Махабат: «Эл мени майып эмес, ишкер катары таануусун каалайм»
24 жаштагы Махабат беш жылдан бери биринчи топтогу мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын катарында. Бирок бул абалына карабай бизнес түптөп, кыздарга курандан онлайн сабак берип тынымсыз эмгек менен жашап келет. Келечекте коомго ишкер айым катары таанылууну каалаган Махабат менен таанышабыз.
«Бакма кыз экенимди билүү оор болгон»
Ысык-Көлдүн Чолпон-Ата шаарынан болом. 24 жаштамын. Үч агам, эки эжем бар. Мен төрөлгөн жылы өлкөдө оор кырдаал болуп, ага байланыштуу мени жарыкка алып келген ата-энемдин жашоо-шарты начарлап жети айлык кезимде таежеме беришкен экен. «Бала тапкандыкы эмес, баккандыкы» дегендей, ата-энем, бир туугандарым деп мени ѳстүргѳн адамдарды айтам. Берки ата-энемдин менден башка төрт баласы бар. Алар менен бѳлѳлѳрүм катары катташам. Бакма кыз экенимди 5-класста окуп жүргөндө билдим. Мектепте алдыңкы окуучу болсом да, бакма экендигим алсыз жерим эле. Анткени ар экинчи адамдан «сенин ата-энең жок, таштап кеткен» деген сөз укчумун. Кичинекейимде ушул сөздөрдөн улам өз апамды жаман көрүп да жүрдүм. 1-2-классымда фамилиям менен атамдын аты эки башка экенине таң калчумун. Бул тууралуу сурасам атам «сени тоодон таап келгем» деп тамашалап койчу. Алар диндеги адамдар болгондуктан башынан эле ата-энеме жакындатуунун аракетин көрүп келишет. Ошол эле маалда бакма дебей мени эркелетип, сөз тийгизбей чоңойтушту. Анткен менен эки ата-эненин ортосунда мага оор болуп, депрессия да болгом.
«Терезеден кулап кетип майып болуп калдым»
Окуучу кезимде сабактарга катар «Кыз куран» медресесинде билим алгам. Медреседен кийин Түркияга билим жогорулатууга жиберишчү. Жашым жетпей ал мүмкүнчүлүктөн пайдалана албай калдым. Ошентип, мектепти аяктагандан кийин эжемдин кызын карап берүү үчүн Оруссияга кеттим. Барганда кызы мага көнбөй койду. Кайра келе бергенге дагы жашым жетпей калып калдым. Бир жылдан кийин италия ресторанына сатуучу-кассир болуп жумушка орношуп, үч жыл эмгектендим. Бир күнү жашаган үйүмдүн терезесин жууп жатып 2-кабаттан кулап кетип чоң кырсыкка кабылдым. Алгач кулап түшкѳндѳ нес болуп тура калгам. Ошол кадамым туура эмес болгон экен. Эки омурткам сыныптыр, мен басып кеткенде сынган сөөктөр жүлүнгө сайылып калыптыр. Натыйжада бутум баспай калды. Орусиядагы доктурлар кичине эле кечиккенде жоготуп алуулары ыктымал экендигин айтып “бул акыбалда Кыргызстанга алып кетүүгѳ болбойт” деп тез арада операция кылуу үчүн 700 миң рубль керек дешиптир. Бирок каражаттын жоктугунан доктурлар карап турбастан «эгерде операциядан чыкпай калса бизден көрбөйсүңөр» деген шарт менен операция жасашкан. Операция сегиз саатка созулуп анда белимди кармап турууга сегиз темир салынган.
«Ѳз алдынча болууга башынан кириштим”
Адатта операция болгон кишини бирөө карап, багат эмеспи, орусиялык доктурлар бул нерсени тескерисинче кылышатэкен. Жаным кыйналып, буттарым көгөрүп кыймылдабай жатсам «жайына койгула, мурдагыдай эле мамиле жасагыла» деп тамакты да колума бербей жаныма коюп коюшчу, аракет кылып алсын деп. Үйдөн майыптар арабасына салбай картошка аарчытып, тууратып коюшчу. Кир жуучу машина болсо да кийимдеримди колго жуудурушчу. Үйдөгүлөр басып-туруп эркин жүрүшсө ичим күйүп, мен да «өзүм жасайм» деп ѳз алдынча болууга умтулдум. Ушул аракеттердин арты менен үч айда отура баштагам. Кичинекей бала жаңы отурганда жаздыктар менен жөлөп коюшат го, мен да ушундай болуп отура баштадым. Буттарымда сезим бар, үй ичинде ходунок менен баса алам, фиксатор кийип балдак менен да басам. Арабага алыс жакка чыкканда гана отурам. Менде биротоло басып кетүү мүмкүнчүлүгү көп. Бир гана таманым жерди таяп көпкө тура албайт. Катуу кыймыл жасасам эле өмүр бою баспай калуу коркунучу бар. Биздей адамдарга катуу кайгырып же кубанууга да болбойт, бир калыпта жүрүү керек. Башында Кыргызстан боюнча мен эле ооругандай сезчүмүн. Бирок жашоом тууралуу негативдүү ойлордон ѳзүмдү тыйып турам.
«Кѳрса мага кара дуба окулуптур»
Акыбалым медицина менен караганда, башка майып адамдарга караганда алда канча жакшы. Бирок беш жылдан бери канча дарыланып, алдыга жылыш болсо да улам бир жерим ооруп калып кайра артка кетем. Анан дем салдырып баштадым. Ошондо бирөө мага кара дуба окутканын айтышты, «өлүм үчүн окулган» дейт. Ойлонуп ал адамдын ким экенин да билдим. Орусияда иштеп жүргөндө жогорку айлык алчумун. Тамактарды текшерип алуу менин милдетим эле, эгер бир нерсе туура эмес болсо, мага айып салынчу. Бул шартта ашпозчулар мени угуусу керек эле. Арасында мени жашсынтып, угууну каалабаган өзбек улутундагы бир эже бар эле. Анын дагы бир көйгөйү, айлыгыбыздын айырмасы болчу. Ары-бери өткөнүмдө мага суу, туз чача берчү. Өзүм ырым-жырымдарга ишенбегенге эженин кылгандарына көңүл деле бурган эмесмин. Бир күнү «мен сени жоготом» деп өзбек балдарга салып берерин бетиме эле айтты. Ар дайым эжем жана байкемдин коштоосунда жүргөнгө ага деле көңүл бурган жокмун. Ошол сөз айтылгандан эки күн өтпөй кырсыкка учурагам. Жандандыруу бөлүмүнөн чыкканымда «сени жоготом дедим беле, эми ушул оорудан айыкпай өлөсүң!» деп телефон чалган. Азыр ошол сөздөрдү эстеп ыйлайм. Ден соолугумдан жылыш болбой жатканына, балким, ушул себептир деп кетем. Азыр бир молдого барып дем салдырып жатам. Башкага жалган, мага чын, дем салгандан кийин кээде өзүм ичпеген тамактарды кусам. Канчалык кусуп, кыйналып ыйлаган сайын буттарым жакшы болуп калат. Эми ушуну жандырып, машыгууну токтотпосом эле басып кетем деген үмүтүм зор.
«Кол өнөрчүлүктү колго алуума жеңем түрткү болду»
Үч жеңем бар, үчөө үч жактан колдоп «окушуң керек», «муну үйрөн» деп турушат. Бир жеңем үйдө отурсам да күнүгѳ чачымды жасап, кирпик чаптап, макияж жасап берип кетчү. Кол өнөрчүлүктү колго алуума да бир жеңем түрткү болгон. Бир күнү «минтип отура бергениң болбойт» деп түймө түйгөндү үйрөттү. Андан кийин «кагаздан нан салган идиш жасаса болот экен» деп айтып келип, экөөбүз себет жасоону үйрөндүк. Себеттерибизди башка жеңем дүкөнүнө коюп сата баштады. Алгач жаныбыздагы кошуналар эле кызыгып алышса, кийин базарда ѳтүмдүүлүгү жогорулап, «нан көгөрбөйт экен» деп мектептин ашканасынан да буйрутма беришти. Ошентип, тез эле ишибиз жүрүшүп кетти. Андан кийин кагаздан гүл, таштардан теспе жасоону өздөштүрдүм. Ооруканага жаткан сайын себетке буйрутма алып, жаткан акчамды чыгарып алам. Эмнеге буйрутма түшсө жасай берем. Керектүү каражаттарды такси менен базарга барып ѳзүм эле сатып келем. Гезиттерди дүңүнөн алам. Эки килограмм гезиттен жыйырма чакты орточо себет чыгат. Барактарды спицанын жардамы менен түтүкчө кылып клейлеп жармаштырып, боёк менен эки-үч ирет боёп чыгам. Жүз түтүкчөдѳн бир чоң себет чыгат. Ушул түтүкчөлөрүнө эле көп убакыт кетет, кечке бир нерсени орой берип тажап да кетесиң. Алар даяр болсо күнүнө төрт-беш себет жасай алам. Бул аябай машакаттуу, майда жумуш. Дени сак адам жасаса тажап кетет. Бизге, тескерисинче, тынчтандыруучу жакшы иш.
«Кыздарга курандан сабак берем»
Бизнесим жүрүшүп жаткан кезде өзүмдү өнүктүрүү тууралуу ойлонуп онлайн курстан окудум. Мурда медреседе окуган билимим таасир этип алдыңкы окуучу болдум. Курс аяктаганда устазам сабак берүүнү сунуштаган. Эки жылдан бери кыздарга курандан сабак берип келем. Улам ооруй берип, сурангандан уялып сабак берүүдөн баш тарткан учурлар да болду. Себеби мен ооруган сайын алар акча чогултуп башташканы мага ыңгайсыз болчу. Кесиптештерим акыбалымды түшүнүп, колдоп турушат. Жыл сайын оолугуп Ислам университетине окууга тапшырып өтөм. Диний сынактарга катышып, алдыңкы орундарга ээ болом. Мурда үйүмдө грамоталар болсо эми сертификаттар арбын. Дегеле кандай курс болбосун катышып, диплом чогулткум келет. Жакында сулуулук боюнча курска жазылам. Мени коом майып адам эмес, ишкер, билимдүү адам катары таануусун каалайм. Майып адамдар биригип реабилитациялык борбор ачканбыз. Андагы машыгуу каражаттарынын баарын өзүбүз сатып алганбыз. Азыр үчөөбүз борбордо жатып машыгуудабыз. Коммуналдык кызматтарды төлөп, азык-түлүктү чогуу алабыз. Дайыма такси кызматын пайдаланам. Ушинтип айына 30 миң сомдун тегерегинде каражат сарптайм. Сабактан, бизнестен тапкан каражатымды ушуга жумшайм. Дегеле бирөөгө көз каранды болгум келбейт. Жакындарым “акчаң барбы?” деп сурап турушат, муктаждык жаралып жатса да алгым келбейт. Баарына өз күчүм менен жетүүнү каалайм. Биринчи топтогу майып деген атты өмүр бою алып жүргүм келбейт. Буюрса, мен бул дартты жеңгендердин катарында болом.
Махабаттын эмгектерин сатып алууну каалагандар 0703 33 43 42 номери аркылуу байланышса болот.





Айгерим Токтобай кызы