Темирлан Сманбеков: “Мага “МЧС” деген ат коюп коюшкан”
КРнын эмгек сиңирген артисти, дасыккан актёр, бир топ жылдан бери жетекчилик кызматты аркалап келе жаткан Темирлан Сманбеков менен маектештик. Театр үчүн ден соолугун аябай өмүрүн тобокелге салып иштеген инсан өзүнүн иштери, жаңылыктары менен бөлүштү.
— Агай, Нарын облустук Муратбек Рыскулов атындагы академиялык музыкалык драма театрынан ден соолугуңузга байланыштуу жумуштан кеткениңизди билебиз. Азыр ден соолугуңуз кандай болуп калды?
— Кудайга шүгүр, жакшы болуп калдым. Нарында иштеген эки жыл бою өзүмдү жакшы сезип эле жүргөм, андан кийин эле ооруй баштадым. Кан басымым улам көтөрүлүп жума сайын эле “Тез жардам” кызматын чакырып калдым. Бишкек шаарындагы атайын ооруканага келсем, доктурлар “Нарынга турганга болбойт” деген маалымдама жазып беришти. Аны алып барып Маданият, маалымат жана туризм министрлигине бергем. Дал ошол учурда Жаш көрүүчүлөр театрында жетекчилик кызматта иштеп жаткан Жолдошбек Жанжигит уулунун келишими аягына келип калган экен, “сен жашсың, Нарынга бар” деп экөөбүздүн ордубузду алмаштырып койду. Ошондон бери ден соолугум жакшы. Нарын тоолуу аймак болгондуктан нарындык туугандардын өздөрү деле көпчүлүгү 50 жаштан өткөндөн кийин шаарга келишет экен.
— Бишкекте жүргөндө “Ата-Түрк” сейил багында күнүгө чуркап, ден соолугуңузга жакшы кам көрчү элеңиз го, Нарынга барганда таштап салган окшойсуз?
— Нарындан чуркай да албайт экенсиң да. Аба коюу болгонго кичине эле катуураак кыймыл кылып койсоң кан басымың көтөрүлүп чыгат экен. Бирок сейил бактарды аралап акырын басчумун. Кээде “Сейил булак” деген Нарын дарыясы жайылып, мемиреп аккан жерге барып эки-үч саат таштын үстүндө отуруп эс алчумун. Ошол мени сактачу. А көп учурда ишке алаксып жүрдүм.
— Эки жылдын ичинде кандай алгылыктуу иштерди жасап келдиңиз?
— Аябай көп иштер жасалды, ийгиликтер жаралды. Барганда эле Султан Раев Чыңгыз Айтматовдун “Кылым карытар бир күн” романынын негизинде жазып чыккан театралдык инверсиясын койдук. Жыйырма жылдан бери чет жерге чыга элек театрды Астанадагы эл аралык фестивалга алып бардым. Ал жерден мен жараткан Эдигейдин ролу үчүн “Эркектин эң мыкты ролу” деген наамды жеңип алдым. 30 жылдан бери Ташкенттен бир дагы театр келбей, биздикилер барбай ортодогу маданий байланыш жоголуп калган. Ошол байланышты кайра жандандырып, Өзбекстанга биринчилерден болуп биз бардык. Андан кийин Мар Байжиевдин “Төрт адам” спектаклин, алиппенин автору Сулайман Рыспаевдин спектакль-жомогун жана башка көптөгөн спектаклдерди койдук. Жети өлкө катышкан Оштогу эл аралык фестивалда Чыңгыз Айтматовдун “Жамийла” повестин коюп, гран-прини алдык. Элдин табитин көтөрүү үчүн жалаң классикалык чыгармаларга өттүк. Жеңил-желпи, элди жөн эле күлдүрүп койгон, ары жагында максаты жок спектаклдерди такыр койгон жокпуз. Ошентип, баргандан баштап бир күн да бошогон жокмун.
— Театрдын имаратын да жаркыратып койгон экенсиз…
— Ооба, оңдоп-түзөө иштерин да жасадык. Көп жылдан бери театр каралбай калган чынында. Театрдын тегерегинин баары таштанды болуп калыптыр, ошол таштандыны эле бир жылда толук тазалатып бүттүм окшойт. Ичи-тышын жаркыратып, заманбап стилде жасалгаладык. Балаты, гүлдөрдү отургуздук, скамейкаларды таштанды челектери менен койдурдум. Жанына өзүнчө парк кылып, ичине улуттук баалуулуктарыбыз болгон боз үйдү тиктирдим, алты бакан койдурдум. Азыр бизде Нарындагыдай театр жок. Театрда иштөөгө бардык шарттар бар. Баргандар бир гана чыгармачылык менен иштөөсү керек. Жадагалса, жергиликтүүлөрдүн эс алган жери театрдын алды болуп калды. Сейилдеп, сүрөткө түшүп, түнү менен басып жүрө беришет. Театрга эл келүүсү үчүн алгач тегерек-чети жаркырып, адамды өзүнө тартып туруусу абзел. Мен ошол нерсени жасадым десем жаңылышпайм.
— Театрдын гүлдөп-өнүгүүсүнө зор салымыңызды кошуптурсуз, кетип жатканда ичиңиз ачышкан жокпу?
— Мага ал жерде иштеген абдан жаккан, театрды жолго салып алгам, актёрлор, эли-жери да сонун экен. Эки жыл алты айда аябай көнүп алгам. Дагы деле иштей берет болчумун. Айла жок, ден соолугумдан улам кетүүгө мажбур болдум. Кетип жатканда ичим ачышты. Мени кетиргилери келбей артисттер да “эми репертуарыбыз оңолуп, өзүбүзгө келип жатканда…” деп жаман болушту. “Ушинтип эле таштап кетесизби?..” деп ыйлап да алышты. Келгенден бери “жетимсиреп калдык…” деп чалгандар болуп жатат.
— Үй-бүлөңүздү кошо алып кеттиңиз беле Нарынга?
— Жок, үй-бүлөм Бишкекте калган. Себеби үй-бүлө менен барганга шарт түзүлүп берилбейт, жатакана да берилген эмес. Өзүбүз батир алып, өз чөнтөгүбүздөн акысын төлөп жашап жаттык. Үй-бүлөмө айына жок дегенде үч жолудан шаарга келип жаттым.
— Анда тамак-ашыңызды даярдап, кийимдериңизди чыкыйтып койгон жубайыңыз жок канттиңиз?
— Негизи, өзүм үй оокаттарына тың элемин. Өзүм киримди жууп, тамагымды жасап, эртең менен ысытып жеп алып жаттым. Негизи, түнкү 12, 1ге чейин жумушта жүрүп, кайра таңкы беште жумушка кетип көп үйдө болгон жокмун.
— Театрдын айлыгы аз экендиги баарына маалым го, кантип жеткирип жашап жаттыңыз?
— Шаарга келип-кеткен жол кирең эле бир топ болуп, айлыгың ошого эле кетет. Батирдин акысын бир нерсе кылып таап төлөп жаттым. Бирок айлыкка эле карай бербей, адам патриот дагы болуусу кажет. Нарында да эл бар, аларга да кызмат кылышыбыз керек, борбордон чыкпай отура бергенибиз болбойт. Жаштардын арасынан “ал жакка баргандан көрө шаарда жумушум жок жүргөнүм жакшы” дегендер болгон. Мен кеткенде “ал жактан эмне жоготтуң?” деп айткандарды да уктум. Эгерде мен барбасам, алар барбаса, башка ким барат? Маданият кантип көтөрүлөт?
— Өзүңүздүн балалыгыңыз кайда өттү эле?
— Мен Токтогул районунан болом. Кетмен-Төбөдө мектепти аяктагандан кийин канатымды күүлөп учуп кеткем. 1975-жылы Оштогу педагогикалык институтка тапшырып, эки жыл окугандан кийин Москвадагы окуу жайга өтүп кетип калгам. Ошол бойдон эле сыртта жүрөм. Каникул учурунда, жамандык-жакшылыктарга айылга барып турам. Ысык-Көлдөгү театрда он жыл иштедим, Нарынга бардым. Эми Оштогу “Бабур” театрына барып иштеп бериңиз” деп тамашалап, мага “МЧС” деген ат коюп коюшкан. Анткени кайсы жерде оңдоп-түзөө иштерин талап кылган театр болсо эле мени жиберишет (күлүп). Ошто деле иштеп келсем болмок. Бирок үйүм, бала-чакам шаарда, өзүм деле алтымыш жаштан өтүп калдым. Мындай куракта ден соолугуңа өзгөчө кам көрүп, убагында тамактанып турушуң керек болот экен дегендей…
— Тасмаларга дале тартыла бересизби?
— Албетте. Бир кездери театрды багуу үчүн тасмалардан четтеп кетип, театр бутуна турганда гана аралаша баштагам. Азыр тасма, сериал, жарнамалык роликтерге чакыруулар арбын болуп жатат, келгенден бери тындыра элек. Биздин режиссёрлорго азыр талап койгонго эрте, аларды колдогон эч ким жок, кыйраган акчалары жок. Өз чөнтөгүнөн каражат чыгарып тасма тартып жатышат. Кээде “бутуңа туруп ал” деп бекер деле тартылып берем. Адегенде тасмасы туура эмес болуп калуусу мүмкүн. Ошентип отуруп адам такшалат да. Бизди чакырса улуу, профессионал адам катары жардам берип, айткан образын жаратып берип койсок, аларга чоң стимул болот. Айрым учурда сценарий жакпай калып оюмду айтсам угуп, чогуу өзгөртүү киргизип коёбуз.
— Жакында эле сиздердин жамаатта чоң жоготуу болду. Кесиптешиңиз, чыгармачылыктан тапкан иниңиз Марат Жантелиевдин жоктугу билинип жатабы азыр?
— Мараттын өз орду бар эле. Өзү абдан жөнөкөй, кичипейил адам эле. Кээде тамашалап сүйлөп бизди күлдүрүп коюп жүрө берчү. Эч ким менен иши жок, бирөө жөнүндө жаман-жакшы айтчу эмес. Дагы да жашаса болмок. Бирок тагдыр экен. Ичибиз ачышып, кабыргабыз кайышып, жер тепкилеп жатып тагдырга баш ийип кала бердик.
Айгерим Токтобай кызы