Негизгиге Интервью Токтобүбү Черикчиева, КРнын Эмгек сиңирген артисти: “Алган наамыма төгөрөгүм төп келет”

Токтобүбү Черикчиева, КРнын Эмгек сиңирген артисти: “Алган наамыма төгөрөгүм төп келет”

392

“Жолугарым билгенмин”, “Жалгыздыктан жадап бүттүм”, “Сүйүүңдү сүртүп кеттиң жүрөгүмө”, “Биз экөөбүз”, “Оромол”, “Мен сага барайынбы”, “Барам сага”, “Кошунуз агай”… каарманыбыздын кайсы ырын атаба, ар бири угармандын жүрөгүнөн түнөк таап, сүйүктүү чыгармасына айланган. Бул чыгармалары менен көптөгөн сынактарга катышып алдыңкы орундарга ээ болгон. Жагымдуу үнү, репертуары менен өзгөчөлөнгөн ырчы Токтобүбү Черикчиева наамга татып отурат. Маектешибиздин кубанычын тең бөлүшүп, төмөнкүдөй маек курдук.

— Сыйлыгыңыз кут болсун. Президенттин “Ардак грамотасын” алганыңызга 13 жыл болуптур. Кезектеги наамды көпкө күтүп калган жоксузбу?
— Рахмат. Бул наам берилгенде Түркияда жүргөм, келгенден кийин уктум. “Эч болгончо кеч болсун” дегендей болду окшойт. Убагында Филармонияда иштеп, андан башка жактарда деле эмгектенип жүрүп канча жолу документ тапшырдым. Бирок белгисиз себептерден улам наам ала тургандардын тизмесинен чийилип калчумун. Азыр ойлосом документтер министрликтен ары көздөй жылбай жаткан окшойт. Мен да эмне себептен наамга тапшырган документтерим ордунан жылбай жатканын териштирген эмесмин. Мүнөзүм ушундай, бир да жетекчинин эшигин каккылап барган жокмун. Бул наам эмне үчүн керек? Иш-чараларда, концертте, жадагалса тойдо деле сахнага чакырылганда кечээ чыккан кээ бир ырчылардын наамы бар, сенин болсо канча жылдан бери эмгегиң сиңсе да бааланбай жатканың өкүндүрѳт. Эл баалап турса да эмгеги сиңген ырчыларды жөн эле атынан айтып, кечээки чыккан жаш ырчылар “эмгек сиңирген артист” делип аталып жатса, чынында намыстанып кетесиң. Наам берилээринен түңүлгөн эмесмин. Анткени бул наамды алганга менин төгөрөгүм төп келет. Тактап айтканда, 3 дипломмум бар, кенедейимден музыкалык билим алып келгем. Качандыр бир кезде берилиши керек деп күтүп жүргѳм.

— Күйөрмандарыңыз социалдык тармакта сиздин ушул кезге чейин наамыңыз жок экенин айтып чурулдап жатышты. Алардын да салымы болду окшойт?
— Сөзсүз түрдө күйөрмандарымдын салымы бар. Мен наамды таза алдым, акча берген жокмун, ортого тааныш салган жокмун. Былтыр 50 жылдыгыма карата отчёттук концерт бергем. Маданият министрлигинин өкүлү келип куттуктаганда залдагы эл “наам бербейсиңерби” деп кыйкырып, ызылдашкан. “Беребиз” дешкен, минтип жыл айланып тапшырылды. Элден айлансам болот, алар бар үчүн биз барбыз. Чоң арманым ушул сыйлыгымды апам көрсѳ болмок. Тилекке каршы, наам алгыча эле көзү өтүп кетти. Менин азыркы эмгегим, атагым ошол кишинин мээнети. Жаштыгын, жашоосун жалаң мага арнады. “Сен ырдашың керек, сахнага чык, өс, атыңды тааныт”, — деп жүрүп эки баламды тең өзү багып өстүрдү. Мен төрөп эле бергеним болбосо, иштегенди эле билдим. Апам бүт түйшүктү өзүнө алып менин чыгармачылык жактан өсүүмө шарт түзгѳн. Наамымды апамдын урматына арнайм.

—  Ырларыңыздын көбү армандуудай сезилет. Чыгарманы кандай критерий менен  тандап аласыз?
— Менин жашоом чыгармалардагыдай деле армандуу эмес. Ырды аткараарда ар бир сөзүнө маани берем. Мен ырдаган ырлардын сөзү ар бир адамдын турмушуна байланыштуу. Ырдын текстин көпкө талдап толгоном. Обону менен шайкеш келдиби деп талдайм. Анан ар бир чыгарманы өзүмдүн жүрөгүмдөн өткөрөм. Мен ырдаган ырлардын автору да бийик, талантуу адамдар.

— Жеке жашооңуз тууралуу көп айтпайсыз. Уул-кызыңыз өздөрүн кайсы тармактан табышты?
— Уулум кесиби боюнча юрист, кызым болсо чет өлкөдө билим алып жатат. Балам турмуш курган, Дастан аттуу неберем 2 жаштан ашты. Туура, жеке жашоомду көп ачыктабайм. Анткени жолдошум, балдарым аны каалабайт, “бизди аралаштырбаңыз” деп турушат. Өздөрү эл алдына чыккысы келбесе алар тууралуу кенен айтып берүүнү өзүм деле туура көрбөйм. Жакшынакай үй-бүлөм бар. Жакшылык-жамандыктарда чогуу жетелешип жүрөбүз. Тааныгандар таанып эле жүрүшөт. Аларды чыгармачылыгыма кошуп жарыялай бербейм.

— Апаңыздын жалгыз көзгө басар кызы экенсиз. Атаңыздын башка турмушундагы балдары менен катышасызбы?
— Ооба, ата-энем мен кичине кезде ажырашып кетишкен. Жогоруда айтпадымды, апам менин көзүмдү карап бапестеп чоңойтту. Экинчи ирет турмушка да чыккан жок. Жаштыгын, жеке аялдык бактысын да мен үчүн курмандыкка чалды десем болот. Атамдын экинчи никесинен туугандарым бар. Алар менен катышам, мамилебиз жакшы. Жалгыз өскөн бала катары, албетте, мен деле кийин бири-бирине тирек болсо деп көп балалуу болгум келген. Кудай маңдайыма эки бала жазыптыр. Ушулардын өмүрүн, ден соолугун тилеп жашап келем. Каалаган эле тилегиңди бере берсе жашоо кызыксыз болуп калмак болуш керек.

— Адамдын башына дөөлөт конордо же кырсык тооруганда жакын адамы түшүнө кирет эмеспи. Апаңыз түшүңүзгө көп киреби?
— Ооба, бул нерсеге мен абдан ишенем. Негизи, апам түшүмө кѳп кирбейт. Атайын апама арнап тамак жасап, куран окуйм. Алыс жолго чыгарда багыштап жыт чыгарам. Апамдын мүрзөсү шаарда. Бат-баттан мүрзөсүнө барып сырымды айтам. Көбүнчө сыркоолоп калганда түшүмө кирет. Кээде сагынганда жок дегенде түшүмдө көрсөм деп тилек кылсам да кирбей калат. Апасы бар адам чексиз бактылуу. Тойлордон жоолук салынган, жашы өтүп калган байбичени көрсөм көзүм чачырап кетет. Тааныбасам да, мени жакшы көрүп атабы же жаман көрүп атабы дебей бетинен өөп учураша бермей адатым бар. Энеге болгон кусалыгым, арманым өмүр бою тарабайт болсо керек.

— Бүтүндөй жашооңуз чыгармачылыкта өтүп келет. Бул тармактан сырдаш эже-сиңди күтө алдыңызбы?
— Бала кезден бери чогуу өскөң, эң ишенимдүү курбум  бар. Алар менен сырдашып, чер жазып сүйлөшѳм. Жакшылыгымды бөлүшүп, көңүлүм чөгүп турса жубатышат. Ал эми сахналаш эже-сиңдилеримдин көбү менен сый мамиледе жүрөм. Кээде сырыңды бөлүшүп, кеңеш сураганга мажбур болгон учурлар болуп калат. Андайда жол көрсөткөн эң жакын адамым – жолдошум. Бук болсом бугумду угат. Жакшы кеңештерин берет. Көңүлүм чөгүп турса көтөрөт, кубанычым койнума батпай ашып-ташып турсам кошо кубанат. Ойлосом жолдошумдан жашырган кымындай да сырым жок экен.

— Кудай узун өмүр берсин! Жашоонун тең ортосунан жаңы аштыңыз. Элүү жаштан кийинки жашоо кандай экен?
— Рахмат! Жашоонун эң даамдуу, кызыктуу жери элүүдөн өткөндөн кийин башталат окшойт. Мурда балам деп жан үрөп жүрсөм, азыр неберемдин оозуна кармап калдым. Бирок жаштайыңдан жаның тынбаса өмүр бою эле ошол адат калбайт окшойт. Жаш өткөн сайын ал-күчүм мурдагыдай эмес экенин сезип жатсам да, таң аткандан күн батканга чейин жаным тынбайт. Бош отурган адамдарды түшүнбөй кетем. Ушул күнгө чейин уйкум сергек. Көп учурда жумуш, той деп жүрүп үйгө кеч келем. Түн оокумунда жатсам да таңкы беште турам. Аялдын оокаты бүтпөйт да, эртеңки тамак-ашка кам көрөм. Негизи эле өзүмдүн тынчым жок. Бирөөнүн үйүнө конокко барсам да жөн отура албай дасторконун иреттешип жиберип, кыймылдап иймей адатым бар. Конокко чакырса да койкоюп конок болуп отура албайм.

— Жашоону көргөн айым катары биздей жаш кыз-келиндерге кандай кеңеш бересиз? Мисалы, бала тарбиялоодо?
— Ата-эне кыйналганын, жыргаганын балага өз көзү менен көрсөтүш керек окшойт. Чогуу жумушуңа, жашооңо аралаштырып кенедейинен турмуш деген сабакка даярдаш керек экен. Биз болсо “отур, тынч бол” деп эле тыя беребиз. Конок келгенде деле аларды аралаштырбайбыз. Тескерисинче, келген конок сени кандай сыйлайт, кандай сөздөрдү сүйлөп отурушат ошонун баарын өз кулагы менен укканы жакшыбы деп ойлойм. Мисалы, шаарда жашаган балдар куурай башын сындырбай кара жумушка бышпай чоңоюшат. Кийин жашоого даяр болбой, жумуш табууда кыйналышат экен. Же болбосо оңой жол менен эле даяр креслого отуруп калгысы келишет. Баланы кичинесинен жанын тындырбай жумшап, эмгекке үйрөтүш керек окшойт. Айылдык балдар кадимкидей тың, бүт жерге аралашып оокатын кылып кетишет. Эгер убакытты артка түрдүрүп дагы мүмкүнчүлүк берилсе, мен балдарымды ушундай тарбияламакмын. Андыктан азыртадан жаш балдарыңарды эмгекке бышыргыла деп кеңеш берет элем.

Анара Дүйшөналиева

СоӊкуКоноктор үчүн күзгү салаттар
КийинкиЖаннат Атабаева, бизнес леди: Бренд негиздѳѳмѳ депрессияга түшүшүм түрткү болгон