Негизгиге Ааламда Мукбанг – жалгыздыктан келип чыккан шоубу?

Мукбанг – жалгыздыктан келип чыккан шоубу?

288

Мукбанг – жалгыздыктан келип чыккан шоубу?

Социалдык тармактардын өнүгүүсү менен күн сайын жаңы нерселердин пайда болору кадыресе көрүнүш. Бизде да «мукбанг» деп аталган жаңы шоу пайда болуп, ал белгилүү адамдардын коштоосунда өтүп келет. А сизде мукбанг тууралуу түшүнүк барбы? Болбосо, биргеликте изилдеп көрөлү. 

Мукбанг деген түшүнүк кайда пайда болгон?

Мындай түшүнүк биринчи жолу Түштүк Кореяда пайда болгон. Негизи, корей маданиятында үй-бүлө мүчөлөрү менен чогуу отуруп же болбосо кимдир-бирөө менен тамактануу салт. Жалгыз адам эч качан столдун үстүнө отурбай, экинчи адамды күтөт. 1960-жылдары Түштүк Кореяда урбанизация процесси башталганда жаштар башка шаарларга билим алуу, жумушка орношуу максатында жөнөшкөн. Мындан улам 1990-жылдары жалгыз жашаган адамдардын саны калктын 25 пайызын түзүп калган. Жалгыз жашагандыктан, аларда адамдар менен пикир алмашуу муктаждыгы жаралган. Анан 2000-жылдын аягында «мокбан» деген түшүнүк пайда болгон. Ал «трансляция учурунда тамактануу» дегенди билдирет. Мында бир адам видеоблог аркылуу түз эфирге чыгып, көп өлчөмдөгү каалаган тамакты жеп, ошол эле учурда көрүүчүлөрү менен баарлашып, өзү тууралуу кызыктуу окуяларды айтып, тамак тууралуу өз оюн билдирип, айтор, жалгыз тамактанбоонун амалын кылып ар кандай ыкмалар менен кызыктырып туруусу абзел. Учурдагы популярдуу болуп турган “мукбанг” түшүнүгү дал ушул “мокбан” сөзүнөн алынган. Мукбангдагы эң негизги эреже: көп өлчөмдөгү тамакты болушунча чалпылдатып жеп, шорулдатып ичүү. Мукбанг менен алектенген адам, башкача айтканда, түз эфирдин алып баруучусу «биджей» деп аталат. Шоу катары мукбанг корей телевидениесинде уюштурулуп, биджей катары белгилүү жылдыздар чакырылган. Социалдык тармактардын өнүгүүсү менен жөнөкөй адамдар да өз «Ютуб» каналын ачып, мукбанг менен алектенип башташты.

Бул да акча табуунун бир жолу

Биджейлер мукбанг аркылуу ар кайсы кафе, ресторан же жеткирип берүү кызматтарын жарнама кылып жакшы каражат табышат. Анткени тамактануучу жайлар үчүн бул жарнаманын натыйжалуу жана заманбап түрү. Эгерде көрүүчүлөр түз эфирдеги трансляцияга «жылдызча» белгисин коюшса, анда ал тамактын эл арасында рейтинги көтөрүлүп, жаңы аудитория табууга мүмкүнчүлүк алат. Мындан тышкары көрүүчүлөр өзүнө жаккан видеого аба шарчаларын жиберишет. Ар бир аба шарчасы бул – “виртуалдык валюта”, башкача айтканда, акча.

Белгилүү мукбангерлер

Калориялуу тамак жесе да семирбеген Роули

22 жаштагы Лондондун тургуну Чарна Роули мукбангерлик үчүн администраторлук жумушун таштаган. Ал ар бир эфиринде “Макдональдстын” тез татымдарын, кытай тамактарын жана пиццаларды жейт. Ошентип, бир отурганда 5500 калорий камтылган тамак жеп коёт. Эми калорийдин өлчөмүн 10 миңге жеткирүүнү пландап жатат. Роулинин салмагы мукбанг менен алектенгенге чейин эле 101 килограммды түзгөн. Дагы да семирип кетпөөсү үчүн мукбангер кыз жумасына төрт ирет спорт залга барат. Ал жумасына эки ирет эфир өткөрсө, ар бир эфирин 40 миңге чейинки адам көрөт. Көрүүчүлөрүнүн арасында толуктугун баса белгилеп мазактаган хейтерлер да бар, бирок алардын терс пикирлерине көңүл бөлбөйт.

20 котлет, 20 жумуртка…

 Дива деген каймана аты менен белгилүү болгон арыкчырай  Пак Со Ён кесиби боюнча кыймылсыз мүлк тармагында эмгектенет. Ошол себептен тамак жемей шоусун кечинде баштайт. Эки сааттын ичинде ал отуз жумуртка, бир чоң куту краб, беш баштык тез даярдалуучу лапша жеген. Бир ирет уй этинен жасалган 20 котлет, дагы ошончо жумуртка, үч порция чочко этинен жасалган шорпо менен салатты түгөткөн. Айтор, Диванын түз эфирде жеген тамактары менен бир чоң үй-бүлөнү ашыгы менен тойгузса болот. Анын эң көп көрүү топтогон эфири 130 миллион көрүүгө жетип, ай сайын көрүүчүлөрүнөн эле тогуз миң доллардын тегерегиндеги каражат түшүп турат.   

10 саатка чейин машыккан Бэнз

Кореядагы белгилүү мукбангер Бэнздин каражат алып келчү негизги булагы дал ушул мукбангерлик болуп саналат. 700 киши чакырылган үлпөт тоюна кетчү каражатты да ушул “кесибинин” аркасынан чогулткан. Анын эң көп жеген тамагы 100 даана тоок буту болгон. Өзүнүн 70 килограммдык салмагын сактоо үчүн күнүнө 6 сааттан 10 саатка чейинки убактысын фитнес залында машыгуу менен өткөрөт. Учурда Кореядагы эң алдыңкы мукбангерлердин бири Бэнздин катталуучуларынын саны 3 миллион адамды түзөт.   

Кичинекей мукбангер Патуо

Дагы бир мукбангер 14 жашар мектеп окуучусу Биджи Патуону катталуучулары күлкүлүү кылыктары үчүн жакшы көрүшөт. Себеби Пату түз эфирде бир стакан газдалган суунун үстүнө кимчини, анын үстүнө корей лапшасын, күрүчтөрдүн бардыгын үстү-үстүнө тыгып жейт. Катталуучуларынын арасында анын ден соолугу үчүн кабатыр болгондор көп. Патуо бир эле тамактануудан 1500 доллар каражат табат.

“Кыргызча мукбанг” долбоорунун автору, Максат Тынаев: “Элди шыктандыруу — башкы максатыбыз”

  • Максат мырза, Кыргызстанга биринчилерден болуп мукбанг түшүнүгүн киргиздиңиз окшойт?
  • Биз мындан бир жыл мурун “999” аттуу шоубуз менен “Ютуб” каналыбызды ачканбыз. Учурда биздин канал үч плейлисттен турат. Арасына дүйнөгө таанымал мукбанг да бар, аны биз кыргызча адаптация кылып, “кыргызча мукбанг шоусу” деп атап кошконбуз. Ал долбоордо белгилүү жылдыздарыбыз мукбангердин ролунда болушат. Тамак ичип гана тим болбостон, тамактануу учурунда өз ой-пикири, келечектеги пландары, ийгиликке жетүүнүн сырлары менен бөлүшүүнү суранабыз. Ошондо ар бир жылдызыбыз берилген 40 мүнөттүн ичинде тамактанып, ошол эле учурда сүйлөп түз эфирде болушат. Эфир орус жана кыргыз тилдеринде өткөрүлөт.
  • Түз эфирде желчү тамакты өзүңүздөр тандап бересиздерби?
  • Коногубузду чакырардын алдында кандай тамак жээрин сурайбыз. Кээ бири эт жебесе, айрымдары газдалган суу ичпөөсү ыктымал да. Анан менюну ачып чогуу тандайбыз. Арасында “каалаган тамагыңарды бере бергиле, жей берем” дегендер да болот. Ар бир чыгарылышта ар башка тамакты көрсөткөнгө аракет кылабыз.
  • Эмнеге жалаң корей тамактарын бересиздер?
  • Бул биздин башкы демөөрчү, “Гангнам” корей ресторанынын кожойкесинин сунушу болгон. Эгерде кыргыз же башка ашканалардан сунуштар болсо, алар менен деле кызматташууга даярбыз. Азырынча андай сунуш боло элек.        

Кыргызча мукбанг” долбооруна катышкан жылдыздар

Толгонай Арзыкеева, ырчы: “Тамакты түгөтө албасымды билгем”

  • Негизи, мен тамак тандабайм, болгонун жей берем. Анан да өзүм арык болсом дагы көп тамак жейм, муну жакын адамдарым жакшы билишет. Бирок мукбангдагы тамактын көптүгүн көргөндө эле түгөтө албасымды билгем.

Алтын Камчиев, тамада, алып баруучу: “Бир порцияны араң түгөттүм”

  • Мукбанг үчүн мага төрт порция тамак салып беришкен. Корей ашканасында тамакты алдындагы оту менен да беришет го, мага да ошондой тамактын түрү келген. Болушунча тер куюлуп отуруп бир порцияны эле араң түгөттүм. Төртөөнү тең түгөтүү оңой эмес экен. Биз бала кезден тамакты маданияттуу жегенге көнгөнбүз да. Ошондуктан тартуучу топтун “болушунча чалпылдат” деген талабын аткаруу кыйын болду.

Жийдеш Идирисова, ырчы: “Мукбангер болбойт болчумун”

  • Мукбанг дүйнө жүзүндө абдан популярдуу. Кытай, корей, япониялыктарга тамакты шорулдатып ичкен нормалдуу көрүнүш, а бизде бул уят. Менин жолдошум корей улутундагы мырза болсо да биздин менталилет менен өскөн. Ошондуктан тамактануу маданиятын биз жакшы билебиз. Мукбангда мага берилген тамакты аягына чейин түгөтө алган жокмун. Алым жеткен жок. Мен эч качан мукбангер болбойт болчумун. Тамакты сиңирүү жакшы иштесе гана мукбангер болсоң болот.

Жеңиш Майрамбек уулу, актёр: “Тамакты сүйлөбөй ичкен жаным комментарий кылуу оор болду”

  • Негизи, мен аздан, бирок бат-баттан тамак ичип турам. Мукбангда көп тамак жеш керек эле. Албетте, мен анын баарын түгөтө алган жокмун. Начар мукбангер окшойм. Мага берилген тамакты 3-4 киши отуруп жесе болот экен. Анан да тамакты өзүм бышырып, кайра жеп жатып комментарий айтып, ар кыл темада сүйлөп турушум керек болчу. А мен табиятымдан тамакты сүйлөбөй ичем. Ошондуктан бул жагы мага оор эле болду.  

Айгерим Токтобай кызы

СоӊкуЭлмир Сыдыманов, блогер: Менин видеом таажы вирусундай эле бат жайылып кетти
КийинкиДуховкада бышкан даамдуу тамактар