Тагдыр бизге жашообуздун кайсы жеринен сюрприз кыларын билбейбиз. Ал «белегинин» жакшы же жаман экени андан бетер табышмак. Бирде жакын адамдарды жат кылса, кээде бейтааныш эле бирѳѳнү жан дүйнѳңѳ жакын адамга айлантып коёт.
«Менин атам – эң камкор адам»
— Бир үй-бүлѳдѳ беш адам жашачубуз. Атам, апам, мен жана эки бѳбѳгүм. Атам колу билген чоң уста. Кенедей кезимден анын устаканасында ойноп, кайда барса этектеп ээрчип чоңойдум. Атам да мени машинесине салып алууну жакшы кѳрчү. Апам айылдын мыкты мугалими эле. Кѳп убактысы мектепте ѳтѳт. Бѳбѳктѳрүм бакчада болушат. Атам мен сабактан келгенге чейин үйдѳ иштейт. Мен келчү маалга чай коюп, кѳп учурда жумуртка кууруп берет. Экѳѳбүз кобурашып шашпай тамактанабыз. Анан ээрчишип чыгып атамдын буйрутма менен жыгачты оюп жасаган кооз эмгектерин унаага жүктѳп, кардардыкына алып жѳнѳйбүз. Кээде коңшу айылдарга чейин кетип, кеч келебиз. Жумасына бир-эки жолу үйдѳ болуп калат. Анда мен тапшырманы сѳзсүз атам менен аткарчумун. Чынында, үйдѳн сабакты апам менен окуу мага жакчу эмес. Апам эсепти ѳзүм чыгарып, сүрѳттү ѳзүм тартышымды талап кылат. Кээде урушуп да жиберет. Атам болсо эч качан урушайт. Мен жазуумду жазганча сүрѳтүмдү тартып коёт, эсепти дайыма экѳѳбүз чогуу чыгарабыз. Кенедей бала болсом да атамдын апамды урушпаганын баалачумун. Себеби коңшубуз Аскар байке аялын кѳп сабайт, балдары кѳп ыйлашат. Алар урушкан күнү бери жакта эле жүрүп мен коркчумун. Биздин үйдѳ мындай ызы-чуу жок экенине кичинекей жүрѳгүм абдан кубанчу. Атам баарыбызды эркелетип гана турган эң камкор жан эле.
«Атамдын ѳгѳй экенин билдим»
— Ошол күнү атам устаканасына керектүүлѳрдү алмакка райондун борборуна кеткен. Апам баарыбызды жуунтуп-тарантып, кир жууп жаткан. Онго чыгып кол арага жарап калган мен мындай күндѳрү бѳбѳктѳрүмдү карап, ара-чолодо апамдын жумшаган жагына чуркайм. Бир маалда адыраңдаган сары “Москвич” жыгач тосмобузду сүзѳ жаздап токтоду. Бул менин – Ыдырыс таякем эле. Чоң кызуу экен. Учурашып сунган колумду коё бербей:
— Оо, жаман жээн, боюң атаңды тартып тартайып бараткан экен, ээ? Жигит болуп калган экенсиң. Жаңылбаптырмын, — деди.
Апам агасын тосо чыгып учурашты да, үйгѳ баштады. Таякемдин жетегинен бошоно албай мен да чогуу кирип дасторкон четине отурдум.
— Жээнимди ѳз атасы менен тааныштырайын деп келдим. Алып келем деп айтып койгом. Күтүп атат.
— Барбайт эч жакка. – Апам зирпилдей кетти. Килейген агасына кабак түйүп жооп кайтарган апама таңыркадым.
— Эркек бала деген баары бир табат. Эртеби-кечпи кетет. Кичинесинде билгени жакшы.
Эмне тууралуу айтып атканына түшүнѳ албадым. Апам агасын жактырбай сыртка чыгып кетти. Биз да артынан тура жѳнѳдүк. Апамдын каршылыгына карабай таякем мени шалдыраган унаасына салып алып жүрүп кетти.
— Эй, бокмурун, сенин атаң ким, билесиңби?
— Акылбек.
— Ой, мурдуңду урайын, Акылбек дегенин кѳрчү. Сен атаңды азыр кѳрѳсүң. Жигит болдуң, ѳз атаңды таанышың керек. Жети атаңды билишиң керек.
Таякемдин айткандарын элейип угуп жаттым. Ушул маалда үзүлгѳн плёнка сыяктанган эски элестер мээме тийди-качты келе калды. Мектепке жаңы кирген жылы бир аял «бул Акылбектин бакмасыбы?» деп мени кѳрсѳткѳн эле. Апам аны укпагандай түр кѳрсѳтүп мени жетелеп басып кеткен. Эсимден эчак ѳчкѳн ошол окуя кѳз алдыма тартыла түштү. Мен каалабаган бир ачуу чындык баш багып, жан дүйнѳм астын-үстүн болуп барат. Андагы ички дүйнѳмдүн кыйроосу барскандын соккусуна урунуп бырпырап чачыраган бир муштум топуракка окшош эле. Кантип кѳзүмдүн жашы куюлуп ыйлап калдым билбейм. Таякеме каршылык кылуунун айласын издеп баштадым. Ал болсо мени менен иши жок бакылдап баратат:
— Сенин атаң жакшы киши. Энең экѳѳ жаштык кылып эле ажырашып алышпадыбы. Болбосо атаңдын дүкѳнүндѳ эркелеп гана жүрѳт элең го азыр. Мейли, эми деле кеч эмес. Атаңды таанып, абалын сурап жүр мындан ары. Мага эми баары белгилүү болду. Бирок анын бирин да кабыл алганым жок.
«Жылуулугу жок жолугушуу»
— Таякем мени атам экѳѳбүз кѳп жолу келген бир айылга алып келди. Айыл ортосунан мен дайыма кѳрүп жүргѳн кооз дүкѳндүн алдына токтодук. Атам кѳп эле дүкѳнгѳ кирип мага жана бѳбѳктѳрүмѳ таттуу алып берчү. Бирок эмнегедир ушул кооз дүкѳнгѳ эч качан кирген эмес. Эми мен унаадан түшпѳѳгѳ тырышып каалгага жабыштым.
— Атаны азап ай, бул кантет? Кел, түш, кишини шерменде кылбай.
— Түшпѳйм. Кетем атама.
— Кой, жигит деген ыйлабайт. Тарт мурдуңду, аарчы жашты. – Таякем жай сүйлѳѳгѳ ѳттү.
– Кийин мага ырахматыңды айтасың. Жүрү, баш багып эле кайра тартабыз. Ботом, үйүңѳ жеткирбегенде талаага таштап коймок белем сени.
Анын эркине кѳнүп бербесем болбосун билдим. Кармагычтан колумду бошотор менен мени дегдеңдете жетелеп жѳнѳдү. Ушул маалда атам менин бул дүкѳнгѳ киргенимди билип калып мага таарынчудай болуп кеттим. «Атам мага таарынса кантем?» деп тынчсыздана түштүм. Кирип бардык. Ак калпак кийген узун бойлуу киши таякемдин саламына салкын алик алды. Колундагы ишин таштабай кыска жооп кайтарып алагдылана берди. Ал кишинин мени кучактап ѳѳп ийбесине ишенген соң жеңилдей эле түштүм. Бир саам дүкѳндүн ичине алаксып кетиптирмин, жаныбызда бир аял пайда болду.
— Аа, Камчыбы? Жакшысыңбы?- деп бетимден ѳѳп койду. Сулуу аялдын буркураган атыры эсимде калды. Кѳп кармалбай ал таякеме бир баштыкты карматып, мага бир китепкап сунду.
— Ала гой, күздѳ мектепке кѳтѳрүп барасың.
Таякем кѳздѳгѳнүнѳ жетти белем, чала коштошуп унаасына бет алды. Мени унутуп да салгандай. Кудай жалгап мени узун бойлуу киши да, сулуу аял да ѳпкѳн жок. Балээден качкандай сары “Москвичти” карай тызылдап чуркадым.
«Айтылбай чечилген маселе»
— Кайтуубузда таякем үн чыгарбай тынч келди. Короого жете бербей токтоп менин түшүшүмдү күттү. Аңгыча атамдын карааны кѳрүндү. Колумдагы китепкапты кандай кылар айламды таппай кеттим. Таякем атама кол булгап учурашкан болду да, анын келишин күтпѳй дыр эте жүрүп кетти. Сыягы, атам баарын билсе керек, мени тосуп албастан устаканасына бурулду. Таарынган экен дедим ичим эңшерилип. Складга чуркап кирдим да, китепкапты бут кийимдер салынчу чоң жашикке күү менен ыргытып жибердим. Ичинде эмне барына кызыгып да койбодум. Сыртка чыгып атама кезигүү да, апама кезигүү да мага кыйын болду. Складда бир аз отурган соң кѳчѳдѳн досторумдун үнүн эшиттим. Эч кимдин кѳзүнѳ илешпей жүгүрүп чыгып оюнга алаксып кеттим. Ал күнү да, мындан кийин да менден эч ким китепкап тууралуу сурабады. Кийин ал кайда жоголгонун билбейм.
«Атамды акыркы күнүнѳ чейин ѳзүм бактым»
— Чынын айтайын, канчалык тоготпостукка салганым менен жогорудагы окуя менин дүйнѳмѳ бүлүк салып койду. Апамдын тагдыры кандайча мындай болуп калганы мага дайым кызык. Бирок эч кимден батынып сурай албайм. Атам экѳѳбүздүн мамилебизди ар кадамда аңдычу болдум. Бирок атам мурда кандай болсо ошондой эле жүргѳнсүйт. Мага ѳчѳшкѳнсүп апам да бул тууралуу ак-кѳк деп койбойт. Баягы таякем болсо эмнегедир кийин мага унчукпас болду. Ушунун баары чогулуп келип бир топ жыл жан дүйнѳмѳ жүк болду. Жогорку окуу жайды аяктаган соң айылыма келип иштеп калдым. Айылга кайтуумдун дагы бир себеби атамдын бутун кокустатып алганы эле. Иним кол-арага жарап калса да ага ишене бербей жанында ѳзүм болоюн дедим. Атамдын буту бир топко жакшы болбой койду. Иштеп кѳнгѳн жаны жата албай устаканасында отуруп узана баштады. Мен баягы бала кезимдегидей эле айланчыктап жанындамын. Мектептеги ишимден үйгѳ шашып келем. Бала кезимде атам мага кууруп бергендей жумуртка кууруйм. Экѳѳбүз чогуу чай ичип, далайга кобурашабыз. Иним мектепти аяктаган соң шаарда жашоону чечкиндүү тандады. Кенже бала катары алып калышат деген чочулоосун астыртан билдирди эле, үй-бүлѳбүз менен кеңешип аны шаардык кылууну туура таптык. Мен үчүн айылдан ѳтѳрү жок эле. Бактыма атам менен апам узак жашады. Келинчегимдин ысык чайын ичип, балдарымды эркелеткен жашка жеткендерине ыраазымын. Чын жашоого алгач апамды, кийинки жылы атамды узаттык. Апамдан айрылган соң атам ѳзүн таштап салды окшойт, бат эле алдан тайып кетти. Борборго чейин ооруканаларга алып барып, жанында жатып карап жүрдүм. Акыры доктур чыгарып берип койду. Айылга бет алганыбызда акыркы күндѳрүн жашап жатканын билди окшойт, жарыктыгым. Жолдо келатып «Мен сага ыраазымын, балам. Батамды берем. Ыраазымын»,- деди муундап сүйлѳп. Бир жума тѳшѳктѳ жатты да, ѳз колумдан узап кетти.
Гүлайым Калыбекова