Фаршталган кабак
Кандай азыктар керек?
Кабак: 3 даана
Пияз: 1 баш
Сабиз: 1 даана
Фарш: 500 г
Укроп, петрушка
Сыр: 50 г
Туз, мурч
Өсүмдүк майы
Кантип жасалат?
Кабактарды жууп, бийиктигин 3-4 сантиметрден кылып кесимдерге бөлөсүз. Кашыктын же бычактын жардамы менен ичиндеги жумшактарын алып саласыз, бирок ыргытпаңыз.
Өсүмдүк майына пияз менен сабизди кууруйсуз. Аягында тытымына жараша туз, мурч кошосуз. Кабактын ичиндеги этин, фаршты кошуп аралаштырасыз.
Бул фарш менен кабактардын ичин толтурасыз.
Калыпка салынган пергамент кагазынын үстүнө фаршталган кабактарды тизип, ар биринин бетине кыргычтан өткөрүлгөн сырдан себелейсиз.
180 градустагы духовкага 25-30 мүнөт бышырасыз.
Торт-кабак
Кандай азыктар керек?
Кабак: 1 даана
Туз: 1 чай кашык
Ун: 3 чоң кашык
Манка: 3 чоң кашык
Жумуртка: 2 даана
Пияз: 1 баш
Сабиз: 1 даана
Сарымсак: 2 тишче
Укроп: 1 боо
Йогурт: 200 г
Өсүмдүк майы
Кантип жасалат?
Кабактын сыртын аарчып, уруктарын тазалап, өзүн кыргычтын ирик тишинен өткөрөсүз. Туздан себелеп, 10-15 мүнөт тыныктырып коёсуз.
Андан кийин бөлүнүп чыккан суусун төгүп салып, унду, манканы, жумуртканы кошуп аралаштырасыз.
Пайда болгон аралашмадан майланган көмөч казанга блинчиктерди бышырасыз. 5-6 даана блинчик чыгууга тийиш.
Пияз менен сабизди майдалап туурап, өсүмдүк майына кууруйсуз. Аягында пресстен өткөн сарымсакты жана майда тууралган укропту кошуп аралаштырасыз.
Эми торт жасоого өтөсүз. Блинчиктин ар бир кабатына йогурттан сүртүп, аралашмадан салып отурасыз.
Аягында кабатталган торт пайда болот. Кесимдерге бөлүп, дасторконго коё берсеңиз болот.
Камырга малынган кабак
Кандай азыктар керек?
Кабак: 1 даана
Жумуртка: 2 даана
Ун: жарым стакан
Каймак: 6 чоң кашык
Туз
Өсүмдүк майы
Кантип жасалат?
Кабакты жууп, калыңдыгын 1 сантиметрдей кылып туурайсыз.
Эми камырды даярдаңыз: жумурткаларды, унду, каймакты, тузду кошуп аралаштырасыз.
Кабактын ар бир кесимин жогорудагы аралашмага малып алып, кызып турган өсүмдүк майына эки тарабын кызарта кууруйсуз.
Быштак менен фаршталган кабак
Кандай азыктар керек?
Кабак: 2 даана
Быштак: 200 г
Укроп же петрушка: 1 боо
Сарымсак: 1 тишче
Жумуртка: 1 даана
Катуу сыр: 100 г
Туз, мурч
Кантип жасалат?
Кабактын сыртын аарчып, узунунан тең экиге бөлөсүз.
Ичиндеги жумшагын кашык менен алып саласыз.
Чуңкур идишке быштакты, майда тууралган укропту, пресстен өткөрүлгөн сарымсакты, жумуртканы, туз, мурч кошуп аралаштырасыз.
Бул аралашма менен кабактын ичин толтурасыз.
Калыпка төшөлгөн пергамент кагазынын үстүнө кабактарды коюп, бетине кыргычтан өткөрүлгөн сырды себелейсиз.
180°С ысыган духовкада 40 мүнөт бышырасыз.
Рулет
Кандай азыктар керек?
Кабак: 2 даана
Өсүмдүк майы
Сабиз: 1 даана
Сарымсак: 2-3 тишче
Сыр: 150 г
Каймак
Туз
Көк чөп
Кантип жасалат?
Кабакты жука тилке кылып узунунан туурайсыз да, өсүмдүк майына эки тарабын тең кызарта кууруйсуз.
Сырды кыргычтын майда тишинен өткөрөсүз.
Сабизди да кыргычтын майда тишинен өткөрүп өзүнчө идишке саласыз.
Өзүңүз каалаган көк чөптү майда туурайсыз.
Сарымсакты пресстен өткөрөсүз.
Тууралган азыктардын баарын кошуп, каймак менен аралаштырасыз.
Эми кабактын куурулган кесиминин ар бирине даярдалган аралашмадан салып, рулет кылып оройсуз.