Негизгиге Кыз сыры Нарима: Кыйын тагдырда чоңойдум, азаптарым дале уланып келе жатат

Нарима: Кыйын тагдырда чоңойдум, азаптарым дале уланып келе жатат

506

(Кириш сөз)
“Ар кимдин колунда урунуп жүрүп бой жеттим”
– Апам төрөттөн каза болгон экен. Атам апамды кош бойлуу кезинде таштап кеткендиктен, мени өз төркүнү багып алыптыр. Таежемдин, таякемдин балдары менен аралашып бой жеттим. Эжесинен айрылган күн эсине түшкөндүктөнбү же менин никесиз төрөлгөнүмдү жактырбагандыктанбы, таежем дээрлик менин туулган күнүмдү өткөргөнү эсимде жок. 18 жашка чыгып паспорт алганда туулган күнүм 28-июнь экенин билип жүрөм. Эжем шаардын четинде чакан дүкөн иштетчү. Башында өзү соода кылса, кийин мен эс тартканда ал жактагы кара жумушту менин мойнума үйгөн. Ал кезде азыркыдай товарды дүкөндүн эшигине чейин жеткирип берүү кызматы жок эле. Таттуу уйкудан көзүмдү ушалап зорго туруп базарга жөнөйм. Тамеки, сагыз саткан катардан сыгылып, жөөлөшүп араң өтүп эки чаар баштыкты толтуруп чыгам. Азыр ойлосом, бала кезимден баштап оор жүк ташып болгон ден соолугумду ошол дүкөнгө салып бериптирмин. Эжем бул кылган кызматыма ыраазы болбой кээде мени багып чоңойтконун милдет кылып күңкүлдөп урушуп калчу. Өтө заарын чачпаса да имерилип мээримин төкпөй чоңойтту. Көп учурда менин жата турган жерим дүкөндүн бир бурчу эле. Жайкысын ысык, кышкысын муздак тарткан күркөдө бүрүшүп көп түндөрдү өткөрдүм. Эжемдин эки баласы студент, кызы мектепте окучу. Алардын колу бошобогонун шылтоо кылып соодага жолотчу эмес. Жогорку окуу жай мендей жетимдин түшүнө эле кирбесе, өңүндө ишке ашпачу кыял экенин мойнума алып, окуу тууралуу ойлонгон деле жокмун. Бирок таежемдин көр жемесинен кутулуп, дүкөндөн, алардын үйүнөн кетким келчү.

Бир күнү дүкөнгө бир жигит кирип соода кылып калды. Аты Данияр экен. Бир көргөндө жарк эткен маңдайы жарык адамдай көрүндү. Бала үчүн жаштайынан мээрим көрүп, жылуу сөзгө жүрөгүң, кулагың канып чоңойгон канчалык маанилүү экенин мен ушундан билдим. Биздин дүкөнгө байма-бай каттаган Данияр менин акылдуу, жылдыздуу экенимди айтса, өзүмдү бактылуу сезип калар элем. Өмүрү андай сөз укпаганга ага бат эле арбалып калдым.

“Кайненемдин заарына, күйөөмдүн таягына чыдаган жокмун”
– Данияр экөөбүз кыз-жигит болуп жарым жылдай сүйлөштүк. Менин мүнөзүмдөгү өзгөрүүнү таежем деле сезди. Үйүндөгү ашыкча жандан кутулгусу келдиби же чын жүрөгүнөн турмуш куруп жашап кетишимди кааладыбы, айтор, менин турмушка чыгышыма каршы болгон жок. Ошентип, жигитим жогорку окуу жайды бүтүп колуна  диплом алары менен мени ала качып алды. Шаардын чок ортосунда көп кабаттуу үйлөрдүн биринде турушат экен. Ата-энеси катардагы адам, жупуну эле турушат. Кайнатам түнкүсүн кароолчу, күндүз кесиптик окуу жайда сабак берет. Кайненем бала бакчада иштейт. Үйдө карыган чоң энебиз, эки кайынсиңдим бар. Ошентип, үч бөлмөлүү батирде жети адам жашап калдык. Данияр окууну бүткөндөн кийин ары-бери урунуп жумуш таппай жарым жылдай жүрүп калды. Өзүбүз ата-энебиздин мойнуна минип отургандыктан, өз алдынча батирге чыгуу тууралуу ойлонгон деле жокпуз. Кылган кызматым үй жыйноо, тамак бышырып жумуштан келгендерди күтүп алуу, кемпирге маал-маалы менен чай берип жакшы кароо. Келин болуп бул үйдүн босогосун аттагандан бери энесиз өскөнүмдүн азабын дагы бир жолу сездим. Ойлоп көрсөм, таежем мени үй оокатына бышырбаптыр. Бышырмак тургай четин да үйрөтпөптүр. Бул кемчилигим оркоюп бат эле көрүнүп калды. Жан-дилим менен берилип жакшы кылганга аракет кылам, ага карабай бир жери чала болот. Кайненем сүйлөнүп артымдан жыйнап калганда кирерге тешик таппайм. Кечинде көчөдө жүргөн күйөөм келгенде адатынча апам сөздү алыстан баштайт. Мага карата кыйытып кайынсиңдиме кайрылат:
– Таты, оозуңду ачпай азыртадан оокат кылганды үйрөн! Эртең сен деле күйөөгө тиесиң…
– Ма-а-м, менин сабагым бар да. Окушум керек, оокат кылып эле атам го бошогондо,- дейт кызы моюн бербей.
– Билбейм, ай, баары бир барган жериң сенин билимиңе эмес, кылган кызматыңа карап баалайт. Сен дагы оокатты чала жасап отурсаң Кудай урду анда. – Экөөнүн бул кеби ашканада идиш жууп жаткан мага катуу тиет. Көз жаш жүзүмдү жууп, энемди эрте алган таш боор тагдырыма наалат айтып тим болом. Апам тирүү болсо жашоом кандай болмок деп таттуу кыялдарга чөмүлөм. О-о, анда эч кимге кор кылбай бакмак болуш керек. Тарбияны жакшы бермек, оокатка ийлеп, бышырмак. Азыркы жалтаң мүнөзүм жок, каалоомду, оюмду ачык айткан адам болмокмун дейм.
Кайненем жетим өскөнүмдү билгенден кийин мени боюна тартып, үй оокатка үйрөтүп тарбиялап алса деген тилегим күч эле. Бирок андай болгон жок. Тескерисинче, мени ал үйдөн сүрүп чыгарганга аракет кыла баштады.
– Аял киши тың болсо эркекти өргө сүйрөйт, сенин катының сени көргө сүйрөмөй болду. Келгенине жыл айланды, оокатты чала жасаганы жасаган! Же билими жок, өмүр бою шилиңе мингизип жүрүп өтөсүңбү? Катынды да карап, эки-жагын байкап алат!- деп албууттанып баласын жемелегенин көп жолу кулагым чалды.
Андайда күйөөм күңкүлдөп кутулбаса, апасына ачык каршы чыга алчу эмес. Бул маалда ал жаңы жумушка орношуп, өз алдынча акча тапканга жарап калган. Кечинде бутун сүйрөй албай чарчап келген күйөөмө кайын энем тамактын тузу кем экенин, эти катуу бышканын, казандын түбү көө бойдон калганын саймедиреп эки томдук уруш даярдап турат. Апасынын таасиринен чыга албай күйөөм мага акыркы учурда кол көтөрчү болду. Бир ирет ичке тепти эле, бүк түшүп жатып калдым. Жан чыдаткыс ооруга бакырып чыдабай жатсам кайын атам “Тез жардам” чакырыптыр. Доктурлар эки айлык түйүлдүк боюмдан түшкөнүн айтышты.

“Азаптуу турмушумдан араң кутулдум”
– Акыркы окуя үйдөгүлөргө сабак болду. Баарына баш бербей чакчаңдаган кайненемдин тизгини тартыла түштү. Мындан мага жан тарткан эле кемпир менен кайнатам.
– Кызым, үйдө отура бербей жок дегенде мен сабак берген жерге кирип бир кесипти үйрөнүп алсаңчы,- деп кайнатам акыл салды. Окуу менин көктөн тилеген кыялым эле. Кайненем билгениңерди кылгыла деп мурдун чүйрүп тим болду.
Мектептен математика сабагын мыкты окучумун. Эгер убагында окуумду улантып кеткенде менден жакшы эсепчи чыкмак. Убакыттан уттуруп, көп нерсени унута түшүпмүн. Бирок каалоом күч болгондуктан, кыйналсам да бат эле өздөштүрдүм. Бирок үй тиричилигинен дагы аксап чүнчүдүм. Кайненем тукура бергенинен күйөөм көп жолу кол көтөрдү. Апам мен жөнүндө эмне дегенин билбейм, бир жолу Данияр үйгө ушундай жини менен жулунуп келди. Ай-буйга келбей чачымдан тутамдап кармап үйдүн ичинде сүйрөп сабап жатты. Чоң апабыздын бизди арачалаганга алы келбей, менин үнүм Кудайга жетип боздоп, бир заматта ызы-чуу түшүп жатып калдык. Мындай жашоо улана бербесине көзүм жетип ажырашууну чечтим. Эч ким үйдө жокто кийимдеримди жыйнап, кетип калдым. Ортобузда мыйзамдуу нике жок болгондуктан ажырашуу үчүн күйөөмдүн талагы жетиштүү эле. Артымдан кайын журтум да, күйөөм да келген жок. Бир чети денем көк-ала таяктан, мээм көр жеме мамиледен кутулуп сергий түштүм. Кайнатам киргизген окуу жайды аяктап эсепчи болом деген максат койдум. Бирок күйөөм атасына мени ал окуу жайдан чыгарууну табыштаптыр. Мени аяп атам башка окуу жайга котортуп, окуумду улантканга шарт түзүп берди.
– Күйөөң менен жакшынакай жашай бере турган жөнүң бар эмес беле?! Мына эми “эрден чыкты” атың калды, ким алат эми сени?- деп таежем сүйлөнүп келе жатканда сөзүн чарт бөлдүм:
– Жетишет! Эже, мен сизге апамдан калган аманатмын! Бирок сиз менин кызматыма кызыгып пайдаланып гана келдиңиз! Элдин эскисин, арткан тамагын жеп чоңойдум. Жүрөгүңүздүн бир бурчун жылытып, мээрим төгө албагандан кийин ошондо эле интернатка өткөрүп салбайт белеңиз! Жок дегенде досторум менен чоңоймокмун…
– Ай, кыз, мен сени кызыл эт кезиңден баштап чоңойттум, карасаң мунун сүйлөп жатканын, эмне, менден башка энеңдин башка туугандары жардамдашып койдубу? Мен сага мээрим төкпөсөм да, мээнетимди берип чоңойттум!- деп от алып келе жатканда эшикти тарс жаап чыгып кеттим. Мына, эми менин баш калкалаар да жайым жок. Окууга көзүм ыйдан шишип, тоңуп барган кебетемди көргөн кыздар чурулдап жатып калышты. Менин абалымды укканда кандай жардам кылабыз деп мугалимге да кайрылышыптыр. Ошентип, окуу жайдын жатаканасына жашап калдым. Бирок мага бул алган билимим аздык кылып жатты. Жогорку окуу жайга тапшыргым келди. Мендей көрөр-багары жокторго мамлекет тарабынан жеңилдетүүлөр болорун билип, жогорку билим алууга умтулдум. Үстүмдө ырыстуу кийимим жок болсо да, курсагым көп учурда ачка калса да, болгон дитимди окууга арнадым. Тил үйрөндүм. Дос-тааныш күттүм. Жашоого ишенимдүү карап калдым.

“Түрк жигит колумду сурап жатат”
– Тил билгендиктен борбордогу түрктөрдүн ишканасына сынактан өтүп жумушка орноштум. Айлык акысы жакшы, бардык шарттары бар жумушка кирем деп үч уктасам түшүмө кирбесе керек. Батирге чыгып, үстү-башым, ичкен-жегеним оңолуп калды. Жашоонун даамын эми сезип келе жатам десем болом. Башымдан өткөн оор күндөрүм, азабым акырындык менен унутулуп бараткансыйт. Жумушума байланыштуу маал-маалы менен Түркияга иш сапарына барып турам. Ал жактагы ишканада иштеген кесиптештердин ичинен бир жигит мага назар салыптыр. Келер убагымды билип алып аэропорттон тосуп алып, мейманканага чейин жеткирип өзгөчө көңүл буруп жүрдү. Мен башында мага ишкана тараптан ошондой көңүл буруу каралган экен деп ойлогом. Көрсө, ал жигиттин мага сезимдери бар экен. Менин сөзүм көп кыргыз жигиттерине жакпасын билем. Бирок түрктөр аял кишини алаканына салып бапестешет. Үй-бүлөлүүсү да, бойдогу да аялды өзгөчө урматтап турушат. Ал жакта аялга урмат-сый өзгөчө. Бул аралыкта Ахмед менин ишеничиме кирип, ага карата жылуу сезимдерим ойгонду. Экөөбүз эки жыл аралыгында кыз-жигит болуп таттуу доорду башыбыздан өткөрдүк. Мага турмушка чыгуу тууралуу сунуш киргизип, макулдугумду алгандан кийин апасы менен тааныштырды. Мен апасынын кандай кабыл аларын алдын ала болжолдосом да анчалык элестеткен эмесмин.
“Силер, чет жактан келип бул жактагы жигиттердин эптеп башын айландырып тийип алуу максатыңарбы?! Мен жалгыз уулумдун колун сендей аты-жыты жок кызга карматпайм!”- деп кесе айтты. Бул сүйлөшүүгө жигитим күбө болгон жок. Мен да ага сыр берген жокмун. Ал турмуш кура турган күндү белгилеп, даярдык көрөлү деп шаштырып жатат. А мен болсо кайненеден жүрөгүм үшүгөн жаным эки анжы ойдомун. Кандай кылсам туура болот?! Канткенде бактымды сактап кала алам?



Жооп калтыруу

Please enter your comment!
Please enter your name here