Чолпон: «Мен ѳзүмдү качан сүйѳ баштадым?»
Жашоо жалаң эле күрѳш эмес. Эгер ѳзүңүз каалап, уруксат берсеңиз жашооңуздан бакыт, ырахат, кубаныч да орун алат. Тилекке каршы кѳпчүлүк, айрыкча айымдар жашоонун түйшүк, кыйынчылыктарына гана басым жасап алышат да, бүт жашоо ушундай деп тыянак чыгарып коюшат. Сиз да алардын катарында болсоңуз түйшүктүү күндѳргѳ бир аз тыным кылып, бакыт издеңиз. Ишениңиз, ырахаттуу бакытты сѳзсүз табасыз.
— Мен жолдошум абдан сүйгѳн айымдардын катарындамын. Бирге жашаган он беш жылдын ичинде анын ѳзүн бактылуу сезиши үчүн колумдан келгендин баарын кылып келем. Кудайга шүгүр, ал да менин аракетимди баалап, сыйлап турат. Жашоомдо эч нерсеге нааразы болгум келбейт. Бирок айрым нерселерди туура эмес түшүнүп, ордун аныктоого акылым кеч жеткенине «ка-ап» деп калам.
Жыйырма эки, жыйырма үч жашыбызда турмуш курдук. Жашоом жакшы болсун деген аракет ар бирибизде бар эмеспи. Биз да ошол жолдо күрѳш баштадык. Мен сулуулук салонунда чач тарачмын, жолдошум тигүү цехинде бычмачы. Экѳѳбүз тең карапайым адамдардын балдары болгонго бизге баарын ѳзүбүз курууга туура келди. Кем-карчыбызды толуктоо үчүн жан үрѳп иштеп жаттык. Эс алууну анда-санда бир алабыз. Анда дагы экѳѳбүздүкү бир күнгѳ туш келбейт. Менин эс алуу күнүм үй жыйнап, кир жууп, азык-түлүк алып келүү менен эле бүтѳт. Ушундай түйшүктѳн уламбы, биринчи наристебиз боюмдан түшүп калды. Түйүлдүктү түшүргѳн соң дарылануум керектигине карабай «иш жүрүп жатканда иштеш керек», — деп жумушка чыгып кеттим.
Ушинтип жумуш менен үйдүн ортосунда тызылдаган бир кызыгы жок эки жыл учуп ѳттү. Тапканыбыз унаа алууга жетти. Жолдошум машина базарга барам деген таңда таң атпай мен да кошо турдум. Ал жалгыз барам деп ойлоптур. Мен чогуу барабыз деген ойдо элем. Ар кимибиз ушинтип ѳз ойлорубузга бек болуп алгандыктан эртең менен кыжыңдаша кеттик. Акыры менин таарынычым жеңип чогуу жѳнѳдүк. Чынында жолдошум алданып калчудай, аны мен сактачудай сездим. Унаа сырын билбесем да ѳзүмдү бек кармап, бек сүйлѳп бир далай жүрдүк. Жолдошум болсо такыр маанайсыз. Себеби менин ээрчип алганым экенин билип турсам да билмексен болдум. Ал күнү каалаган унаабыз базардан табылбай тааныштар аркылуу издей баштадык. Ар бир жолу унаа кѳрүүгѳ мен да барам. Жакшысын алып калсак экен деп санаам такыр тынчыбай жатты. Акыры бизге буюрган бир машинага жеттик. Ырас ак эмгек менен алган дѳѳтүбүз ак жолтой болуп бизге узакка кызмат кылды.
Бирге жашаганыбызга тѳрт жыл толду. Мен кайрадан кош бойлуу боло албай жаттым. Чыгынып дарыланууга дагы деле убакыт жок. Эмнегедир акыркы кезде кѳп чарчачу болдум. Бут сунуп эс алууга убакыт табылбайт. Жаңы жылдын алды болуп жумушум да күчѳп турган. Ишке денемди зордоп гана сүйрѳп барам, кечинде келип сулк кулайм. Жолдошум экѳѳбүз да мурдагыдай чай ичип, божурашып сүйлѳшпѳй калдык. Ал да чарчап келет да жатат. Эртең менен бири-бирибизди караганга чамабыз жок ишибизге шашып жѳнѳйбүз. Эс алуу кѳздѳн учту.
Эч качан эсимден кетпейт, ушунчалык чарчаган экенмин, эс алууга чыкканда эки күн сулк жатып уктадым. Мындай тынч уйку ага чейин жашоомдо болгон эмес. Күйѳѳм мага аябай таң калды. Эптеп бир аз шам-шум этип эле уктай бердим. Оюмда жаңы жылга калтырбай үйдү казып жыйнап, кир жуу бар эле. Үчүнчү күнү уйкум канып баш кѳтѳргѳнүм менен дагы деле иш кылууга кѳңүлүм чаппады. Базарга барып азык-түлүк да алып келиш керек болчу. Кѳчѳгѳ чыгып, унаанын тыгынын кѳрѳйүн деген кѳзүм жок. Абалымды байкаган күйѳѳм: «Сен болгонун жазып бер, базарга мен эле чыгып келейин», — деди. Анчейин ишенбей турсам дагы мейличи деп тизме түзүп бердим. Чайды кайсынысын канча сомго, кесменин кайсы түрүн канча сомго алышы керектигин, дайыма чогуу барып жүргѳнүбүзгѳ карабай даректерин кошо бир сыйра эскертип узаттым. Ѳзүм телевизорду жандырып чалкалай жата кеттим. Жаңы жылга карата сонун берүүлѳр башталып калыптыр.
Эки саат ѳтпѳй жолдошум келип калды. Баарын ойлогонумдай алыптыр. Мунун баары менин катышуумсуз эле бүтүп калганына таң калып да, сүйүнүп да жаттым. Менин кубанычым жолдошумдун да кабагын ачты. Жаш балача кудуңдап, «керек болсо сен алгандан да арзан алдым» дейт бажактап. Ысык самса ала келген экен, экѳѳбүз жай отуруп кампая тойдук. Чай үстүндѳ ага эркелеп:
— Бүгүн тамакты сен эле жасачы, — дедим.
— Жарайт. Бирок менен картошка кууруганды гана билем. Боло береби? – деди «буга деги эч нерсем жакчу эмес эле» дегендей чочулап.
— Мейли, боло берет. Мынча жаттым, мен аягына чейин эс алайынчы.
— Бүттү, бир ооз кебиңиз, ханышам. Бүгүн менден кыпкызыл даамдуу картошка.
— Иий, баса, бир каналда «Үйдѳ жалгыз» деген кинокомедиянын жарнамасын тынбай берип атат. Бирок кашайып ошол канал жакшы тартпай атат. Оңдоп берчи.
— Жарайт, эч ойлонбо.
Телевизорубуздун антеннасы бузулуп калганына кѳп болгон. Иштен бошобой жүрүп телевизор кѳргѳнгѳ деле, аны оңдогонго деле кол тийбей жүргѳн эле. Эртең менен ойгонсом жолдошум жанымда жок. Чалсам антенна алганы базарда жүрүптүр. Заматта ачуум келе түштү. «Чогуу барып алмакпыз да. Эми кандайын алып келет болду экен». Бирок бул оюмду жашырып, ачуумду да байкатпай телефонду коюп койдум. Ичимден кечке жакшысын тандап алса экен деп жаттым. Кечиккенинен мончого кетип калгам. Шашпай жүрүп келсем телевизорубуз жаркырап бир сонун тартып калыптыр. Мен айткан канал тим эле жаркырайт. Аңгыча кином да башталды. Күйѳѳм башынан кино кѳргѳнгѳ кызыкпаган адам. Тамашалап:
— Чабал ѳрдѳк эрте учат, мен тамагымды баштай берейин, — деп кетип калды.
Заматта ашканадан тамактын табит ачкан жыты буркурап, курсагым курулдап кетти. Баш баксам жолдошум тим эле жайдары, кудуңдап картошка туурап отурат. Мени ѳзүм чакырганча келбе деп кууп жиберди. Айтканандай кыпкызыл картошка менен сонун тамактандык. Мен үчүн жашоо жомок болуп кеткендей эле болду. Бул ырахаттан чыга албай баягы «үйдү жаңы жылга калтырбай казып жыйнашым керек» дегенди да унуттум. Ал тууралуу эстегим да келбей калды. Жашоомдо баары сонун, баары бар, баары ойдогудай деп эс алуумду уланта бердим.
Жаңы жылга да кирип бардык. Телевизордо берүүлѳр кайталанып тажата баштады. Дагы беш күн бошпуз. Бир күнү аянтка сейилдеп келүүнү ойлодук. Аянттын тегерек четиндеги бактарды, кызыктуу деген жердин баарын кыдырдык. Мен мурда аянтта, гүлбактарда жайма-жай басып жүргѳн, балмуздак жеп отурган адамдарга башкача кѳз карашта карачумун. Аларды бул жашоодо телегейи тегиз, акча кайдан-жайдан агылып келип турган жандар деп түшүнчүмүн. Ошол үчүн жыргап отурушат деген ойдо элем. Эми ѳзүм алардын катарында бактылуу болуп баратканымды карачы. Жакшылыктын бир учугун таап алсаң ал чубалып уланып кете берет экен. Келсек кошуна эже чайга чакырып калды. Үйү толо китеп экен. Текчедеги китептерге кызыгып карап жатсам эже жаныма келип «муну окуган киши арманда калбайт», — деп бир китепти сууруп чыкты. «Ойлон. Ойгон». Сырты кызгылт сары жука китепти кѳтѳрүп кѳңүлдүү кайттык. Буга чейин дээрлик китеп деле окучу эмесмин. Эже чай үстүндѳ китепти канчалык токтоосуз окуй баштаса ошончолук тез окулуп бүтѳрүн айткан. Андыктан «кантип окуп бүтѳм» деген ойго карабай ошол кечте эле окууга кириштим. Анын үстүнѳ «муну алып келсең башкасын берем. Китеп сүйгѳн адамга менин китепканам ар дайым ачык» дегени да шыктандырды. Муну бүтпѳй жатып кийин эмне китеп берет болду экен деп ашыгып кеттим. Ал китеп мени чын эле ойлондурду да, ойготту. Эс алуу жаныма жагып турган жаным китептеги тапшырма менен эс алуунун сонун планын түзүп алдым. Бир айда бир жолу сѳзсүз паркка баруу, жолдошум менен киного кирүү, жолдошум мени тамак жасап чакыруусу, анан жѳн гана тынч жатып эс алуу деген пункттарды күндѳрүнѳ чейин белгилеп жазып чыктым.
Менин ѳзүмдү сүйүүм ушинтип башталды. Ошол эс алуудан кийин жашоо мага түркүн түстүү болуп кѳрүнүп калды. Керек болсо жумушум дагы. Мурунчу? Мурда жашоом ак жана кара түстүү гана болчу. Ак түсү үйгѳ келип уктоо болсо, жумушум чымкый кара болуп кѳрүнүп калыптыр. Ал эми чер жазган эс алуу менен кѳзүмдү ачкан китеп мага жумушумду түстүү, шаңдуу кылып кайтарып берди. Менин ѳзгѳрүүм айланамдагылардын баарына байкалып жатты. Ага ылайык сонун сѳздѳрдү угуп жатканыма ишенип, ишеней кетип жүрдүм. Колумдан китеп түшпѳйт. Эми мага мунун баары бир тең эле да, жолдошумдун ѳзгѳрүүсү бир тең эле. Билесизби, он жылдан ашык убакыттан бери базарга азык-түлүк алууга бара элекмин. Ал түйшүктѳн ѳзүмдү бошотуп, жолдошума табыштагам. Бул күйѳѳмѳ артылган жүк эмес, ага берилген ишеничим. Ѳзүм чарчап жүргѳн кезде жолдошума менин ага ишенүүм жетишпей жүрүптүр. Кайда басса кошо жарышып ээрчип алганым, тапкан акчасын санап алып, майда-чүйдѳсүнѳ чейин тескей бергеним аны тажатканын кийин байкадым. Мен ишенич артып, жардамына муктаж экенимди билдиргеним ага күч-кубат берерин билдим. Азыр бырс күлѳ эстеп кеттим, мен жолдошума эт алууга да мүмкүнчүлүк берчү эмесмин. Ѳзүм жетишпей жаткан кезде жолдошум ала барайын десе «тандай албайсың» деп алдырбай койчумун. Мен бошогончо эти жок тамак жечүбүз. Базарга барууну токтоткондо эт алууну да токтотком. Чынында күйѳѳм этти менден жакшы тандайт экен. Башкысы мен бактылуу жашоо акчаны тыйынга чейин эсептегенден келбей турганын билдим. Кѳрсѳ бактылуу жашоо айрым учурда акчаны ѳзүңдүн ырахатың үчүн да жумшай билгенде келет экен. Азыр эки уул, бир кыздын ата-энесибиз. Материалдык байлыгыбыз ашып-ташып кеткен жок, шүгүр, жетиштүү. Башкысы биз ырахаттуу жашоого жеттик.
Гүлайым Калыбекова