“Радуга” салаты
Кандай салаттар керек?
Тооктун төш эти: 300 г
Пекин капустасы: 500 г
Жашыл болгар калемпири: 1 даана
Көк пияз: 1 боо
Сарымсак: 1-2 тишче
Каймак: 2 чоң кашык
Горчица: 1 чоң кашык
Кантип жасалат?
Тооктун этин кайнатып, муздатасыз. Майда кылып туурайсыз.
Жашылчаларды майдалабай чоңураак кылып туурап, бардык тууралган азыктарды кошосуз.
Сарымсакты пресстен өткөрүп, ага каймакты, горчицаны кошуп аралаштырасыз.
Бул аралашманы тууралган азыктарга кошуп аралаштырып коёсуз.
Салатты тарелкага салган соң майда тууралган көк пиязды бетине себелеп коёсуз.
“Назик” салаты
Кандай азыктар керек?
Брынза: 150 г
Бадыраң: 2 даана
Зайтун: 10 даана
Бышкан жумуртка: 3 даана
Каймак: 2 чоң кашык
Көк чөптөр
Кантип жасалат?
Бадыраңды кыргычтан өткөрөсүз же ичке кылып туурайсыз.
Зайтундарды шакекче кылып туурайсыз.
Брынзаны да кыргычтан өткөрөсүз.
Сууга бышкан жумуртканы майда чарчы кыласыз.
Тууралган азыктарга татымына жараша туз, мурч, өзүңүз каалаган көк пияздан кошуп каймак менен аралаштырып коёсуз.
Боордон жасалган салат
Кандай азыктар керек?
Уйдун боору: 400 г
Туздалган бадыраң: 4 даана
Консерваланган буурчак: 100 г
Пияз: 2 баш
Сабиз: 1 даана
Каймак: 2 чоң кашык
Туз, мурч
Кантип жасалат?
Боорду кайнатып бышырасыз да, муздаган соң чарчы кылып туурайсыз.
Туздалган бадыраңды да чарчы кыласыз.
Пияз менен сабизди майда туурап, өсүмдүк майына кууруйсуз.
Эми азыктардын баарын кошуп, татымына жараша туз, мурч себелеп каймак менен аралаштырып коёсуз.
Эт кошулган салат
Кандай азыктар керек?
Бышкан эт: 300 г
Консерваланган козу карын: 200 г
Таттуу болгар калемпири: 1 даана
Салат жалбырагы: 5-6 даана
Майонез: 2 чоң кашык
Горчица, уксус: татымына жараша
Кантип жасалат?
Этти ичке таякча кылып туурайсыз.
Болгар калемпирин да ушундай формада туурап этке кошосуз.
Маринаддалган козу карынды туурап аны да кошосуз.
Майонезге уксус менен горчицаны кошуп аралаштырып, бул аралашманы салатка куясыз.
Фаршталган баклажан
Кандай азыктар керек?
Баклажан: 1 кг
Сабиз: 2 даана
Сарымсак: 2-3 тишче
Петрушка
Суу: 1 л
Лавр жалбырагы: 2 даана
Туз: 1,5 чоң кашык
Семичке майы: 100 г
Уксус (9%дуу): 50 г
Кантип жасалат?
Баклажандары таза жууп, майлык менен аарчып кургатып, баш жагын кесип саласыз. Анан ар бирин өз-өзүнчө фольга кагазына ороп, 200 градустагы духовкага 20-30 мүнөт бышырасыз.
Бышкан баклажандарды духовкадан алып чыгып жакшылап муздатасыз.
Сабиздин кабыгын аарчып, кыргычтан өткөрөсүз.
Сарымсакты майдалап туурайсыз.
Петрушканы да майдалайсыз.
Сабизди, сарымсакты, петрушканы кошуп аралаштырасыз.
Маринад даярдоо үчүн сууга семичке майын, туз, лавр жалбырагын салып кайнатасыз. Отту өчүргөн соң уксусту куюп аралаштырасыз.
Эми ар бир баклажанды узунунан тилип, ичин сабизден жасалган начинка менен толтурасыз.
Фаршталган баклажандарды чуңкур идишке салып, үстүнө маринадды ысык бойдон куясыз.
Үстүн тарелка менен бастырып, толук муздаганга чейин коюп коёсуз. Андан кийин маринаддан чыгарып муздаткычка саласыз.
Фаршталган баклажандарды туурасынан кесип, конокторуңузга бере берсеңиз болот.