Тартынчаактык – адамдагы керексиз сапаттардын бири. Айрыкча азыркы заманда өз жашоосун татыктуу курууда бул сапат жакшы эле кедергисин тийгизет. Андыктан сизде да мындай сапат бар болсо, андан арылуунун аракетин көрүңүз.
Тартынчаактык кайдан келип чыгат?
Ген аркылуу берилет. Көздүн түсү, бойдун узундугу сыяктуу эле тартынчаактык да ген аркылуу берилет. Мындай адамдардын нерв системасы сезгич, ошол себептен конфликттерден качып турушат.
Мээрим жетишпеген учурда пайда болот. Айрым ата-энелер балдарынын курсагын тойгузуп, кийинтип-ичинтип, мектепте жогорку баа алып келүүсүн негизги максаты катары көрүп, баласынын жан дүйнөсүндө эмне болуп жатканын билүүнү каалабайт. Көңүл бурулуп, өзүн керектүү сезбеген, мээрим жетишпей өскөн бала келечекте тартынчаак, таарынчаак болуп чоңоёт.
Ашыкча кам көрүү. Ата-энеси баласынын ар бир кадамын көзөмөлгө алып, өз алдынча чечим кабыл алуусуна тоскоолдук кылган ата-энелер да билинбей эле балдарын тартынчаак кылып алышат. Алар балдарынын оюн эске алышпайт, кандай чечимди өздөрү туура деп эсептесе, ошону баласы үчүн кабыл алып коюшат. Мындай балдар кийин деле кандайдыр бир ишке кадам таштоодон тартынышат, “туура эмес болуп калсачы?” деген эки анжылыктан арыла албайт.
Билимдин жетишсиздиги. Билими жетишсиз адам башкалар менен баарлашууда ал билгенди мен билбей калам, суроолоруна жооп бере албай калам деп жүрүп тартынчаак болуп калат.
Тартынчаактыктын жашоого тийгизген терс таасирлери:
Эл менен пикир алышуудан уялгандыктан, көп учурда достору жок. Жаңы адамдар менен тааныша да алышпайт.
Башкалар менен пикир алышууда тартынып жатып оюн так жеткире албайт, сөздөрдү чаржайыт айтат. Мындан улам жакшы жумуш да табуусу кыйынга турат.
Тартынчаак адамдар башка бирөө менен баарлашуу деңгээлин жогорулатуу үчүн ичимдик көп ичишет. Себеби алкоголдук ичимдиктер адамдын өзүн-өзү баалоосун жогорулатып, эркин баарлашууга шарт түзөт.
Тартынчаак адам эч качан биринчи сөз баштабайт. Сөз баштаган адамга акырын, ишенимсиз, кыска жооп кайтарат. Мындан улам ал башкаларга жакшы таасир калтыра албайт.
“Бул ишти жасасам эл эмне дейт?” деп сын сөздөрдөн корккону үчүн өз алдынча иш аткара албайт.
Мындай адамдардын мээсине “мен башкаларга кызыктуу эмесмин” деген түшүнүк сиңип калат. Өзүн дайыма алсыз, ыңгайсыз сезип, өзүнөн уялат, өзүн-өзү жемелей берет. Жыйынтыгында депрессиялык абалга дейре жетип калуусу ыктымал.
Өз көз карашы, ою болбогондуктан, бирөө менен урушуп кетсе өзүн-өзү коргой албайт.
Тартынчаактыктан кантип арылууга болот?
Ийгилик китепчесин түзүңүз. Блокнотко өз ийгиликтериңизди, кылган жакшылыктарыңызды, өзүңүздүн жакшы сапаттарыңызды тизмектеп жазыңыз. Кандай жакшы жактарыңыз бар экенин көргөндө өзүңүзгө болгон бааңыз көтөрүлөт.
Жаңы образ түзүү. Атактуу адамдардын ийгилик сырлары тууралуу китептерди окуңуз. Өзүңүздү ошол каармандын ордуна коюп көрүңүз.
Позитивдүү окуяларды белгилеңиз. Бир күн бою кандай позитивдүү, жүрөккө жылуулук тартуулаган учурлардын баарын баракчаңызга белгилеңиз. Сүрөткө тартып алсаңыз да болот.
Имиджиңизди өзгөртүңүз. Адам өзүнүн келбетине канаттанып, ага ырахаттанганда гана ичиндеги өзүнө болгон ишеними өсөт. Ошондуктан чачыңыздын түсүн же чач жасалгаңызды өзгөртүңүз. Гардеробуңузду жаңылоо да жаңы кадам таштоого өбөлгө болот.
Тартынчааксызбы?

Назира Айтбекова, алпаруучу: “Далай үй, унаалардан куру калгам”
- 4-классыма чейин тартынчаак элем. Көкүрөгүмдөгү нерсени айтуу абдан кыйын болчу, абдан түнт, жапайы кыз болчумун. Кийин бул сапатым калып, тескерисинче, эч нерседен тартынбаган мүнөз күттүм. Азыр өз оюмду кагазга ороп да айтпайм, балтайта эле ортого таштайм. Маңдайымдагы адам ыңгайсызданып турса деле айта берем, “жаман көрүп калат” деп деле ойлонбойт экенмин. Бирок жигиттерине “муну алып бер” деп эркелешет го, менде ушул нерсе жок. Мага бир нерсе алып берүүнү сунушташса, аны кабыл алуудан уялам. Ушинтип жатып далай үй, унаалардан куру калгам.

Данияр Эрматов, ырчы: “Ачка болсом да тамактан баш тартам”
- Бир аз тартынчаактык сапат биздин менталитетте керек деп ойлойм. Өзүм жөнүндө айтсам, ооба, тартынчаагыраакмын. Айрыкча тамак-ашка байланыштуу учурларда бул сапатым кармап кетет. Көпчүлүк болуп гастролдордо жүрүп, тамак жетпей калган учурлар болот да. Ошондойдо ачка болуп турсам да “менин курсагым ток” деп эле тамактан баш тартып коём.

Элзар Өскөнбаева, ырчы: “Имиджимди өзгөртүүдөн тартынам”
- Мен чыгармачылыкка жаңы кадам таштаган кезде көп тартынчумун, азыр деле бул сапатым калып кеткен жок. Мисалы, мага стиль, имиджимди өзгөртсөм чыгармачылыкта жаңы тепкичке көтөрүлөрүмдү көп айтышат. Тартынып эле ал кадамга эч бара албайм. Же улуттук кийим, салттуу музыка жан дүйнөмө сиңип калганбы, билбейм.
Айгерим Токтобай кызы