Жыл ѳткѳн сайын мекенибизде китеп дүйнѳсү кеңейип, алдыга карай арышын кенен таштап баратканы кубандырат. Мисалы, китептер кыргыз тилине которулуп, белгилүү романдар жаңы басылды, кыргыз китеп дүкѳндѳрү атаандаштык менен иштеп, «Бир адамдан бир китеп» сыяктуу ири долбоор айылдарга чейин жетти, китеп окуу сынактары байма-бай ѳтүп жатат. Эми мунун баарына жетишүү үчүн китепкѳйлѳр тез окууну ѳздѳштүрүүлѳрү керек. Техниканын заманында китеп менен достукта жашоо ырахат болсо, аны тез окуу менен эске сактап калуу – чоң жеңиш. Эмесе, баарыңыздарды тез окуу деген кызык дүйнѳгѳ чакырабыз.
Тез окуу – ѳзгѳчѳ ыкмаларды колдоно билүү менен тексттеги маалыматты тез түшүнүп алуу. Кѳпчүлүк бир мүнѳттѳ 120-180 сѳз окушат. Изилдѳѳнүн жыйынтыгы 60 сѳздү тѳмѳнкү кѳрсѳткүч деп тапса, жогорку кѳрсѳткүч 378 сѳз болгон. Демек, адам ортоңку кѳрсѳткүчтѳ болуусу үчүн бир мүнѳттѳ 201 сѳз окушу керек. Ал эми тез окууну ѳздѳштүрүү менен бул кѳрсѳткүчтү 3-4 эсеге кѳбѳйтүүгѳ болот. Бул ыкманы 1878-жылы француз врач-офтальмологу Луи Эмиль Жаваль аныктаган. Ал кѳз сүйлѳмдү окууда ар бир тамгага токтолбостон, секирик жасоо менен 3-4 жерге гана кыска тыным кыларын билген. Изилдѳѳлѳр кѳздүн кѳрүү талаасы алда канча кенен экенин аныктаган. 1894-жылы бул тууралуу алгачкы макала басылып, ал кѳпчүлүктүн кызыгуусун арттырган. Ал эми тез окуу боюнча биринчи курс 1925-жылы АКШнын Нью-Йорк штатындагы Сиракьюс университетинде ачылган.
Биз эмне үчүн тез окуй албайбыз?
Себеби бизди мектеп жашыбыздан китепке болгон сүйүүбүздү жоготуп окутушкан жана туура эмес ыкма менен тез окууга болгон мүмкүнчүлүгүбүздү чектеп салышкан. Эсиңизде болсо, мурда, тилекке каршы, азыр деле кѳп мектептерде баланы мүнѳткѳ ченеп окутууда сѳѳмѳйү менен сапты сыдырып, ар бир сѳзгѳ токтолуп, үнүн чыгарып даана окууга үйрѳтүшѳт. Дал ушул жерден баланын физиологиялык жактан тез жана кѳп сѳз окуу мүмкүнчүлүгү талкаланып, тар формага кептелет. Мындан кийин анын кѳзү бир саптан кѳп саптарды кѳрѳ билүү мүмкүнчүлүгүн жоготот. Мээнин кабыл алуусу да жайлайт. Ал эми кѳз тез окуудан эмес, жай окуудан чарчайт.
Тез окуу үчүн эмне керек?
1. Каалоо, кызыгуу. 36 тамганы тааныган ар бир адам тез окууну ѳздѳштүрѳ алат. Болгону, анда тез окууга болгон терең кызыгуу менен ѳздѳштүрүү үчүн чексиз каалоо болушу керек.
2. Ишеним. Тез окууга жетишүү үчүн бир канча кѳнүгүүлѳрдү жасап, машыгууга туура келет. Ал кѳнүгүүлѳрдү ар бир адам ѳз алдынча жасаса болот. Алар 7 жаштан 70 жашка чейинки бардык адамдар үчүн жеткиликтүү, түшүнүктүү. Болгону, ал машыгуулар сизди тез окууга жеткирерине ишенишиңиз шарт.
3. Аракет. Эч бир ийгилик аракетсиз болбойт. Тез окууну ѳздѳштүрүү үчүн да күн сайын бир маал убакыт бѳлүп, машыгууну токтотпоо керек. Кокус эле аракетиңиз токтоп калса, мүнѳт сайын кѳбѳйүп бараткан сѳздѳр артка кетип кемип баштайт.
Тез окууга үйрѳнѳбүз
Тез окууга жетиш үчүн ички үндү жоюу, артка кайтып кайталап окуу адатын калтыруу, кѳздүн кѳрүү талаасын кеңейтүү, окууга кѳңүл бурууну арттыруу, текстти сырттан кароо менен негизги маалыматты таба билүүгѳ жана эске тутууга машыгуу керек. Машыгуунун алдында айрым эрежелерди билип алуу зарыл.
1-эреже: Денени түз кармоо. Китеп окууга отурары менен уйкусурап баштоо – кѳпчүлүктүн кѳйгѳйү. Мунун сыры денени туура алып отурбаганда жатат. Башты эңкейтип, бүкүрѳйүп алганда мээге кычкылтек толук жетпей калат да, уйку келе баштайт. Адам ѳзүн чарчаңкы сезет. Мындан кутулуунун жалгыз жолу – денени туура алып отуруу. Китепти жатпай, турбай, ыңгайлуу отуруп окуңуз. Далыңызды отургучтун артына сүйѳп, башты түз кармап, ээкти кѳтѳрүп отуруңуз.
2-эреже. Башты кыймылдатпоо. Тез окууга жетелеген кѳнүгүүлѳрдүн баары бир гана кѳз, карек менен жасалат. Кѳнүгүүлѳр менен машыгуу маалында башыңызды миллиметрге да жылдырбаңыз.
3-эреже. Кѳздү эс алдыруу. Кѳнүгүү жасоодо да, китеп окууда да кѳздү эс алдырып туруу зарыл. Ал үчүн алгач эки алаканыңызды бири-бирине сүртүп, жылытыңыз. Эми алакандын отун кѳздүн так тушуна коюп басып туруңуз. Алакандын тегерек чети кѳздүн чарасын таяп турушу керек. Каректи катуу басып алуу туура эмес.
4-эреже: Күн сайын машыгуу. Жогоруда айткандай, машыгуу токтогон жерден жеңилүү башталат. Андыктан тез окуу ыкмасы сизге тынымсыз жемишин берип турушу үчүн күн сайын кѳнүгүүгѳ убакыт табууңуз керек. Кѳнүгүүлѳр алгач кыйын болот, кѳз чарчайт, мээ каршылык кылат. Бирок ѳздѳштүргѳндѳн кийин кѳз ал кѳнүгүүлѳрдѳн эс алып, ырахаттана баштайт. Кѳз булчуңдары кубаттанат.
Ички үндү жоюу. Субвокализация – ичтен сүйлѳѳ менен окуу. Бул нерсе мээге маалыматтын түз жана тез жетишине тоскоолдук кылат. Адам ичиндеги үндү токтотуп кѳз менен гана окуганда кѳп сѳз окууга жетишет. Ал эми сүйлѳмдѳр мээге ички үндүн катышуусуз сүрѳт болуп жетет. Кѳнүгүү: ооз кѳңдѳйүн бош койбоо керек. Ичтен сүйлѳбѳй окуп калууга жетишкенге чейин оозго момпосуй салып соруу, сагыз чайноо менен машыгуу туура.
Кѳздүн кѳрүү талаасын кеңейтүү. Кѳздүн алдыны эле эмес, капталды да кѳрүү мүмкүнчүлүгү бар. Бирок биз аны пайдалана билбейбиз. Кѳнүүгү: метрономдун жардамы менен каректи машыктыруу керек. Метроном – ылдамдыгы тездеп туруучу ыргактуу добуш. Аны сизге «Гугл» таап берет. Алгач жай ыргакта баштап ылдамдык тездеген сайын кѳнүгүүнү добуштан калбай тез аткаруубуз шарт. Ар бир кѳнүгүүнү добушту ээрчип бир жарым мүнѳттѳн кыласыз. 1. Каректи ылдый, ѳйдѳ, оңго, солго каратасыз. 2. Каректи сааттын жебеси менен айлантасыз. 2. Каректи саат жебесине каршы айлантасыз. Дагы бир кѳнүгүү: алыскы жана жакынкы затты кароо. Алгач оң тарабыңыздан алыс турган бир оокатты, сол жагыңыздан эң жакын турган бир затты тандап аласыз. Ошол эле метрономдун добушун ээрчүү менен аларды алмак-салмак карайсыз. Башыңызды кыймылдатпаңыз. Эми оң жактан жакын, сол жактан алыс турган оокаттарды дагы бир жарым мүнѳт караңыз.
Артка кайтып кайталап окуу адатын калтыруу. Китеп окуудагы эң жаман адат – артка кайтып кайталап окуу. Биз артка кайрыла берсек мээ «бул дагы артка келет» деп маалыматтарды жакшы кабыл албай кете берет. Биз ага «жок, бир окуу менен китепти аяктоо керек. Маалыматты азыр кабыл ал» деп үйрѳтѳбүз. Артка кайтпайбыз деген сигналды уккан мээ болгон аракети менен кабыл алууга тырышып баарын эске сактоого жетишет. Биз аны чектебешибиз керек. Кѳнүгүү: калемди китептеги сапка коюп тездик менен сыдырып карап кете беребиз. Бир да сѳз окубайбыз. 5 мүнѳт тынымсыз улам кийинки сапка түшүп тездик менен карап кете берүү керек. Бул бир гана алдыга тез багыт алууга машыктырат.
Окууга кѳңүл бурууну арттыруу. Бул үчүн эң алды максатты туура коюу керек. Китептен эмне пайда таап, аны кайдан колдонорун аныктап алган адам китепти берилүү менен окуйт. Бул окуган маалыматтын эсте жакшы сакталуусун камсыз кылат. Кѳнүгүү: 1 мүнѳт ичинде тексттеги «а» тамгаларын тоголоктоп, «б» тамгаларын чийип чыгыңыз. Бул маани берүү менен кѳңүл бурууну машыктырат.
Текстти сырттан кароо менен негизги маалыматты таба билүү. Жогорудагы кѳнүгүүлѳрдү аткара билген адам бул артыкчылыкка сѳзсүз жетишет. Себеби кѳз китепти сүрѳт кылып гана кабыл алат да, мээ ошол сүрѳт аркылуу маалыматты тез иргеп алат. Китептеги сѳздүн баары адамдын сѳздүк корунда бар. Мээ ал сѳздѳр менен тааныш. Андыктан ал сүрѳттү түшүнүп алуу мээге оңой эле.
Эске тутуу. Окуган текстти адам ѳзүнѳ-ѳзү айтып берүүсү керек. Сенин эң мыкты угарманың сенсиң. Күзгү алдында отуруп түшүнгѳнүн айтып берүү эң натыйжалуу. Ал эми балдар түшүнүгүн элестѳѳсү боюнча сүрѳт кылып чагылдырганы жакшы.
Алтынай Караева, тез окуу боюнча адис: «Ар бир адам тез окууга жетише алат»
— Алтынай, тез окуу менен иштеп келатканыңызга канча болду?
— Кесибим боюнча балдар психологумун. Негизги ишим ушул тармакта. Тез окууну хобби катары ѳздѳштүрүп алгам. Үч жыл мурун ѳзүм кызыгып окуп, пайдалуу жактары кѳп болгондуктан билгенимди эл менен бѳлүшүүнү чечкем. Үч жылдан бери онлайн жана офлайн форматтарда окууларды ѳтүп келем.
— Ѳзүңүз канча сѳз окуй аласыз?
— Башта мүнѳтүнѳ 160 сѳз окучумун. Азыр 1000 сѳз окуйм. Окуучуларым менден алда канча кѳп окушат. Мисалы, 12 жаштагы окуучум бир мүнѳттѳ 12 миң сѳз окууга жетишкен. Ал эми 9 жаштагы кыздын окуганын окугандай айтып бере алган эс тутуму мени нес кылган.
— Тез окууга кѳбүнчѳ кимдер кызыкдар?
— Кѳбүнчѳ ата-энелер 8-15 жаштардагы балдарын алып келишет. 20дан 30 жашка чейинки жаштар да кѳп. Ал эми улуу курактагылардан кагаз менен иштеген ага-эжелер кѳп келишет. Кызыгы, чоңдор босогону аттаганда эле «тез окушум керек. Бирок албетте, мен ага жетишпейм» деген каршылык менен келишет. Чоңдор гана мээсине ушундай чек коюп алышат. Ал эми балдар чек коюуну билишпегендиктен жогоруда айткандай чоң ийгиликке жетишет. Биз ѳз деңгээлинен 3-4 эсе кѳп сѳз окууга жетишерине кепилдик беребиз. Натыйжада баягы каршы болуп келгендер ѳз жетишкендиктерине ѳздѳрү таң калышат. Албетте, 20-30 жыл жай окуп келген адамга тез окууга ѳтүү оңой болбойт. Бирок каалоо болсо натыйжа сѳзсүз болот.
— Тез окуу – китептерди биринин артынан бирин окуу деп түшүнѳбүз. Адистер анын башка да артыкчылыктары кѳп экенин айтышат…
— Ооба, адам кѳп китеп окууга жетишет. Андан тышкары мыкты кѳңүл буруу менен жакшы эс тутумга да ээ болот. Кѳнүгүүлѳрдүн аркасында капталды кѳрүү мүмкүнчүлүгүн пайдалана баштайт. Бул унаа айдоодо да пайдасын тийгизип жатканын окуучуларым айтып калышат. Ар бир нерсеге кѳңүл бура билүүнү үйрѳтѳт. Адамдын эске тутуу жѳндѳмү артып, алган маалыматтарды пайдалана билүүгѳ ѳтѳт.
— Окуу канча убакытка созулат?
— Толук курс 18 саат. Бир жумада 6 күн окутабыз. Акысы онлайн, офлайн же жеке окууну тандоосуна жараша ар кандай болот.
Гүлайым Калыбекова