Негизгиге Ден соолук Подагра – буттагы капкан

Подагра – буттагы капкан

421

Гиппократтын мезгилинде бул ооруну ак сөөктөргө гана тиешелүү дешкен. Себеби аталган ооруну эт жана күчтүү спирт ичимдиктери чакырат. Илгерки заманда эт менен байлар гана азыктана алса, бүгүн катардагы кишилер деле жашоосун этсиз элестете алышпайт. “Подагра оорусу эмнеси менен кооптуу жана кандай адаттар аны чакырат?” деген суроого жоопту төмөндөн таба аласыз.

“Подагра” – грек сөзүнөн которгондо “буттагы капкан” дегенди түшүндүрөт. Организмдин ар бир клеткасында “пурин” деген зат бар. Бул зат бардык азыктарда, тамактарда кездешет. Ал эми эт менен спирт ичимдиги пурин затын көбөйтөт. Убагы келгенде адамдын клеткасы өлүп, кайра жаңысы жаралат. Ошол учурда клеткадагы пурин заты заара кычкылына айланат. Заара кычкылынын милдети – клеткаларга кубат берип, кан тамырлардын бузулуусун алдын алуу. Качан гана өзүнүн функциясын аткарып бүткөндө бөйрөк аркылуу заара менен сыртка чыгат. Медицинада бул процесс “пурин алмашуу” деп айтылат. Эгерде бөйрөк заараны толугу менен чыгара албай калса, кандын курамында заара кычкылы көбөйүп кетет. Сыртка чыкпай калган заара кычкылынын туздары (натрий моноурат кристаллдары) муундарга чогула баштайт. Өзгөчө буттун баш бармагына, томукка, согончокко, колдун манжаларына, чыканакка топтолот. Натрий моноурат кристаллдары майда ийнече сыяктуу болгондуктан, муундагы ткандарды сайгылайт. Ушундан улам жан сыздаткан оору келип чыгат. Бара-бара ал топтолгон туздар майда ташка айланат да, андан муундар бузулуп кыйшаят. Мындай таштар бөйрөктө да чогулуусу мүмкүн.

Оорунун себептери:
— Организмде заара кычкылын бөлүп чыгара турган ферменттердин тубаса жетишсиздиги. Бул генден болуусу мүмкүн.
— Тубаса бөйрөк оорусу барлар
— Курамында пурин заты көп азыктарды үзгүлтүксүз колдонуу. Булар: эт, ышталган эт азыктары, эттин шорпосу, малдын ич эти, какао, шоколад, кофе, туздалган жана маринаддалган азыктар.
— Ашыкча салмак. Адам семиргенде организмде заара кычкылынын алмашуу процесси бузулат.
— Спирт ичимдигин колдонуу. Арак заара кычкылынын бөлүнүп чыгуусуна тоскоол болот. Ичимдикти көп ичкендерде аталган ооруга кабылуу коркунучу жогору.

Оорунун белгилери:
— Оору адамга көбүнчө таңга жуук белги берет. Муун эч нерсе тийгизбей сыздатып, какшап ооруйт.
— Буттун-колдун муундары кызарып, шишимик тартат.
— Майда таштар (тофус) чоң болсо ошол жер жарылып суюктук менен кошо туздар да чыгат. Жара улам бүтөлүп кайра жарыла берүүсү мүмкүн.
— Адамдын дене табы көтөрүлөт.
— Муундардын ооруп, шишигенинен адам баса албай калат.
— Эгер дарт өрчүшүп кетсе бөйрөк иштебей калуусу мүмкүн.

Дартты аныктоо жана дарылоо жолу
Дартты аныктоо үчүн шишиген муундан суюктук жана кан менен зааранын анализдери алынат. УЗИ жана рентгенге тартып таштын (тофус) көлөмүн көрүшөт. Жыйынтыгына жараша ар бир бейтаптын организминин өзгөчөлүгүн эске алып дарыгер төмөнкүдөй ыкма менен дарылайт:
— Биринчи кезекте курамында пурин заты бар азыктар күнүмдүк тамактануудан алынат. Майлуу, туздуу, таттуу тамактарга тыюу салынат. Жашылча-жемиш, сүт азыктары, ботко, майлуу эмес шорпо ичкенге болот. Этти бир кайнатып төгүп, кайра экинчи ирет кайнатылган шорпосун ичүү керек. Күнүмдүк жашоодо тузду аз колдонуу зарыл.
— Газдалган сууну көп ичүү керек, кургатылган жер-жемиштен компот жасап ичсе натыйжалуу. Приступ учурунда сууну арбын ичүү зарыл. Себеби суюктук кандагы заара кычкылын чыгарууга жардам берет.
— Ооруну басуучу дарылар берилет.
— Заара кычкылын бөлүп чыгара турган жана азайта турган дарылар ичилет.
— Эгер уюган таш чоң болсо аны операция жолу менен алышат.
— Кыска убакытка гормоналдык дарылар муундарга сайылат.

Омурзакова Назгуль, ревматолог: “Подагра бөйрөктүн иштешин бузат”

— Назгүл Атабековна, бизде бул ооруга чалдыккандардын статистикасы барбы?
— Бизде так статистика жок, бирок дарылаган бейтаптар тууралуу айта турган болсом, бизге подагра оорусу менен кайрылгандар көп. Бул оору 40 жаштан 60 жашка чейинки эркектерде көп кездешип жатат. Себеби жаш кезинен туура эмес тамактангандын, жашоосун туура эмес өткөргөндүн кесепети тийип жатат десек болот. Кээде 25 жаштагы эркектерде да бул оору кездешип калып жатат.

— Эмне үчүн айымдарда бул оору сейрек кездешет?
— Себеби аялдын организминдеги эстроген гормону кандагы заара кычкылынын нормасын ашырбай турат. Эгерде аялда бул оору ген аркылуу берилбесе, анда подагра дээрлик кездешпейт. Ал эми аялда жүрөк кан-тамыр ооруларынын жетишсиздиги, жогорку кан басымы бар болсо, аларды жөнгө сала турган дарылар колдонулат. Мындай дарылардан кандагы заара кычкылы көбөйүп, бул оору пайда болуусу мүмкүн.

— Оору анализдер менен эле дароо аныкталабы?
— Дартты так аныктоо үчүн толук текшерүүдөн өткөрөбүз. Анткени приступ учурунда заара кычкылы муундарга тарап кетет да, канда заара кычкылынын көп экени көрүнбөй калат. Айрымдар приступ учурунда анализ тапшырып, анализим жакшы чыкты деп жаңылышат. Чынында, эч жери оорубай турган кезде кандан анализ алса, анда заара кычкылы канчалык көп экени так көрүнөт.

— Ооруну өрчүтүп жиберсе кесепети кандай болуусу мүмкүн?
— Муундардын алгачкы оорулары сезилсе, адамдын тынчын алса дароо доктурга кайрылганы оң. Бул оору курч кармайт, андан кийин өнөкөт подаграга айланат. Дагы деле дарыланбай жүрө берсе өрчүп отуруп өнөкөт бөйрөк оорусуна алып келет. Бөйрөк такыр өз функциясын аткара албай калганда гемодиализ алууга аргасыз болушат. Бул оорунун коркунучтуу чеги ушундай.

— Ооруну дарылоо узакка созулабы?
— Биринчи кезекте оорулуунун күнүмдүк рационунан курамында пурин заты бар азыктар алынат. Дары-дармектер колдонулат. Эгер бейтап көрсөтмөнү толук аткарса, бара-бара абалынын жакшыруусу менен дарыларды ичүүнү токтотот. Андан кийин оору кайталанбоо үчүн өмүр бою туура тамактанып жашоосу зарыл. Ооруну дарылагандан көрө, алдын алуу жеңил. Андыктан окурмандарга айтарым, жашоо образын туура түзүңүз. Көп кыймылда болуу керек. Туура тамактануу бир эле подаградан эмес, көп дарттан сактайт. Эт, спирт ичимдиктерин чени менен колдоно билсе, бул оорунун алдын алууга толук мүмкүн.

Анара Дүйшөналиева

СоӊкуБермет: Атам кызынын бычакталып каза болгонун уга элек
КийинкиАрыктатуучу кечки тамактар