Негизгиге Без рубрики Балага сүйүү жетиштүү берилсе – жашоодо сынбайт

Балага сүйүү жетиштүү берилсе – жашоодо сынбайт

195

Балага сүйүү жетиштүү берилсе – жашоодо сынбайт
Бул жашоодо зарыл эмес болгон билимге 15-16 жылыбызды коротот экенбиз. Ал эми жашообуздун маңызын түзгөн балдарга туура тарбия берүү үчүн атайын билимибиз жок. Ар бир ата-эне деңгээлине, акылынын жетишинче баласын тарбиялайт. Эгерде бул жаатта төмөнкүдөй адистер көп болсо, алардын берген билимин пайдалана билсек, бактысыз балдардын саны аз болор эле. Балага мээрим төгүү канчалык маанилүү экенин эл аралык тренер Максат Муктаров айтып берди.

“Баланы эне, кызды ата сындабаганы оң”
– Эркек баланын жашоосундагы эң негизги шык берүүчү адам – эне. Бала ийгиликтүү инсан болобу же сынып калабы, толугу менен энеден көз каранды. Эгер эне баланы урушуп, чаап, жемелеп жашоодо шагын сындырса, кийин ал өзүнө окшогон моралдык жактан сынган аялга туш болот. Бул психологиялык мыйзам деп аталат. Адам өзүнүн ички абалын кандай бааласа, ошондой адамга тартылат. Өзүн жакшы, акылдуу түгөйгө татыктуумун деп эсептебейт.
Кыз бала да ушундай. Кызды атасы уруп, шагын сындырса, келечекте ошондой адамга туш болот. Күйөөсүнүн урганын, жаман мамилесин норма катары эсептейт. Бала кезинен атасынан жакшы сөз укпаган кыз кийин бой жеткенде бир аз жакшы мамиле жасаган адамга ооп, аны толук таанып-билбестен турмуш куруп кетет. Ал эми атасы аны кыз болгону үчүн жакшы мамилеге бөлөсө, ханбийкедей сый көрсөтсө, кыз келечекте өзүнө татыктуу жолдош таба алат.
Кеңеш: – Үй тиричилигине байланышкан тарбия иштериндеги айрым кемчиликтерди жоюуда уул баланы атасы, кызды апасы тарбиялоосу керек. Эгер баланын туура эмес кылган ишин эне байкап калса, атасына айтканы туура. Психологиянын мыйзамы боюнча, эркек эркектин шагын сындыра албайт. Кызга эне туура тарбия берет.

“Сени жакшы көрөм” деген сөздү кеминде 20 жолу айтыңыз”
– Сүйүүгө, мээримге канып чоңойгон бала ишенимдүү болуп өсөт. Адамдын өзүнө болгон баасы жогору болгондо бой көтөрбөйт. Бой көтөрүү – бала кезде өзүнө ишенбегендиктен, сүйгөндү билбегенден келип чыгат. Бой көтөргөн адамдын өзүнө ишеними жок болгондуктан, “айланадагы адамдар мени басынтып жатат” деп ойлойт. Ошондой сезим менен жасалма түрдө өзүн көтөрмөлөй баштайт. Сүйүүгө канбай калган бала өзүмчүл да болот. Өзүмчүл адам “мага жакшы, сага жаман болуш керек” деп ой жүгүртөт. Өзүн сүйгөн, өзүнө ишенген адам “мага жакшы, сага да жакшы болуш керек” деп ойлонот.
Кеңеш: – Балага сүйүү тамактан да маанилүү. Бир күндө ага “мен сени жакшы көрөм” деген сөздү кеминде 10-20 жолу айтыңыз. Бала үчүн сүйүүнүн жок же аз болуусу эң чоң коркунуч. Мисалы, сиз ”беш алсаң оюнчук алып берем” деген сөздү бала “беш албасаң мен сени сүйбөйм” дегендей кабыл алат. Ошол сүйүүнү жоготуп алуудан коркуп кыйналса да айтканыңызды кылат. Чынында, ал оюнчук деле алгысы келген жок. Андыктан эң жакшы ыкма – ага улам жакшы көрөрүңүздү айтып, бул нерсени адатка айландырыңыз. Адамдардын кабыл алуусу аудиал жана визуал болуп бөлүнөт. Аудиал – кулагына угулган жакшы сөздү кабыл алышат. Визуал – жакшы мамилени көзү менен көрөт. Балага эки ыкманы тең бирдей берсеңиз ашыкча болбойт. Кулагына жакшы сөз айтып, жылуу көз караш, кучактоо менен сезимиңизди бекемдеңиз.

“Балаңыз үчүн жакшы көрүүчү болуңуз”
– Баланын аң-сезими 7 жашка чейин жаманды, жакшыны түз сиңирип алат. Ошол  сиңген маалыматты 70 жашына чейин колдонот. Андыктан ушул аралыкта балага болгон дитиңизди жумшап, мээрим бергениңиз маанилүү. “Коё тур, оокат кылып жатам”, “тоскоол болбой ары тур” деген сөз бала үчүн чоң сокку. Балага көңүл бурбаганыңыз анын көз карашында сүйбөгөнүңүздү далилдейт.
Кеңеш: – Баланын ордуна өзүңүздү коюп көрүңүз. Сиз адамга жан дилиңиз менен бир нерсени айтып түшүндүрүп жатасыз, анын ою башка жакта болуп, айтканыңызга кулак түрбөй отурат. Кандай сезимде калмаксыз? “Буга кызыксыз турбайбы” деген ичиңизде таарыныч, ыза пайда болот. Бала бир нерсе айтып берип жатканда кандай зарыл иш кылып жатпаңыз, көңүл буруп караңыз. Ал, болгону, 2-3 секунддук көңүл бурууну талап кылып, өзү үчүн кызыктуу болгон нерсени сиз менен бөлүшүп көрсөтүп калайын дейт. Эгер бул учурду коё берсеңиз, баланын көңүлүн сууткан болосуз. Балада “бардык нерсе кызык эмес тура” деген түшүнүк калыптанат. Кийинки жашоосунда бир нерсеге кызыгуусу өчөт. Эң негизги эреже – балаңыз үчүн мыкты көрүүчү болуңуз. Сиз жакшы көрүүчү болсоңуз, балада кызыгуу пайда болот.

“Жеке бааңызды көтөрүүнүн жолдору…”
– Идиштин жаңысын, тамактын даамдуусун өзүбүздөн аяп, сырттан келген конокко камдайбыз. Бул өзүбүздү жакшы көрүү сезимибиз өрчүбөгөндүктөн, “эл эмне дейт?” деген сезим үстөмдүк кылгандан келип чыгат. Балага кымбат дүкөндөрдөн  кийим алып берип, ата-эне өзү базардан арзанын киет. Жыйынтыгында, балаңызда кийин дал өзүңүздүкүндөй түшүнүк келип чыгат. Азаптын чынжырын азыртадан үзүңүз.
Кеңеш: – Өзүңүздүн үйүңүздө өзүңүз конок болгонду үйрөнүңүз. Тамакты түрлөп жасаңыз, жаңы идиштерди алып чыгып дасторконду жайыңыз. Үй-бүлө мүчөлөрүн конок келчүдөй күтүп алыңыз. Жыйынтыгында, балада жакшы нерсени сырттан келген адамга эмес, өзүнө ыраа көрүү сезими калыптанат. Өзүн өзү баалоо сапаты өсөт. Бала ата-энесин кумир тутат. Ар бир кыймылыңызды, сөзүңүздү туурайт. Сиз кийимдин жакшысын кийсеңиз, үстү-башыңызды тыкан алып жүрсөңүз, сизди көрүп өскөн балада “ушундай кийинүү керек турбайбы” деп табит калыптанат.

“Баланы тыйсаңыз келечекте ийгиликке жете албайт”
– Бала бир буюмду, кымбат телефонду сындырды. Бул үчүн сиз аны катуу урушуп, чаап жазаладыңыз. Баланын аң-сезимине “жаман вирус” кирген болот. Мындай адамдан келечекте ийгиликтүү ишкер чыгышы күмөн. Себеби бала кезиндеги алган жараат аны дайыма “кокус пландалбай калган нерсе аткарылбай калса жазаланам, бир нерсени туура эмес кылып алсам кандай жаза күтөт?” деп ишенимсиз болуп өсөт. Кийин чоңойгондо олуттуу кадам жасай албайт. Себеби артында сөзсүз жаза турат деп түшүнөт.
Кеңеш: – Бала эмне үчүн буюмду талкалап, сындырат? Анткени ага көңүл буруу жетишсиз. Качан гана идиш сынганда аны карап урушасыз. Ал урушуп жатканыңызды деле түшүнбөшү мүмкүн. Сиздин көңүлүңүздү өзүнө бурганын эсепке алып “апам мени карады” дейт. Бала максатына жетти. Эгер балага көңүл буруу жетиштүү болсо, анда ашыкча тентектик кылбай өсөт. Өзүнүн сүйүүсү жетиштүү болгон бала бирөөнүн сынына сынбайт, бирөөнүн мактоосуна муктаж болбойт.

Максат Муктаров: “Ата-эненин урушу – балага чоң сокку”
– Максат, өзүңүз тууралуу айтып берсеңиз…
– Менин кесибим экономист. Бирок бул тармакта өтө аз убакыт иштедим. 2001-жылы Германияга кеткем. Ал жакта төрт жыл билим алып АКШга которулдум, ал жерде да төрт жыл жашап, кийин Орусияга көчүп келип 2009-2013-жылдары иштедим. Алты жылдан бери Кытайда жашайм. Кыргызстанга жылына 1-2 жолу келем. Пландалган тренингдерди өтөм. Коучинг – жашоого машыгуу дегенди туюнтат. Максатым – Кыргызстанда коучингди кеңири таанытуу.

  • Дүйнөнүн ар кайсы тарабында жашаганыңыздын кандайдыр бир себеби барбы?
    – Менин максатым – дүйнө жүзүн кыдыруу. Кытайда лайфкоучинг менен иштейм, америка акцентин үйрөтөм. Жубайым, үч балам менен ушул өлкөдө турам.
    – Өзүңүздүн канча балаңыз бар?
    – Улуу кызым он жашта, андан кийинки уул-кызым удаа төрөлгөн. Бири беш, экинчиси төрт жашта.
    – Балдар тууралуу атайын изилдөө жүргүздүңүз беле?
    – Биз, адамдар зарыл эмес билим үчүн он жылга жакын убактыбызды коротобуз. Ал эми жашоого керек болгон бакыт, сүйүү, байлык, ийгилик тууралуу билимибиз жок. Мен дайыма изилдөөнүн үстүндө жүрөм. Адамдын кандай жарааты болбосун, бала кезине барып такалат. Бир америкалык адам кекечтенип сүйлөйт экен. Тони Робенс деген адиске кайрылып, мындан арылуу керек экенин түшүнөт. Себебин аныктай келсе, беш жашында атасы апасын катуу сабаптыр. Экөөнүн урушун токтотуу максатында кекечтенип сүйлөп жиберсе, атасы менен апасы басылып калып баласын карап калышат. Кийин ал адам көп жылдар бою кекечтенип сүйлөп жүрүптүр. Көрдүңүзбү, ата-эненин урушун токтотуу үчүн бала кандай гана курмандыкка даяр. Бала үчүн ата-эненин ынтымагы эң маанилүү.
    – Жеке сиз балдарыңызды кандай ыкма менен тарбиялайсыз?
    – Эң негизги эрежем – сүйүү жана жетиштүү көңүл буруу. Балам легодон ар кандай оюнчуктарды жасайт. “Ата, кара, муну жасадым, билесизби, кантип жасадым?” деп туруп баягыны чачып кайра башынан көрсөтүп баштайт. Ал учурда жумушка шашып жаткан болом, ичимден “чачып салды, эми муну качан чогултуп бүтөт” деп ойлонуп жатам. Бирок сабыр сактап басып кетпей жасап бүткүчө карап турам. Бир заматта чогултуп көрсөтүп берет. Легодон бир нерсе жасоо кызыгуусу калыптанып, ой-чабыты өсүп баратканы байкалат.
    – Ал эми үй-бүлөдөгү ынтымакты бекемдей турган кандай ыкмаңыз бар?
    – Үй-бүлөбүздүн гимни бар. Ырдын жарымын аяш агабыз Жеңишбек Жумакадыр, жарымын өзүм жазгам. Биз – жубайым, үч балам болуп колубузду кармашып:
    “Атаң-апаң билгиле, алар барда сүйгүлө,
    Ынтымакта жылмайган, биз бактылуу үй-бүлө.
    Бир тууганың билгиле, дайыма чогуу жүргүлө,
    Күчтүү болуп дүйнөдө, биз бактылуу үй-бүлө”,- деп ырдайбыз. Канча жолу эстесек ошончо жолу ырды айта беребиз. Кокус балдарым таарынышып кетишсе, бири дароо “атаң-апаң билгиле…” деп баштайт, калгандары улантып кетет. Ошону менен ортодогу таарынычтары да узакка созулбайт.

    Анара Дүйшөналиева

Жооп калтыруу

Please enter your comment!
Please enter your name here