Негизгиге Тагдыр Толкун Рахматова: Контейнерде уктап, заманбап үйдө ойгондум

Толкун Рахматова: Контейнерде уктап, заманбап үйдө ойгондум

8300

Мындан беш ай мурда контейнерде баш калкалап келген акушер Толкун Рахматова учурда беш бөлмөлүү заманбап үйдө жаткан кези. Тамаша-чыны аралаш “өзүмдү “Такебай” тасмасындагы каармандай сезип атам, контейнерде уктап, кычыраган үйдө ойгондум” дейт. 15 жылдык мээнетинин акыбети кайтып кантип үйлүү болуп калганын ал төмөнкүдөй айтып берди.

“Кышкысын суук, жайкысын ысык болгон темир үйдө жашоо оор эле”

– Мен Талас облусунан болом, өзүм ошол жактан медициналык окуу жайдын акушер бөлүмүн бүтүрүп, Киров райондук ооруканасынын хирургия бөлүмүндө иштеп калдым. Жолдошум менен таанышкан жайым да кызык. Ал кошунасы менен мушташып кетип бири-биринин мурдун сындырып биздин ооруканага түшүп калыптыр. Ошондо таанышып, жылдызыбыз келишип көп өтпөй баш коштук. Бир үйдүн улуу келини болуп бардым. Бирок жолдошум экөөбүз тең күткөн бала боюмда болбой жатты. Ошондо дарыланалы, иштейли деп борборго көчүп келдик. Мен өз кесибим менен Восток айылында иштеп калдым. Жолдошум май куюучу жайда, соода түйүндөрүндө, айтор, бир эле учурда үч жумушта иштеп жатты. Биринчи кызымды 2006-жылы төрөдүм, андан кийин эки уулдуу болдук, эң кенжебиз 2017-жылы төрөлгөн. Үйүбүз жок болсо да эл катары батирлеп күн кечирип келгенбиз. Жолдошум ооруп, тапкан-ташыганыбыздын баары анын дары-дармегине кетип каржы жагынан кыйналып калдык. Батирдин акчасын да төлөй албай калганда жергиликтүү бийлик өзүм иштеген үй-бүлөлүк дарылоо бөлүмүнүн жанына 40 тонналык контейнер коюп беришти. Ичин эптеп жылууламыш эттик, күнү-түнү жылыткыч сайып койчубуз. Электр энергиясын бекер кылып беришкен. Ошентсе да свет өчүп калган күндөрү көмүр, отунубузду жүктөп алып Ново-Покровкада жашаган кайын ата-энемдикине барчубуз. Айтор, кышкысын суук, жайкысын ысык болгон темир үйдө жашоо оор эле болчу.

“Беш жыл гемодиализ алган жолдошум жайында каза болуп калды”

– Беш жыл мурда атабыздын бөйрөгүнө суук тийип ооруканага түшүп калды. Жаш кезинде ар кимдин айдоо талаасын сугарчу экен, балким, ошондон бөйрөгүнө суук тийдиби деп ойлойм. Дене табы түшпөй, эки бөйрөгү тең иштен чыгып гемодиализ аппаратына байланып калды. Бир жумада үч жолу 18 миң сомго гемодиализ алып жатты. Туура 11 ай алганда мамлекеттин каржылоосуна которулду. Ага чейин эптеп жер алабыз, үй салабыз деп чогулткан акчабызды жумшадык. Элге карыз болдук, достор колунан келген жардамын берип жатты. Аягында айла кеткенде кайрымдуулук концертин уюштурдук. Жолдошум ооруса да жатып алган жок. Кышкысын эшиктин алдына көмүр түшүрүп элетип, мүшөктөп сатчу. Кара жумушка жарабагандыктан үйдө балдар менен болуп, тиричилигин кылып жатты. Акча табуу, балдардын курсагын тойгузуу жоопкерчилиги мага жүктөлдү. Пандемия маалында жолдошум катуу ооруп калды, коронавируска тест тапшырсак таза чыкты. Үйдө алып жатуу мүмкүн эмес эле, анткени өзүм айылда оорулууларды карап жаттым. Ал эми жолдошума 24 саат бою доктурдун көзөмөлү керек болду. Ошон үчүн Кант шаардык ооруканасына жаткырып гемодиализ алып жатты, бирок акыркы күндөрү абалы оорлошуп жандандыруу бөлүмүнө түшүп калды. 1-июль күнү өзүнө келбей каза болду. Беш жыл үзгүлтүксүз гемодиализ алып аягында иммунитети түшүп ооруну көтөрө алган жок. Достору чогулуп бүт чыгымын мойнуна алып жолдошумдун сөөгүн Таласка алып кеттик.

“Кайын журтум” менен мамилем бузулду

– Жолдошумдун көзү тирүү кезинде насыяга унаа алганбыз. Себеби жолдошум гемодиализди күн же түнү алат. Аны алгандан кийин төрт саатка чейин өзүнө келе албай коомдук унаада жүрө албай кыйналат. Мындан улам өз унаабыз менен ташып туралы дегенбиз. Анын насыясын төлөп бүтө электе жолдошум каза болуп калып, банкка 70 миң сомдой карыз болуп калдык. Айылда өзүбүз алган уюбуз бар эле, аны шаарга алып келип сатып насыяны жапмай болдум. Уй кайын сиңдимдин үйүндө болчу, мен шаардан унаа айдатып барып жүктөп жолго чыкканбыз. Күйөө балам кайниме чалып “жеңем уйду алып кетти” деген экен, кайним жолубуздан чыгып, унааны талкалап уйду тартып алды. Анысы аз келгенсип “Уйду уурдап алып кетип баратат” деп үстүмдөн арыз жазышты. Ошентип, күйөөмдүн кыркылыгы өтө электе карамды сүйрөп милицияда жүрдүм. Малга деле ичим ачышкан жок, баарынан да мени жаманатты кылып өз уюмду өзүм уурдады кылгандарына жиним келди. Аягында баарын Кудайга койдум. Кайын журтумдун мамилесин көргөндөн кийин күйөөмдүн достору акча чогултуп насыяны төлөп беришти. Ново-Покровкадагы жерди да жолдошум 2005-жылдары эле алып койгон, бирок кызыл китеби жок болчу. Кайын энем кызыл китепти өзүнө чыгартып алып ал жер тилкеден да куру жалак калдык. Кайын журтум менен мамилем ошондон кийин үзүлдү.

“Жомоктогу жашоого туш болуп калгандай болдум”

– Күйөөмдүн кыркылыгын бергенден кийин жумушка чыгуум керек эле, балдарымды багуу деген түйшүк мойнумда. Анын үстүнө ошол учурда ооругандар көп болуп, айылдагылардын саламаттыгына кам көрүү керек болду. Айыл тургундары мени төрт баласы бар жалгыз бой аял катары жакшы таанышат, күйөөм ооруганын да жакшы билишет. Кээде кайрымдуулук кылып азык-түлүктөн каралашып турушат. Ушундай күндөрдүн биринде журналист Жибек Бегалиева мен тууралуу репортаж даярдап кеткен. Ал жерде мен контейнерде жашоо оор экенин айткан элем. Ошондон кийин “Ильшат” кайрымдуулук фонду мага көңүл бурду. Буга чейин алардын айыл жергесине кылган кайрымдуулук иштери көп болчу. Бир чети айылдагы аксакалдар жамааты да кеңешип менин кыйналып атканымды айтышыптыр. Фонддун өкүлү Азиз Исмагамбетов мага арнап үй салынарын айтканда ишенген жокмун. Кантип эле даяр үйгө кирип калайын дедим. Сентябрь айында жумушумдун жанынан 5 сотых жер тилкени 8 миң долларга сатып алышты да, курулуш иштери башталды. Буйрутманы курулуш фирмасына беришкен экен, бат эле пайдубалы туруп калды. Улам контейнердеги үйүмдүн терезесинен башымды созуп карап коём, жумуш күндөн-күнгө илгерилей берди. Балдарыма да “ушул үй бизге салынып атат” деп койгом, алар күн санап күтүп атышты. Ошентип, 24-декабрда үйдү толугу менен бүтүрүп берип ачылышын жазашты. Үйгө көчүп киргендеги сезимди сүрөттөп айтып бере албайм, жомоктогу жашоого келип калгандай болдум.

Кубанычтан көз жашым тыйылсачы… Жалпы аянты 93 чарчы метр, беш бөлмөлүү, короо-жайы тосулган үй. Ичинин баары заманбап жасалгаланган, шарты сонун, полу жылуу экен. Мени от жагып убараланбасын деп электр энергиясы менен жылыгыдай кылышыптыр. Кокус жарык өчүп калса үйдүн ичиндеги жылуулук 38 саатка чейин кармалып турат. Бир аз эмерек алып беришти, калганын өз үйүмдөгүнү көчүрүп келдим. Келген күнү жыт чыгарып, айыл аксакалдарына чай берип батасын алдым. Алгачкы күндөрү ушул үй меники экенине ишенбей таң аткыча уйкум качып атты. Кызым Айгерим дайыма өзүмдүн бөлмөм болсо деп кыялданчу, азыр кубанычында чек жок. Улуу баламан “үйлүү болгонубузга кубанып атасыңбы?” деп сурасам, “сиздин оорубай маңдайыбызда болгонуңузга кубанып атам” дейт. Атасынын ооруганына улам балдарым да өлүмдөн коркуп калышты окшойт. Мени капа болот дейби, мага көрсөтпөй кээде атасын эстеп ыйлашат. Азыр бул үй фонддун карамагында экен, кийин баламдын наамына которуп беребиз дешти. Басып-туруп боорукер адамдарга ыраазычылык айтып, өмүрүн тилеп атам. Өзүм болсо ушул айылда 15 жылдан бери иштейм, айлыгым 9500 сом болгондуктан балдарга жөлөк пул берилбейт экен. Кошумча жумуш болсун деп бала бакча менен мектепке да орношуп алгам. Ишим эртең менен башталат, түшкү саат экиге чейин ФАБда иштейм. Андан кийин айыл ичиндеги жаңы төрөгөн келиндерди көрөм, баса албаган абышка-кемпирлердин, ооругандардын саламаттыгын үймө-үй кыдырып текшерип чыгам. Айылыбызда 3500 адам жашайт, “Биримдик” конушунун тургундары да бизге карайт. Айтор, жумуш көп. Ошентсе да кылган ишим өзүмө жагат, адамдарга пайдамды тийгизип атам. Буга чейин кантип темир үйдө кыштаар экенбиз деп санаа тартып, жүрөгүм түпөйүл болуп турчу. Азыр санаам тынч, балдарым жылуу үйдө, көңүлүм ток иштейм. Менин үйлүү болгонумду уккан туугандарымдан тартып тааныбаган адамдар да куттуктап чалып жатышат. Ушундай пейили кең, боорукер адамдар көп экени кубандырбай койбойт.

Анара Дүйшөналиева

(Маалыматты биздин булакка активдуу шилтемеси жок же уруксатсыз алууга тыюу салынган. Редакция)

Жооп калтыруу

Please enter your comment!
Please enter your name here