Негизгиге Интервью Асель Турдалиеванын кызы Бегайым: Алгачкы брендимди апамдын атынан койдум

Асель Турдалиеванын кызы Бегайым: Алгачкы брендимди апамдын атынан койдум

24416

Кыргыз республикасынын эмгек сиңирген артисти Асель Турдалиева эмгекчил, сулуу, так, абдан жигердүү инсан. Ырчы, актриса, мугалим, жетекчи эжебиздин кызы Бегайым да билимдүү, терең ой жүгүрткөн инсан болуп өсүп, учурда бизнес жолуна түшкѳн кези. Бегайым ата-энеси, жашоосу тууралуу кеп куруп берди.

Бегайым, учурда кыргыз балын дүйнөгө экспорттоо менен алек болуп жатыптырсыз. Бул бизнестин идеясын качан тапкансыз?

17 жашымда Кытайга окууга кеткем. Бала чагымдан патриот кызмын да, чет жерде жүрүп башка улуттар кыргыздар тууралуу укканда өзгөчө сезимде болгудай, дароо эстеп калгандай бир нерсебизди таануусун каалачумун. Шанхайда окуп жүргөндө дүйнөнүн булуң-бурчунан келген ар кандай багытта иш алып барган адамдарды жолуктурдум. Өзүм активдүү адам болгон үчүн жаңы нерселерди үйрөнүү мага абдан жакчу. Окууга тапшырган жылы эле түрктөр менен иш алып барган бир кытай компаниясы тажрыйба топтоо үчүн чакырды. Жетекчи менен биринчи жолугушууда “бизнес боюнча идеяң болсо биргеликте иштейбиз” деген эле. Келечекте бизнес ачарымды өзүм деле билчүмүн, бирок кайсы багытта болорун тактай албай ойлонуп жүрчүмүн. Ал арада элчиликте, дүйнөлүк жолугушууларда, Кытайдын белгилүү бир компаниясында котормочу болуп иштеп жаттым. Бир күнү бир кесиптешим “мен Кыргызстанда сапаттуу бал бар экендигин угам, мага бал керек” деп бал бизнесин тандоомо түрткү болду. Жогорку окуу жайды аяктап жатканда дипломдук ишимди “Кыргызстандан экспорттолуучу азыктар” тууралуу жаздым. Арасында бал болду. Ошентип, бир жыл мурда өз брендимди түптөдүм.

— Балды апаңыздын ысымынан атаптырсыз?

Негизи, менин брендим өзүмдүн атымдан “Бегайым груп» деген ат менен катталган. Ал эми бал бренди апамдын атынан коюлду. Биринчиден, апамдын аты, экинчиден, балдын бир аты асел эмеспи. Балдын логотибин түзүп жатканда да апамдын пикирин улам сурап жаттым. Буюрса, алдыда бир гана бал менен чектелип калгым келбейт, келечекте ар кандай багытта иш алып барып, ар бирине өзүнчө ат койгум келет.

— Бизнести жолго салууда кандай кыйынчылыктар болду?

Пандемия убагына туш келип калганы абдан кыйын болду. Бул учурда кээ бир кызматтардын наркы өсүп, Кытайда талаптар өзгөрүп, документтеримди кайрадан жаңыртып чыгууга туура келди. Мунун баары жеке ишмердүүлүгүмө чоң тажрыйба болду. Себеби бардык жакта кыйынчылык болот, бир гана аны чечүү жолдорун билүүң керек. Ал эми бал өндүрүү боюнча маалыматым мол болгондуктан бул жагынан оор болгон жок. Бал жарманкелерине көп барганымдын да жардамы тийди. Өзүм да бизнес жана администрация багытындагы окууну аяктагам.

— Жаш кезиңизден чоң ишке бел байлаганыңызга апаңыздын тарбиясы таасир эткендир?

Баары эле мени апасынын эрке кызы катары көрүшөт. Албетте, апама эркелейм, бирок ашыкча эрке эмесмин. Апам мени жаштайымдан билимге сугарды, негизги басымды билимге жасады. Жалаң окуу менен алек болуп жүрүп, апам менен сахна артында жүргөнгө убакытым деле болгон жок. 12 жашымдан тартып түрк лицейинде билим алып, өз алдынчылыкка көндүм. Жашоодо көп жакшы адамдарды жолуктурдум, бирок апам баарынан артык, өзгөчө, универсал адам. Ал эмгекти сүйөт, кандай жумуш жасаса да майын чыгарат. Апамдын жүрүм-турумунан эле чоң сабак алам. Апам менден баарын жогорку деңгээлде аткаруумду талап кылат. Деги эле катачылык үчүн апамдын катуу урушкан күнү болгон эмес. Мисалы, 4-класс кезимде жаңы чыккан, мыкты уюлдук телефонун көзүмдү жалтыратып атып бир күнгө сурап алдым. Аны мектепке жете электе эле коомдук транспорттон уурдатып жиберип жатпайымбы. Апамдан уруш угам деген ой менен үйгө баруудан коркуп атып араң барсам апам “башкысы, башың аман, а телефон жөн гана буюм” деп урушкан эмес. Тескерисинче, “сен баарынан акылдуусуң” деген сөзү менен өзүмө болгон ишенимди жогорулаткан. Ушундан улам, өзүмө ишенген адаммын. Азыр болсо апам экөөбүз курбулардайбыз, бирге дүкөн кыдырып, кинотеатрга барып убакыт өткөргөндү жакшы көрөбүз.

— Чет жерде жүрүп апаңызды аябай эле сагынгандырсыз?

Жатак лицейде окуп чоңойгонго апамдан алыс жүргөнгө көнүп деле калгам. Анын үстүнө, чет жерде билим алууну ата-энеме кичинекей кезимден айтчумун. Ошондуктан моралдык жактан даяр болчумун. Албетте, жалгызсыраган, апамдын жытын, тамагын сагынган учурлар болду. Өзгөчө майрамдарда жалгыздык билинчү. Сагынып турсам да апамдын жүрөгүн оорутуп чалчу эмесмин. Бир жолу апам Шанхайга каникул убагында келип, экөөбүз сагынычыбызды таратканбыз. Акча-каражатым түгөнүп калса да ата-энеме чалып сурап же айтып даттанган эмесмин. Стипендиямды күнүмдүк керектөөлөргө жумшап, жетпесе кошумча жумуштарда иштеп таап алчумун.

— Асель айым интервьюларында сиз үчүн турмушка чыкпаганын айтат. Эми турмушка чыгуусуна каршы эмессизби?

Албетте, ар бир адамдын өз жашоосу болушу керек. Эгерде апам турмушка чыгууну кааласа, кубануу менен кабыл алып, тандоосун колдойм. Апамдын сүйүктүү адамы менен да таанышкам, жакшы мамиледебиз.

— Апаңыздын сулуулук сырларынан да үйрөнөсүзбү?

Кээде апам мага үйрөтсө, айрым учурда мен демилге кылам. Заманбап, тренд болуп жаткан кийимдерди сунуштайм. Негизи эле менин апамдын жан дүйнөсү жаш. Ал эми жүрөгү жаш адам эч картайбайт, дайыма сулуу.

— Атаңыз менен жолугуп турасызбы?

Ооба, атам экөөбүз ар дайым байланыштабыз, бат-баттан жолугуп турабыз. Аны аябай жакшы көрөм. Атам шайыр мүнөз адам. Мени чет жерде жүргөндө да колдоп турду. Бала кезимде атама окшош болчумун, жыйырма жаштан кийин апамдын эле көчүрмөсү болуп баратканымды эски сүрөттөрдү барактап отуруп байкайм. Бизнес баштап жатканда да атам кеңештерин берип, мага багыт көрсөттү.

— Балдары менен кандай мамиледесиз?

Атамдын эки уулу бар. Алар менен социалдык тармактан жазышып турабыз. Үй тапшырмаларын аткарууда жардам сураганда убактым болсо барып чогуу сабак окуйбуз. Өзүм кытай компаниясында англис тили мугалими болуп да иштейм. Мугалимдик кылып инилериме англис тилин үйрөтө берем.

— Атаңыз да, апаңыз да чыгармачыл адамдар эмеспи, чыгармачылыкка кызыгуу сизде да барбы?

Кичинекей кезимден ырчылык өнөрүмдү тартуулоону каалачумун. Кээ бир долбоорлордо апам менен ырдап жүрдүм. Бирок апам чыгармачылыктан алыс болуумду каалачу. Окуу менен алпурушуп жүрүп, билинбей эле ырдоону, пианинодо ойноону токтоттум. Кийин ырдоо мага ырахат тартуулаарын, чыгармачыл адам экенимди түшүндүм. Шанхайда жүргөндө ар кандай иш-чараларда ырдап койчумун. Буйруса, келечекте ырчылык өнөрдү алып кетүү оюмда бар.

Айгерим Токтобай кызы

СоӊкуФарида Имашова: “Кышында беш балам менен үйсүз калдык”
КийинкиЖаштыктын жана сулуулуктун азыктары