Дыбыраган жамгыр улам күчөп, тегеректеги кыбыр эткен жандын баары шаша басып, туштарапка житип кете башташты. “Ала-Тоо” аянтынын чок ортосунда кебелбей бир караан отурат. Жамгырдын дыбырын эмес, кыян жүрсө да тоготор түрү жок. Аянттын гүлдөрүнө суктанып, жылуу тамчыларга жүзүн тосуп жылмаят. Нурсултан жашы кыркка чамаласа да бала кыял бойдон калган алпейим киши. Азыр да балалыгы бирге ѳткѳн досуна жолугарына жетине албай, жаш балача кубанып отурат. Борбордо ушул досунан башка жакыны жок. Зарыл иши да Медердин кызматтык таасири менен бүтѳ турган болуп, ырас болду. Экѳѳ бир кѳчѳнүн чаңын сапырып, мектепке ээрчишип барып, үйгѳ жетелешип келген достор эле. Аларды тааныбагандар эгиз деп ойлошчу. Тааныгандар “эгиз козу” деп эркелетишчү. Медер тың, тарс, тайманбас мүнѳзү менен Нурсултанды алга сүйрѳп жүрчү.
Ѳспүрүм кездеринде шаарга окууга чогуу тапшырууну тилек кылышкан. Бирок Нурсултан борбордун жашоосун кабыл ала албай койду. Бир-эки ай окугандан кийин баарына кол шилтеп айылга кетүүнү чечти. Достук шертти бузганы үчүн Медер ага катуу таарынган жайы бар. Чынында, таарынычы шертти бузду деген эмес, досунун билимден алыс калып атканына тынчсызданган сезим эле. Бирок шаар жеринде Нурсултанды мектептегидей сүйрѳп жүрүү мүмкүн эместигин аңдап аргасыз узатып калган. Медердин жолун акмалаган досу ушуларды эстеп отурду.
Тынчтыгына карап тандаган кафенин ичин эки достун каткырыгы жаңыртып, шаңга толтуруп салды. Мындайда саат жебеси шаша айланып, сырдашууга кыянат чыгат. Белгиленген сатта ээрчишип чыгып Нурсултандын ишин бүтүрүштү. Кеч кирген сайын Медердин убактысы тарып шашса, Нурсултан дагы да досунун жанынан чыккысы келбей, кепке тойбой калды. Аргасыз кечки автобус менен айылга бет алды. Медердин жакында агасынын жакшылыгына барарын укканда гана кѳңүлү тынчып, досун конокко чакырды. Азыр чала калган кепти ошондо улап, таркабай калган сагынычын ошондо жазууга үмүт кылды.
***
— Ай, ушуну жөн эле койсок кантет, ыя? Шаардыктарды ырыстуу тосо албай уят болобузбу дейм да.
— Деги эмне болуп калгансың, конок тосуп көрбөгөнсүп. Медер ушул эле айылда, ушул эле үйгө келип жүрүп чоңойгон классташым.
— Ии, ошо, үйүңдү дагы айтчы, элдикиндей же эшигибиз, же терезебиз пластик эмес. Үйдүн кебетесинен да уялат киши.
— Эми Кудай урбадыбы, ушуга чейин уялбай кандай эле эми уяла каласың? Эй, болду көп сөздү коёлу. Айтып атпайынбы, мен аны чакырып салдым. Сөзсүз келет. Андан көрө камыналы.
— Канча салат жасайбыз? – Жолдошунун бир демигип алса токтобосун билген Айдай бул конокту тосуп эле кутулбаса токтото албасын билди да,улутуна унчукту:
— Эми аларын өзүң билесиң да. Деги анча толкунданба. – Ар качан айтканын жерде калтырбаган келинчегине ыраазы боло унчукту Нурсултан. Анан тамаша улай: – Эшик, терезеден эч уялба, пластиктен аба өтпөйт, а биздикинен таза аба ойноп кирет.
Айдай конок камын дароо баштады. Мээсин “шаардыктарга уят болбоо” деген ой ээлеп, баарын аларга жага тургандай кылууга тынчсыздана киришти. Медер менен аялы булардан кийин үйлөнүшкөн. Ошол кезден бери айылга келген сайын бул үйдөн даам сызып, кобурашып отуруп кетүү адат болуп калган. Жылдар жылып эки бүлө теңөз түйшүктөрүнөн бошойалбай эки достун аралары алыстап кеткен. Кийин Медер айылга анда-санда бир келчү болду. Келсе да шашып келип, шашып кетишет. Ошентип, узак жылдар көрүшпөй калганга алар Айдайүчүн шаардык аталып, чоочун сыяктанат.
Эртеси көзүн ачып эле шаардыктарга жасалчу дасторкон тууралуу ойлоно баштады. Ырас, бүгүн конок күтүүгө көңүлү тартып калыптыр. Календарды караса дагы үч-төрт күн бар экен. Ар бир күнүн оюнда бөлүштүрүп алды да, бүгүн кечке дасторконго коюлчу даамдарды интернеттен карап, тандамак болду. Негизинен, Айдайөзү таза, тыкан, улуу-кичүүгө бирдей жаккан ыйманы ысык жан. Дасторкону ар качан берекелүү. Болгону, бул жолу шаардык меймандарды шаардыктардай тосууну кыялданды. Кагаз-калемин камдап алып рецептерди тизмектеп отуруп кеч кирди. Жедеп көзү да, өзү да чарчаганда токтотту. Бирок көңүлүн кыжалат кылган башка нерсе пайда болду. Мындай кооз салаттар менен таттууларга колундагы идиштери анча жараша бербейт экен. Табактарын кыдырата карап бири да көңүлүнө толбоду. Коңшу келиндердин идиштерине чейин элестетип ойлоп чыкты. Жок, эч бириники жарашпайт. Акыры мындай мүмкүнчүлүк бир келет деди да, коноктун шылтоосу менен жолдошуна жаңы идиш алдырып алууну чечти.
— Биринчи идиш-аяк жакка баралы. Ал жак эрте жабылып калат.
— Идишти жөн эле коёлучу, эмне, алар табак жешмек беле, салат жешет да.
— Эми ошо жакшынакай салатты жакшынакай табакка салып берели…
Эрди-катын талашып-тартышып отуруп акыры идишин да, азык-түлүгүн да алып бүтүштү. Бирок кенже уулуна велосипед алып беребиз деген акчадан абдан кемип кеткенине экөөнүн тең ичи ачышып баратты. Антсе да бир келген конокту жакшылап сыйлоо аракети жеңип унчугушпады. Баласына бир шылтоо таап айтышар.
***
Күткөн күн да келди. Нурсултан «алыстан бир келген мейманга бата кылдырбасак уят» деп жайлоодон бир козу алдырган, карыздап. Агасыныкында конок күтүп жүргөн Медерди“малга бата кылалы” деп чакырды эле, досу бара албасын билдирип ырахматын айтып соё берүүсүн суранды. Кечээ күндөн бери конок камын жеген бул үй өзүнчө эле шаңга толуп кеткендей. Айдай баарын шайма-шай кылып коюп жолдошу баштап балдарына чейин кийимдерин жаңылап, өзүбетине упа сүртүп, күзгү алдында чебелектейт. Аңгыча күткөн меймандар да кирип келишти. Кучак жайышкан достор ал-жай сурашып, балдарын бирден баштан тааныштырып чыгышты. Дасторконго бата кылынып, чай сунулду.
— Булар эмне, телефонун жаңы көрүшкөнбү? Эркеги деле, аялы деле башын салаңдатып телефонго үңүлөт. – Ашканага ээрчишип келатып чыртылдап коё берди аял.
— Апей, акырын, угат.
— Укса уксун. Бир сааттай болдубу келгенине? Бирин чакырса бири телефонго жармашат.
— Ой, эми эмне кыл дейсиң. Алып кел тамагыңды. Тамак келсе ташташат да.
— Ошо, таштап жакшынакай ичип-жеп отурушсун да.
Аялына корсулдап койгону менен Нурсултан деле жанатан бери меймандарынын телефонго аябай алаксып жаткандарына ичтен капа болуп отурган. Бир-эки курдай тамашага аралаштырып телефонду таштап сүйлөшүп отуралы деп да көрдү. Медер “иийи” деп алдындагы чайдан ууртаган болгону менен кайра эле колу телефонго сунулуп, сөз укпай калып жатты. Аяшынын да отурушу ушу. Жөн отурбай күйөөсүнө улам бир нерсени көрсөтө берген адаты бар экен. Эми, мейли, азыр телефон кармап ага алаксыбаган ким бар. Ысык тамак кирсе ташташар, анан кеп уланып кетер.
— Кел, кызым, тамак ич, — аяшы кызы үчүн тамак салып, анан нан салынган табакка телефонун жакшылап тиреп койду. Кызы отурганча андан мультфильм ойной баштады. Кызынын өтүнүчү менен телефондун үнүн жогорулатып, тамакка карашты. Көрсө, кызы телефонсуз тамак ичпейт экен. Эптеп курсагын тойгузуу үчүн телефон коюп берүүдөн башка арга жок экенин арызданып жатты энеси. Андан улуусуна атасы айылдан кеткенче жакшы конок болсо, шаарга барганда телефондун мыктысын алып берерин убада кылып жатат. Мультфильмдин шаңдуу музыкасы Нурсултан менен Айдайдын тынчын алып, меймандары менен кеп улап жай сүйлөшүүдөн дагы алаксытты.
Чеке-башы чала оюлган бири гүл, бири күн болуп жасалгаланган салаттарды дасторкондон алгысы келбей турду Айдайдын. Коноктору дагы шашпай отуруп салаттарынын көркүн байкап, бир ооз да болсо жакшы кеп айтып жеп коюшса көңүлү гүлдүп калат эле. Же буларга мунун баары кызыксызбы? Шаарда кафелеп тамактанган немелерге интернеттен иргеп алып жасаган салаттары, таптап жасаган тамагы жакпай калгандай сезилди. Ушул дасторконго булардан көрө айылдагы эле теңтуштарын чакырышканда аяштары тим эле жабалактап мактап, рецепт сурап, анан өз билгендерин айтып берип жыргап отурушмак. Айылдагы аяштары үчүн мынчалык кастарлап дасторкон салышпаганына ичтен өкүнүп кетти келин.
— Колго суу куялы, бул бөлмөгөөтүп бериңиздер. – Нурсултандын сылык чакыруусуна элпек туруп жөнөштү меймандар. Медер костюмун, аялы сумкасын отурган ордуларына ныктап коюшту да, телефондорун колго ала ээрчише басышты. Муну байкаган Айдай:
— Телефондорду тыштап салгыдай экенсиңер, жерде отурганда балдар тебелеп кетпесин, — деди жымсалдай.
— Аа, жок, балам мени тебелеп кетсе да, телефонду тебелебейт, ха-хах-ха, — Медерге кошулуп башкалар да күлүштү. Анын кебин аялы коштоду:
— Ооба, иштен келсем кызым биринчи телефонду сурайт, анан менин акыбалымды сурайт. Азыркы балдарга телефон болсо эле болду.
Айдай болжогондой эле бешбармак да телефондун коштоосунда желди. Медер устуканын сүрөткө тартып классташтардын тайпасына кетирип койгон экен, классташтар биринен сала бири үнүн жаздырып жиберип, үйдөгү эки классташ видео тартып жөнөтүп өзүнчө кызыкка кирип кетишти. Нурсултан да классташтардын кызуу маегине берилип кеткен белем, аялынын “беш бармакты ысык алалы” деп чебелектегенине карабай “Вотсапп” менен убара. Аларды жайына коюп сүйлөшүп отурсамбы деди эле, аяшы дагы деле узун тырмактуу сөөмөйүн ойдолотуп телефонунун бетин сылап бүтпөй жатат. Бир-эки суроосуна кыска жооп берип, чала жылмайып карап коюп кайра эле экранды теше тиктейт. Аялзаты качан, кайда болсо да кеп таап, сыр алышып отурганына көнгөн Айдай аяшынын мындай мамилесине капа болуп калды. Ошону менен желип-желбей эт муздап, досторкон жыйылды. Беш күн камынып тосулган конок беш саатта ушинтип телефондун коштоосунда узады.
Гүлайым Калыбекова