«Булуттар, булуттар/ жандап ѳтпѳй, жалгыздыкты унуткар», «Ачылам бул кечте, чачылам бул кечте/ Суурулуп жүрѳктѳн, сунулат ыр десте», «Атың жакшы Ысык-Кѳл, ата-бабам сыйлаган», «Бир перини сүйүп үлгүрбѳй, кыскалыгын кара ѳмүрдүн». Ар бир сап обон менен окулуп жатабы? Элге жагып, кулакка сиңген кѳптѳгѳн ырлардын обонун жазган талант Камчыбек Букалаев артисттерди сахна артында жасанткан кызматкердей. Эл анын жүзүн эмес, обондорун кѳбүрѳѳк билет. Обончунун «зыяным жок эч кимге, тостогой кѳз бакамын…» деген ырын ырдап чоңойгон балдар азыр бул ырды балдарына жаттаткан ата-эне болушту. Эмесе, жылдар ѳтсѳ да эскирбес обондорду чыгарган автор менен маектешебиз.
— Саламатсызбы, агай, соңку эмгектериңизден элге алынган ыр кайсы болду?
— Соңку кезде жазган обондорумдун ичинен элге алынганы Гүлнур Сатылганова аткарган «Ачылайын айгүл тоонун гүлүндѳй» деген ыр болду. Бул обон 3-4 жыл мурда эле жазылган. Жакшы обон абдан жеңил чыгат. Бул да аябай тез чыккан, бир отуруп эле даяр кылгам десем болот. Ѳзүмѳ да жагып, эл арасында ырдап жүрчүмүн. Бир күнү Гүлнурга ырдап жѳнѳтүп жибердим. Дароо жактырып жакшынакай аранжировка жасатып ырдап чыкты.
— Алгачкы обонуңуз, деги эле обончулук жолуңузга саресеп салып ѳтсѳңүз?
— Биринчи обонум балдарга арналган «Ачык кѳңүл балдарбыз» деген ыр болгон. Ошондо балдарга гана арнап ыр жазам деп ѳзүмѳ ант берген элем. Ага удаа «Баканын ырын» жаздым. Ырдын текстин гезиттен окуп калып, ойноп отуруп эле обонун чыгарып койгом. Бирок жакшы обон келсе баш тартпайсың да, лирикалык обондорду да жаздым. Чыгармачылыгымдын башатында Чолпон-Атада «Ак куу» деп аталган элдик ыр-бий ансамблинде иштечүмүн. 1980-81-жылдары Москвага фестивалга бардык. Кѳлдүк ансамблдин кѳл тууралуу ырлары болушу керек эле. Кѳлгѳ арналган ырларым ошондо чыгып, Болот Миңжылкиев баштаган ырчылар ырдашты. Маэстро Асанкан Жумакматов симфониялык оркестрге жаздырды. 1996-жылдары кыйын жашоонун кесепетинен айлык ала албай, ансамбль аргасыз тарап кетти. Ошондо чыгынып шаарга келдим да, борбордо жашап, иштеп калдым. Учурда бала бакчада музыкант жана №69 мектепте таланттуу балдардын ийримин жетектеп иштейм.
— Гүлнур Сатылганова менен качан иштешип баштагансыз?
— Азыркы Панфилов паркында илгери «Аксакалдар чайханасы» деген бар эле. Гүлнур ошол жерде ырдачу экен. Аны ырдаганын кѳрүп, үнүн абдан баалап калдым. Барып таанышып, ырларымдан ырдап кѳрүүсүн да сунуштагам. Кийин ѳмүрлүк жолдошу каза болуп, оор абалда калыптыр. Ошондо жалгыздыгын, андагы кыйынчылыкты ыр менен чыгаргысы келсе керек, Кыялбек Урманбетовго сѳз жаздырууга кайрылыптыр. Ал «Булуттар» деген ыр жазып берип, обонун мен чыгардым. Ыр элге жакшы алынды, Гүлнурдун аты чыкты. Анан алгачкы жеке концертин бермек болду. Ошондо мага келип концерттин ачылышында элдин маанайы кѳтѳрүлүп, шатыра-шатман кол чаап отургандай шаңдуу ыр керек деди. Ал каалагандай кылып «Ыр десте» ырынын обонун жаздым.
— Обондоруңузга кандай гонорар аласыз?
— Ырларымды азыркы ырчылардан Саламат Садыкова, Султан Каримов, Токтобек Асаналиев, Бакыт Шатенов, Кундуз Таштаналиева жана башка кѳптѳгѳн ырчылар ырдап жүрүшѳт. Тартынбай ушундай эле айтат элем, ырчылардын кѳбү гонорар темасына келгенде дыргаяктап качышат. Бирок баары жакшы ыр ырдап чыккысы келет. Ыр даяр болгончо жаныңды да коюшпайт. Бирок гонорар бербейт деп ырыңды катып да жүрѳ албайсың. Эл уксун деп жазган соң ырчыга бериш керек. Айтор, ушундай. Ушул жерден Гүлнурду баса белгилеп айткым келет, ал эмгекти абдан баалайт. Ырларынын авторлорун да дайыма айтып жүрѳт. Айрымдар алдында отурсаң да атыңды атап койбогондо таарынасың. Бир жолу Р.Отунбаева президент кезде салтанаттуу кечеде бир ырчы ырымды ырдап, атымды атап койгон жок. Алып баруучу да айтпады. Абдан таарындым. Ал эми мамлекет тарабынан кыргыз патент бир жылда бир-эки жолу гонорар берет. Негизинен, беш-он миң сомдун ортосу, бир ирет 20 миң сом алып абдан таң калгам. Кыргызстандын акыбалында бул баага ыраазы эле болгонго туура келет.
— Тойлордо ырдайсызбы?
— Ооба, тууган-урук, жолдоштор, обончу катары сыртымдан тааныгандар чакырып калышат. Аккордеон коштоп берем, ырларымды аткарам. Чынында, ушул бизге чоң тыгын болот.
— Обон жаза албай калган учуруңуз болобу? Кандай маалда илхом келет?
— О-ой, андай учурлар кээде айлап созулуп кетет. Ал учур абдан оор. Кыжалат болуп кыйналып кетем. Бирок «илхом келбей жатат» дебей изденип аны чакырыш керек. Үйдѳ иш бѳлмѳм бар, пианином мени дайыма күтүп турат. Балдарга ылайык чыгармаларым болсо ошолор менен аралашып жүргѳн кезде чыгат. Балдардын дүйнѳсү керемет, ырдаганы да, ыйлаганы да сонун. Бир тайпадагы 30-40 баланын мени тегеректеп турганы мага илхом, мага дары. Азыр пандемиянын айынан бакчадагы балдарыма жетпей кыйналып жүрѳм. Баарын сагындым. Кээде туруп «ушул оору деги качан бүтүп, балдарыма качан жолугам?» деп кѳзүмдѳн жаш айланып кетип жатат. Анан, албетте, үй-бүлѳңдѳ тынчтык болсо сонун ырлар чыгат. Акындардын жакшы ырлары сѳзсүз эргүү чакырат.
— Акындын куралы – сѳз, сүрѳтчүнүн куралы да даяр. Обончунун куралы эмне?
— Обончунун куралы – сезим. Болгондо да жүрѳктѳгү таза сезим. Жан дүйнѳсү музыкага жакын, сезими таза адамдан обон сѳзсүз чыгат. Жѳнѳкѳй адамдардын арасынан деле сезимди баалай билген жан болсо обон чыгара алат. Сѳзсүз эле чоң билим керек эмес.
— Жубайыңыз сиздей талант менен жашаганына сыймыктанса керек?
— Анысын деле билбейм. Бирок Света мени абдан жакшы түшүнѳт. Экѳѳбүз үч жылдай сүйлѳшүп жүрүп баш кошконбуз. Менин чыгармачыл экенимди ошол кезде эле билчү. Баш кошконубуздан бери чыгармачылыгым үчүн кам кѳрүп келет. Эч убакта «сырттагы иш калды, кеч келдиң…» деп капа кылбайт. Ачыгын айтканда, сырттагы ишке жокмун. Иштен келип иш бѳлмѳмдѳ иштейм. Бош убактым болуп калса театрга барып спектакль кѳрѳм. Балдарымдын апасы мунун баарын туура түшүнѳт. Ѳзү эл кѳзүнѳн алыс болгонду жакшы кѳрѳт. Кесиби мугалим, кайда барса да жакшы иштеп алкышка арзыган мыкты адис.
— Балдарыңыздан жолуңузду жолдогондор барбы?
— Үч уулум, сегиз неберем бар. Алмаз деген балам кичинесинде музыкага аябай жакын болчу. Уулум экѳѳбүз чоң-чоң фестивалдарга катышканбыз. Кийин ѳзү эле чыгармачылыктан алыстап дипломат болуп кетти. Учурда Москвада иштейт. Улуу баламда да жѳндѳм бар эле. Аны байкап М.Абдыраев атындагы музыкалык интернатка киргизгем. Бирок бизди сагынып чыдабай окуудан чыгып алган. Негизи, балдарыма ѳзүм да жакшы жардам бере албай калдым. Буга ушул күнгѳ чейин ѳкүнѳм. Ортончу уулум чыгармачылыктан такыр алыс. Балдарымдын шыгы бар болуп туруп музыкадан алыс кетишкенине абдан ичим ачышат. Неберелеримден музыкант чыгышын каалайм.
— Ѳзүңүзгѳ талант кимден ѳткѳн?
— Атам деле, апам деле музыкадан алыс адамдар эле. Бирок мен бала кезден чыгармачылыкка жакын болдум. Конокко келген балдарды атайын жасаган сахнамда ырдатып, ѳзүм алып баруучу болуп алчумун. Мындай шыгымды жездем байкап М.Абдыраевге алып келип окууга киргизген. Бирок эки жыл окудум да, ата-энемди сагынып качтым. Кыштын суугунда байпакчан чыгып кар кечип качканым эсимде. Ушинтип окуудан чыгып калып башка мектептен окуп калдым. Ага карабай чыгармачылыкка тартылып, радиодо балдар уктурууларында дикторлук кылчумун. Ушинтип жүрүп эле талантым ачылды окшойт.
Гүлайым Калыбекова