“Таң алдында” телесериалы – элдин эсинде кара так болуп калган пандемияны ѳзүнѳ камтып, кѳрүүчүнү ойлонууга түртѳт. Сериалдын таасиринен улам келечекке болгон кѳз карашын ѳзгөрткөндѳр бар экенин сиз да байкап жатсаңыз керек. Аз убакыт ичинде миңдеген көрүүчү топтогон тасманын тарыхын ачабыз.
Айбек Дайырбеков, режиссёр: “Тасманы келечегибизге жаркын таң атсын деген тилекте тарттык”

- Айбек мырза, телесериалды элге тартуулап бүттүңүз. Тасма максатына жеттиби?
- Буюрса, сегиз сериядан турган телесериалыбызды элге толук жеткирдик. Тасманы жөнөкөй, жеткиликтүү кылып тартканга аракет кылдык. Тасманы тартып баштаганда эки гана максатыбыз бар болчу. Бири, башыбыздан өтүп жаткан оор күндөрдү ошол убакта тартып калуу. Экинчиси, шайлоо келе жактанда элдин аң-сезимин өзгөртүү. Ошол себептен шайлоо башталганча элге тартууладык. Көрүүчүлөрдүн ар бир сериянын алдына миңдеген билдирүүлөрдү калтырып жатканынан улам тасма жакшы чыкканын байкасак болот. Эл “үмүтүм өчүп баратты эле, кайра жанды”, “шайлоого барбай эле коёюн деп жаткам, эми барам”, “ыйлап жазып жатам” деп чыныгы сезимдери менен бөлүшүп жатышат. Кыскасы, адамдардын ою позитивге өзгөрүшүнѳ салым кошкон тасма болду.
- Карантин учурунда актёрлорду кантип тандадыңыз? Оору күчѳп турган маалда тасма тартуу оңой болбосо керек?
- Тасманы тартуу иштери июль айына, оору күчөп турган маалга туш келди. Кастинг учурунда көп кишилер, өзгөчө улуу муундагы актёрлор коопсуздугун ойлоп үйдөн чыга албай жатышты. Алардын айрымдарына өзүбүз барганга туура келди. Айылды чагылдырган эпизоддорго үйлөрдү Сокулук тараптан издегенбиз. Бизге жаккан үйлөргө кирсек, биринчисинде ооруп жаткан эки киши бар экен. Экинчисине баш баксак, ал үйдө да ооругандар. Үчүнчүсүндө ооруканадан жаңы чыгып келгендер жашашат экен. Айтор, окшош көрүнүш. Айла жок үйлөрдүн сырттарын тартып алдык да, ичин Бишкектен ижарага батир алып тартууга туура келди. Ооруканадагы эпизоддорду июль айында тарта алган жокпуз. Издеп жүрүп август айында араң ооруканалар бошой баштаганда Кой-Таштын поликлиникасынан тарттык.
- Эмне үчүн пандемияны чагылдырган тасма “Таң алдында” деп аталды?
- Дүйнѳнү каптаган бул оор кырдаалды эске албаганда деле экономикалык жана башка жактан өнүгүп жаткан өлкө эмеспиз. Башка маселелер толтура. Ошондуктан ушул күндөр эң караңгы түнүбүз болсун да, эртеңки келечегибизге жаркын таң атсын деген үмүт менен “Таң алдында” деп атаганбыз. Акыркы сериясын таң менен бүтүргөнүбүз да ушул себептен.
- Эл сериалдын уландысын тартууну суранып жатышат. Оюңуз кандай?
- Тасманы тартып баштаганда эле сегиз серия аздык кыларын билгенбиз. Тасмада көтөрүлгөн көйгөйлөрдү 20, 30, 50 серияга чейин улап кете берсе болот. Улап тартуу планыбызда бар. Бирок командадагы 40-50 кишини эки жарым ай съёмкада багуу оңой-олтоң иш эмес. Бул чоң долбоор, мындай долбоорлорго чоң акча керек.
- Бул жагына канча каражат сарпталды?
- Болжолдуу 80 миң АКШ долларына жакын каражат салдык. “Ютуб” каналыбызга чыкты, бирок “Ютуб” чыгымды жаппайт. Ал тармак аркылуу чыгымдын 2-3 гана пайызын жапса болот.
Эгемберди Бекболиев: “Ар эпизод сайын колдорубузду тазалап турдук”

- Оору күчѳп турган маалда тасмага тартылуудан корккон жоксузбу?
- Апаат маалында биз элге мындан башка жардам кѳрсѳтѳ албайт элек. Колубуздан келген ишти кылып элди колдоого аракеттендик. Тартуучу топ чакан болдук жана тазалык аябай сакталды. Тартуу учурунда аралыкты бир метрден кармап иштедик. Улам бир эпизод тартылган сайын, тамактанарда тынбай колубузду атайын каражат менен тазалап, спиртти чачып жыттап, коопсуздук чараларын кѳрдүк. Кудайга шүгүр, тартуучу топтон бирөөбүз да ооруган жокпуз.
Ренат Төрөмамбетов: “Жашоодогу мүнѳзүм тасмадагы мүнѳзүмѳ окшош”

- Сүрөтчүлүктѳн актёрлукка кантип келип калдыңыз?
- Негизги кесибим экономика багытында. Кесибим менен тогуз жылдай иштеп, учурда сүрөтчүлүк менен алекмин. Тасма талаасы менен болсо 2008-жылдан бери таанышмын. Мурда 3-4 тасмада эпизоддук ролдорду ойногом. Бул тасмага режиссёрдун чакыруусу менен келип тартылдым. Билимдүү актёр болбогондон кийин образымды ачып берүү кыйынга турду. Өзгөчө тасмадагы атамдын каза болгондогу эпизодун ачууда өзүмдүн атамды элестетип алып аткаргым келбей жатты. Башкы ролдун жоопкерчилигин сезип, тартуучу топтун сүрѳѳнү менен образга кирдим. Өзүм ролумдагыдай чет жерде билим алган, патриот, вегетариан мырзамын, мүнөзүм да окшош.
Назира Айтбекова: “Тартуу токтосо да жашымды тыя албай жүрдүм”

- Кайсыл эпизодго өзгөчө таасирлендиңиз?
- Тасмада жолдошум мени жерге жаткырып алып сабайт. Ушул эпизод мага башкача таасир калтырды. Мени жаакка чапканда үстөлдөн ыргып кеткен эпизодду бир нече ирет тарттык. Өнөктөшүм Аскар Качкынбаев олбурлуу, шадылуу чоң бала эмеспи. Жогорудагы оор кадрлар тартылып жатканда да андан коркуп, алыс качып жүрдүм. Анан да кызым атасын же апасын тандоосу керек болгон жерди ойноо да мага оор болду. Съёмка токтогондон кийин да көзүмдүн жашын тыя албай жаттым. Анткени мындай учурду ѳзүм эки ирет башымдан ѳткѳрдүм да. Биринчи жолу ата-энем ажырашып жатканда, экинчисинде жолдошум менен ажырашканымда ушундай жүрѳгүм ооруган эле.
Айсанат Эдигеева: “СИЗ-формачан тердеп, дем жетпей баратты”

- Тартуу учурунда кандай кыйынчылык болду?
- Жалпысынан көп деле кыйынчылыктар орун алган жок. Бир гана СИЗ-формачан тартылган жерлерде ал кийим менен кыймылдоо ыңгайсыз болуп, аябай ысып кетип жаттым. Беткаптын үстүнө каска кийгенде дем жетпей калат экен. Тартылып бүтүп форманы чечкенде кийимдерим суу болуп, денемден тер куюлуп жатты. Мен кырк мүнөт кийип роль ойногонго эле ушунча кыйналдым, мындай кийимди узак убакыт кийип алып оорулууларды аралап жүргѳн медицина кызматкерлерине даңк.
Аскар Качкынбаев: “Тасманы кѳргѳн сайын ѳзүмдү жек кѳрүп жаттым”

- Терс каармандын ролу жашооңузга таасирин тийгизген жокпу?
- Бул менин дебюттук тасмам болду. Мени биринчи Дамирдин эмес, башка каармандын ролуна бекитишкен. Бир күнү образым алмашканын айтышты. Кесибим боюнча актёр болгон соң образдын алмашуусу мага кыйынчылык жараткан жок. Жараткан ролумдан улам эле мени жаман бала катары кабыл алып калгандар болду. Мисалы, коомдук жайларда жүргөндө “бандит бала го” деп шыбырашкандарын угуп калам. Айылдагы туугандар болсо “эмне жаман бала болуп кеттиң?” деп калышты. Тасманы кѳрүп отуруп эл эмес, ѳзүм ѳзүмдү жаман кѳрүп кетип аттым. Тасма экенин билсем да, “эмнеге ушундай кылып жатат?” деп кабатырланам десеңиз. Негизи, өзүм жашоодо жакшы эле жигитмин.
Айгерим Токтобай кызы