Негизгиге Саамалык Тынчтык Турдалиев: Бул иштин убакытты алгандан башка кыйынчылыгы жок

Тынчтык Турдалиев: Бул иштин убакытты алгандан башка кыйынчылыгы жок

301

Тынчтык Турдалиев: «Бул иштин убакытты алгандан башка кыйынчылыгы жок»

Социалдык тармактар аркылуу баарлашууда адамдын ар кыл эмоциясын билдирүүчү быйтыкчалар эң чоң ролду ойноору талашсыз. Ал эми ошол быйтыкчалар көнүмүш тегерек формада эмес, өзүнүн жүзү менен телефонунун быйтыкчалар бөлүмүнөн орун алашын ар бир эле адам кааласа керек. Эмесе, дал ушул багыт боюнча кардарларга кызмат көрсөтүп келе жаткан адис менен болгон маекке көңүлүңүздөрдү бурабыз…

— Саламатсызбы, Тынчтык? Бул стикерлер кантип жасалат?

— Бул жерде эч кандай боөк, кагаз талап кылынбайт. Колго тартпайм. Бирок колго тарткандай эле кылдаттыкты талап кылат. Ар бир түскө маани берүү керектелет. Бул бир гана компьютердин жардамы менен ишке ашчу эмгек. Бардык эле иштин өзүнүн эч кимге айтпай турчу сыры болгондуктан, мындай сүрөттөр кандай программа менен тартыларын айтпай эле коөюн, бул сыр боюнча калсын.

— Бул жааттагы биринчи каарманыңыз ким болду эле?

— Телефонго стикер жаратууну Сыймык Бейшекеевдин сүрөтүн тартуу менен баштагам. Анткени Сыймык байкенин клиптерин он жылдан бери мен тартып келе жатам. Негизи эле улуу муундагы ырчылар менен иштешип, клиптерин тартып берип жүрөм. Клип тартууда этно-ретро стилдерине басым жасайм. Улуулар менен иштешкеним ушундан улам болсо керек. Чыгармачылык тыгыз байланышта иштешкендиктен, архивде сүрөттөрү бар болгон үчүн алгач тартканым Сыймык байкенин сүрөтү болду. Өзүнө көргөзсөм «абдан сонун болуптур, аябай окшоштуруптурсуң» деди. Ошондон улам дагы бул ишке болгон кызыгуум арта түштү.

— Сиз келечекте тарта турган мультфильмдин башкы каарманы дагы Сыймык Бейшекеев болорунан кабарыбыз бар…

— Ооба, азыркы кичинекей балдардын бардыгы эле батыштын мультфильмдерин көрүп, андагы каармандарды кумир тутуп жүрүшпөйбү. Мындай көрүнүш мекенимдин патриот адамы катары мени абдан өкүндүрөт. Андыктан «Человек паук, Халк» дебей, балдарыбыз «Сыймык Бейшекеевдей болгубуз келет» деп турушса жаманбы? Сыймык байкеге сунушумду айтып кайрылсам макулдугун берди. Буюрса, чыныгы тарбиялык мааниси бар, жеткинчек балдардын туура жолдо өсүүсүнө салым кошо турган кыргыз нарк-насили камтылган мультфильмдин жарыкка чыкчу күнү алыс эмес.

— Анан, дагы кайсы белгилүү адамдардын сүрөтүн тартып бердиңиз. Бул үчүн атайын буюртма беришеби?

— Көпчүлүк сүрөттөр буюртма аркылуу ишке ашат. Ал эми кээ бир каармандарды өзүм тандап тартам. Азырынча он чакты белгилүү адамдын сүрөттөрүн тартып бердим. Мисалы, Борончу Кудайбергенов, Майрамбек Осмонов, КТРКнын мурдагы жетекчиси Кубат Оторбаев, экс-президент Алмазбек Атамбаев, алпаруучу Эркин Нурбаев, ырчылар Сема, Марстардын стикер-сүрөттөрүн тарттым. Анан адамдар бири-биринен көрүп, улам кызыгып буюртма берип башташты.

— Ар бир эле иштин оорчулугу болот эмеспи. Сиз жараткан эмгектердин артында биз билбеген кандай түйшүк жатат болду экен?

— Бир адамдын сүрөтүн жаратыш үчүн кеминде эки-үч саат талап кылынат. Эң биринчи кезекте ал адамдын сапаты эң жакшы сүрөтү керектелет. Эгерде начар сүрөтүн берип койсо, жыйынтыгында келбетинин деталдары окшошпой калышы мүмкүн.

— Байкашыбызча, Кыргызстанда мындай жаңычыл иш менен алектенген сиз эле окшойсуз?

— Албетте, бул программа тууралуу ушул тармакта иш билги көпчүлүк кесипкөй адамдар билеринен шегим жок. Бирок мындай сүрөттөр азырынча менин эле эмгегимден гана жаралып жатканын билем.

Мындай кызмат акысы сыр болбосо канча турат?

— Бул иштин убакытты алгандан башка эч кандай деле кыйынчылыгы жок, чынын айтканда. Отуруп 3 саатымды коротуп каалагандарга бекер деле тартып берип койсом болот. Анткени каруума күч келчү кара жумуш деле эмес го. Бирок баары бир жасалган ар бир эмгек бааланбай калбашы керек деп ойлойм. Болгондо дагы азыркы каржы каатчылыгы өкүм сүрүп турган биздин өлкөдө. Эгерде бардык эмоцияларды адамдын жүзү менен жасап бере турган болсом, жүз доллар, ал эми бир стикер миң сомго бааланат.

— Клип тартып, сценарий жазып, сүрөт тартып, чыныгы чыгармачыл адам экенсиз. Негизи, кесибиңиз боюнча кимсиз? Кайсы тармакта билим алдыңыз эле?

—  Жогорку билимди инженер-программист багытында Кыргыз улуттук университетинен алгам. Анан курстарга барып телережиссёрдук билим алгам. Окуу менен катар коомдук каналда иштечүмүн. Режиссёрлукка болгон кызыгуу ошол жактан жаралып, көптөгөн улуу муундагы кесипкөй инсандардан дагы бул жаатта жакшы билим алдым, көп жылдар бою чогуу иштештим. Учурунда Жогорку кеңеште, Маданият министрлигинин маалымат катчысы дагы болуп иштедим. Бирок чыгармачыл адам эртеби, кечпи, баары бир өзүнө жакын тармакка оойт экен. Анын сыңары, мен дагы өзүмө жакын ишти аркалоону чечтим. Азыр жеке студиям бар. Бардык чыгармачылык жаатындагы эмгектерим ошол студиянын ичинде жаралат.

— Үй-бүлөңүз тууралуу айта кетсеңиз, каякта-туулуп өскөнсүз, канча бир тууганыңыз бар? Чыгармачылыкка жакындыгыңыз ат-энеңизден өткөнбү?

— Мен Жалал-Абад облусуна караштуу Тогуз-Торо районунун Казарман шаарчасынан болом. Балалыгым, окуучулук күндөрүм дээрлик ошол жерде өттү. Орто билимди ошол жактан алып, он сегиз жашымда гана Бишкек шаарына келгем. Ата-энем чыгармачылыктан алыс адамдар. Үй-бүлөдө үч бир туугандын улуусумун, менден кийин эки карындашым бар. Улуу көч кайда барса, кичүүлөрү анын жолун жолдойт демекчи, карындаштарым дагы чыгармачылыкка жакын адамдар, экөө тең телевидение тармагында иштешет. Үй-бүлөлүүмүн, жубайым экөөбүз учурда наристе күтүп жаткан чагыбыз.   

Асел Эсенбек кызы 

СоӊкуРоза Азимбаева, актриса: «Сүйүү үйлөнгөндөн кийин башталат экен»
КийинкиНарима: Кыйын тагдырда чоңойдум, азаптарым дале уланып келе жатат