Негизгиге Интервью Элмир Сыдыманов, блогер: Менин видеом таажы вирусундай эле бат жайылып кетти

Элмир Сыдыманов, блогер: Менин видеом таажы вирусундай эле бат жайылып кетти

304

Сыдымандын соттук иши оң жагына ооп, апасынын ден соолугу жакшырды

“Сыдыман” деген ник менен белгилүү болгон блогер Элмир Сыдыманов февраль айында кылмыш-жаза кодексинин 313-беренесинин 1-бөлүгүнүн негизинде (Аймактар, улуттар аралык же диний, этникалык жана расалык кастыкты козутуу)  эки айга камакка алынып, кийин үй камагына чыгарылган. 8-июнда болсо акыркы сот отуруму болуп, түз эфирдеги видеосу психология-лингвистикалык экспертизага жиберилди. Оң жагына чечилеринен үмүт кылып соттон чыккан Сыдыманды сөзгө тарттык.

Элмир Сыдыманов, блогер: “Менин видеом таажы вирусундай эле бат жайылып кетти”

—  Элмир, бүгүн соттук иш убактылуу токтотулуп, видео экспертизага жөнөтүлдү. Мындай бурулуш сен үчүн кубанычтуу болдубу?

— Кудайга шүгүр, соттук иш жакшы жагына ооп баратат. Сотко чейин менде коркунуч болгон, азыр деле бар. Ошондой болсо да экспертизадан кийин жакшы чечим чыгат деген ишеничтемин. Элдин колдоосу да мени чыйралтты чынында. Мени ойлой берип энекемдин дагы ден соолугу бир аз начарлап кетти эле. Азыр элдин колдоосун, социалдык баракчалардагы жакшы комментарийлерди окуп көңүлү көтөрүлүп, бардыгы жакшы болоруна ишенич пайда болду окшойт. Азыр акыбалы жакшырып, үйдө тамак-аш жасап, күлүп-жайнап калды.

— Кандай гана интервью, видеоң болбосун “энекем кантет?” деген сөздү оозуңдан түшүргөн жоксуң. Өзүңдөн мурун апаң үчүн көбүрөөк тынчсыздандың окшойт?

— Ооба. Мени энекем жалгыз өстүрдү. Ал мага ата да, эне да болуп берди. Энекеме чоң стресс алып келгеним үчүн абдан өкүнөм. Өзүмдөн мурун ушул киши ооруп калбаса экен деп Кудайдан тиленип жүрдүм.   

— А атакең тууралуу такыр сөз кылбайсың го?

— Мен төрт бир туугандын улуусумун. Менден кийин 15 жаштагы карындашым, 12, 9 жаштардагы эки иним бар. Ал эми атам бизден кетип калган. Ал киши тууралуу сөз кылгым келбейт…   

— Артка көз чаптырып көрсөк, баары эмнеден башталды эле?

— Ал убакта мен жумуштарыма байланыштуу Алматы шаарында досум менен жашачумун. Ал күнү адаттагыдай эле катталуучуларым менен баарлашуу үчүн түз эфирге чыккам. Түз эфирден Шевченко өңдүү белгилүү спорт чеберлери тууралуу сүйлөшүп жатканбыз. Эфирдеги айрым адамдар “бул бияктын кулуну, кызы” деп облустарын айтып мактанып жатышкан. Ошентип отуруп талаш-тартыш болуп кетти. Ошол жердеги кээ бир адамдар мага жаман сөздөрдү жаза башташты. Мен да аларга өздөрүндөй жооп берип жаттым. Бир кезде алар менин карындашыма, энеме асылып, ыплас сөздөрдү жаза башташканда мен эмоциямды кармай албай калдым. Диалектикалык сөздөрүнөн улам мага жаман сөз жазгандардын кайсы жактан экенин билүүгө болот болчу. Мен жеке ошол адамдарга эле кайрылгам. Ал жерде менин элди бөлүп-жаруу оюмда жок болчу. Анан эле эфирдин эң кызытылган жери камтылган 40 секунддук видеону алып элге жайылтып жиберишти. Видео таажы вирусундай эле бат жайылып кетти.

— Ошондон кийин кечирим сураган видеоң чыкты эле…

— Ооба. Видеону белгилүү адамдардан тартып баары өз баракчаларында бөлүшүп башташкан. Мен аларга түшүндүрүп жазып жаттым. Ырбап кетпөөсү үчүн кечирим сураган видео тартып “Ютубга” киргиздим. Тилекке каршы, ал видео биринчидей элге тараган жок. Ошондон кийин бийлик тараптан энеме чалуу болду. Мага болсо күнүнө 5-10 миңге чейинки адам чалып жатты. Баарына жооп берүүгө жетишпей, бизнес-вотсабымды адам жазганда эле кечирим сурагандай кылып настройкалап койгом. Ошого карабай бул окуянын бөбөктөрүмө чейин залакасы тийди. Бир иним мектепте жүргөндө сүрөткө тартып алып коркуткандар да болду.   

 —  Негизи, блогерликти качан, кантип баштап калдың эле?

— Мурда мен казак вайнерлерин көрүп ошолордой болууну кыялданып коёр элем. Кыялым ишке ашып алгач вайн тарта баштагам. Анда мен блогер деген ким экенин билчү эмесмин. Анан 2018-жылы сентябрдан баштап блогерликке кызыгуум ойгонуп, социалдык тармактарды активдүү колдоно баштагам. Мен түз эфирде орой нерселерге жол берчү эмесмин. Уяттуу нерсе башталып келе жатса өчүрүп салчумун. 18 жашка чыга элек кыз болсо, дин тууралуу сүйлөсө же саясатка аралашса дароо эфирден чыгарып салчумун. Андан башка көңүл ачуучу тематикалар менен, мисалы, тузга суу салып ич, чачыңды кырк, бетиңе жаз, ырда деп же жадыбалды сурап эле ойноп-күлүп эфир өткөрчүмүн.

— Блогерликтен башка эмне жумуш кыласың?

— Тилекке каршы, менин жогорку билимим жок. Блогерликтен башка жумуш кылбайм. Ушуну менен эле жашайм. Инстаграм тармагы абдан кызыктуу, канчалык аракет кылсаң, ошончо көп акча тапканга мүмкүнчүлүк бар. Ал аркылуу ай сайын ар кандай суммадагы акча тапчумун, эң көп тапканым 50 миң сомдун тегерегинде болгон.

— Үйүңдү видеого тартып чыгардың эле, бирок ал сенин үйүң экендигине ишенбегендер көп экен. Ал үйдө канчадан бери жашайсыңар?

— Мен ал үйдө төрөлгөндөн бери эле жашап келгем. Анан чоңойгондо өзүнчө бөлүнүп, досторум менен батирге чыгып кеткем.   

—  Апаң өзү деле түштүктүн кызы эмеспи. “Оштуктар” тууралуу видеоңду кандай кабыл алды эле?

— Карга да баласын аппагым дейт эмеспи, туура кабыл алды. Мен жалпы түштүк элине эмес, хейтерлерге кайрылганымды айтып түшүндүрдүм апама. Баарын түшүндү.    

—  Бул окуядан кандай сабак алдың? Блогерлерге кандай кеңеш берип, кандай кайрылуу жасайт элең?

— Абайлап сүйлөшүм керек экенин түшүндүм. Ар бир адамдын өз башы бар, бир нерсе жазардан мурда башыңарды иштеткиле деп блогерлерге айтар элем. Бирөөгө жашаганды үйрөткөн жакпайт, мага да бир нерсе үйрөткөндөр жакпайт. Ар бир адамдын башы өзүндө.

Али Магеев, Элмир Сыдымановдун жактоочусу: “Экспертизадан кийин Элмирдин акталарына ишенем”

  • Мен буга чейин эле кардарым Элмир Сыдымановдун сөздөрүнө карата психология-лингвистикалык экспертиза кылууну суранып келгем. 8-июндан баштап соттук териштирүү иши убактылуу токтотулуп, экспертиза дайындалды. Бул дискте түз эфирдеги болуп өткөн окуялар, тагыраагы, Сыдымановдун энесин сөгүп, карындашына асылып аны жаман сөз айтууга провокация кылган далилдер бар. Экспертиза бир айда даяр болот. Ошондон кийин кардарым акталып чыгарына ишенем. Хейтерлерге карата айтылган сөз баарына тиешелүү эмес да.

Блогер деген ким?

Блогер – соцаилдык тармактардагы баракчасы аркылуу ар кандай темадагы маалыматты видео, текст, сүрөт түрүндө байма-бай чагылдырып турган адам. Каалаган адам блогер боло алат, анын баракчасында 1000 активдүү катталуучусунун болгону эле жетиштүү. Бүгүнкү күнү дүйнө жүзүндө эки миллиарддан ашык блогер бар. 

Блогер кандай эрежелерди сактоосу керек?

Айтып жактан сөздөр угарман же көрөрмандарды бөлүп-жарууга, бирин-бири жек көрүүгө, касташууга, араздашууга, кылмышка үгүттөбөөсү керек.

Жарандардын ар-намысына, уюмдардын ишкерлик беделине негизсиз шек келтирбөөсү керек. Кайсы бир адам же ишкана тууралуу фактысы жок жалган маалымат таратпоого милдеттүү.

Плагиаттыктан алыс болуп, жалган же такталбаган маалымат таратпоого тийиш. Ошондуктан таратып жаткан маалыматтарын кылдат текшерүүсү керек.

Ал тараткан маалымат айрым бир адамдарга ыңгайсыздык алып келерин же болбосо оор тиерин эске алуусу керек 

Күнөөсү далилденбеген адамды эл көзүнчө айыптай албайт.

Өз катасын моюнга алып, аны оңдоого аракет кылуусу керек. Ал тараткан маалымат же алып чыгып жаткан контент талкууга алынарына даяр болуусу кажет.

Айгерим Токтобай кызы

СоӊкуТалант Жантелиев, бир тууган агасы: Ден соолугуна маани бербей жүрүп алды
КийинкиМукбанг – жалгыздыктан келип чыккан шоубу?