Кинорежиссёр, сценарист, продюсер Эрнест Абдыжапаров беш жыл мурун үй-бүлөсү менен айылга көчүп кеткен экен. «Айылга келгенден кийин эки атактуу инсан тууралуу тасма тарттым», — деген режиссёр, ийгилигинин сыры айылда жашаганында деп билет.
— Агай, элдин баары айылдан шаарга агылып жаткан бул заманда сиздин, тескерисинче, шаардан айылга кетүүңүзгө эмне себеп болду?
— Ооба, мен беш жылдан бери Ысык-Көлдүн тургуну болуп калгам. Негизи, кинону көтөрөйүн, кино тартайын деген максат менен эле аргасыз Бишкекте жашап жүрчүмүн, болбосо менин жүрөгүм айылга тартып турат. Келинчегим дагы «айылга эле кетип калбайлыбы, мал бакпайлыбы» деп айта берчү. Андыктан борбордон кетүү планыбызда мурдатан эле бар болчу. Кийин чыгармачылыгымдын майдаланып баштаганын сезе баштадым. Кетүүмдүн дагы бир себеби, 2004-жылдан бери эле Ысык-Көлдүн жээгинде кинону өнүктүрөбүз, “Киностан” этно-маданий форумун Тоң жергесинде кылсамбы деп айтып келгем. Ушулардын баарын анализдеп, ойлонуп туруп кетүү ниетимди айтсам, жубайым ойлонбостон макул болду. Экөөбүз кичүү кызыбызды алып, жеңил унаага жууркан-төшөгүбүздү жүктөп 2014-жылдын 1-сентябрында көчүп кеткенбиз. Балдарымдын улуулары чоңоюп өз алдынча болуп калышкан. Улуу кызым үй-бүлөсү менен Америкада жашайт, эки балалуу болду. Уулум дагы эки кыз, эки уулдуу болду. Алар шаарда калышкан, неберелеримди алып бул жакка келип турушат.
— Айылда жашоого шарт бар беле?
— Жок. Менин түбүм Нарындан. Ата-энемдин жумушуна байланыштуу мен 3-класска дейре Тоң районуна караштуу Бөкөнбаев айылында окугам. Ата-энеме кызматтык үй берип ошол жерде жашачубуз. Ошондуктан ал айылда да классташ, досторум бар. Барарыбызды досторубузга чалып айтып койсок, алар бизге батир таап коюшуптур. Ошентип, келгенден бери эле батирлеп жашап жүргөнбүз. Мурдагы жылы эле жер тилкесин сатып алып, былтыр үй салып баштаганбыз. Чоң үйгө алыбыз келбей калганда времянкасын бүтүрүп алып февраль айында эле өзүбүздүн жаңы өргөбүзгө кирдик.
— Эмне менен алек болуп жатасыздар айылда?
— Мен бияктан деле баягыдай эле кино тартып иштеп жатам. Жубайым үйдү карап, үйүбүздүн кутун кармаган адам. Азыр ал үйүбүздү өрлүктөп келген конокторду тосуу менен алек. Шаарда жашаганда аллергиясы бар болчу, келгенден бери жоголду. Мен жумушумдан бошобойм да, андыктан короо-жайды караган да ошол адам. Жети сотых огородубуз бар, ага жер-жемиштерди, жашылчаларды айдап койгонбуз. Бирок азырынча түшүм ала элекпиз. Эми мал багалы деп жатабыз. Өзүмө ат сатып алып, ат минем, буюрса. Кызым болсо 8-класска көчтү. Биз сыяктуу ал деле айылдын жашоосуна бат эле көнүп кетти, азыр шаарга баргысы келбейт.
— Эми биротоло ошол жакта каласыздарбы?
— Ооба, биз биякка биротоло көчүп келгенбиз. Шаарга кайра баруу оюбузда жок.
— Айылда иштөө чыгармачылыгыңызга кандай таасирин тийгизип жатат?
— Статистикага таянсак, Эгемендүүлүктү алгандан бери 22 тасма эл аралык “А-фестивалына” катышкан экен, кызыгы ошол тасманын баары Тоңдо тартылыптыр. Бул Тоңдун кино тартууга ыңгайлуу бир касиеттүү күчү бар экендигинен кабар берет, ошону далилдейт. Мен Ысык-Көлдө жашап жүрүп биринчи жолу көл жээгинде 12-мастер-классты өткөрдүм, Саякбай Каралаев, Жусуп Абдрахманов тууралуу тасма тарттым. Салыштырып көрсөм, мурда чыгармачылыгым башка деңгээлде болчу экен. Социалдык, саясий же болбосо сүйүү тууралуу тасмаларды тартчумун. Биякка келгенден бери көөдөнүм кеңейди, дем алганым тереңдеп калды, чыкканым бийиктей баштады. Азыр мен биротоло шаардан кол үзө албай жатам, себеби кээ бир сүйлөшүүлөр, кезигүүлөргө баруу керек. А бирок ой жүгүртүп, жаңы долбоордун үстүнөн Бишкектен иштей албай калдым. Качан гана айылга үйгө барып ордума отурганда гана жаңы ой, идеялар келе баштайт. Азыр Тоң жергесин расмий түрдө этно-маданий форум кылалы деп келген депутаттарга айтып жатам. Эгерде бул кыялым ишке ашса, Тоң дүйнөнү кызыктыра турган чөлкөм болуп калат. Кызыгып чет өлкөдөн элдер келе баштайт. Анан он жылдын ичинде Кыргызстандын руханий борбору болуп калмак.
— Жусуп Абдрахманов тууралуу тасма тарттым дедиңиз, ал качан жарык көрөт?
— “Жусуп Абдрахманов” даректүү тасма болгону үчүн Орусия, Казакстан жана башка өлкөлөргө чейин барып маалымат топтодум. Андан соң жарым жыл бою үйдө отуруп алып сценарий жаздым. Ошентип бир жылда толук тасма тартылып бүттү. Буюрса, 29-августтан баштап сатыкка чыга баштайт. Тасманы көргөн тарыхчылар «биз биле элек нерселерин ачыптырсың» деп таң калып жатышат. Тасма «мен кыргызмын» деген жаранга өтө керектүү, көзүн ачкан тасма болот деп ишенем.
— Тасма тартып эле тим болбостон, өзүңүз дагы орусиялык сериалга тартылдыңыз. Сунуш ким тарабынан болду?
— Келишим боюнча тасманын атын, качан чыгарын, дегеле тасма тууралуу маалымат бере албайм. Бир гана айтарым, бул Орусияда жашаган бир кыргыз үй-бүлөсү жөнүндөгү тасма. Ага мен кастинг аркылуу өткөм. Жөн эле тартылып койбой, кээ бир туура эмес жерлерин оңдоп-түзөп турдум. Мен тасмада Курал Чокоев менен Мээрим Атантаеванын атасынын образындамын. Жубайымдын ролун Сайра Эсенбаева аткарды.
— Анан ролду ачып берүү оор болгон жокпу?
— Өзүм тасма талаасында жүргөндөн кийин тим эле укмуш болду деп айтпайм. Режиссёрдун айтканын аткарууга, ролумду жеткирүүгө аракет кылдым. Өзүмдүн балдарыма кандай мамиле кылсам, кандай кырдаалда өзүмдү кандай алып жүрсөм, сүйлөсөм, ошондой болдум, өзүмдү тасмада роль жаратып жаткандай эсептеген жокмун. Өзүмө жакпай калган жерлерин кайра суранып аткарып жаттым. Экрандан кандай аткарганымды көрө элекмин. Тасма чыкканда гана «кап, бул жерин мындай кылып ойнобой» десем керек.
Айгерим Токторбай кызы