Чачыңызга кандай кам көрөсүз?
Аялзатынын сулуулук куралынын бири – чач. Узун чачтуу айымдарга баарыбыз суктанабыз. Ал эми аны күтѳ билүү кандай түйшүк экенин этибарга албайбыз.
Дилбар Раимбекова, ырчы: “Чачымды табигый каражаттар гана сактады”

- Чачымды 1-класс кезимден тартып апамдын каалоосу менен өстүрдүм. 6-класска чейин апам айран менен жууп берчү. Узун чач чачышпоосу үчүн талаадан ак гүлкайырды терип келип казанга салып кайнатып суусуна чайкачу эле. Мектеп курагымдан бери узун чач менен келе жатам. Шампунь кѳп колдонбойм. Себеби туш тарабынан майда чачтарым чыгып, саксайып кетет. Жуучу каражаттардын ордуна сапаттуу самындар менен жууп, чайкоого кургатып алган розанын жалбырактарын жай отко кайнатып алып колдоном. Чачымдын териси кургак болгонго жууган сайын ар кандай майларды сүйкөп турам. Ушул күнгө чейин табигый каражаттар гана чачымды сактады окшойт. Анан да чачымды бир эле мастерге жасатам.
Чолпон Мелисбекова, комузчу: “Карантиндеги ооруда чачым каралбай калды”

- Чачымдын сапатына карап мектеп курагымдан эле ата-энем да, устатым да кыркуума тыюу салышчу. Узун чач сахнага да жарашыктуу да. Аялзаты болгон соң өзгөрүүнү каалайт экенсиң, студент кезде эки-үч жолу кыскартып кестиргем. Жолдошум да узун чачымды аябай жакшы кѳргѳндүктѳн экинчи баламды төрөгөндөн бери кыркпай келем. Узун чачка кам көрүү оңой эмес. Жуу үчүн жөнөкөй эле шампунь колдонсом, бальзамдын сапаттуусуна басым жасайм. Эч качан боёгон эмесмин. Бир убакта чачым аябай бузулуп кеткен.Ошондо бир литр жылуу сууга бир чай кашык уксусту аралаштырып, чачымдын учтарын чайкап баштагам. Үч-төрт жолкусунда эле жумшарып, жукарып, жакшы натыйжа билинген. Андан көп убакыт жууса чач түшүп калат экен. Карантинде жаман оору менен ооруп, алым кетип чачымды карай албай калдым. Ошондо үйдөгүлөрдѳн жалынып суранып отуруп кыркканга уруксат алдым. Чачым боёлбогондуктан сатып алуучулар да чыкты. Эртең барам деп жатканда уулум телефонумду талкалап салып номерин таппай калып калдым.
Зульфия Бейшенова, актриса: “Өрүлгөн чач гүлдөбөйт”

- Тогуз жашымдан баштап чачымды өстүрүп келе жатам. Чачым узун гана эмес, кара, калың, кыл чач. Мектепте окуп жүргөндө чачымды өзүм тарай албай апам бөлүп-бѳлүп тарап берчү. Эч ким ѳстүрүүмдү талап кылган эмес, кырктырууну деле ойлонбоптурмун. Ѳзүмдү кыска чачтуу элестете албайм. Төрөттөн кийин чачым суюлду, бирок аябай жука эмес, калыңдыгы ортодон жогору. Ѳсүшү тез, ошондуктан тизеден жогорураак узундукту кармап кыркып турам. Чачымды ар дайым өрүп жүрөм. Дайым өрүлгѳн чач гүлдөбөйт. Кичинекей кезимде ден соолук тууралуу китептен окуганым боюнча айына эки жолу сөзсүз кадимки кир самын менен жууйм. Кечке шапмунь колдоно берсе чачтын майлуулугу кетип сынып баштайт экен. Мындан сырткары айына үч жолу нак айран менен жуусам, бир жолу майлардан, жумуртканын сарысы менен майонезди аралаштырып маска жасайм. Эң башкысы, чачты күн алыс же күнүгө жууган болбойт. Жумасына бир-эки ирет жууйм. Бир жума жуубай койсом деле жакшы абалда болот.
Самара Каримова, ырчы: “Чач үчүн каражаттарга жолдошум буйрутма берет”

- Кичинемде аябай шок болчумун. Балдар менен футбол ойноп, мушташып көчөдө эле жүрөр элем. Чачым да кыска болчу. Эжелерим “чачыңды өстүр, юбка кий” деп урушчу. Ошондо бир аз өстүрө баштагам. Турмушка чыккандан кийин балдар менен үйдө болуп кыркканга деле убакыт болгон жок. Ушул күнгө чейин чачымды боёгон эмесмин, өзүнүн түсү эле кара. Көп жерден “өзүңдүн чачыңбы?” деп суктанып кармап кѳрүшѳт. Айрандан табигый маскаларды жасап, ар кандай чөптөрдү кайнатып чайкап турам. Сапаттуу гана шампунь колдоном. Жолдошум узун чачымды аябай жактырат, жуучу каражат, маска, витаминдерге буйрутма бере берет. Жолдошумдун бул адаты мага абдан жагымдуу. Чачымды узун кармоомо жолдошум да себепчи болгон. Түйшүгү катары күн ысыкта кээде оордугунан башымды көтөрө албай каларымды айтат элем. Бир жакка шашканда кандай жасалгалоону билбей отуруп калган күндөр да болот.
Альбина Имашова, актриса: “Чачым өзгөчө кароону талап кылбайт”

- Чачымды кыска кылып кырктырып көргѳн эмесмин. Өзүмө узун чач жагат, кыздарымдын да чачтары узун. Негизи, чачым жумшак, жай өсөт. Дем алуусу, жакшы өсүүсү үчүн учунан кыскартып коюп турам. Айранды чачымдын узун бѳлүгүнѳ сүйкөп коём. Түшүп, кургап баратканда уйгактан жасалган май менен ачуу калемпир кошулган майды колдоном. Ошолор эле чачымды баштапкы калыбына алып келип коёт. Чачым мындан башка деле өзгөчө кам көрүүнү талап кылбайт. Атайын сулуулук салондорунун процедураларын жасатып көргөн эмесмин.
Салтанат Шекенова, ырчы: “Даяр каражаттарды колдоном”

- Чачым азыркыдан да узун болчу. Өтө узун чачты жайганда фигурамды жаап калат экен. Эгер фигурам жаман болсо чачым менен катмакмын. Фигурам менен чачым бирдей сулуу көрүнүүсү үчүн он сантиметрге кескенге туура келди. Бир убакта чачымды ар кандай түскө күйгүзүп, химияга бергем. Андан кийин сынып сапаты бузулуп кетип, мезотерапия жасатып отуруп оңдодум. Бир жылдан бери хна менен боёйм. Чачым менен сыймыктанам. Ошол себептен чач үчүн эң кымбат, сапаттуу каражаттарды алам. Майда жумуш жасаганды жаман көргѳндүктѳн даяр маскаларды эле колдоном. Чач жалтырак болушу үчүн гана бир рецептти колдонуп калам. Жарым литр сырага жумуртканын сарысын аралаштырып бир сааттай тындыруу керек. Аны таза чачка сүйкѳп жарым сааттан кийин жууп салса чач жумшак жана жалтырак болуп калат. Азыр чачымды улам үтүктөй бербөө үчүн кератин менен түздөө процедурасын жасатып койгом. Жай бою чачыма үтүк тийгизген жокмун, чачымды күйгүзүүдөн сактадым.
Айгерим Токтобай кызы