Жанат: “Элимдин жардамы менен кызыма операция жасалды”
Мындан бир нече ай мурун кызынын ден соолугу үчүн жардам сурап жүргөн эне кызына ойдогудай операция жасата алган. Эми ал үчүн элине ыраазычылык билдирип, бакыт, тынчтык, ынтымак каалап отурду.
“Кызымдын оорукчан болуп төрөлөрүн билчүмүн”
- Жолдошум экөөбүз мончоктой эки кыздын ата-энесибиз. Бишкек шаарында жашайбыз. Жолдошум таксист, мен кыздарым менен үйдөмүн. Улуу кызыбыз 2017-жылы сак-саламат жарык дүйнөгө келген. Ал эми кичүү кызыбыз Айша эки жылдан кийин: миеломенингоцеле (омурткалардын, кыр аркалардын ѳспѳй калып, жүлүндүн кабыкчасынын сыртка чыгып калышы), гидроцефалия (башта суунун, тагыраак айтканда, башта жүлүн суюктугу болгон ликвордун ашыкча топтолуп калышы) деген диагноздор менен төрөлгөн. Кызым мындай болуп каларын кош бойлуулугумдун 29-жумасында УЗИден билгем. Боюмдан алдырып салуу тууралуу да айтышкан. Бирок, мөөнөтүм чоң болгондуктан гинекологдор баш тартышкан. Кызым төрөлгөндө эле башы чоң, омурткасында муштумдай жаракаты бар эле. Тактап айтканда, 4 омурткасы деформацияланып, жүлүн кабыкчасы сыртка чыгып, башына суу толуп турчу. Мындан улам нерв-булчуңдарына, бут-кол кыймылдарына, акыл-эсинин өсүүсүнө терс таасир тиет. Мындай абал адамдын организминде фолий кислотасы жетишпегенде пайда болот тура. Ошол себептен кош бойлуу айым баланын саламаттыгы үчүн зарыл болгон витаминдерди маани берип ичиши керек экен.
“Кызым наристе күнүндѳ чоң кыйынчылыкты башынан өткөрдү“
- Кызымдын абалы оор болгондуктан төрөлгөндөн кийин реанимацияда бир апта жаттык. Андан соң “Эне жана баланы коргоо” улуттук борборуна которушкан. Аталган ооруканадагы нейрохирург текшерип, “1 айдан кийин келгиле, эгерде башы дагы чоңойсо операция жасап, организмден сорулуп сыртка чыгып турушу үчүн атайын түтүкчө коёбуз” деди. Бир ай жатып барсак башынын диаметри 10 сантиметрге чоңоюп кетиптир. Операция жасалып, башына шунт (түтүкчө) коюлган. Ал эми омурткасына жасалуучу операцияга жаш курагы туура келбесин айтышкан. Кызыма 7 ай болгондо грипп болуп, №3 балдар клиникалык ооруканасына жаттык. Андагы балдары миеломенингоцеле менен туулган энелер “мындай балдарга тѳрѳлгѳндѳн кийин 1-2 ай ичинде эле жасатуу керек экен, биз жасаттык” дешти. Аны угуп биз ошол ооруканадан операция жасаттык. Ал операцияда хирургдар жүлүнгө тийбей эле, үстүнө толгон суюктуктарды тазалап туруп тигип беришкен. Аларга рахмат, колдорунан келгенин жасап беришти. Азыр кызыма 1 жаш 7 ай болду. Башын жакшы кармап калды, бирок отура албайт. Акыл-эси болсо жакшы. Кызымдын белинен ылдый жагы иштебейт. Заарасы толук чыкпагандыктан 7 айынан тартып катетер колдонуп келебиз. Эгерде заарасы толук чыкпаса бөйрөгүнө күч келип, башка оорулардын да жаралуу коркунучу бар. Омурткасына бир нерсе тийсе оорутуп ыйлайт. Катетер колдонсок деле заарасы толук чыкпай, ичи көбөт. Кээде дене табы көтөрүлүп кетет. Заңы да катып, кыйналып, атайын свечаларды колдонобуз.
“Чет жерде дарыланууга каражат гана керек”
- Түркияда медицина, технология өнүккөн. Заманбап аппараттар бар дегенди угуп Кыргызстандагы “Аджибадем” жеке менчик клиникасынын кеңсесине барып нейрохирургунан консультация алганбыз. Кызымдын аркасындагы жараны жаап берүү үчүн эле операция жасалат деп чечкенбиз. Эгерде жүлүнгө операция жасалып, бутуна таасир берсе басып кетүү мүмкүнчүлүгү болот эле. Тилекке каршы, бутка кеткен нервдери өлгөн экен. Башкысы, аркасын жакшы жаап беришти. Болбосо,ачык жерге инфекция кирип кетсе, дагы башка ооруларды чакырмак. Ошондо операция, андан кийинки дарылануу, котормочунун кызматы, билет баасы биригип 17 миң АКШ доллары деп айтышкан. Биз бул каражаттты кайрымдуу элдин жардамы менен таап, тилегенибиздей операция жасаттык. Кыргыз элиме терең ыраазычылыгымды билдирем. Бизге кол сунган ар бир инсанга рахмат айтам. Чет жердеги дарылануу тууралуу айтсам, бир гана техникасы менен эмес, бейтаптарга жасаган жылуу мамилелеринен жүрөгүң жылыйт. Палаталары беш жылдыздуу отелде жаткандай сезим калтырат. Чет жерден келгендерди бир гана жеке менчик ооруканаларда кабыл алышат. Дарыланууга келген адам ооруканада беш күн жата алат, андан кийин мейманканага чыгууга туура келет. Жатакана менен тамак-ашыңдын чыгымы өзүңдөн болот. Биз тандаган эң арзан деген мейманканага күнүнө 1600 сомдон тѳлѳдүк. Мунун ичинде эртең мененки тамагы болду. Жалпы 50 күн жаттык. Тамактар абдан кымбат экен. Бир жакшы жери, эгерде бир канча убакыт ооруканага бара турган болсоң оорукананын унаасы бекер алып кетип, алып келип турат. Мекениңе кайтууда аэропортко чейин жеткирип барышат. Бул жакка келе жаткан бейтап кошумча акча алып алуусу зарыл, кошумча чыгымдар сөсүз чыгат. Мисалы, мага МРТны 450 доллар деп эсептешкен. Келгенде 3д МРТ 950 доллар болду. Анан келе жатканда акчаны долларга алмаштырып туруп, накталай эле алып алган туура болот экен. Биздин акча картада болчу. Ал эми картадагы акча которулганда бизге эле минус болот экен. Бул жакка даба издеп келген ар бир мекендешиме чың ден соолук каалайм.
Айгерим Токтобай кызы