Оскар Райс: “Мен абдан жолдуу адаммын”
Адамдын ар бир мүнөтүндө кырсык тооруп турат дешет. Ага кабылган бир тең, андан кийин баш көтөрүп жашоону татыктуу улантып кеткен бир тең болсо керек. Кылган кызматынан көп адам сабак ала турган каарманымдын жашоосу мени да абдан таасирлентти.
— Оскар, аты-жөнүңүз өзгөчө экен?
— Бул менин каймана атым. Өз атым Аскар, фамилиям Турдугулов. Мени досторум Оскар деп чакырышат, фамилиямдын башындагы “Тур” деген сөз англисчеге “Rise Up” деп которулат. Ошондуктан мен өзүмө ошондой каймана ат коюп алгам. Социалдык тармактагылар мени каймана атымдан таанышат жана майыптыгы бар адамдардын укугун коргоочу катары билишет.
— Кырсыкка эмне болуп кабылдыңыз эле?
— Өзүм 2002-жылга чейин алты саным аман, басып жүргөн бала элем. Ашпозчулукта окуп жүрүп студенттик практикага “Рохат НБУ” пансионатына барган элем. Биз үчүн атайын коттедждер бөлүнгөн, эреже боюнча түнкү саат ондо уйкуга кетчүбүз. Ошол каргашалуу күнү мен коттеджге 10дон өткөндө келип, балкон аркылуу чыгууну чечтим. Жаш элем, ойлонбой туруп мурун да чыгып жүргөн тепкич менен көтөрүлө баштадым. Бул жолу тепкичтин мыгы чыгып кетип экинчи кабаттан жыгылгам. Кулап баратканда белим менен тепкичтин кырына урунгам. Жерге да туура эмес түшүп ошону менен эсимди жоготуп ал жерде таң аткыча жатып калыптырмын. Коопсуздук кызматындагы жигиттер мени эртең менен таап колуна көтөрүп жүрүшүптүр. А бирок ордумдан кыймылдатпай “Тез жардамды” күтүүсү керек болчу экен. Жүлүнүм кысылып калып ошол күндөн тартып жашоом түп-тамырынан өзгөрдү. Ал кезде мен, болгону, 18 жашта элем. Ал-күчкө толуп турган кезимде белимден ылдый кыймылсыз болуп калган денемди кабыл алуу психологиялык жактан абдан оор болду. Андан сырткары кантип каражат таап, кантип оокат кылам деген суроо жаралды. Ашпозчулук жумушумду улантып кетүү мүмкүн эмес болгондуктан өзүмдүн абалыма ылайык жумуш издей баштадым.
— Кандай жумуш таптыңыз?
— Үйдө 3-4 жылдай жатып калдым. Ошондо ата-энем компьютер сатып беришкен. Өз алдымча интернеттен ар кандай программаларды окуп үйрөнүп баштадым. Күндүзү спорт менен машыгып, түнү бою интернетте отурчумун, анткени түнкү лимит арзан болчу. Туугандарыма, тааныштарыма визитка жасап берип, сайт жасоонун жолдорун үйрөнүп жаттым. Азыр видеолорду көрүп артынан кайталап үйрөнүүнүн оңой жолдору бар да. Ал убакта жалаң гана окумай болчу. Ошентип, көптөгөн аракеттерим менен сайт иштеп чыгууну, мындан тышкары да көп программаларды өздөштүрдүм. Андан кийин мага үйдө отуруу аздык кыла баштады да, алган теориямды тажрыйба жүзүндө сынап иштегим келди. Кеминде 30 компанияга резюме жибергем, бирок баары баш тартып жатышты. Буга менин физикалык абалым эле эмес, тажрыйбамдын, дипломдун жоктугу себеп болду.
— Баш тартуулардан демиңиз сууган жокпу?
— Жок, анткени мен психологиялык китептерди көп окучумун. Анын арасында жетекчиге кандай мамиле жасоо керек экенин тереңдеп окугам. Ошонун негизинде адамды кайдыгер калтырбай турган психологиялык кат жаздым. Ал катты Жеңишбек Назаралиевдин клиникасына жөнөттүм, себеби ал жакта маркетинг бөлүмүндө иштегим келчү. Катта: “Мени жумушка алыңыз, сизге бир ай убакыт берем. Эгер кызматым сизди канаттандырбаса мага бир тыйын төлөбөй койсоңуз болот. Эч кандай таарыныч жок кош айтышабыз” деген сүйлөмдөр бар болчу. Ага чейин клиниканын кылган иштери тууралуу жакындан иликтеп билип алгам. Маркетинг тармагында эмнелерин жакшыртуу керек экенин да катта сунуш катары белгилеген элем. Жеңишбек Назаралиев өзү да психотерапевт, бири-бирибизди айттырбай түшүндүк. Маектешүүгө апам менен бардым, себеби жараат алгандан кийин кеңири чөйрөгө биринчи аралашканым ошол эле. 2008-жылдын июль айы болчу. Назаралиев “эми жумушка кантип барып келесиң, коомдук унаага түшө албайсың го” деп тынчсызданды эле, мен “мага тогуз ай убакыт бериңиз, унаа алам” дедим. Чечкиндүүлүгүм жакты окшойт. Бир ай сыноо мөөнөтүнөн өтүп 13 миң сом айлык алдым, ошол кезде ал жакшы эле акча болчу. Андан кийин ай сайын 500 доллардан ала баштадым.
— Тогуз айдан кийин унаа алдыңызбы?
— Биринчи аракетим унаа алуу болду. Себеби ага чейин эртең менен кошунам жумушка таштап койчу, кечинде коомдук унаа күтөм. Суук түшкөн сайын бутумдан сыз өтүп, көпкө турсам бутум, белим ооруй баштайт. Айтор, жакшы эле кыйналдым. Анан тогуз ай эмес, алты айдан кийин эле унаа сатып алдым. Бирок акчасын бир жылда бөлүп төлөө шарты менен. Назаралиев унаа алганымды укканда “эркексиң” деп колумду кысты. Жумуштан кийин такси кызматында да иштеп жүрдүм. Түнкү он экилерге чейин иштеп, 700 сом таза киреше тапчумун. Бул менин алгачкы, кичинекей ийгиликтерим десем болот.
— Чоң ийгиликтерди качан багынта баштадыңыз?
— Жаңы жашоо мага жага баштады. Жамаат менен бат тил табышып кеттим, жакшы кабыл алышты. Үйдөн чыкпаган жаным элге аралашып кадимкидей өстүм. Клиникада төрт жыл иштегенден кийин дагы өскүм келип “Мегаком” компаниясына резюме жөнөттүм. Маектешүүгө барсам топ менеджерлер курчоого алып ар кандай суроолорду бере башташты. Өзүмдүн кесибиме байланыштуу бүт суроого жооп бердим. Бирок адамды нес кылган суроолорго өтө башташты. Муну стресс-маектешүү дешет экен. Адамды күтүүсүз суроолор менен сынашат. Арасынан бир аялдын берген “ден соолугуңуз ушул абалда калабы?” деген суроосу мен үчүн жагымсыз болду. Ошентип, эки жумадан кийин жумушка чакырышты. Бирок ошол маектешкен аял мага жагымсыз сезим калтырыптыр, аны менен иштешким келбей жатканын сездим дагы, ал компанияга баруудан баш тарттым. Кийин Илим Карыпбековдун knews.kg сайтына ишке орноштум. Нөлдөн баштаган сайтты көтөрүп, бир жылда жакшы жыйынтыктарды көрсөттүк. Тажрыйба топтогон соң өз алдымча иштегенге даяр экенимди түшүндүм.
— Жеке ишиңиз кандай башталды?
— Ижарага кеңсе издеп таптым. Дароо эки кардар таптым, аларга жарнамалык роликтерди жасап, сайттарын ишке киргизип кызматташып жаттым. Жетишпей баратканда эки кызматкер алдым. Популярдуу маалымат сайттары менен иштештим. Бирок акыркы убактарда анимацияга кызыга баштадым. Жалпысынан моушн-дизайн дейт, буга жарнамалык роликтер, графика, мультфильм, анимация кирет. Бул иштен мен пайда эле эмес, ырахат да алам. Бир буйрутма үчүн эмгек акым 250 доллардан жогору. Жумуштун көлөмүнө, оордугуна жараша акы өсө берет. Бир эле Кыргызстан эмес, Орусия, Казакстан менен да көп жылдан бери кызматташам.
— Заманбап кесипти сизден үйрөнгүсү келгендер көп болсо керек?
— Көбү жазып, үйрөтүңүз деп сурашат. Ар бирине жазып отурсаң убактыңдын баары кетчүдөй. Андыктан анимация боюнча онлайн-курстарды иштеп чыгайын дедим. Биринчи сабакты өзүм жакшы сапатта видеого жазып даярдайм жана ал курсту белгилүү бир суммадагы акчага сатам. Анан ар бир окуган адамдан практика жүзүндө экзамен алам, эгер окуганын иш жүзүндө көрсөтүп бере албаса кийинки этапка өтпөйт. Эгер кызыгуусу бар болсо бир айда анимацияны үйрөнүп кетсе болот. Карантинде онлайн жумуш кандай актуалдуу экенин көрдүк. Мен эч кандай кыйынчылык тарткан жокмун, тескерисинче, буйрутма алып үйдөн чыкпай эле иштеп жаттым.
— Анимация тартуу канчалык деңгээлде кирешелүү?
— Киреше табам деген адам алгач “Ютубдан” канал ачып, ал жактан анимациялык мультфильмдерди жасап чыгаруу керек. Азыр ар бир бала мультфильм көрөт. Ошол көрүүлөрдөн эле акча түшүп турат. Бизде иштеп, миллиондогон катталуучу топтоп байыган балдар көп. Болгону, тынымсыз иштеп туруу керек. Мен тигүү цехинде иштеп жүрүп кийин аниматор болуп кеткен эжелерди тааныйм. Алар “бул жактын акчасы көп тура” деп кубанып жүрүшөт. Менин курсум 20-30 сааттан туруп, жалпы курстун акысы 3000 сом болушу мүмкүн. Бирок андан ары өздөштүрүп кетсе жүз эселеп акчасын актап алса болот. Ал тургай кардар табуунун жолдорун да үйрөтөм.
— Сыр болбосо кантип?
— Азыр билимиң жөнүндө дипломду эч ким карабайт. Негизгиси, мээң иштеш керек. Портфолио дейт, ал жакта эмгектериң камтылат. Портфолиодо эмгегиң канчалык көп болсо, кардар көрүп кызыгат. Ошол портфолио түзгөндү, аны дизайнерлердин арасындагы сайттарга жайгаштырганды үйрөнсө болот. Айтор, иштегиң келсе бул тармакта жакшы мүмкүнчүлүктөр көп.
— Мисалы, сиз азыркы тажрыйбаңыз менен чет жакка иштеп кетсеңиз болбойбу?
— Көп адамдар мигрант болуп чет жакка кетип жатышат. Кара жумушта иштешет, бирок айлыгы аз. Эгер моушн-дизайнды өздөштүрсөң үйдөн чыкпай эле дүйнө менен байланышта болуп жакшы акча тапсаң болот. Кыргызстандын абасы менен дем алып, суусун ичип, жаратылышына суктанып, бирок чет мамлекет менен алака түзүп кызматташуу ар бир адамдын кыялы. Мен чет жакка кетмек тургай акыркы учурда тынч айыл жергесине көчүп кетким келип жүрөт. Шаардын ызы-чуусунан да тажап жүрөм. Айылга өзүмө ылайык үй салып алып, онлайн иштей берүүнү максат кылып жатам.
— Жубайыңыз да ушул тармакта иштейби?
— Келинчегим сулуулук тармагындагы адис. Бирок азыр карантинден улам жумушу солгундап калды. Он үч жаштагы кызым бар, экөөнө анимацияны үйрөтүп жатам. Буюрса, эки жумадан бери жакшы жыйынтыктарды көрсөтүп жатышат. Келинчегиме абдан ыраазымын. Менин идеяларымды, кандай иш баштабайын дайыма колдоп келет. Бир көрүп жактырып баш кошком. Жашоодо жубайдан да, кесибимден да жолум болгон ийгиликтүү адаммын десем жаңылышпайм.
Анара Дүйшөналиева