Негизгиге Бизнес Элчибек Кадырбеков, “Akar.art” ишканасынын негиздөөчүсү: Кемеде сегиз ай иштеп акча чогултуп келип,...

Элчибек Кадырбеков, “Akar.art” ишканасынын негиздөөчүсү: Кемеде сегиз ай иштеп акча чогултуп келип, кыялымдагы ишти баштадым

134

Бөлмөңүздүн көркүн ачкан, өзүңүзгө зыян алып келбеген буюмдарды издеп жаткан болсоңуз, өзгөчө жасалга менен жыгачтан жасалган бул буюмдар сиздер үчүн. Баасы менен сапаты төп келген мындай кооздуктар 28 жашар жигиттин колунан жасалып чыгат.

Куурчактын үйү

Үч кабаттуу үйдүн бийиктиги 80 сантиметр. Жыгачтарды бири-бирине чаптоо үчүн клей колдонулган эмес, андыктан балага зыяны жок. Ичинде ар бир бөлмөгө ылайыктуу 14 эмеректин түрү бар. Эгерде үйүңүздө орун тартыштыгы жаралса, үйдү чечип кутусуна салып койсоңуз болот. 

Баланын өсүп-өнүгүүсү үчүн оюнчук

Баланын өсүп-өнүгүүсү үчүн ылайыкталган бул оюнчук Монтессоринин ыкмасы менен иштелип чыккан. Баланын интеллектуалдык жактан өсүүсү үч жашка чейин жакшы өөрчүйт. Бул оюнчуктун жардамы менен балаңыздын өсүп-өнүгүүсүн жогорулата аласыз. 

Сааттардын түрлөрү

Үйүңүзгө кошумча декоративдик буюм керек болсо, комуз, боз үй, көөкөр, картанын формасындагы сааттар бар. Мисалы, комуз сааттын көлөмү кадимки комуздукундай.

Айымдар үчүн шкатулка

Бул шкатулканын ичи гана сизге кызмат кылбайт, үстүндөгү багына да тагынчактарыңызды илип койсоңуз, чаташтырбай алганга ыңгайлуу.  

Өзгөчө блокнот

Сүйүктүү адамыңызга мыкты белек. Бул блокноттун сырты жыгачтан жасалган. Ичи кадимкидей эле дептер.

Брелок

Айдап жүргөн унааңыздын маркасына жараша жасалган брелок унааңыздын ичине мыкты аксессуар болуп берет.

Үйүңүзгө көрк берүүчү карта

Дубалга илинүүчү дүйнөлүк картанын узундугу 125 сантиметрден башталып жасалат. Салмагы он килограммга жакын. Ар бир мамлекет ар кандай түстө болуп, пазл сыяктуу чогултулган. Картада 197 мамлекеттин аты, борбору түшүрүлгөн. Түнкүсүн күйүп турат. Дүйнөлүк картаны жаттоого кызыктуу жана ыңгайлуу буюм. Ушундай эле Кыргызстандын картасы да бар.  

Элчибек Кадырбеков, “Akar.art” ишканасынын негиздөөчүсү: “Кемеде сегиз ай иштеп акча чогултуп келип, кыялымдагы ишти баштадым”

  • Элчибек, жасаган буюмдарыңыз өзгөчө экен.
  • Ооба,биздесааттын төрт түрү, органайзерлер, блокноттор, шкатулка, экологиялык жактан таза оюнчуктар, айтор, 300дөй ассортимент бар. Буларды иштеп чыгуу үчүн көп убакыт эмгектенгенбиз.
  • Эмнеден, кантип жасалат?
  • Биздики экопродукциялар, негизги материалды жыгач түзөт,  арасында кээ бир материалдар кошулат. Биринчи дизайнды компьютердеги программалардын жардамы менен чийип алабыз. Андан кийин ошол чийимге жараша атайын станок кесип берет. Анан боёлуп, шлифовкаланат да, акырында баары чогултулат. Ар бир ишин ар башка балдар жасашат, ошондо бир буюм жети кишинин колунан өтөт. Жалпы эки саатта даярдап коёбуз.
  • Жеке буйрутма менен да жасайт экенсиздер, товардын түсүнө чейин кардар өзү тандайбы?
  • Мурда биз кардарыбыз каалаган түстө жасап бере берчүбүз. Бирок ал көп убакыт, энергияны алат экен. Бир кардар эле бир күндүк убакытыңды алып коюусу ыктымал. Ошол себептен белгилүү бир түстөрдү бекитип койгонбуз.
  • Бизнестин мындай өзгөчө түрүн колго алууга эмне түрткү болду эле?
  • Мен негизи эле ишкерликке жакынмын. Студент кезимден эле ар кайсы бизнести жасай койчумун. 2015-жылдары Бостери айылына ачык асман алдына кинотеатр ачкам, караоке-бар иштетип көргөм. Бир күндүк саякаттоо уюштуруп да жүрдүм. Ойлонуп көрсөм, меники сезон бизнеси экен. Туруктуу бир иш кылайын деп украиналык бир компаниянын фанерадан чоң кишилер үчүн конструкторлорду жасаганына кызыгып калдым. Компаниянын иши тууралуу кенен маалымат алып, анан ошолордукундай станок алууну пландадым. Анан 2017-жылы Грециядагы 2500 адамга ылайыкталган кемеде бармен болуп сегиз ай иштеп каражат чогултуп келип, кыялымдагыдай станокту сатып алдым. Жаныма инимди алып чакан цех ачып, куурчактардын үйүн, шкатулка, дептерлерди жасай баштадык. Жасаган эмгектерибизди базарларга алып барып сунуштачубуз. Базардагы сатуучулар саат жакшы өтөрүн айтышчу. Биз өзгөчө саат чыгаргыбыз келип, улуттук стилге токтолдук. Анан улам бир саатты жасап көрүп отуруп төрт ай дегенде азыркыдай сааттарды ойлоп чыктык. Ишкананын атын ата-энемдин фамилиясы менен атынын башкы тамгаларынан алып “Аkar” деп атадым. Мен кичинекей кезимде атамдын “Акар” деген мөөрү бар эле. Үйдөгү китептерибиздин белгиси болуусу үчүн басып койчу.  
  • Буюмдарыңыздын баасы кымбат эмеспи?
  • Андай деле кымбат деп ойлобойм, мисалы, сааттарды учурда арзандатуу менен 1200 сомдон сатып жатабыз. Органайзерлер 250 сомдон 1000 сомго чейин. Блокноттор 400 сомдун тегереги. Куурчактын үйү 3000 сом болот.

Айгерим Токтобай кызы

Жооп калтыруу

Please enter your comment!
Please enter your name here