Кыргыз элинин эмгек сиңирген артисти, актёр Марат Жантелиев тирүү болгондо быйыл 60 жашка чыкмак. Тилекке каршы, шум ажал талантты арабыздан алып тынды. Актёрдун 83 жаштагы апасы беш жылда эки уулунан ажыраганын айтып зар какшап ыйлайт. Эне таланттуу уулун төм0нкүчѳ эскерип отурду.
— Апа, маегибизди уулуңуздун бала чагынан баштайлыбы?
— Жолдошум өзү жетим чоңоюп, көп кыйынчылык тартыптыр. Экөөбүз турмуш курганда мага каралашкан кайненем жок эле. Экөөбүз тең кесибибиз боюнча доктурбуз. Күнү кечке жумушта. Улуу балам Талант, андан кийин Марат, эң кенжем Самат. Маратым бала кезинен жароокер эле. Эмне жумуш жасабайын жанымда каралашып, ар кайсыны кобурап сүйлөп жүрө берчү. Адам менен тил табышууга жөндөмү бала кезинен бар эле. Биздин үй-бүлөнү айылдагылар үлгү кылгангабы, балдарыбыздын баары бизди уят кылбай жакшы окушту. Мараттын актёрдук жөндөмү ошол кезде эле бар болчу. Отургучтарды тизип алып аларды көрүүчү кылып өзү улам бир костюмду кийип аларга ыр окуп берип, өнөрүн тартуулачу. Мектептеги спектаклдерден куру калчу эмес. 7-класс кезинде ыр сабагынан берген мугалиминен комуз черткенди үйрөнүп алды. Жөндөмүнө карабай атасы экөөбүз доктур болушун кааладык. Марат 10-класска келгенде Чыңгыз Айтматовдун демөөрчүлүгү менен театрга балдарды кабыл алууга сынак жарыяланып калды. Катышып кѳрүүгѳ шаарга кетти. 200дөн ашык баланын арасынан 2-турга, кийин 3-турга өттү. Ошондо гана баламдын жөндөмүнө чындап баа бердик. Көрсө, балаң колуңда жүргѳндѳ эмнеге жөндөмдүү экенине баам салбай деле калат экенбиз да.
— Өмүр бою жаныңызда жүргөн балаңызды Москвага жиберүү оңой болбосо керек?
— Мектептеги экзаменин жалаң бешке тапшырды. Анан жогорудагы сынактын негизинде Москвага жолдомо алып, үч сабактан экзамен тапшырып, Москва шаарындагы кинематографиялык институтка ѳттү. Башында сагынычтан аябай эле кыйналдык. Атасы жетим өскөн деп айтпадымбы, уулдарынын ою менен болуп эркелетип өстүрдү. Айлыгын алганда атайын Фрунзеге келип эс алып, өзү чет жакка жумушу менен чыгып калса бизди чогуу алып алмайы бар эле. Баласаак жаны Марат четке кеткенде жакшы эле куса болду. Ал кезде телефон менен алдын ала буйрутма берип сүйлөшчү элек. Акча-тыйындан кыйналат, тыйын салып турабыз. Жарым жылдан кийин стипендияга илинип, 3-курстан баштап жогорулатылган стипендия алып окуду балам. Диплом аларда үй-бүлөбүз менен Москвага бардык. Керчөө бышырып, кымыз куйдуруп алып барып мугалимдерин коноктогонбуз. Анан үй-бүлөбүз менен Москваны кыдырып, жер көрүп кайра чогуу кайтып келдик. Башында киностудияда иштеди. Кийин Бакен Кыдыкеева атындагы Жаштар театрында узак убакыт эмгектенди.
— Аткарган ролдору купулуңузга толчу беле?
— Толбой анан. Баламдын катышуусундагы тасмалар кѳрсѳтүлүп калса сыналгынын маңдайынан жылбай көрөм. Кинолорунун баарын дискке жаздырып келип берген. Аларды кайра-кайра көргөндөн тажабайм. Кайсы бир киносунда жарым эс лөлүнүн ролун аткарат. Ошондо көчөдөн балдар таш менен чаап, кууп ойногон жерин көргѳн сайын жүрөгүм сыздап кетет. “Саякбайга” тартылганына бир чети сыймыктансам, бир чети ушул ролду көтөрө албай калдыбы деп ырым кыла берем.
— Келиниңизди башында жактырбаганыңыз чынбы?
— (Күлүп) Марат 28 жашында турмуш курду. Келиним Асел Кара-Балтанын кызы. Орус мүнөз, көп нерсеге аралаша бербеген, бир калыпта жүргөн адам. Өмүр бою айылда жашаган жаным өзүм көнгөн эле айылдык кызды алса экен деп ойлочумун да. Жаңы келгендегиси эсимде, темир чакага кир чайкап атпайбы, жиним келип “орус неме, суу ичкен чакага да кир чайкайбы?” деп чаканы ыргытып жибергем. Өзү орус мектепти бүткөндүктөн даяр нерсеге качыра берчү. Орусча сүйлөсө “ой, өлүгүңдү көрөйүн чулдураган, кыргызча сүйлө” дечүмүн. Кийин жакындан билгенден соң көңүлүмө кадимкидей жагып баштады. Оокатка да бышты, тамакты ушул күнгө чейин таптап жасайт. Маратымдын үстү-башын жакшы карайт, жакасын кирдетпейт, кайсы убакта чет жакка аттанбасын чемоданга тим эле кийимдерин ирети менен тизип салып берип узатар эле. Үч келинимдин тең көзү турат, эзели жашоолоруна кийлигишип, “кана, канча таптыңар? Мага акча бергиле” деп жүдөткөн энелерден эмесмин. Келиндерим да жакшы чыгышты. Марат менен Таланттын келинчеги көп жыл бир үйдө жашашты. Эки абысындын бир үйгө батышы оңойбу, ушул күнгө чейин беттери ачылып сыйдан кеткен жок.
— Качан эки бөлүнүп жашап башташты?
— Абышкам шаардан чоң үй алган. Талантым аскер адамы болгондуктан көп учурда чет жакта иштеди. Балдарын кичинесинде мен бактым, эс тартканда Мараттын колунда болушту. Анан убагы жеткенде ошол үйдү сатып экөө жаңы конуштардан чоң үй сатып алышты. Мараттын жумшактыгын карабайсыңбы, илгери жаңы конуштун биринен жер тилке алып койгон. Үй салам деп пландап жүрчү. Кийин барса ал жерге башка киши пайдубалын куюп, үй баштап алыптыр. Балама жакшы эле “соттошуп жерди кайтарып ал” дедим. “Жер үчүн адамдар менен тытышып жүргүм келбейт” деп укпай койбодубу. Ошону менен куру жалак калды. Анын ордунда башка бирөө болсо өмүр бою соттошсо да кайра тартып алмак. Маратым адамдын көңүлүн биринчи орунга койгон жумшак жан эле.
— Уулуңуз каза болгондо айылда белеңиз?
— Мен Кочкордун Кара-Кужур айылында кичүү келиним менен турам. Уулум Самат төрт жыл мурда жүрөгү ооруп каза болгон. Эс алып жаткан жеринен эле жүрөгү кармап турбай калды. Ал баламдан төрт неберем бар. Кышкысын шаарга балдарыма келем. Талант менен Мараттыкында алмак-салмак жатып, анан жайында өз үйүмө кетем. Ошол каргашалуу күнү Таланттын үйүндө болчумун. Эртеси Марат мени айылга жеткирмек. Кечинде сүйлөшсөм үнү башкача. “Эмне болду, балам?” десем жакшы эле экенин айтты. Негизи эле эзели ооруганын айтчу эмес. Илгери жамбашындагы нерв тамырларына суук тийген. Буту жок жерден карышып калып, муздап, сыздап ооруп турчу. Жайдын күнү байпак кийип жүрөр эле. Бир жак буту тизесине чейин шишип кетчү. Көрсө, бөйрөгүндө бар экен. Түн ортосунда катуу ооруп ооруканага алып кеттик дешти. Алып барса коронавируска анализ алышыптыр. Эртеси анализи чыкмак, бат эле абалы оорлошуп, жандандыруу бөлүмүнө түшүп калыптыр. Ошол бойдон баламды көргөн жокмун. (Ыйлап) Бир заматта эле колумдан жулдуруп ийип отуруп калдым. Жадагалса коштошо да албай калбадымбы. Менин көкүрөгүм күйүттүү, кызым. Эки уулумду бирдей жерге берип отурам. Бир да энеге балдардын жамандыгын көрүүсүн каалабайм. Алдына эле кетсем дейсиң, Кудай өмүрүңдү улап атса айла жок жашайт экенсиң.
— Балдарына кандай ата эле?
— Улуу баласын бир жашынан баштап бактым. Кийин мектепти бүтүп, окууга тапшырганда шаарга келди. Эки кызы өзүндө эле болду, бирок мага дайыма “кыздарымды баккан жоксуз, Талант байкемдин кыздарын чоңойттуңуз” деп таарынып калар эле. Баласаактыгы укмуш болчу. Окуудан келгенде кыздарынын бут кийимин кургатып, майлап тыкыйтып койчу эле. Мен “чоң эле балдарды ашыкча эркелете бербей, турмушка бышырбайсыңбы” деп урушсам укчу эмес. Кыздары менен кучакташып, жытташып сүрөт, видеого эле түшө берчү. “Ай, обу жоктонуп баскан-турганыңарды эле тарта бересиңерби?” деп сүйлөнөм. Көрсө, ошонун баары эстелик болот тура. Кыздары азыр ошол видеолорун көрүп көз жашы кургабай турган кездери. Өткөндө уулунун туулган күнү болду. “Атам мени куттуктады” дейт. Жаман оюмда түшүнө кирсе керек дептирмин. Көрсө, “Ала-Арчага” барып күндө эки маал куран окуп, сүйлөшүп отурат экен. Угуп алып каңырыгым түтөп ыйладым. Уулу үйлөнүп неберелүү кылган. Эки кызы турмушка чыга элек. Өз колу менен узатып сыйын көрсө болбойт беле. 59 жашында балам кете берет деп эзели ойлобоптурмун. Мараттын өлүмү мага оор сокку болду.
— Айылга качан барасыз?
— Мен да жакында ооруп дарыланып чыктым. Айылга уулум каза болгону бара элекмин. Аяктагы туугандарыбыз “бул жакта Маратты жоктоп таш да ыйлап атат” дешет. Буюрса, абалым жакшы болсо балдарымды, Мараттын үй-бүлөсүн алып айылга барып тууган-урукка куран окутабыз. Ал жактан ар бир бак-шак баламды эстетет. Жайында бир ай үй-бүлөсү менен жүрүп кетчү. Чөп чаап, короо-жайды оңдоп-түзөп, экөөбүз бактын көлөкөсүндө өткөн-кеткенден кеп салып кобурашып отурчубуз. Эми ал күндөрдү кайдан табам? Күндө эртең менен эки уулума, абышкама багыштап куран окуп, жалгыз уулум менен келиндеримдин, неберелеримдин өмүрүн тилеп жашап атам.
Анара Дүйшөналиева