Негизгиге Без рубрики “Акылдуу мектеп” долбоору кандай иштейт?

“Акылдуу мектеп” долбоору кандай иштейт?

358

“Акылдуу мектеп” долбоору кандай иштейт?

Замандын талабына жараша азыр бардык тармак санариптешүүгө өтүүдө. Анын катарында Билим берүү жана илим министрлиги бар. Быйыл министрлик “Альфа Телеком” менен биргеликте “Акылдуу мектеп” долбоорун ишке ашырууга аракеттерди көрө баштады. Биз бул долбоор тууралуу ата-энелер үчүн маалымат алдык.

Билим берүү жана илим министринин кеңешчиси Расул Авазбеков: “Долбоор – бүгүнкү күндүн талабы”

— Расул мырза, “Акылдуу мектеп” долбоорун ишке ашырууга кандай  даярдыктар көрүлүүдө?
— Бул долбоор төрт компоненттен турат: электрондук чөйрө, электрондук окуу, электрондук окутуучу (мугалим) жана электрондук тейлөө. Жалпысынан долбоор “Акылдуу мектеп” деп аталат. Министрликтин планы боюнча, 2020-жылдын аягына чейин Бишкектен 2, региондордон 8, жалпысынан 10 мектепте бул долбоорду ишке ашыруу керек. Кийинки этабында мектептин саны көбөйүп отурат.

— Жогорудагы төрт компонент тууралуу түшүндүрүп айтып берсеңиз?
— Биринчи багыт – электрондук билим берүү чөйрөсүн түзүү. Ал үчүн мектеп эң алды менен заманбап санариптик окутууга жана электрондук башкарууга толук мүмкүндүк берген ылдам интернетке туташкан болушу шарт. Албетте, аны менен бирге эле компьютердик жана мультимедиялык каражаттар, тармактык инфраструктура менен камсыздоо зарыл. Электрондук окутууч – мугалим сабакты сапаттуу жана жеткиликтүү өтүү үчүн заманбап техниканы колдоно билүүсү зарыл. Электрондук окутуу – окуучу ар кандай аралыкта билим алууга мүмкүндүк түзүлөт. Мисалы, өтүлгөн ар бир сабак “булутта” сакталып турат, окуучу каалаган убагында аны ачып көрүп турууга мүмкүнчүлүк түзүлөт. Электрондук тейлөө – мектептин веб-сайты иштейт. Коомчулукту жана ата-энелерди кабардар кылууга багытталып, мектеп жөнүндө толук маалыматты, ишмердүүлүгү боюнча баяндамаларды камтыган ачык платформа, сайт, веб-ресурс болот. Бул компонентке –электрондук күндөлүк, журнал жана электрондук ашкана кирет.

— Жогорудагы он мектеп кандай критерий менен тандалды? Бул долбоорго биздин мугалимдер даярбы? — Борбордогу №5, №69 гимназия тандалды. Себеби алар керектүү старттык  техникалык жабдуу менен камсыз болгон. Негизги талаптарга жооп берет. Мугалимдерди  болсо атайын окутуп даярдайбыз. Тажрыйба алмашуулар болот. “Альфа Телекомдун” кызматкерлери техникалык жагына жооп берет. Өздөштүрүп кетүү үчүн атайын адистерди окутушат.

— Ошондо долбоор ким тарабынан каржыланып жатат?
— Быйыл долбоорду он мектепте ишке ашыруу үчүн мамлекет тарабынан 30 миллион сом каражат бөлүндү. Долбоор жакынкы айда пилоттук (сыноо) негизде иштеп баштайт. Ал эми өлкөдөгү болгон орто билим берүү жайларын “акылдуу мектепке” айландыруу үчүн өтө көп каражат керек болот. Ал үчүн биз коммерциялык мекемелерге кайрылып сүйлөшүүлөрдү жүргүзөбүз.

Бишкектеги №5 Улуттук компьютердик гимназиясынын директору Касымалиев Муратбек: “Башка мектептин мугалимдерине жардам беребиз”
— Негизи, ар бир мектепте 67-68 окуу классы бар. Биздеги 67 класстын 34 классында камералар орнотулган. Биздин гимназияда буга чейин электрондук тейлөөнүн айрым элементтери иштеп жаткан. Мисалы, бала мектепке канчада келип, кеткени тууралуу ата-энеге билдирме барып турчу. Мугалимдерибиз электрондук окууну өздөштүрүшкөн. Сабакка керектүү маалыматтардын баары алардын компьютеринде камтылган. Электрондук окутуунун бир артыкчылыгы – китепте ченелүү эле маалымат болсо, бул жакта андан көп. Материалды слайд-шоу, сүрөттөр, видео аркылуу окуучуга кызыктуу, жөнөкөй ыкмада түшүңдүрүүгө болот. Бул тармакта биздин мугалимдерибиздин баары окутулган.
 Эми долбоордун алкагында 4-чейректен тартып электрондук күндөлүк, журналга өтөлү деп жатабыз. Ал эми жай мезгилинде биздин окутуучулар “акылдуу мектеп” ишке кире турган мектептин мугалимдерине жардам берип кызматташа турган болушту.

“Акылдуу мектептин” бир компоненти болгон Электрондук тейлөө кызматынын үстүндө азыр “Альфа Телеком” компаниясынын адистери иштеп жаткан кези. Тиркеме 1-2 ай аралыгында даяр болуп, борбордогу эки мектепке сыноо иретинде киргизилет. Иш алкагында мугалим, ата-эне тараптан толуктоолор, каалоолор болушу мүмкүн. Алар эске алынып, мүмкүн, толуктоолор болгондон кийин калган 8 мектепте иштеп баштайт. “Бул кызмат кантип иштейт?” деген суроого компаниянын коммерциялык долбоорун ишке ашыруудагы башкы адис Урмат Мамбетказиев айтып берди.


1. “Санарип мектеп” (тиркеменин болжолдуу аты) – жаңы тариф менен чыгат. Сиз тиркемени Play Marketтен жүктөп алып колдонсоңуз болот. Же “Мегакомдун” кардары болсоңуз, ошол тарифке өтүү сунушталат. Бул тиркеме үчүн ата-эне акы төлөбөйт. Эгер башка оператордун (“О!”, “Билайн”) кызматында болсоңуз, айрым билдирүүлөр үчүн төлөм алынуусу мүмкүн.
2. Ал жакта ата-эненин жана баланын жеке кабинети болот. Логин жана сыр сөз менен кире аласыз.
3. “Электрондук журнал”, “Күндөлүк”, “Ашкана”, “Көзөмөлдөө” деген бөлүмдөр бар.

“Көзөмөлдөө” бөлүмүнөн – сизге балаңыз мектепке саат канчада киргени, канча убакытка кечиккени жана сабактан канчада чыкканы туралуу билдирме келип турат.

Электрондук журнал” бөлүмүндө – кайсы сабактан кандай баа алганы, кандай тема өтүлгөнү, кайсы мугалим сабак бергени тууралуу маалымат келип түшөт. Эгер мугалимге суроо же тактай турган жагдай жаралса, ошол жерден чат аркылуу сүйлөшсө болот.

“Электрондук күндөлүк” – баланын сабактарынын жүгүртмөсү. Эртеңкиге берилген тапшырма, баасы көрсөтүлөт. Электрондук күндөлүктүн сыр сөзүн окуучу-мугалим-ата-эне гана билет.

“Электрондук ашкана” – окуучулар карточка, чип аркылуу тамактана алышат, автобус жана троллейбустун кызматын колдоно алышат. Баланын тамагына, жолуна акчаны колуна бербей карточкага которуп турасыз. Түшкү тамакка эмне алып жегени, аны канча сомго алганы көрүнүп турат. Ашканада күнүгө кандай тамактар жасалып жатканы тууралуу аштизме (меню) менен таанышып туруу мүмкүн. Бала чип колдонгон сайын маалымат ата-энеге тиркеме аркылуу келип турат.

“Электрондук китеп” – алыс аралыкта да билим алуу. Мисалы, шаардагы мектептердин биринде тажрыйбалуу мугалимден керектүү билим алгысы келген окуучу онлайн аркылуу ачык сабакка катыша алат. Же болбосо өтүлгөн сабак системада сакталып калат. Окуучу өзүнө ыңгайлуу учурда системага сыр сөз менен кирип, сабакты окуй алат.

Анара Дүйшөналиева

 

СоӊкуНарима: Кыйын тагдырда чоңойдум, азаптарым дале уланып келе жатат
КийинкиАвитаминоздон кайсы азыктар сактайт?