Негизгиге Пайдалуу кеңеш Жаштыктын жана сулуулуктун азыктары

Жаштыктын жана сулуулуктун азыктары

3043

Терибизге сыртынан канчалык кымбат кремдерди коюп, заманбап процедураларды жасатпайлы, аны ичинен «сугармайын» жакшы жыйынтыкка жете албайбыз. Төмөнкү азыктар териңизди жалтыратып жаштыгыңызды узартат. Рационуңуздан кант менен ун азыктарын азайтып, анын ордуна бул азыктарды кошуңуз да, күзгүдөн карап өзүңүзгө байкоо салып туруңуз. Күндөн-күнгө чырайыңызга чыгасыз.

Жаңгактар: кубаттуу чач менен тырмак, жагымдуу тери

Сөөктүү жемиштер ар бир аялзатына сунушталат, анткени алар теринин, чачтын, тырмактын сулуулугуна жооп берүүчү Е витаминине бай. Керектүү пайдасын көрүү үчүн күнүнө 30 граммдан жеп туруу жетиштүү болот. Мындай пайдасы бар сөөктүү жемиштердин сап башында фундук, бадам, жаңгак жана кешью турат. Кешьюда башкаларына салыштырмалуу калорий аз, темир көп. Айтмакчы, бул жемиштин айыз учурундагы ооруксунууну сездирбөөчү касиети бар.

Майлуу балык: майда бырыштарды жазат

Лосось сыяктуу майда балыктарда омега-3 майы бар. Бул майдан чочулоонун кажети жок. Тескерисинче, канчалык көп жесеңиз, ошончолук жакшы. Омега-3түн пайдасы абдан зор: анын арты менен айымдар теринин кургактыгы жана мимикалык бырыштар деген көйгөйдөн кутулушат. Башкасын айтпаганда деле мээнин, жүрөктүн жана нерв системасынын ишине тийгизген таасири абдан чоң.

Сабиз: жалтыраган чач жана серпилгич тери

Сабизди тери үчүн тоник деп атап коюуга болот. Анын курамындагы бета-каротин терини серпилгич кылат, А витамини чачтын тамырын бекемдейт, түзүлүшүн жакшыртат жана түшүүсүнүн алдын алат. Тактап коюучу бир нерсе – сабиздин жогорудагы сыйкырдуу касиеттери өсүмдүк майынын аралашуусунда гана ишке ашат. Сабиздин өзүн жегенде организмди шлактардан гана тазалаган болосуз.

Көк чай: бет терисинин жагымдуу түсү

Кубарыңкы түс шлактарга жана токсиндерге ууланып калганыбыздан кабар берет. Мындай жагымсыздыктан кутулууда бизге көк чай жардамга келет. Ал организмди эң сонун тазалайт, жаштыктын эң негизги душманы болгон эркин радикалдар менен күрөшөт.

Өсүмдүк майы: жагымдуу тери жана сыймалак жүз

Териңиз атластай сыймалак, жагымдуу болушун каалайсызбы? Анда эртең менен ач карын бир чай кашык өсүмдүк майын ичиңиз, салатка кошуңуз. Бирок ысытпаңыз, жогорку температура анын пайдасын өлтүрөт. Өсүмдүк майлары – жүгөрү, зыгыр, күнжүт, зайтун майлары. Алардагы А, В, Е, F витаминдери бетти нымдаштырууда, териге жагымдуу тон берүүдө зарыл.

Имбирдин тамыры: беттин кызылы

Аялзатын беттеги билинер-билинбес табигый эндик кооздоп турат. Мындай кооздукту бизге имбирдин тамыры берет. Имбирь зат алмашууну жакшыртат, ал болсо биринчи эле бетке чыгат. Имбирдин чайын иче баштаганыңызда бетиңиздин тазаланып, нурданып, анан да жүзүңүзгө кызыл жүгүрө баштаганын байкайсыз.

Козу карын: клеткаларды жашартуу, кан тамырларды бекемдөө

Байыркы Египетте козу карынды өлбөстүктүн азыгы деп билишчү. Мунун кайсы бир деңгээлде чындыгы бар. Эгерде сулуулук жаатында алып карасак, козу карын организмди клеткаларына чейин жашартат. Ал жеңил тамак эмес (организмден эки жумада чыгат), анткен менен козу карындын курамында белок да, май да, углевод да бар. Ошондой эле адатта майлуу балыктарда кездешүүчү Д витаминин алууга болот.

Кара шоколад: келишимдүү келбет

Мыкты формада сакталууну каалагандар үчүн кара шоколад эч нерсеге алмаштыргыс азык. Ал сезгенүүгө каршы касиетке ээ. Ошондой эле клеткалардын бузулуусуна жана карылыкка негизги себепчи болгон эркин радикалдар менен күрөшөт. Мындан тышкары кара шоколад мээнин ишин, эс-тутумду жакшыртат.

Петрушка: шишиктен арылтат

Петрушкада эркин радикалдар менен күрөшүүчү жана иммунитетти бекемдөөчү көп өлчөмдөгү антиоксиданттар бар. Дене чымыр жана серпилгич болуусу үчүн рационго сөзсүз түрдө петрушканы кошуу керек. Көк чөптүн бул түрү шишикти жакшы кетирет.

Брокколи: целлюлиттен сактайт

Бул капустанын курамынан көптөгөн баалуу аминокислоталарды жана витаминдерди табууга болот. Брокколи целлюлиттин пайда болуусунун алдын алып, дененин серпилгич бойдон калуусуна жардам берет. Ошондой эле шлактар менен токсиндерди организмден айдап чыкканга жөндөмдүү. Анан да брокколи онкологиялык оорулар менен күрөшүүгө жардам берет.

Лимон: жаштык үчүн күрөшүү

Лимон антиоксиданттарга жана С витаминине бай. Мунун арты менен ал жаштык үчүн күрөшүүдөгү негизги азыктардын бирине кирет. Лимон иммунитетти бекемдейт, эркин радикалдар менен кеңешет жана токсин менен шлактарды организмден айдап чыгат. Лимондун сырты да абдан пайдалуу.

Айназик Раимкулова

Жооп калтыруу

Please enter your comment!
Please enter your name here