оң.
— Ар бир заңдаган сайын көтөн чучукту муздак суу менен жууш керек. Ысыктын кеңейте, муздактын тарыта турган күчү болгондуктан, муздагыраак суу булчуңдарды жыйрылтып, көтөн чучукту кайра киргизет.
Дарылоодогу ыкмалар:
Дартты проктолог аныктап, төмөнкү ыкмаларды колдонот:
– Ички геморройдун 1-2-стадиясында консервативдүү дарылоо (операциясыз) жүргүзүлөт. Мында свечалар жана антибиотиктер колдонулат.
Консервативдүү дарылоо жардам бербесе, төмөндөгү ыкмаларга өтүү керек:
Инфракызыл нур менен күйгүзүү: Геморрой түйүндөрүнө келген кан тамырлар күйгүзүлүп, оору жок кылынат.
Склеротерапия: Көтөн чучукка атайын зат киргизилет. Ал геморрой түйүндөрүн бырыштырып, андан ары чоңоюшун токтотот.
Латекс шакекчелерин түйүндөргө кийгизүү: Шакекчелер кийгизилген соң түйүндөр өлүп, өзү түшөт.
Ички геморройдун 3-4-стадиясында операция жасалат. Операциянын узактыгы 30 мүнөттү түзөт.
Ооруну элдик ыкмалар менен дарылоо:
— Фильтрленген таза сууну муз кылып тоңдуруп, ооруган учурда көтөн чучукка койгон оң. Бул ыкма ооруксунууну бат басат.
— Бир картошканы кесимдерге бөлүп алып, свеча түрүндө колдонгон пайдалуу. Картошканын ширеси теринин сезгенүүсүн басат, жарааттын тез айыгуусуна шарт түзөт.
— Мумиё менен чычырканактын майын теңме-тең аралаштырып, бирдей суюктук келип чыкканда тампон түрүндө колдонуу керек.
— Кулпунайдын ширесин тоңдуруп, ооруган жерге басуу керек. Ал кандын уюп калуусунун алдын алат жана уюган кандардын тарашына жардам берет. Кургатылган кулпунайдын жалбырагын кайнатып, тундурмасын ичсе кандын суюлуусуна жардам берет.
— Бал – ооруну басаңдата турган табигый азык. Аны ооруган жерге күндө 2-3 ирет сүртүп турса натыйжалуу. Ушундай эле натыйжаны чычырканактын майы да бере алат. Ал кандын уюусунун алдын алып, ооруну басаңдатат.
Проктолог Гүлмира Асанбекова: “Геморрой ракка жеткирбейт”
— Гүлмира айым, бул ооруга элдик ыкма канчалык жардам берет?
— Элдик ыкманын көп түрү бар. Эгер дарыгер туура көрсөтмө берсе элдик ыкма абдан жакшы жардам берет. Бирок эч убакта өз алдынча колдонууга болбойт. Менин практикамда бир аял элдик ыкма менен дарыланып жатыптыр, кимдин кеңеши менен экенин билбейм, уулуу чөптүн тамырын түз ичегисине куюптур. Бизге баса албай оор абалда келип түштү, көрсө, ичегилери 4-стадиядагы рак болуп кеткен экен. Андыктан башка козголо турган өнөкөт оорулар жок болсо, маселе бир гана геморройдо болсо, анда элдик медицинаны колдонсо болот.
— Операциядан кийин бат эле мурдагы жашоо образына аралашса болот дешет?
— Геморройду айыктырууда жеңил аппараттык дарылоонун түрү колдонулса, анда болот. Көп деле залакасын тийгизип, адам жатып калбайт. Дарылоо жеңил өтөт жана доктурдун көрсөтмөсүн так аткарса бейтап бат айыгат. Эгер операция боло турган болсо, анда узак убакытка дарыланууга туура келет. Акыркы жылдары аппараттык дарылоонун түрү кеңири тарады. Бирок алар геморройдун 1-2- стадиясында гана натыйжа берет. Ал эми калган өрчүшүп кеткен учурда операция кылууга туура келет. Стадияны проктолог гана аныктай алат. Геморройдон убагында дарыланбаса кан кете берип анемияга алып келет. Азайып кеткен канды ордуна келтирүү үчүн узак убакыт дарыланууга туура келет.
— Геморрой ракка алып келет деген чынбы?
— Геморройдун өзү эч убакта ракка алып келбейт. Эгер коштолгон полип оорусу бар болсо, ичегилерге жарака кеткен болсо, анда ошол нерсе онкологияга жеткирет.
Аймээрим Курбаналиева