Болгар калемпирлерин кышка даярдоо
Маринаддалган болгар калемпири
Кандай азыктар керек?
Таттуу болгар калемпири: 10-12 даана
Туз: 1,5 чоң кашык
Уксус: 2 чоң кашык
Кантип жасалат?
Болгар калемпирлеринин баш жагын кесип, ичиндеги уруктарын тазалайсыз.
Мискейдеги кайнап жаткан сууга салып 3-4 мүнөт кайнатасыз.
Андан кийин бууланган банкаларга саласыз.
Суусуна тузду, уксусту кошуп аралаштырып, аны да банкаларга бөлүп куясыз.
Банканын оозун кайнатылган капкак менен жаап бекитип коёсуз.
Кышында мындай жол менен даярдалган болгар калемпирлеринин ичине фарш салып даамдуу тамак жасасаңыз болот.
Куурулган болгар калемпири
Кандай азыктар керек?
Болгар калемпирлери: 15 даана
Сарымсак: 4-5 тишче
Өсүмдүк майы: 150 мл
Уксус: 3-4 чоң кашык
Кантип жасалат?
Болгар калемпирлеринин сырты калың, ширелүүсүн тандап аласыз. Аларды жакшылап жууп, майлык менен аарчып кургатып аласыз. Баш жагын алып, ичин тазалоонун кажети жок.
Кызып турган майга болгар калемпирлерин бүтүн бойдон саласыз. Бардык тарабын бир сыйра кууруп алган соң оттон чыгарасыз.
Эми сарымсакты пресстен өткөрүп чуңкур идишке саласыз. Үстүнө уксусту куюп аралаштырасыз. Каалооңузга жараша мурч салып койсоңуз да болот.
Муздаган болгар калемпирлеринин сырткы чел кабыгын этияттык менен сыйрыйсыз жана ичиндеги суусу агыш үчүн бычак менен бир жеринен тилип коёсуз. Андан кийин болгар калемпирлерин бууланган банкага ныгыра салып, үстүнө сарымсак-уксус аралашмасын куясыз.
Бууланган капкак менен банканын оозун бекитип коёсуз.
Болгар калемпиринен жасалган лечо
Кандай азыктар керек?
Кызыл болгар калемпири: 2,5 кг
Помидор: 2,5 кг
Шекер: 3 чоң кашык
Туз: татымына жараша
Зайтун майы: 3 чоң кашык
Уксус (6%дуу): 3 чоң кашык
Кантип жасалат?
Помидорду кайнак сууга бир салып алып кабыгын сыйрыйсыз да, блендердин же эт майдалагычтын жардамы менен эзесиз.
Ага зайтун майын, шекерди, тузду кошуп отко коюп, 10 мүнөт кайнатасыз.
Ага чейин болгар калемпирин тазалап, чоң-чоң кылып туурап, кайнап жаткан ширеге кошосуз. Улам аралаштыруу менен дагы 20 мүнөттөй кайнатасыз.
Анан отту өчүрүп, уксусту кошосуз.
Даяр болгон лечону ысык бойдон бууланган банкаларга куюп, оозун бекитип, муздаганга чейин оодарып коёсуз.
Чийки аджика
Кандай азыктар керек?
Таттуу болгар калемпири: 2 кг
Ачуу болгар калемпири: 1 даана
Сарымсак: 2 баш
Уксус (9%дуу): 200 мл
Шекер: 4 чоң кашык
Туз: 2 чоң кашык
Кантип жасалат?
Эттүү кызыл болгар калемпирлерин тазалап жууп, ичин тазалап, орточо көлөмдө туурайсыз.
Сарымсактарды тишчелерге ажыратып, пресстен өткөрөсүз.
Ачуу болгар калемпиринин ичин тазалап, майда туурайсыз.
Болгар калемпирлери менен сарымсакты блендерге салып майдалайсыз.
Аягында тузду, шекерди жана уксусту кошуп дагы бир айлантып коёсуз.
Бул аджика кайнатууну талап кылбайт. Банкага салып муздаткычта гана сактайсыз.
Фаршталган болгар калемпири
Кандай азыктар керек?
Таттуу болгар калемпири: 3 кг
Сабиз: 2 кг
Пияз: 2 кг
Помидор: 1 кг
Томат: 2-3 чоң кашык
Семичке майы: 1 стакан
Шекер, туз: болжол менен 1 чоң кашыктан
Кантип жасалат?
Болгар калемпирлерин жууп, башын кесип, ичиндеги уруктарын тазалайсыз.
Анан кайнап жаткан сууга салып 2-3 мүнөт кайнатасыз. Суудан чыгарып муздатасыз.
Сабиз менен пиязды аарчыйсыз. Сабизди кыргычтын ирик тишинен өткөрөсүз, пиязды болсо майда чарчы кылып туурайсыз.
2 чоң кашык майды кызытып пиязды өзүнчө кууруйсуз.
Ушунча өлчөмдөгү майга сабизди өзүнчө кууруйсуз.
Помидорду майда чарчы кылып туурап, аны өзүнчө кууруйсуз. Ага томатты кошуп 2-3 мүнөт жай отко дымдап коёсуз.
Куурулган жашылчалардын баарын кошуп, татымына жараша туз, шекер кошуп аралаштырасыз.
Пайда болгон фаршты болгар калемпирлеринин ичине толтурасыз да, бууланган банкаларга саласыз.
Үстүнө 1 чоң кашык май куюп, кайнатылган капкакты бетине жаап, банкаларды сыртынан кайнатасыз. 0,5 литрликтерди – 30 мүнөт, 1 литрликтерди – 45 мүнөт.
Анан капкакты бекитип жаап, банкаларды муздаганча оодарып коёсуз.