Авитаминоздон кайсы азыктар сактайт?
Күн жылып адамдар жеңил кийинип, куштар сайрап жаздын белгиси келе баштады. Бирок сиз жаратылыштын мындай жагымдуу өзгөрүшүнө көңүл кошсуз. Атүгүл майрамдар да көңүлүңүздү көтөргөн жок. Сасык тумоодон дагы деле арыла албай дайыма алсыздыкты сезесиз. Башыңыз да көп ооруйт. Демек, сиз жазгы авитаминоздон жапа чегесиз. Мындай абалдан сизди белгилүү бир азыктар куткарат. Эгерде кыш мезгилинде буларды жетиштүү деңгээлде жегенге үлгүрбөй калган болсоңуз, эми деле кеч эмес.
Цитрус жемиштери
Мандарин, апельсин, лимон, грейпфрут. С, Р витаминдерине жана каротин, калий, ошондой эле аминокислоталарга бай бул азыктар адамды эрте жаздагы авитаминоздон сактайт.
Көк чөптөр
Укроп, петрушка, кинза, салат жалбырагы В1, В2, С, РР, Р витаминдерине бай. Ошондой эле фолий кислотасына, темирге, калийге жана ден соолук үчүн пайдалуу болгон башка микроэлементтерге бай.
Пияз жана сарымсак
Пияз бекеринен бардык тамактарга кошулбайт. Ал витаминдердин, минералдардын жана микроэлементтердин чыныгы булагы. Сарымсак болсо өзүндөгү көп өлчөмдөгү калий менен темирдин эсебинен кандагы холестериндин деңгээлин түшүрүүгө жөндөмдүү.
Түрп
Курамындагы көптөгөн пайдалуу витамин, микроэлементтерден сырткары түрптүн бактерияларга каршы туруучу касиети бар. Анын жардамы менен адам өзүнүн жалпы ден соолугун жакшырта алат.
Төө буурчак
Авитаминоздон сактоочу дагы бир алмашкыс азык – төө буурчак. Ал темирге, С, Е жана РР витаминдерге бай болгондуктан абдан пайдалуу. Ал эритроциттердин пайда болуусун шарттайт, бул болсо организмдин сезондук инфекцияга каршы туруусун күчөтөт.
Жемиш кактары
Жемиш кактары рационуңузда сөзсүз болсун. Кара өрүк кагы организмди тазалап, жашартса, мейиз дем алуу жана жүрөк-кан тамыр системасын бекемдейт. Өрүктүн кагы болсо өз курамындагы магнийдин, А, С, Р витаминдеринин эсебинен теринин абалын жакшыртып, кан басымды турукташтырат.
Анар
Анардын жер-жемиштердин падышасы деп аталышы бекеринен эмес. Ал данегинен бери пайдалуу витаминдер менен минералдарга бай.
Курма
Бул жемиште да витаминдер менен пайдалуу микроэлементтердин толук топтому камтылган. Ал бөйрөк менен ичегилердин ишине оң таасир берет. Ал эми андагы фруктоза адамды жакшы маанай менен камсыз кылат.
Имбирь
Имбирь иммунитетти жакшы көтөрөт. Анткени анда С, В1, В2, РР, А витаминдери жана фосфор, кальций, кремний сыяктуу микроэлементтер камтылган. Имбирь кан басымды турукташтырып, организмди чарчоодон сактайт.
Авитаминоз – организмге тигил же бул витаминдин, микроэлементтин жетишпестигинен улам пайда болгон оору. Көпчүлүк адамдар кабылган бул оору жаз мезгилине таандык. Анткени кышында жеген жашылча-жемиштерибиз теплицада өскөндүктөн, аларда витаминдер аз болору белгилүү. Анын жыйынтыгы эрте жазда билинет.
Эгерде организмиңизде С витамини жетишсиз болсо – тез-тез сасык тумоо менен ооруйсуз, бүйлөлөрүңүз канайт, тырмактарыңыз сыйрылып түшүп, чарчай бересиз.
В тобунун витаминдеринин жетишсиздигинин белгилери – чарчоо, уйкусуроо, депрессия, ооздун кычыктарынын жарылып кетиши, чачтын түшүүсү, теринин кургоосу. Ошондой эле акыл-эс иштерине да терс таасирин тийгизет.
Д витамининин жетишсиздиги – үчүнчү орунда. Кышында күндүн нуру аз болгондуктан, жаз алды бул витаминдин организмде жетишсиз экендиги билинет. Теринин кургактыгы, чыканактардын жарылып кетиши – Д, А, Е витаминдеринин жетишсиз болуп жаткандыгынын белгиси.
Микроэлементтердин, айрыкча цинк менен жездин жетишсиздиги да авитаминозду чакырат. Алардын организмге жетишсиз болуп жатканын теринин кургап жатканынан жана чачтын түшүүсүнөн билсе болот.
Нуриса Баялиева