Өз жашынан алда канча жаш көрүнгөн айымдардын сыры эмнеде?
Ооба, ар бир адам картаят. Бул жаратылыштын мыйзамы. Бирок өз жашынан эки эсе жаш көрүнгөн адамдар болот. Мунун себеби көп учурда генетикада болсо, өзүнө кам көрүүдө талбай эмгек кылуу да чоң ролду ойнойт. Өздөрүнүн сулуулугу менен дүйнөнү суктанткан айымдардын сырлары эмнеде экен, байкап көрөлү.
Кармен Делль’ Орефиче, 89 жашта, АКШ

Бул айым ушул курагында деле дүйнөлүк белгилүү журналдардын бетин кооздоп, подиумга чыгып сүйүктүү ишин улантып келет. Карьерасы эң узакка созулган модель катары Гиннес рекорддор китебине кирген.
Жаштыгынын сыры эмнеде? Кармен моделдик бизнеске 13 жашында кокусунан келген. Автобуста келаткан өспүрүмгө бейтааныш аял келип сүрөткө түшүп акча тапса болорун сунуштайт. Абдан кедей жашаган үй-бүлөгө кошумча акча тоскоол болбос эле. Айткандай эле туура бир жылдан кийин Кармен белгилүү журналдардын бетин кооздогон моделге айланат. Бул айымдын жаш көрүнгөнүнүн эч кандай сыры жок. Диета кармабайт, башка моделдердей калорияларды санабайт. Болгону, эки эрежени таптакыр бузбайт: күн сайын лимон кошулган бир стакан суу ичүүнү жана пробиотиги менен йогурт жегенди. Жеке жашоосунун ийгиликсиз болуп, эркек аттуудан көңүлү калганына карабай жашоого ар дайым оптимизм менен карайт. “Сулуулук ийнелерин” кабыл аларын деле жашырбайт, ошого карабай учурда 90го таяп калган айым көп болсо 60тагыдай көрүнөт.
Ясмина Росси, 65 жашта, АКШ

Адатта супермоделдер пенсияга чыкчу куракта, тактап айтканда, 40 жашында Ясмина Росси моделдик бизнеске келген. Бүгүнкү күндө бул айым 65 жашта, ошого карабай популярдуулуктун туу чокусунан түшө элек – дүйнөлүк ири бренддер бул өзгөчө модель менен келишим түзүүнү кыялданышат.
Жаштыгынын сыры эмнеде? 86-63-91 параметрлүү бул модель мындай формасын сактоодо ага спорт менен машыгуу, йога, чуркоо жардам берерин жашырбайт. Мындан тышкары ал өмүр бою органикалык азыктарды колдонуп келерин айтат. Күн сайын бирден авокадо, кайнатылган бир кесим эт жана бууга бышкан балык жейт. Ун азыктары менен таттууну акыркы жолу качан жегени эсинде жок. Терисине зайтун майын сүртсө, аны башкалардан өзгөчөлөнтүп турган буурул чачына рапс майын сүртөт. Жумасына бир жолу зайтун майы менен шекердин аралашмасынан скраб жасап колдонорун да сулуулугунун бир сыры катары айтканы бар.
Эллен Эктор, 64 жашта, АКШ

Америкалык машыктыруучу Эллен Эктор инстаграмдын активдүү колдонуучусу. Бул айымды эч ким төрт кыз, бир уулду төрөгөн деп айтпаса керек.
Жаштыгынын сыры эмнеде? Эллендин өз жашынан алда канча жаш көрүнүүсүнүн жалгыз сыры – спорт менен машыгуу. Анан албетте, туура тамактануу. Андан кантип жаш көрүнүү боюнча кеңеш сурагандарга: “Өзүңөрдүн организмиңерди колуңарга эмне тийсе таштай берген таштанды челекке айландырбагыла”,- дейт. Ал фитнес машыктыруучусу, өзүнүн машыктыруу тармагы бар. Ошондой эле өзүнүн кыздары менен кошо видео жаздырып, каалоочуларга акча коротпой үй шартында машыгууга шарт түзүп берет.
Лю Йерин, 52 жашта, Кытай

Кытайда жашаган Лю Йерин тууралуу жакында эле бүт дүйнө биле баштады. Китепканачы болуп иштеп жүрүп пенсияга чыккан соң эмне менен алектенерин билбей социалдык тармактарга катталган Люнун күйөрмандары эбегейсиз көбөйдү. Анткени анын жагымдуу терисине, өз курагынан эки эсе жаш көрүнгөнүнө кызыккандар абдан көп.
Жаштыгынын сыры эмнеде? Лю Йерин спорт менен машыгууну 20 жашында баштаган болсо, ушул күнгө чейин бир дагы жолу үзгүлтүккө учураткан эмес. Мындай тынымсыз машыгуусунун арты менен ал өзүнүн 25теги уулу менен жашташ көрүнөт. Уулу апасы менен чогуу жүргөндө аларды көргөндөр сүйүшкөн жуптар деп ойлошот. Атүгүл бир жолу уулунун сүйлөшкөн кызы көрүп калып, апасы экенине ишенбей таарынып калганы бар. Йеринден жаштыгынын сырын сурагандар абдан көп. Өзүнүн айтымында, анын эч кандай сыры жок. Жаш көрүнүүсү ага тукум куучулуктан өткөн. Бирок ага карабай бул айым өзүнүн үстүнөн абдан көп иштейт. Жай күндөрү марафондо чуркайт, сууда сүзөт, бокс менен машыгат. Ал эми кышында кылчу анын сүйүктүү иши – сырттагы көлмөгө түшүү. Үйүнө жакын жайгашкан бул көлмөгө ал 30 жылдан бери түшүп келет. Кытай айымдын айтуусунда, кышында муздак сууга түшүү менен ал өзүнүн сулуулугун жана жаштыгын сактап келет. “80 жашымда да бүгүнкүдөй сулуу болгум келет”,- дейт ал.
Ли Су Джин, 50 жашта, Түштүк Корея

Түштүк Кореялык тиш доктур Ли Су Джин 2015-жылы инстаграм социалдык тармагынын катталуучусу болгон күндөн баштап бул социалдык тармактын колдонуучуларынын кызуу талкуусунан түшпөйт. Аны көпчүлүк өз кызынан жаш көрүнөт деп баа беришет.
Жаштыгынын сыры эмнеде?
Социалдык тармактын колдонуучулары Ли Сунду “түбөлүк жаштыктын Кудайы” деп аташат. Чындыгында эле айрым сүрөттөрүндө кызынан жаш көрүнөт. Экөө ээрчишип дүкөнгө барганда ким болбосун аларды эже-сиңди катары кабылдашат. Бул айымдын сулуулугунун сыры туура жашоо образында. Ал бир жумада бир нече жолу машыгуу залына барат. Мындан тышкары туура тамактанат, күнүнүн көп бөлүгүн кыймылда, бөлмөнүн ичинде эмес, сыртта өткөрөт. Суткасына сегиз сааттан кем эмес убактысын уйкуга арнайт.
Орнелла Мути, 65 жашта, Италия

Италиялык актриса Орнелла Мути жасалма сулуулуктун жактоочусу эмес. Ал бир да жолу пластикалык хирургия кызматынан пайдаланган эмес. Үч баласын көкүрөк сүтү менен бакса да формасын мыкты сактаган бул айымды 65 жашта деп айтуу кыйын.
Жаштыгынын сыры эмнеде? Орнелланын ою боюнча, жаштыкты сактоонун эң жөнөкөй жана жагымдуу ыймасы – суткасына тогуз сааттык уйку. Ал алкоголдук ичимдиктерди колдонбойт, йога менен машыгат. Көпчүлүк италиялыктар сыяктуу Орнелла макаронду жакшы көрөт. Конокко барганда макарондон жана башка калориялуу тамактардан баш тартпайт. Бирок мындан кийин ал өзүнө бир жумалык ачкачылык жарыялайт. Актриса сууну абдан көп ичет.