Негизгиге Интервью Актан Рыскелдиевдин агасы Дастан Жапар уулу: Актан мени ээрчип беш жарым жашында...

Актан Рыскелдиевдин агасы Дастан Жапар уулу: Актан мени ээрчип беш жарым жашында мектепке барып алган

2615

Тамада, актёр, алып баруучу Актан Рыскелдиев өзгөчө образдарды элдин эсине сиңире алган, идеяга бай, ачык мүнөз шайыр жигит. Бир тууган агасы Дастан мырза да тасма талаасында үзүрлүү эмгектенип келе жаткан инсан экенин кѳпчүлүк биле бербейт. Бүгүн таланттуу ага-ини тууралуу кѳшѳгѳ артында тоодой эмгек кылган режиссёр Дастан Жапар уулунун оозунан угалы.

— Дастан мырза, кѳпчүлүк сиздин Актан Рыскелдиевдин агасы экениңизди биле бербейт экен…

— Биз үч бир тууганбыз, Актан экөөбүздүн жалгыз карындашыбыз бар. Актан башка, мен башка фамилияда болгондуктан биле беришпесе керек. Анын үстүнѳ келбетибиз да окшошпойт. Мен атама, иним апама окшош. Экөөбүз бирге иштеген жумуштар аз, чогуу деле жүрбөйбүз. Ал турсун жолуккан күндөрүбүз деле аз болот. Дайыма ээрчишип чогуу жүрсѳк, балким, билишмектир.

— Экөөңүздөрдө кандай айырмачылыктар бар?

— Келбет, темперамент, кулк-мүнөз боюнча такыр эки башкабыз. Чыгармачыл жана иштин майын чыгара жасаганды жакшы көргөнүбүз гана окшош. Актан аябай тууганчыл, бардык туугандарыбыз менен дайым байланышып турат. Мен бир жумушка кирсем, ошону менен эле алек болом. Иним болсо төрт-беш ишти бир алып кетет. Буга жогорку окуу жайда окуп жүргөн кезде бир нече курсту, “Тамашоуну”, жумушун да алып кеткени далил. Ар тараптан өзүн өнүктүрдү, ушул жагынан иниме абдан баа берем, ыраазы болом. Азыр да үй-бүлө, тууган, чыгармачылык, коомдук иштерге, баарына жетишет.

— Ага-ининин искусствого кызыгуусунун сыры эмнеде?

— Ата-энебиз – педагогдор. Алар бизди кичинебизден чыгармачылыкка жакын тарбиялашкан экен. Эсимде, атам педагогикалык училищеде мугалим болуп эмгектенип жүргөндө бизге ар кандай боёкторду, кагаздарды алып келчү. Биз боёкторду каалагандай чылап алып чоң кагаздарга сүрөт тартчубуз. Андай кагаздар биз теңдүү башка балдарда жок эле. Фантазиябызга жараша каалагандай образдарды тартып ойноп, анын таасири астында иним экөөбүздө тең чыгармачылыкка болгон кызыгуу ойгонуп, ушул тармакка кадам таштадык. Мектепте окуп жүргөндө баары суктанып “кыйын сүрөтчү болосуңар” деп айтышчу. Экөөбүз мектепти бирге аяктап, Актан Искусство институтунун маданий-социалдык тармагына, мен кинооператор бөлүмүнө бюджетке өтүп кеткенбиз.

— Иниңиз бала кезинде абдан тентек болгон экен. Бала чагыңызды эстегенде кайсы окуя көз алдыңызга тартылат?

— Экөөбүз тең эле тентек болчубуз. Нарын шаарында чоңойдук да, Нарындын болгон бурчуна тентип, тоолоруна чыгып, Нарын суусуна дагы түшүп ойночубуз. Апам менен атам төртүнчү кабаттан чоң суунун жээгинде ойноп жүргөнүбүздү көргѳн сайын урушуп, сабачу. Ага деле карабай тентип кете берчүбүз. Кандай суу болсо да түшүп көрчү элек. Тилибиз чыга элек кичинекей кезибизде Нарындагы жогорку каналдын жээгиндеги гүлдөрдү терип жатып иним агып кеткен. Аны куткаруу үчүн артынан мен секирип, экөөбүз тең жандандыруу бөлүмүнө түшүп өлүмдөн араң калганбыз. Кайра эле анын баарын унутуп кышында ошол суунун үстүндө муз тепчүбүз. Ата-энебиз жумушка кеткенде ачкычты жогото берип акыры мойнубузга илип же колубузга байлап берип калышкан. Ачкыч жоготкон сайын уруш укчубуз. Бир ирет тоодон муз тепкендей чаң ызгытып түшүп ойноп атып дагы ачкычыбыз жоголду. Кечинде токмок жээрибизди элестетип алып топурак-кумду шилеп жатып таап чыкканбыз. Таап алгандагы сүйүнгөнүбүздү сурабаңыз. 1990-жылдары азыркыдай оюнчуктар жок, тегерек-четтеги куураган чөптөрдү өрттөп ойночубуз. Бир жолу желим баштыктарды күйгүзүп, эриген тамчыларын чөптөргө тамчылатып жаткам. Актан эңкейе калып баштыктын ысык тамчысы бетине жабышып калды. Чочуп катуу тартып ийсем териси сыйрылып кеткен. Азыр ошол тырыгын “байкем коюп берген мѳѳр” деп калат. Ата-энебиз экөөбүзгө чогуу мага тамга үйрөтүп, Актан мени менен кошо жарышып китеп, гезиттерди окучу. Мен 1-класска кадам таштаганда Актан беш жашта эле. Мени ээрчип барып мектепти сагалап жүрө берчү. Мугалимдер атамдарга “балаңар жылаңаяк жүрөт” деп айтышчу. Ошентип, калбай жүрүп февраль айында мектеп окуучусу болуп алган.

— Актан мырза көздөгөнүн бербеген, эч кимди укпаган адамдай көрүнөт. Сизди угабы?

— Актанда лидерлик сапаттар бар, ошого ушундай туюлса керек. Бирок үй-бүлөдө биз менен кеңешет, сөзүбүздү угат. Олуттуу маселелер болсо сөзсүз кеңеш сурайт. Жакында эле бир долбоордун көрсөтүүсүнө барганда өз сын-пикир, сунуштарымды айттым. Жакшы кабыл алып, “кийинки долбоорлордо мындай катачылык кетирбешим керек” деди.

— Иниңиз “шустрыйлык” кылып биринчи үйлөнгөн экен?

— Ооба, иним үйлөнүү тууралуу оюн айтканда колдогом, жол бергем. Ѳзүм азыр чоң долбоордун үстүндө иштеп, болгон энергия, ишмердүүлүгүмдү ошол жакка жумшап жатам. Качан үйлөнѳрүм азырынча белгисиз. Негизи, билимдүү, маданияттуу, ар тараптан өсүп-өнүгүп турган айымдарга ыктайм.

— Бир эле тасмаңыз аркылуу жыйырмадан ашык сыйлыкка ээ болуптурсуз. Ушул тасма тууралуу айтып берсеңиз?

— Кино чөйрөсүнө болгон кадамым 3-курста Темир Бирназаров агайдын “Белгисиз маршрут” тасмасына ассистент болуп иштөөдөн башталган. 2010-жылы ЖОЖду аяктаганда Бакыт Мукул агабыз менен жакындан таанышып, багыт, максаттарыбыз бир экенин түшүнүп, кино тартуу идеясы пайда болду. Биздин бириккенибиздин дагы бир себеби экөөбүздүн тең режиссёрлук билимибиз жок эле. Кесибибиз боюнча бирибиз оператор, бирибиз актёрбуз. Биз бириксек кино тарта аларыбызды билчүбүз. Бир-эки жыл ар кайсы жумуштар менен жүрүп, идея болгондо ортого салып талкуулап койчубуз. Чет жерде жашаган бир киши кийин айылына барып ата-энесинин үйү эскирип талкаланганын көргөндөгү сезимдери тууралуу тасма тартуу оюм бар эле. Бирок бир нерсе жетишпегендей туюлчу. Бакыт байкеге азыраак акча кеткендей тасма тартууну сунуштадым. Бир күнү бир бала атасынын Америкада каза болуп, өрттөлгөн күлүн мекенине алып келүүнү сценарийге кошуу идеясы келип, байкеге айтсам кубаттады. Ошентип, “Атанын керээзи” тасмабыздын сценарийин үч айда “Эркиндик” бульварында басып жүрүп иштеп чыктык. Эки жылдай каражат издедик. Бул биздин алгачкы толук метраждуу тасмабыз болду.

— Анан кантип дүйнөлүк сынактарга катыша баштадыңыздар?

— Тасманы монтаждоо убагында бир-эки таасирдүү режиссёр, киночуларга көрсөттүк. Ошондо алар көтөргөн темасы, тартуулануусу өзгөчө экендигин, фестивалга аракет көрүүбүз керектигин айтышты. Күндөрдүн биринде кино сынчы Гүлбара Төлөмүшева эже казак кино сынчысы Гүлнара Абикеевага коюп берүүбүздү суранды. Гүлнара эже көрүп бүткөн соң КМШдагы эмес, дүйнөлүк “А” класстагы фестивалга жиберүүбүздү айтты. Ошентип, биринчи ирет “Монреаль” кинофестивалына өтүп, башкы байгени жеңип алдык. Анда да виза жактан көйгөйлөр жаралып, биздин эмгегибизди башка адамдар сунуштап беришти. Кийин кырктан ашуун сынакка катышып, 23 эл аралык сыйлык уттук. Эң чоң жетишкендигибиз — “Азиянын “Оскары” деп аталган Австралиядагы “Азия-Тынч Океан” киноакадемиясына мүчө болуп, мыкты сценарийлердин бешилтигине кирдик. Экинчи “Акыркы көч” тасмабыз дагы “А” класстагы Таллинде өтүүчү “Караңгы түндөр” фестивалына катышып жатат.

— Билим болбой туруп тасма тартууда кыйынчылыктар болбой койбосо керек?

— Негизи, мен окууга тапшырарда эле режиссёрлукту көздөгөм. Атам менен коридордо турсам Молдосейит Мамбетакунов агай менен атам сүйлөшүп калды. Алар менден орус тилин канчалык деңгээлде билеримди сурашты. Башкача терминдерден кыйналып калам го деген ой менен жакшы билбейм дедим. Ошондо агай операторлукка тапшырып, кыйын оператор болуп чыксам, режиссёр болуп кетүү оңой экендигине ишендирип, операторлукту тандагам. Бирок максатым режиссёр болуу болгон соң ошол жакка багыт алып, кошумча маалыматтарды издеп аракеттенип жүрдүм. Студент кезде 3-4 кинонун тартуу иштерине аралашкам. Башында аз каражатка пландалган сценарийибиз 3-4 миллион сом сарптала турган тасмадай болду. Кинематография департаменти сценарийлер арасында уюштурган сынакта баш байгени жеңип, жарым чыгымын беришти. Биз утканда “билимиңер жок башка режиссёрлор тартсын” дегендер да болду. Каражат жагынан эле кыйынчылыктар болбосо, иштөө жаатында кыйынчылык болгон жок.

— Иниңиз жалаң комедия жанрындагы тасмаларда ойнойт, олуттуу тасмада ойноосун айтасызбы? Иниңизди тасмаңызга тартуу планыңызда барбы?

Актан азыр актёрлук чеберчилигин өнүктүрүп жаткан кези. Мен аны качан болбосун колдойм. Биз жазган сценарийде иниме ылайыктуу роль болбой жатат. Келечекте бир роль тургандыр. Карантин убагында Актан экөөбүз бир комедия жанрындагы тасмага сценарий жазганбыз, буюрса, алдыда ишке ашыруу оюбуз бар.

Айгерим Токтобай кызы

(Маалыматты биздин булакка активдуу шилтемеси жок же уруксатсыз алууга тыюу салынган. Редакция)

СоӊкуАжырашуунун алдыңкы себептери
КийинкиТолкун Рахматова: Контейнерде уктап, заманбап үйдө ойгондум