Негизгиге Ден соолук Бал аары азыктары

Бал аары азыктары

755

Кылым бою турса да эскирбей, даамы, жыты бузулбай пайдалуулугу сакталып кала берген жалгыз азык – бал. Бул керемет азыкты чогулткан мээнеткеч макулук аарылар балдан башка да кѳптѳгѳн пайдалуу азыктарды бизге тартуу кылышат. Балчылар алардын ар бирин кылдаттык менен чогултуп, ден соолукка дары катары сунушат. Эмесе, бал аары азыктары тууралуу макалага назар салыңыз.

Гүл чаңчасы – гүлдүн ортосундагы аталык, энелик деп аталган назик чаңы. Бал чогулткан жумушчу аарылар денесине жармашкан чаңчаларды түртүп арткы буттарына жайгашкан «себеттерге» жыйнап жүрүп отурушат. Чаңчалар чачырап кетпеши үчүн атайын нектар менен нымдашат. Ушинтип тоголоктолуп чогулган гүл чаңчаларын алуу үчүн балчылар бал жашиктин аары кирчү жерине торчо коюп коюшат. Андан бал аары ѳтѳт да, чогулган чаңча күбүлүп сыртта калат.    

Пайдасы: гүл чаңчасы – иммунитетти кѳтѳрүү үчүн эң натыйжалуу витамин. Анда 150дѳй минералдар, биологиялык активдүү элементтер, аминокислоталар бар. Кѳздүн кѳрүүсүн нормалдаштырып, организмди токсиндерден арылтат жана тамак сиңирүүнү жакшыртат. Кош бойлуулуктан улам жакшы маанайын жоготкон айымдарга абдан пайдалуу. Ашыкча салмактан арылууга жардам берет. Курамында цинк эң кѳп болгондуктан, ал теринин, тырмактын жана чачтын жакшырышына салым кошот.

Эскертүү: гүл чаңчасында фитогормондор камтылгандыктан, гормоналдык бузулуудан жабыркагандар пайдаланууда дарыгердин кеңешин алуусу керек.   

Прополис – кайың, терек сыяктуу дарактардын жазгы бүчүрлѳрүнѳн чогулган шире, майлар менен аарынын ѳзү бѳлүп чыгарган ферменттин аралашмасы. Клей сыяктуу жабышчаак болот. Сырттан келчү жугуштуу оорулардан коргонуу үчүн антисептик катары пайдаланышат. Ошол эле маалда курулуш материалы катары колдонуп уяларынын жылчыктарын бүтѳп, рамкалардын арасын бекитишет. Балчылар аны бычак менен кырып чогултуп алышат.   

Пайдасы: прополис эң алды вирус, бактериялар менен күрѳшүүдѳ натыйжалуу. Сасык тумоо менен ооруган кезде айыгууну тездетет. Организмде кальцийдин алмашуусун нормалдаштырып, сѳѳктѳрдү жана муундарды бекемдейт. Тиштин эмалын сактап, бүйлѳлѳр үчүн абдан пайдалуу. Аялдардын айыз маалындагы оорусун басууга, айыздын циклин нормага келтирүүгѳ жардам берет. Маска катары колдонуу менен чачтын ѳсүүсүн тездетип, кайраттуу кылууга болот. Ички органдарга, айрыкча ашказан жана уйку без ооруларында эффективдүү.

Эскертүү: прополис жаш балдарга сунушталбайт. Андагы пайдалуу компоненттер жаш организмдеги табигый процессти жаңылтат.    

Перга – аарынын наны деп аталган бул пайдалуу азык гүл чаңчасынын бал же бал аары энелик сүтү менен аралашылып жасалат. Перга аарылардын уячасында ныкталып, үстү бал менен жабылат. Бал аарылар муну жаш аарыларга азык кылып беришет. Балчылар перганы уячасы менен кошо чыгарып алып дарычылыкка сунушташат.

Пайдасы: Перга ѳз курамына А, С, Д, Р витаминдерин, В витамининин тобун камтыйт. Аз кандуулукта миңдин бири, анемияны айыктырууда табылгыс дары. Айрыкча кош бойлуулуктагы аз кандуулукта мыкты натыйжа берет. Балалуу болууга даярдануу маалында кабыл алуу айрыкча зарыл. Климакс учурундагы ооруну басат. Эркектин бел кубатын кѳтѳрѳт. Инфекциялык вирустарга каршы туруп, залалдуу шишиктин ѳсүүсүнѳ каршы турат. Жаш балдарга коркунучсуз: баланын боюнун ѳсүүсүнѳ салым кошуп, эс тутумду жакшыртып, акыл жѳндѳмүн ѳстүрѳт. Ал эми кѳздүн кѳрүүсүн жакшыртары илимде аныкталган.

Эскертүү: каны коюуланып кетүүчү оорусу барларга жана ѳтүшүп кеткен рак илдетинен жабыркагандарга колдонуу коркунучтуу

Бал аары энелик сүтү – ургаачы аарылардын санын кѳбѳйтүү үчүн жасалган уюк — «аары тѳшѳгүнѳ» куюлган ак-саргыч түстүү, кычкыл даамдуу суюктук. Дал ушул суюктуктун ичине уруктарды таштап, жаңы аарыларды жетилтишет. Бал аары энелик сүтүн дарычылык үчүн алуу керек болгон кезде уячаны бузуп, шприц менен суюктукту сордуруп алышат. Сүт абдан тез бузулгандыктан муздаткычта сактап, убакыт ѳткѳрбѳй пайдалануу керек.     

Пайдасы: бал аары энелик сүтү суу, белок, шекер, май жана 1% минералдык туздан турат. Кѳбүнчѳ косметологияда жана биологиялык активдүү кошулмаларга колдонулат. Нерв клеткаларын тынчтандырып, депрессиядан жана стресстен арылууга жардам берет. Уйкусуздуктан арылтып, эске тутууну жакшыртат. Табитти ачып, зат алмашууну жана тамак сиңирүүнү жѳнгѳ салат. Кан тамырларды тазалайт. Аялдардын киста, миома ооруларын дарылоодо элдик каражат катары колдонулат.  

Эскертүү: Кандайдыр аллергиясы барлар текшерүүдѳн кийин колдонуусу керек. Нормадан ашык колдонуу – жүрѳк айлануу, уйкуну жоготууга, кусууга алып келет.

Мом – 20 күндүк жаш аарылардын мом бездеринде пайда болуп, бѳлүнүп чыгат. Курулуш каражаты катары пайдаланып, кадимки биз кѳрүп жүргѳн алты бурчтуу уячаларды дал ушул мом менен куруп чыгышат. Бир жумушчу үй-бүлѳ бир мезгилде 2 килограммга барарар мом ѳндүрүшѳт. балчылар момду бал тартуу маалында чогултуп алышат.  

Пайдасы: Ревматизм баштаган кѳптѳгѳн муун ооруларында пайдаланылат. Момду ысытып туруп ооруган жерге жабуу менен дарылашат. Медицинада мазь, бальзамдардын курамына кошулат. Косметологияда кремдердин, эндиктин негизин түзѳт. Кадимки шамдарды жасоодо мыкты каражат болуп саналат. Элдик медицинада тери ооруларына каршы каражат катары пайдаланылат. Бала эмизген аялдын сүт безинин тегерегине шыбаса кѳп сүт бѳлүнүп чыгуусун шарттайт. Бүйлѳлѳрдѳ маселе жаралган маалда чайнаса ооруну басып, бактерияларды жана микробдорду ѳлтүрѳт.

Эскертүү: дээрлик зыяны жок, бирок аллергия пайда кылышы ыктымал.  

Уюк – бал куюлган уяча. Жумушчу аарылар чогултуп келген балды куюп, толгон соң сыртынан ѳздѳрүнүн мѳѳрүн басып бекитип коюшат. Дал ушул балды тартып албастан уясы менен кошо кесип алып дарычылыкка пайдаланышат.  

Пайдасы: Уюкту чакан кесип алып балы менен кошо чайнап жутуу керек. Биринчи кезекте иммунитетти кѳтѳрүп, кан тамырларды бекемдеп, жүрѳктүн ишин жакшыртат. Ичеги ооруларын дарылоодо натыйжалуу. Ашказан жарасын айыктырат. Сагыздай болуп калган калдыкты түгѳнгѳнчѳ чайноо тишти бекемдеп, бүйлѳлѳрдү чыңдайт, гойморит оорусун айыктырат. Деги эле дем алуу органдары менен былжыр чел кабыктары үчүн абдан пайдалуу. Нерв системасын тынчтандырат жана нормалдаштырат. Аялдардын ооруларына да колдонулат.

Эскертүү: астма оорусунан жабыркагандар колдонуу алдында дарыгерден кеңеш алуусу керек.  

Гүлайым Калыбекова

СоӊкуСүйүүнүн беш тили (+тест)
КийинкиЭки тилегине тең жетпей кеткен Болот Шамшиев