Негизгиге Пайдалуу кеңеш Сүйүүнүн беш тили (+тест)

Сүйүүнүн беш тили (+тест)

1157

Сиздер бири-бириңиздерди сүйөсүздөр, бирок тил табыша албай жатасыздарбы? Демек, экөөңүздөр сүйүүнүн ар башка тилинде сүйлөйсүздөр. Балким, жолдошуңузга башка сезимдер керек, а сиз күн сайын даамдуу тамак жасап күтүп алуу менен сүйүүңүздү билдиргенге аракет кылып жүрөсүз. Же болбосо сизге анын күн алыс көтөрүп келген гүлү эмес, чогуу өткөргөн убакыт баалуу. Андыктан сүйүүнүн беш тилинин ичинен түгөйүңүздүн тилин таап, ошого жараша мамиле кылсаңыз, сиздердин үй-бүлө эч качан бузулбайт.

1.Мактоо сөздөрү

Мактоо сөздөрү – сүйүүнүн беш тилинин бири. Башкалар өзүн мактап, өзгөчөлүктөрүн баалап турганды жакшы көргөн адамдар бар. Ага суктанып коюшса бардык суранычты аткарууга даяр болот. Эгерде сиздин түгөйүңүз да ушундай адамдардын катарына кирсе, анын аракттерин көз жаздымда калтырбай мактап коюу жетиштүү болот. Мындай мактоо жана колдоо сөздөрү сиздерди жакындаштырат. Туура айтылган мактоо сөздөрү ишеним берип, жашоодогу ийгиликтерге жетелейт. Сөзсүз эле бир чоң иш жасаганын күтпөй ар бир аракетин баалап, мактап туруңуз. Бирок кемчилигин баса белгилебеңиз. Ошондо түгөйүңуз сиз үчүн тоону томкорууга даяр болот.

2. Убакыт

Сүйүүнүн бул тилинде сүйлөгөн адам үчүн эң маанилүү нерсе – сүйүктүүсү менен бирге убакыт өткөрүү. Бул убакыт ичинде жөн гана жанында болбой, сүйлөшүү, көңүл буруу чоң мааниге ээ. Эгерде сиздин түгөйүңүздүн тили убакыт болсо, анын көйгөйлөрүн чечүүнүн жолун издебей эле коюңуз. Болгону ага кандай оор болуп жатканын түшүнүүгө аракет жасаңыз. Мындай учурда аны угуу, кошо кабатырлануу, сезимдерин түшүнүү маанилүү. Уга билүү да кээде чет тилин үйрөнгөндөй эле татаал болот. Бирок түгөйүңүздү түшүнөм десеңиз, муну кылууга туура келет. Кеңеш бербей, сезимдерин тең бөлүшүңүз. Көйгөйдү чечүүнүн жолун сунуштабай, аны түшүнгөнгө аракет кылыңыз. Кыскасы, жаралып жаткан көйгөйгө эмес, адамдын өзүнө басым жасаңыз.

3. Белек

Кимдир-бирөөлөр үчүн сүйүүнүн негизги белгиси болуп – белек эсептелинет. Белектин баасы эч кандай мааниге ээ эмес, негизгиси – көңүл буруу. Мындай адамдар ал үчүн белек издегениңизди, ага кетирген убактыңызды жогору баалайт. Сүйүүнүн бул тилинде сүйлөө эң жөнөкөй. Сүйүктүүңүзгө эч себепсиз деле жөнөкөй бир нерселерди көтөрө келип же өзүңүз деле колуңуз менен жасап берсеңиз болот. Ал эми өзүңүзгө ушундай көңүл буруу жетишпей жатса, ачык айтыңыз. Болгону сиздин түгөйүңүз сизге ушундай майда нерселердин мааниси бар экенин түшүнбөй жүрөт.

4. Жардам

Эгерде сизге баарын өзүңүз кылып, түгөйүңүз жардам бербей жаткандай сезилсе, анда сиздин тилиңиз – жардам. Адамдардын мындай түрү үчүн жардам берүү – чоң бир иш жасаган менен барабар. Эгерде сизге чын эле түгөйүңүздүн жардамы керек болуп жатса, бирок өзү аны түшүнбөй жатса – сураңыз. Болгону эрежеси менен. Жардам берүүнү буйрук кылбай, сураныш керек.

5. Жакындашуу

Айрымдар үчүн сүйүүнү сезүүнүн жалгыз жолу – жакындашуу. Алар үчүн колунан кармоо, кучактоо, өбүү абдан маанилүү. Кыскасы, физикалык жакындыкты сезүүсү керек. Эгерде сиздин түгөйүңүз ушундай адамдардын катарына кирсе, сизден бир гана нерсе талап кылынат – оор мүнөттөрдө жанында болуу. Аны көптөгөн ар кандай колдоо сөздөрүнө караганда сиздин бир гана кучактооңуз тынчтандырат.

Тест

Сиз сүйүүнүн кайсы тилинде сүйлөйсүз?

1. Мага мактоо сөздөрү жагат. А

2. Мага жолдошумдун кучактаганы жагат. Е

3. Мага сүйүктүүм экөөбүз гана болгон убакыттар жагат. В

4. Жолдошум жардам бергенде мен өзүмдү сүйүктүү сезем. Д

5. Мага белек алган жагат. С

6. Мен досторум жана жакындарым менен узакка баарлашканды жакшы көрөм. В

7. Мени кучактап, эркелеткенде өзүмдү сүйүктүү сезем. Е

8. Жолдошум белек тартуулаганда өзүмдү сүйүктүү сезем. С

9. Досторум менен сейилдегенди жакшы көрөм. В 10. Көчөдө жолдошум менен кол кармашып басканды жакшы көрөм. Е

11. Жолдошумдун берген белектери мен үчүн абдан баалуу. С

12. Жолдошумдан сырткы келбетиме байланыштуу комплименттерди күн сайын угуп турууну каалайм. А 13. Кимдир-бирөөдөн өзүмдүн сулуу, келишимдүү экенимди угуу мен үчүн абдан жагымдуу. А

14. Досторумдан жана жакын адамдарымдан белек алганды абдан жакшы көрөм. С

15. Мага жардам берсе, демек, мени сүйөт. Д

16. Мени адамдын сөзү эмес, жасаган иши гана ынандыра алат. Д

17. Жолдошума түнү менен сүйлөп чыксам да сөзүм түгөнбөйт. В

18. Башкалардын сынынан качам, бирок мактоо сөздөрүн угуу жагат. А

19. Жолдошум өөп койсо эле таарынычым унутулуп, дароо кечирип коём. Е

20. Өзүм жалгыз эч бир иш кыла албайм, сөзсүз жакындарымды жардамга чакырам. Д

А – мактоо сөздөрү

В — убакыт

С – белек

Д – жардам

Е – жакындашуу

Тесттин жообу эң эле жөнөкөй:

кайсынысы көп болсо, сиз сүйүүнүн ошол тилинде сүйлөйсүз. Экөөнөн бирдей санда упай алсаңыз, демек сүйүүдө эки тилдүү адамсыз. Мындай болушу да мүмкүн. Өзүңүздүн жана түгөйүңүздүн кайсы типке кирериңиздерди билип алып, бири-бириңиздерге ошого жараша мамиле кылсаңыздар, сүйүүңүздөр узакка уланып, үй-бүлөлүк очогуңуздарды эч нерсе буза албайт.

СоӊкуТолкун Рахматова: Контейнерде уктап, заманбап үйдө ойгондум
КийинкиБал аары азыктары