Негизгиге Тагдыр Майрамкүл: Үйүбүз күйүп кетип, үстүбүздѳгү кийим менен калдык

Майрамкүл: Үйүбүз күйүп кетип, үстүбүздѳгү кийим менен калдык

319

Кырсык каш-кабактын ортосунда дешет. Ушу тапта Майрамкүл төрт баласы менен үстүндө үйү жок ар кайсы тууганыныкында баш калкалап жүргөн кези. Жакшы ниет менен үйлүү болом деп турганда тилсиз жоого кабылган Майрамкүлдүн документтери, кийимдери толугу менен күйүп кеткендиктен кайрымдуу адамдардын жардамына муктаж.

“Алты жыл алдап келди”
Жолдошум экөөбүз тең Чүйдөн болобуз. Баш кошкондон тартып батирлеп жашап, эч кимден жардам сурабай оокат кылып келдик. Мындан алты жыл мурда күйөөмө Нурлан аттуу киши Көк-Жар айылынын үстүнөн 5 сотых жер тилке саткан. Ал жерди албай эле коёлу десем жолдошум “шаардын чети, абасы таза жакшы жер” деп көңүлдөнгөнүнөн унчуккан эмесмин. Үй деген көздөн учкандыктан жер тилкесин алып эле үй салсак деген тилегибиз күч эле. Бирок ал жердин кызыл китеби жок экен. Жердин ээси документтерди бүтүргүчө жарым акчасын алып турам дегенинен 5 миң доллар бергенбиз. Жердин өзүн 10 миң долларга баалашкан. Документтери бүткүчө күтүп отура бербей кичирээк болсо да эки бөлмөлүү үй сала берели дегенбиз. Бирок Нурлан: “Үйдү биротоло эле документ колуңарга тийгенде баштагыла, ага чейин контейнер коюп жашап тургула”,-деди. Күйөөм ага да макул болуп, ичпей-жебей чогулткан акчабызга контейнер сатып алдык. Ичин үч бөлмөгө бөлүп, меш коюп, сыртын жылуулап контейнерде жашап калдык. Менин кесибим медайым, күйөөм кароолчу болуп иштейт. Экөөбүздүн айлыгыбыз биригип он беш миң сомго жетпеген акча болот. Ошол акча менен үч уулубузду багып күнүбүздү көрүп атканбыз. Тиги жердин ээси булар ушинтип жашай берет дедиби же күйөөмдүн жооштугун билип кебелбей койдубу, айтор “мына бүтөт” деп документтерин создуктурганына алты жыл болду.

“Мага өрттөнүп бүткөндө айтышты”
Эгиз балдарым чоңоюп калганда артынан кыз төрөп алайын деп мындан төрт ай мурда март айында кыздуу болдук. Меш бат эле ысып, кайра өчүп жылуулукту жакшы кармабагандыктан жаңы төрөлгөн кызым оорубасын деп экөөбүз күн жылыгыча туугандардыкында жашаганбыз. Июлда күн ысык, контейнер ысыкты тарткандыктан кызым чырылдап ыйлап атты. Кыйналганыбыздан дагы туугандардыкына бардык. Бул жолу балдарыма да каникул болгондуктан баарын жаныма алып күзгө чейин турмай болдук. Кетип атканда муздаткыч, телевизор, плита дегендерди бүт сууруп, кайра-кайра текшерип атып эшикти бекиткен элем. 14-июлда кечки саат беште Нурландын апасы “үйүң өрттөнүп атат” деп чалды. Жакын эле жерде болчумун, он мүнөткө жетпей барып калдым. Мени менен кошо өрт өчүргүчтөр барышты. Үйүбүздүн ичинен быкшып түтүн чыгып, өрт улам күч ала берди. Ичиндеги буюмдарды кой, документтеримди да ала албай чырылдап кала бердим. Көз алдымда алты жылдык мээнетим, тырышып тапкан тиричилигим өрттөнүп атты. Үй салып калсак колдоном деген жакшы тилек менен алган буюмдарым ээрип күйүп жок болду. Оокат табылат деңизчи, кокус ошондо ичинде балдарым уктап атканда эмне болмок деген ойдон азыр да чочулайм. Кудай ар бир пендеге алына жараша сыноо берет экен. Биздин башыбызды аман калтырганына шүгүр кылып отурам.

“Атайын өрттөштү деп ойлойбуз”
Ошентип үйүбүз толугу менен күйүп кетип азыр териштирүү иштери жүрүп баштады. Ошол жерде жашагандар “өрт үйүңдүн ичинен чыкты” деп атышат. Ал жакта көп күндөн бери жашабасам, баарын өчүрүп кетсем өрт кантип үйдүн ичинен чыксын. Электр зымынан кетсе анда алты жылдан бери чыкмак болчу өрт. Биздин божомолубузда өрттү атайын жердин ээси уюштурган же болбосо балдар ойноп үйдүн ичине өрт ташташкан. Минтип айтканымдын себеби бар. Бир аз убакыт мурун Нурланга: “Жердин кызыл китебин бүтүрүп бербейт экенсиз, 5 миң доллар акчабызды бериңиз, башка жер тилке сатып алып үй салабыз” деп жаман-жакшы айтышкан учурлар болгон. Же документти бүтүрүп бербесе, же үй салууга уруксат бербей атса эмне кылышыбыз керек эле? Жаман оюнда бул акчаны кайтарып бербештин амалын кылып өрт коюшу мүмкүн. Мен барганда терезенин сыртындагы тордо кол баткыдай тешик пайда болуп калыптыр. Атайын ал жерди тешип, терезени ачып ичине өрт коюшту деп божомолдоп жатабыз. Эмне үчүн мага бир сааттан кийин баары күйүп бүткөндө чалышат. Өрт өчүргүчтөргө чалганда эле кабарлап коюшса эртерээк барып жок дегенде балдарымдын документтерин алып калат элем. Атайын күйүп бүткөндө чалыштыбы деп да ойлоп атам. Анүстүнө өрттөнгөндөн кийин ал жер 49 жылга ижарага берилгенин билип атабыз. Демек, андай жерди сатууга Нурландын акысы жок болчу. Бизди алдап акчабызды алып алганы дааны эми ачыкталып турат. Мыйзам иштесе ал мамлекеттин ижарага берилген жерин шылуундук кылып сатканы үчүн жоопко тартылышы керек эле. Эми болсо бизге контейнериңерди алып кеткиле деп атат. Күйүп бүткөн контейнер биздин ошол жерде жашап, жерди сатып алганыбызга жалгыз далил болуп турат. Экспертизанын жыйынтыгы чыкмайын ордунан жылдырбайбыз десем, “билгениңерди кылып алгыла, мен акча менен баарын сатып алам” деди. Ушинтип акчасына таянгандан көрө төрт баламдын убалынан коркуп 5 миң долларды кайтарып берип койсо баарын башынан баштайт элек. Акчабызды кайтарып бер деп ызылдашканда кайтарып берем деген тил кат жазып берген. Жалгыз илинчегибиз болгон ал кат да өрттөнүп кетти.

“Балдарым мени аяп талаа иштерине чыгышты”
Азыр күйөөм балдарга тамак-аш, кийим табыш үчүн үй бетин көрбөй эки-үч жумушта иштеп жатат. Мен кичинекей кызымды көтөрүп алып балдарымдын документтерин калыбына келтирүү үчүн чуркап жүрөм. Ошол кырсыктан эки күн мурда кызыма сүйүнчү пул алыш үчүн арыз жазган элем. Менин паспортум, кызымдын күбөлүгү, нике күбөлүгүбүз жанымда болуп күйбөй калды. Эми ошолордун негизинде үч баламдын туулгандыгы тууралуу күбөлүктөрүн калыбына келтиришим керек. Ар кайсы туугандарымдыкында төрт бала менен баш калкалап жүрүү деле оор экен. Эми окуу жылы жакындаган сайын мектепке эмне кийип барат деген санаа тынчтык бербейт. Ыйлап атып көз жашым түгөнүп, санаадан эмчек сүтүм чыкпай калды. Ыйлап атканымды көргөн улуу балам: “Апа, ыйлабаңызчы, сиз минтсеңиз бөбөгүм ачка калат”,-деп ого бетер зээнимди кейитет. Кечээ кулпунай терген талаада жумуш чыгып калды эле силерге жардам кылам деп ойлонбой жумушка чыкты. Бир чака кулпунайды 50 сомго терет экен. Байкесин көрүп эки балам да сиз менен иштейбиз деп атышат. Башыбыз аман калганына шүгүр. Жардам сурап көп жерге кайрылдым. Бир гана карапайым элден айланса болот экен. Менин абалымды угуп-билгендер өздөрү чалып үйүндөгү төшөгүн, балдарынын кийимине чейин бөлүшүп атышат. Балдарымдын абалына кайдыгер карабаган боорукер адамдардан жардам сурайм. Кандай жардам болбосун кабыл алганга даярмын. Менин тагдырым башкаларга сабак болор. Шылуунга ишенбегенде азыр минтип талаада калбай балдарым менен өз үйүмдө отурат белем дейм.

Майрамкүлдүн үй-бүлөсүнө жардам берүүнү каалагандар үчүн Элсом номери: 0702 82 15 05

Анара Дүйшөналиева

СоӊкуИлдар Акбутин: Жашоону бала тѳрѳлгѳндѳн эмес, ага чейин пландоо керек
КийинкиЭрнест Абдыжапаров: Айылга кѳчүп келгенден баштап кѳѳдѳнүм кеңейди, дем алганым тереңдеди