
Тоок этинен котлет
Кандай азыктар керек?
Тооктун төш эти: 650 г
Пияз: 1 баш
Сарымсак: 2 тишче
Жумуртка: 1 даана
Талкаланган сухарь: 2 чоң кашык
Кориандр: жарым чай кашык
Туз, мурч: татымына жараша
Кантип жасалат?
Тооктун этине пиязды, сарымсакты кошуп эт майдалагычтан өткөрөсүз.
Кориандр, татымына жараша туз, мурч кошуп аралаштырасыз.
Эми жумуртканы чагып, талкаланган сухарды кошуп дагы жакшылап аралаштырасыз. Каалооңузга жараша укроп, петрушка да кошуп койсоңуз болот.
Даяр болгон аралашмадан котлеттерди жасайсыз да, майланган калыпка тизесиз.
Котлеттерди 200 градустагы духовкада 25-30 мүнөт бышырасыз.
Духовкада бышкан төш эт
Кандай азыктар керек?
Тооктун төш эти: 1 даана
Сабиз: 1 даана
Картошка: 1 даана
Пияз: 1 баш
Помидор: 1 даана
Болгар калемпири: 1 даана
Туз, мурч: татымына жараша
Кантип жасалат?
Төш этти ортосунан жарымына чейин тилип, ичине, сыртына туз менен мурчтан татымына жараша сүртөсүз. Анан жарым саат тыныктырып коёсуз.
Ага чейин жашылчаларды тазалап, жука тегерекче кылып туурайсыз.
Фольга кагазын майлап, ага алгач картошканы тизесиз. Бир аз туз себелеп, үстүнө сабизди, пиязды тизесиз да, анын үстүнө тооктун этин коёсуз.
Эттин тилимдерин помидордун кесимдерин саласыз. Болгар калемпирин эттин үстүнө, айланасына коюп фольганы оройсуз.
Муну 180 градуста ысып турган духовкага салып 40-45 мүнөт бышырасыз.

Жашылчалар менен бышкан уй эти
Кандай азыктар керек?
Уй эти: 500 г
Пияз: 3 баш
Сабиз: 3 баш
Лавр жалбырагы: 2 даана
Суу: 70 мл
Туз, мурч: татымына жараша
Кантип жасалат?
Этти анча чоң эмес кесимдерге бөлөсүз.
Сабиз менен пияздын сыртын аарчып, сабизди тегерек, пиязды шакекче кылып туурайсыз.
Эми мискейди аласыз да, эң түбүнө тууралган эттин бир бөлүгүн саласыз.
Анын үстүнө сабиз менен пияздан саласыз.
Татымына жараша туз, мурч жана майдаланган лавр жалбырагын кошосуз.
Эми кайнатылып, муздаган сууну куясыз.
Ушундай тартипте азыктар түгөнгөнгө чейин кабат-кабат кылып сала бересиз. Ар бир кабаттан кийин туз, мурч, лавр жалбырагынан себелеп турасыз.
Аягында мискейдин капкагын жаап, тамакты отко коёсуз. Алгач катуу отко коюп, суусу кайнаганда отту абдан жайлатуу керек. Ошондой калыбында 90-120 мүнөт турушу керек.
Бул убакыт аралыгында эт жумшак болуп бышат.
Духовкада бышкан балык
Кандай азыктар керек?
Кызыл балык: 1 даана
Моцарелла сыры: 100 г
Помидор: 1 даана
Кантип жасалат?
Бүтүн балыкты тазалап, туздап, мурчтайсыз.
Сыр менен помидордун кесимдерин балыктын үстүнө коюп, өсүмдүк майынан чачыратасыз. Анан фольгага оройсуз.
Балыкты 180 градуста турган духовкага салып 30 мүнөт бышырасыз.

Тоок пирогу
Кандай азыктар керек?
Тооктун төш эти: 300 г
Кефир (1%дуу): 100 мл
Туз, мурч
Кантип жасалат?
Тооктун этин кесимдерге бөлүп, блендерде майдалайсыз.
Үстүнө кефирди куюп, татымына жараша туз, мурч кошуп дагы бир жолу айлантасыз.
Пайда болгон аралашманы калыпка куюп, 200 градуста турган духовкада 30-35 мүнөт бышырасыз.