Алмаз: «Азыркы жашоомо ыраазымын, себеби көп нерсенин баркын билдим»
Алмаз арабада отурган абалына карабай ырчылык менен алектенип, татыктуу жашоого бел байлап келет. Башынан ѳткѳргѳн кыйынчылыктар аны бир канча жыл артка тартканы менен жашоого болгон сүйүүсүн, умтулуусун жок кыла алган эмес.
“Бала күнүмдѳн ырчы болгум келчү”
- Түбүм Нарындын Ак-Талаа районунан болот. Азыр ата-энем, бир туугандарым менен Сокулук районунун Жаңы-Жер айылында турабыз. Атам айдоочу, апам кыргыз тили жана адабияты мугалими. Мен үч бир туугандын улуусумун. Мектеп курагымда атамдын тилегин орундатуу үчүн милиция кызматкери болууну каалачумун. Бирок жүрөгүмдө ырчылыкка болгон сүйүү, каалоо андан күчтүү эле. Мектептеги маданий иш-чара, сынактарда талантымды тартуулап, эл алдына чыгып жүрдүм. 9-классты аяктагандан кийин Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайга тапшыргам. Учурдагы белгилүү ырчылар Айдана Дека, Зарлык Камбаралиевдер менен тайпалаш элем. Тилекке каршы, 2-курс кезимде кырсыктап, окуумду аяктабай калдым.
“Досумдун опсуз тамашасы омурткамды сындырды”
- Музыкага аралаша баштаганда мектептен анча жакын болбогон бала менен ынак болуп кеттим. Ал бала мени абдан катуу тамашалачу. «Шаарга чыгып адам тааныбай калдың. Эми сен ырчысың да…» деп тамаша-чындап таарынычын да билдирчү. Мен досумдун сөздөрүнѳ капаланчу эмесмин. Анын сөөккө жеткире ачуу сүйлөгөн адатын билген башка балдар “ушунун сөздөрүн кантип чыдап кѳтѳрѳсүң?”- дешчү. Эки жылдан соң ал да мектепти аяктап, медициналык окууга тапшырды. Алыстап кеткен элек, бир жолу телефон аркылуу сүйлѳшүп калганда «мени эле айтасың, өзүң эмне жоголуп кеттиң? Көзүңдү май басты», деп тамашалап койдум. Бул сөздөр ага катуу тийди окшойт, «жанымда болбогонуңа кубан, болбосо жаман кылмакмын» деди. Ошол бойдон байланыш үзүлдү. Бир айдан кийин бир концерттен экөөбүз жолугуп калдык. Ал баягы сөздөрдү кайталап, кыялы буулуп калды. Жаштайынан күрөшкө катышчу, тамашаны түшүнбѳй мушташкысы келип туруп алды. Дароо мени көтөрүп эки-үч жолу артка чапты. Башым айланып, денем кысылып баштаганда бизди коштоп барган балдар арачалап, тиги досум кечирим сурады. Андан ары айылдан алыс эмес токойго чогуу барып эс алып, сууга түшкөнүмдү билем. Көзүмдү ачсам эч жерим кыймылдабай калыптыр.
“Сырыбызды бир жарым жыл сактадым”
- Көрсө, мени көтөрүп жерге чапкан кезде эле моюн омурткаларыма доо кеткен экен. Нес абалда басып жүрө бериптирмин. Кыймылсыз болуп калганымда деле омурткам сынганын билишпей мени ары-бери көтөрүп, унаада чайкалтып алып жүрѳ беришиптир. Андан улам абалым оорлоп, дарыгерлерге жеткенимде өлүп калышым мүмкүн экендигин айтышыптыр. Орган кызматкерлери келишти, аларга өз ара сүйлөшкөнүбүздөй эле “сууга секирдик” деп койдук. Жадагалса ата-энеме да ооз ачкан жокмун. Себеби омурткаларымдын сынганын мынчалык олуттуу кабыл алган жокмун, бутум сынган сыяктуу эле убакыттын өтүшү менен айыгып, басып кетем деген ойдо элем. Бирөөгө арызданууну да намыс көрдүм. Кудай сактап операция ийгиликтүү болгон. Ак халатчандар үч айда бутума турарымды айтышты. Муну укканда үч айдан кийин акыбалым сонун болорун элестетип жеңилдеп калдым. Бирок мунун баары доктурлардын мага берген шыгы гана экен. Үч ай бою башымдан баштап бутумдун учуна чейин кыймылдабай, сезбей бир калыпта төшөктө жаттым. Кулагым угуп, көзүм көргөнү эле болбосо, күн-түн дене табым кыркка чейин көтөрүлүп, алым жок жаттым. Ошондой абалда да доктур айткан үч айды чыдамсыздык менен күттүм. Бир күнү өзүмѳ байкоо салсам сөөктөрүм бирден саналып, салмагым кырк килограмм болуп калыптыр. Бир аз башымды көтөрүп отурууга аракет кылсам көзүм караңгылашат. Тамакка табитим жок. Бир кашык ашты араң ичем. Алсыздыктан улам акыркы кезде жаткан жеримден эле өзүмдү жогото баштадым. Анан жакшы болууга ѳзүм аракет кылууну чечтим. Бир-эки кашыктан тамак жеп, кадимкидей кубат топтоп баштадым. Алгач башымды жаздыкка жөлөп отурууга жарасам, бир жарым жылда өзүм отурууга үйрөндүм. Колдорум да кыймылга келди.Ушундай оор күндѳрдѳ азабымдын кѳбүн тарткан апам болду. Жашынып ыйлап келгенин көрүп ичимден бушайман болом. Ата-энемдин ушунча азап чегип атканын ойлодум да, бир жарым жылдан соң окуя тууралуу жакындарыма айттым. Арыз жазылды. Тилекке каршы, анын ата-энеси “билгениңерди кылгыла” деп тоготушпады. Күбѳ болгон эки бала “урган эмес, сууга барып бийик жерден секирген” деп коюшуп менде күбө жок болуп калды. Далилдөө үчүн каражат менен убакыт бизде жок эле.
“Өзүмдү колго алдым”
- Жашоомо ушундай кыйынчылык, оор сыноо келгенде досторум иргелди. Кимдин ким экендигин түшүндүм. Эски тааныштарга караганда кийин таанышкан адамдар чын дилден мамиле кылышат. Эскилер эскерүүлөрдө эле калышты. Өмүрү ыр жазбаган жаным “Ооруп жатам жалын отко күйгөндөй,/ Жылаңайлак чокту басып жүргөндөй./ Ооруп жатам колу-бутум таш болуп, / Кийими жок ызгаар кышта жүргөндөй. / Ооруп жатам, оорубасын эч бир жан, / Аллахымдан жалбарып мен суранам. / Мейли, даңкың, мейли, акчаң жок болсо,/ Ден соолук бар, шүгүр кылгын бир тууган!” деп ыр жаздым. Ушул ырым бир гезитке жарыяланган. Ошондо социалдык өнүктүрүү министри окуп калып ооруканага барып дарылануума каражат бөлүп берген эле. Ал байкеге азыр да ырахмат айтам. Ооруканага барганда менде чындыгында иммунитет пайда болду. Жакшы болушума бир гана дары-дармек кабыл алуу эмес, машыгуум да зарыл экендигин угуп реабилитациялык борборго бара баштадым. Ошол жерден акыбалы меникинен начарларды көрүп шүгүр кылдым. Бир буту, эки колу жок адамдарды көрүп нес болдум. Бирок өздөрү каткырып-күлүп бактылуу. “Буту жок болсо эмне жыргайт?” деп таң калчумун. Бир күнү эки буту тең жок бир байке келип: “сен депрессия болуп атасың, аркаңда апаң кыйналып жатат. Минтсең апаңды жейсиң. Менин бутум кесилгенде өзүмдү таштап коюп, азабымдан апам өлүп калган”,- деди. Байке ошол маалда таксист болуп иштээрин, үй-бүлөсү бар экенин айтканда чөгүп бараткан саздан чыккандай болдум. Апамды ойлоп кадимкидей көзүм ачылды. Мурдагыдай ыйлабай калдым. Үйдө отурганда ырдап, ырларымды жазып жаттым. Чет жерден бир эже ай сайын акча салып машыгуу залына бардым. Бир айда өз алдымча арабага отурганды, жуунганды өздөштүрдүм да, “эмки жылы тойлорго чыгып иштейм” деп максат койдум.
“Алгач аяп карашат, анан ырыма арбалып калышат”
- Бир жыл мурун досумдун тоюнда конок болуп отуруп анын суранычы менен шаңдуу ырларды ырдап калдым. Коноктор кол чаап, бийлеп киришти. Заматта бийге түшкѳн элдин ортосунда калдым. Бул менин майып болуп калгандан бери биринчи жолу ырдашым эле. Микрофонду сагынып калыптырмын. Антрактта эшикке чыксам “үнүң жакшы экен” деп дагы ырдоомду суранып жатышты. Ошол тойдон кийин тааныштар улам бири-бирине айтып отуруп эле тойлорго чакыруулар боло баштады. Тойго барган сайын тамадалар менен таанышып, алар аркылуу туруктуу ырдап иштеп кеттим. Коомдон бир топ эле алыс болуп калгам да, тойдо арабачан ырдоо башында кыйын эле болду. Уялчумун. Коноктор мени таңыркап карашса ыңгайсыз болуп, кысылып кетчүмүн. Бирок антип биринчи аёо менен карагандар бир ырдаганымдан кийин эле арабада экенимди этибар албай калышат. Ырдап, сүйлөп элди өзүңө буруп алган соң баштагы тоскоолдуктар жоголуп кетет. Тойдон кучактап, өпкүлөп ийгендер да болот. Мен эч качан фонограмма менен ырдабайм. Мени кыйнаган бир маселе – заңгыраган тойканаларда майып адамдарга шарттар каралган эмес. Ошондуктан жаныма дайыма бир баланы алып жүрөм. Ага тапканымдын 20%ын берем. Такси менен жүрѳм. Атайын деле койгон баам жок, тамаданын сүйлөшкөнүнө жараша ала берем. Андан тышкары ырдап жатканымда бир топ акча кыстарышат. Бир жолу ушундай кыстаруу менен бир тойдон 6000 сом тапкам. Азырынча, эски чыгармаларды эле жандуу ырдап жүрѳм. Ѳзүм чыгарган обондуу ырларымды жаздырууга шартым туура келбей жатат. Буюрса, акча чогултуп ырларымды чыгарып, клип тарттырам. Азыркы акыбалыма, жашоомо ыраазымын. Себеби кыйынчылыкта ар бир нерсенин кадыры билинет экен. Ошого жараша бакытты да баалап сезем. Менин ушундай тагдырыма себепкер болгон тиги баланы болсо эстегим да келбейт, баарын Кудайга койдум. Ата-энем бир кезде тѳшѳктѳ бактырып калган уулунун чыйралып, эл алдында ырдап жатканына сүйүнүшѳт, мени менен сыймыктанышат.
Айгерим Токтобай кызы