Негизгиге Ашкана Духовкада бышкан даамдуу тамактар

Духовкада бышкан даамдуу тамактар

1001

Духовкада бышкан даамдуу тамактар

Фарш жана картошка менен

Кандай азыктар керек?

Уй этинен жасалган фарш: 500 г

Картошка: 1 кг

Жумуртка: 1 даана

Сүт: 250 мл

Каймакмай: 100 г

Пияз: 1 баш

Сыр: 50 г

Туз, мурч

Кантип жасалат?

Картошканын кабыгын аарчып, туздуу сууга салып кайнатасыз. Бышкан картошканын суусун төгүп пюре кылып эзесиз.

Сүттү жылытып, пюренин үстүнө куюп жакшылап аралаштырасыз.

Пиязды туурап каймакмайга кызарта кууруйсуз.

Үстүнө фаршты салып дагы кууруйсуз.

Татымына жараша туз, мурч кошосуз.

Эми калыпты каймакмай менен майлап, алгач фаршты, анын үстүнө картошка пюресин саласыз.

180 градустагы духовкада 15 мүнөт кармап, алып чыгып кыргычтан өткөрүлгөн сырды бетине себелейсиз да, кайра 5 мүнөткө коёсуз.

Тоок эти жана жашылчалар менен

Кандай азыктар керек?

Тооктун төш эти: 350 г

Пияз: 1 баш

Таттуу болгар калемпири: 1 даана

Сельдерей: 2 тал

Сүт: 150 мл

Сыр: 100 г

Жумуртка: 1 даана

Туз, мурч

Кантип жасалат?

Тоок этин туз кошулган сууга кайнатып бышырып аласыз.

Муздаган соң чарчы кылып туурайсыз.

Пиязды жарым шакекче, болгар калемпирин чарчы, сельдерейди майда кылып туурайсыз.

Буларды тоок этине кошуп, калыпка саласыз.

Сүткө жумуртканы чалып жакшылап аралаштырып, муну калыптагы фарштын үстүнө куясыз.

Бетине кыргычтан өткөрүлгөн сырды себелейсиз да, духовкага 15 мүнөткө саласыз.

Брокколи жана сыр менен

Кандай азыктар керек?

Брокколи: 500 г

Жумуртка: 5 даана

Каймак: 300 г

Сыр: 200 г

Каймакмай: 2 чоң кашык

Талкаланган нан: 2 чоң кашык

Туз, мурч

Кантип жасалат?

Брокколини туздуу сууга салып кайнатасыз.

Ал бышканга чейин жумурткаларды чагып ага каймакты, кыргычтан өткөрүлгөн сырды, туз, мурч кошуп жакшылап аралаштырасыз.

Калыпты каймакмай менен майлап, талкаланган нанды себелейсиз да, алгач брокколини салып, анын үстүнө аралашманы куясыз.

Духовкада 25 мүнөт бышырасыз.

Макарон жана колбаса менен

Кандай азыктар керек?

Макарон: 150 г

Кайнатылган колбаса: 200 г

Каймакмай: 4 чоң кашык

Жумуртка: 3 даана

Каймак: 150 г

Консерваланган жашыл буурчак: 200 г

Сыр: 150 г

Сарымсак: 1 тишче

Туз, мурч

Кантип жасалат?

Алгач макаронду кайнатып бышырып аласыз. Суусун төгүп, каймакмайды кошуп аралаштырып коёсуз.

Колбасаны туурап, сарымсакты кошуп бир аз кууруйсуз.

Жумуртканы чагып каймак, бир аз сыр кошуп жакшылап аралаштырасыз.

Башка идишке макаронду, жашыл буурчакты, колбасаны кошуп аралаштырып, анан калыпка саласыз.

Анын үстүнө жумуртка аралашмасын куюп, бетине кыргычтан өткөрүлгөн сырды себелеп духовкага 15 мүнөт коёсуз.

Күрүч жана козу карын менен

Кандай азыктар керек?

Күрүч: 500 г

Жумуртка: 2 даана

Сыр: 250 г

Шампиньон козу карыны 500 г

Пияз: 2 баш

Туз, мурч

Кантип жасалат?

Туз кошулган сууга күрүчтү салып кайнатып аласыз.

Көмөч казандагы кызып турган майга алгач тууралган пиязды, андан кийин козу карынды салып кууруйсуз.

Күрүчтү кыргычтан өткөрүлгөн сырдын жарымы менен аралаштырасыз.

Майланган калыптын эң астына тегиз кылып алгач күрүчтүн жарымын, анын үстүнө куурулган пияз менен козу карынды, эң үстүңкү кабатына күрүчтүн калганын саласыз.

Бетине сырдын калганын себелеп, бир нече козу карын менен кооздоп койсоңуз болот.

15 мүнөт бышырасыз.

СоӊкуМукбанг – жалгыздыктан келип чыккан шоубу?
КийинкиТемирлан Сманбеков: Мага “МЧС” деген ат коюп коюшкан