Кызсайкал Кабылова: «Чын эле ушулардын баарын мен кылып жатамбы?» деп өзүмө-өзүм таң калам”
Ырчы Кызсайкал Кабылова жалгыз бой эне экендигине карабай чыгармачылыгын токтотпой, ошол эле учурда бизнестерин да ийгиликтүү иштетип келе жатат. Өзүн эле эмес, ата-энесинин да камын ойлогон ырчы баарына өжөрлүгүнүн аркасы менен жетип келет.
— Кызсайкал, аптаптуу жайдын алгачкы күндөрү кандай башталды?
— Карантин бүтүп, жай өзгөчө сезимдер менен башталды. Дароо эле чыгармачылыкка киришип, жаңы ырларды жаздырып, клиптерди тарттыруу менен алекмин.Буюрса, ушул жылы чыгармачылыктын үстүндө катуу иштеп, 2021-жылы туулган күнүмдө жеке концертимди берейин деп жатам. Азыр ошол бир жылдан соңөтчү концертиме даярдык көрө баштадым. Концерт өтчү жайды алдын ала брондоп акчасын төлөп койдук. А негизи, концертке эки жыл мурда даярдана башташыбыз керек болчу, бир жыл аздык кылат экен.
— Карантин бүтүп эл той өткөрө баштады го, көп убакыттан бери тойдо кызмат кылбай жүрүп анан барган кандай экен?
— Кудайга шүгүр, акырындык менен башталып, мурунку калыбыбызга келе баштадык. Тойду, чынында, аябай сагынып калыптырмын,өмүрүмдө биринчи жолу тойго баратканымдай эле башкача болуп жатам. Чыгармаларымдын ар бир сөзүнө маани берип, өзгөчө берилүү менен ырдап жатам. Бардыгы эле тойду сагынып калган окшойт.
— Жакында эле чыккан «Мен сизди унутушум керек эле» аттуу чыгармаң элге бат сиңип, миллиондон ашуун көрүү топтоду. Бул сага күтүүсүз болдубу?
— Негизи, ар бир ийгилик же көрүү мага күтүүсүз эле болот. Чыгарма жаратып жатканда “мынча көрүү болсо” деп такыр ойлобойм. Анан эле бир күндө 300миң көрүү чогулса таң калычтуу болду. Ушундай күтүүсүз жерден элге жагып жатканына аябай сүйүнөм. Бул да менин эмгегимдин үзүрү болушу керек.
— Негизи эле акыркы чыгармаларыңдын сүйүүчүлөрү көбөйдү. Элге кандай ырлар жагарын жакшы билип калдың окшойт?
— Ооба, жашоодо болуп жаткан, кимдир-бирөөнүн башынан өтүп жаткан көйгөйлөрдү, картинаны чыгалдырып ырдасаңошол элге сиңимдүү болот экен. Реалдуулуктан алыс чыгармалар болсо эл оолагыраак болот окшойт.
— Жакында эле ата-энеңе,өзүңө батир сатып алганыңды, дагы башка жаңы бизнес түптөгөнүңдү айттың. Жалгыз бой эне, жаш айымдын мындай ийгилиги баарыбызды кубандырат. Мунун баарына канча убакытта, кантип жетиштиң?
-Ооба. Атамдын туулган күнүндө унаа белек кылгам, өзүмө батир сатып алдым. Учурда батиримдин ремонт иштери менен алек болуп жатам. Эми, буйруса, өзүмө унаа алуунун алдында турам. Бирок азырынча ата-энеме арналган батирди толук сатып ала элекмин, балким, чоңураак унаага алмаштырып берсемби деген да ойлор кетип жатат. Ушулардын баарын сатып алып, кайра өзүм «чын эле ушулардын баарын мен кылып жатамбы?» деп таң калып жатам.Мунун баары талыкпаган эмгектин аркасы менен келди. Мен төрт күн уктабасам дагы жумушумду аягына чыгармайын тырыша берем. Ушинтип эки жыл күнү-түнү уктабай иштегенимдин үзүрүн эми көрүп жатам.“Ата-энеме, өзүмө батир, атама унаа, апама шуба алып берем” деп бүт кыялдарымды мен блокнотко жазган экенмин. Буйруса, баары орундалып келе жатат. Албетте,ата-эне, тууган, досторумдун, продюсеримдин колдоосу жокмындай ийгиликтерге жетише албайт болчумун.
— Айрым адамдар канча иштесе да аз убакыттын ичинде мынчамүлккө ээ боло алышпайт эмеспи. Сыягы, сен акчаны туура кармайт окшойсуң?
— Албетте, акчаны туура сарптоо керек. «Ушуну алайын, кием же жейин» деп жаткан учурда өзүңдү бир аз тыйып койсоң эле, алардын баары чогулуп отуруп көп каражат болуп калат экен. Анан да жөнү жок нерселерди албай ысырапкорчулукту азайтып койсоңэле акча топтоло берет экен.
— Бизнес, карьера, энелик милдет. Мунун баарын бирге алып кетүүүчүн эмнени курмандыкка чалууга туура келет экен? Баарына кантип жетишесиң?
-Апам сулуулук салонумду иштетүүгө жардам берет.Салондон башка соода-сатык жаатындагы бизнестерим бар. Алардын бардыгы өзүмдүн колумда, улам бири-бирине чуркап көзөмөлдөп турам. Эгерде адам өзү «мен жетишем» деп аракет кылса сөзсүз жетишет. Менин кызымды карап берген жеңем бар, ошондуктан ал жагынан көңүлүм ток.
— Эми кызың экөөңөр жалгыз жашайсыңарбы?
— Кызым экөөбүз батир алганга чейин деле өзүбүзчө турчубуз. Жалгыз жашаганга көнүп деле калдым. Үйдөгүлөр бат-баттан келип турушат, алар ар дайым жанымда. Кимге ыңгайлуу болсо келип жанымда болуп, каралашып турушат. Жалгыз жашасам да мени жалгыз калтырып коюшкан жок.
— Базардагы чай саткан эжелердин чайын сатышып, сулуулук кызматтарын көрсөтүп, айтор, улам кайрымдуулуктун жаңы ыкмасын ойлоп таап турасың.
— Кичинекей кезимден эле «кичине колумда болгондо муктаж адамдарга жардам берем» деген кыялым бар болчу. Ал эми бул идеямды ишке ашыруу продюсеримдин жардамы менен болду. Дегеле жардамга муктаж адамдарды көргөндө жүрөгүм чыдабайт, дароо кол сунууга жөнөйм.
— Алып баруучу, досуң Сагын Эргешовго турмушка чыгарыңды каалагандар көп экен, буга кандай карайсың?
— Сагын экөөбүз сегиз жылдан бери доспуз. Ага турмушка чыгуум, ортодо сүйүү сезимдери жаралуусу мүмкүн эмес. Экөөбүз бир туугандай болуп калдык, менин сырдашым десем болот.
— Мырзаларды кандай талап менен тандайсың эми?
— Башкысы, мени сыйлап, урматтап турса, кызыма жакшы мамиле кылса, ошол эле мага жетиштүү. Кебетесине карата менде эч кандай талап жок. Байлык-бийликтин мага кажети жок.
Айгерим Токтобай кызы