Балдардын дүйнөсүнө көрк кошкон жаш блогерлер – бүгүнкү күндүн талабы. Айрымдары чоңдордон көп киреше таап, бүтүндөй бир үй-бүлөнү камсыздап келишет. Жүзү таанылган жаш блогерлердин жашоосуна кызыктык.
Анастасия Радзинская
Туулган жылы: 2014-жыл, 27-январь
Туулган жери: Орусия
“Ютуб” каналы: Like Nastya
Катталуучуларынын саны: 52, 4 миллион
Кирешеси: айына 500 миң доллар
Анастасия жаңы төрөлгөндө доктурлар ага оор формадагы ДЦП диагнозун коюшкан. Алардын божомолунда кыздын буту баспай, сүйлөбөй калуусу мүмкүн болчу. Муну уккан ата-энеси болгон доктурга кайрылып, тапкан акчасын кызынын саламаттыгына жумшаган. Ага чейин атасы курулуш тармагын жетектеп иштесе, апасы сулуулук салонун иштетип келген. Кызынын оорусунан улам экөө тең жумушунан четтеп калышат. Дарыгерлердин “айыгуусуна жагымдуу эмоциялар жардам берет” деген кеңешинен улам алар кызына белек тартуулоону адатка айландырышат. Настянын кутуну ачып көргөндөгү эмоцияларын, күлкүсүн камерага тартып башташкан. Алгачкы идея ушундан улам пайда болгон. 2016-жылы “Ютуб” каналы жетиштүү деңгээлде популярдуу боло баштаганда Настянын ата-энеси кызынын видеолорун жүктөй башташкан. Башында мындан каражат табарын деле ойлошкон эмес, бир күнү алардын эсебине 20 миң рубль акча түшөт. Ошондон кийин гана ата-эненин кызыгуусу күч алган. Орусияга суук түшкөндө колдогу каражаты менен жылуу өлкөлөргө саякаттап жөнөшөт. Тогуз айга созулган саякаттан алар кызыктуу видеолорду тартып, катталуучуларынын санын көбөйтүүгө үлгүрүшкөн. Миллиондогон киреше алып келген булакты дагы мыктылаш керек экенин баамдашып, Настянын видеолорун англис, испан, араб тилдерине которо башташат. Ал үчүн атайын котормочулардан турган топ иштейт. Ушул тапта Радзинскийлердин үй-бүлөсү монтажёр, оператор, атайын эффект менен иштеген адистерден турган топту жалдашкан. Көп компаниялар менен жарнамалык негизде кызматташат. Жубайлар 2017-жылдан бери Майамиде жашашат. Ал жактан чоң үйдү ижарага алып, көп учурда съёмканы үйүндө тартышат. Ар кайсы компания “биздин товарды жарнамалап бериңиз” деп кайрылышат. Алар ойлонуп, тандап отуруп “Danone” сүт азыктары фирмасын тандап алышкан. Айрым серияларында Настя ушул бренддин азыктарын ичип жатканын көрүүгө болот. Атасы каналдын юридикалык жагына жооп берип, съёмка учурунда Настянын өнөктөшү болсо, тартуу жана уюштуруу иштери апасынын мойнунда. Бир съёмканын чыгымы 1000-2000 долларды түзөт. “Бул жумушта эс алып же эмгек өргүүсүнө чыгып кетүү мүмкүн эмес. Бир күн съёмкадан калсаң, көрүүчүлөрдүн саны жана киреше азаят”,- дейт Настянын апасы Анна Радзинская.
Райан Каджи
Туулган жылы: 2011-жыл, 22-август
Туулган жери: АКШ, Техас
“Ютуб” каналы: Ryan’s World
Катталуучуларынын саны: 24,7 миллион
Кирешеси: 6 айлык кирешеси 26 миллион доллар
Райан 2015-жылы видеоблогер болгусу келген. Апасы химия сабагынан мугалим болуп иштеген. “Эмне үчүн башка балдар тартылат, мен тартылбай жүрөм?” деген суроосунан улам мектептеги жумушун таштап баласынын чыгармачылыгын өстүрүүгө аракет кыла баштаган. “Ютубдан” канал ачкан соң катталуучулары тездик менен өсүп баштаган. Анын роликтери башкалардыкынан өзгөчөлөнүп кетпейт, бирок Райан маркетинг менен иштеген компаниялардын жардамы менен катталуучуларынын санын көбөйтүп, 2017-жылы “Forbes” тарабынан “бай ишкер” деп табылган. Кыска роликтер актуалдуулугун жогото баштаганда мультфильмдердин сериясын тартууну ойлонот. Сериал, оюндардын сериясын ойлоп тапкан Райандын катталуучулары 2019-жылы азая баштаган. Буга себеп, ата-энеси жарнамалык компаниялар менен келишим түзүп, Райандын каналында жарнама көбөйүп кеткен. Кирешеси кескин азая баштаганда кайрадан күчтөнүп Райанды эгиз карындаштары менен роликке тартып түшүп бараткан рейтингин көтөрүшкөн.
София Кузнецова
Туулган жылы: 2011-жыл, 8-июль
Туулган жери: Москва
Каналы: Little Miss Sofia
Катталуучуларынын саны: 4 миллион
Кирешеси: жылына 18 миллион доллар
Төрт жашынан бери видеоблогерликтин жашоосуна аралашкан София көбүнчө роликтерге хаски породасындагы күчүгү жана Мийа аттуу мышыгы менен тартылат. Анда-санда ата-энеси кошо тартылып калбаса, көп учурда алар видео тартуу жана уюштуруу иштери менен алек. Софиянын каналынын башкалардан артыкчылыгы, жаныбарларга боорукерлик менен мамиле жасоого, кам көрүүгө үгүттөйт. Көп учурда съёмка чет жактарда өтөт, апасы сүрөтчү болгондуктан кызына образдарды өзү ойлоп табат. Софиянын каналында башкалардыкынан аз болсо да туруктуу катталуучулары бар. Ал жарнамалык роликтерди дээрлик жайгаштырбайт. Ал эми тапкан кирешесин үй-бүлөсү кызынын жана уулунун билим алуусуна, саякатына жумшайт.
Диана Зайцева
Туулган жылы: 2004-жыл, 27-сентябрь
Туулган жери: Украина
Каналы— Lady Diana
Катталуучуларынын саны: 11 миллионго жакын
Кирешеси: жылына 6 миллион доллар
Он алты жаштагы Диананын күйөрмандары өзү менен тең жана кичүү аудитория. Анын жеке жашоосу тууралуу маалымат аз, бирок анын атактуу блогер болуусуна апасынын салымы чоң. Ал Диананын роликтеринин сценарийин ойлоп табат, каражат маселесин чечет жана тартуу иштерин көзөмөлдөйт. Диананын тарткан айрым видеолору эки күндө 40 миллион көрүүгө чейин топтой алат. Акыркы эки жылда иштеп тапкан каражатына Диана үй-бүлөсү менен АКШдан кымбат үйгө ээ болушкан. Диананын агасы Рома да учурда блогерлик менен алектенет, бирок карындашыныкындай популярдуулукка ээ боло элек.
Амина Малгаждар
Туулган жылы: 2011-жыл, 7-январь
Туулган жери: Казакстан
Каналы: Аминка Витаминка
Катталуучуларынын саны: 4 миллиондон ашык
Кирешеси: күнүнө 104 398 рубль
Күлкүлүү вайндарды тартып баштаган Амина ушул тапта казак элинен чыккан биринчи кичинекей блогер. Баары апасынын үчүнчү кызын төрөп үйдө отуруп калганынан башталган. Биринчи Аминанын кылык-жоруктарын видеого тартып жүрсө, кийин экинчи кызын да кошуп экөөнүн күлкүлүү сүйлөшүүлөрүн тартып социалдык баракчасына киргизе баштаган. Жакшы пикирлер басымдуу болгондон кийин кыздардын апасы Арай кайнене-келин сценарийин түзүп бул тармакта олуттуу иштей баштайт. 2015-жылы “Ютубдан” расмий канал ачып, жарым жылда катталуучулардын саны миллиондон ашкан. Буга тууган-достордун да салымы чоң. Алар Аминанын видеолорун таратууга жакшы көмөк көрсөтүшкөн. Көбүнчө күлкүлүү сценарийге басым жасап үйдө тарткандыктан, чыгым чоң сумманы деле түзбөйт. А бирок кыздын кирешеси саякаттаганга, жакшы окуу жайда билим алууга кенен жетет. Мындан тышкары Амина модель болуп балдардын кийимин жарнамалап иштейт.
Аймээрим Курбаналиева