Негизгиге Сыймыктуу эне Назира Айтбекованын апасы Нургүл эже: Назидей кыздын энеси болгонума сыймыктанам

Назира Айтбекованын апасы Нургүл эже: Назидей кыздын энеси болгонума сыймыктанам

649

Социалдык баракчалар аркылуу жашоо-турмуш, аял менен эркектин мамилеси, аялзаттын орду сыяктуу темаларда кызыктуу постторду жазып, айымдардын таламын талашып келген алып баруучу, актриса, блогер Назира Айтбекова өзүнүн ачыктыгы, тентектиги, боорукерлиги менен айырмаланып келет. Анын өзгөчө ойлору кээ бирин ачуулантса, айрымдардын жан дүйнөсүн ачып, ыраазы кылат. Элди ыйлатып, кубантып, кыжырлантып да келген айымдын апасы бизде конокто.

– Нургүл айым, учурда эмне менен алексиз?

– Борборубуздагы Сайра Кийизбаева атындагы №8 Балдар искусство мектебинде кыргыз эл аспаптары бөлүмүндө комуз сабагынан мугалиммин. Эмгек жолумду Балыкчы шаарындагы музыкалык мектептен баштап, 32 жылдан бери ушул тармакта эмгектенип келем. Билим берүүнүн отличниги жана Маданияттын мыкты кызматкеримин.

– Кызыңыз жакында 35 жашын белгиледи. Жарыкка келген күнү эсиңизде болсо керек?

– Назира жарык дүйнөгө 8-ноябрь күнү келген. Бирок документке 7-ноябрь деп жазылып калган. Ошондуктан эки күндү тең туулган күнү катары белгилейбиз. Кызым төрөлгөн күнү аппак кар жааганы аябай эсимде калган. Аябай жоош эле. Атасы экөөбүз тең студент болуп, Назираны чоң апасы карачу. Кайненем “бала бактым деп ойлобойм, эч кыйнабайт. Курсагы ачканда эле белги берип коёт” деп калчу. Жолдошум экөөбүз кызыбызга барып турчубуз. Биз барар күнү такыр тамак ичпей койчу экен, энеси “ата-энесин күтүп жаткан турбайбы” деп күлүп калчу. Беш айына чейин эч ооруган эмес эле, беш айдан кийин ичинен кан өтүп ооруканага жатып калды. Ооруканадан чыккандан кийин эле кайненем жуунтуп коюптур. Ошондо суук тийип оор акыбалда кайра ооруканага жатып калды. Кийин кѳп ооручу болгон. Же эмнеси ооруп жатканын түшүнбөйбүз. Назира үчүн атайын жайлоого кымызга, сүткө барчубуз. Ысык-Көлгө алып барып күнгө кактайбыз, ырым-жырымдарды кылабыз. Чоң энеси экөө ооруканага көп жатты. Акырында кызымдын чаңдан бронхити бар экени далилденди. Ошондон кийин чаңга жолотпой, колун сууга салдырбай, таттуу бербей тумчулап, жылуулап эле калганбыз. Баарыбыз жакшы көргөнгө эркелиги да бар болчу.

– Бала кезинде да азыркыдай ачык, тентек кыз беле?

– Назира кичинесинен өз алдынчалыкты жактырчу. 1-класска теңтуштарыбыздын балдары менен бирге алып барганбыз. Көнгүчө бир ай ташыйбыз деп ойлоп жатсак, эртеси эле өзү кетип калган. Бала бакчага барбагандыктан сабактарына көп жардам бердик. Ашканага алфавитти илип берсек тамак ичип, ойноп жатып эле тамгаларды үйрөнүп алган. 1-классынан алдыңкы окуучулардын катарында болду. 4-класс кезинде үй-бүлөбүз эки ажырымга түшкөндө башка жерге көчүп кетүүгө аргасыз болдум. Атасынан ажырап, чоң энесин сагынып аябай жаман болуп жүрдү. Агамдын Назира менен тең баласы бар, экөөнү бир класска киргизип койдук. Ырас, Камчы менен ойноп, чогуу окуп алаксып кетти. Мен Балыкчы шаарындагы музыкалык окуу жайда эмгектенчүмүн. Облус, республика аралык иш-чараларда Назира дайым жанымда болуп, массовкаларда ролдорду аткарып, музыкалык мектепте окуп ырдап жүрдү. Мектептеги иш-чараларда кемпирдин ролун аткара баштады. Басып-туруп акын-жазуучулардын чыгармаларын жаттатып, көркөм айтып бере берчүмүн. Талабы күчтүү мектепте да тырышып жакшы окуду. Ошентип, өзүнөн-өзү ачылып, оорусу унутулуп калды. Кызым ар убак мени сүйүнткүсү келип, сюрприздерди жасаганды жакшы көрчү. Ар кандай сынактарга айтпай катышып келип сүйүнчүлөп, белектери менен бөлүшүп мени аябай кубантчу. Студент кезинде да бул адаты калбады. Келечектеги кесиби үчүн абдан кабатыр болуп, көп тил билүүсүн каалачумун. Кызым да “чоңойгондо президенттин котормочусу болом” деп айтчу. Бул кыялын азыр айтпай жүрөт.

– Баланы жалгыз бой өстүрүү, жакшы тарбия берүү канчалык кыйын?

– Баланы жалгыз өстүрүү абдан оор. Кийим, тамак-ашка ата-энем жардамдашып, бул жагынан жетиштүү эле чоңойду. Бир гана атасынын мээримин сагынып жүрдү. Атасынын келеринен үмүт кылып жол карачу. Бирок ал киши кызына кайрылып абалын сураган жок. Эки жылдан кийин теңтуштарыбыз жараштырып “кийин мени күнөөлөбөсүн” деген ой менен кызым үчүн кайрылдым. Тилекке каршы, бир айга жетпеген убакыт гана жашадык. Ошону менен кызымдын жоопкерчилиги биротоло менин мойнумда калды. “Балам жер карап калбасын” деп өзүм үлгү болууга аракет кылдым. Бир убакта үч жумушта иштечүмүн. Эч нерседен тыйбай эркин өстүрдүм. Азыркыдай оюна эмне келсе ошону сүйлөп калганы ушундай тарбиядан улам окшойт деп калам. Кол өнөрчүлүк ийримине, англис тили курсуна алып барып, музыкалык мектепке да окуттум. Деги эле кызымды бош койчу эмесмин.

– Кызыңыздын «Жөн эле ойлор» аталышындагы алгачкы китеби чыкты. Кызыңыздын ойлору камтылган постторун окуйсузбу?

– Кызымдын таланты мектеп курагында эле калыптанган. Ошондо эле ыр, аңгеме жазчу. Көп учурда ыр түрүндө жазып, ырлары гезиттерге жарыяланчу. Дил баянды да мыкты жазчу. Турмушка чыкканда таштап койгон. Өзү илхом таңга маал келерин айтчу, ал кезде туруп жаза калбай уйкуга кызыгып калып калчу окшойт. Жолдошу менен ажырашкан соң кайра жазып, “Фейсбуктагы” баракчасына чыгара баштады. Постторун окуп кошумча-алымчамды айтчумун. Назира да келип кеңеш сурап, сырдашып турат.

– Назира айым элдин талкуусуна көп алынат, эне катары бул сизге оор тийбейби?

– Назира менин эле эмес, элдин кызы. Жакшы пикир болсо сүйүнөм, жаман сөздөр оор тийет. Балаң тууралуу жаман сөз угуу энеге оор эле болот экен. Аларды окуп кабатыр болсом кызым “апа, жүрөгүңүздү оорутуп окубай эле коюңузчу” деп мени достуктан чыгарып койгон. Кээ бир адамдар “тарбия көргөн кызбы?” деп жазышат. Кызым абдан жакшы тарбия көрүп чоңойгон. Башка балдарга окшоп ашыкча басып, клубдарда жүргөн эмес. Жалаң окуу, кийин чыгармачылык деп келет.

– Мурдагы күйөө балаңыз тууралуу оюңуз кандай?

– Экөө абдан жакшы жашашчу. Урушкандарын такыр көргөн эмесмин. Бири-бирин аярлап, жакшы мамиле кылышканын эле көрчүмүн. Деги эле ушулар ажырашып кетет деген ой түшүмө да кирген эмес. Экөө эки ажырым жолго түшкөндө күйөө балама аябай таарынгам. Энеге баланын ыйлап турганы оор экен. Мага да жеңил болгон жок. Бирок убакыт баарын дарылады. Азыр жакшы жактарын эле эстеп, жакшы жактарын гана айта берем. Мени сыйлап эле турчу. Небереме “атаң жакшы, кыйын” деп турабыз, андай сөздү уккан сайын неберем кудуңдап сүйүнөт.

– Азыр турмушка чыгуусун кааласаңыз керек?

– Албетте, “өзүң жалгыз болсоң, балаңды да жалгыз кылба, турмушка чык” дейм. Кызымдын дагы өнүп-өсүүсүн каалайм. Кудайдан да менин турмушумду кайталап жалгыз болуп калбаса экен деп тилейм. Кызым бактылуу болууга татыктуу.

– Кызыңыз атасы менен катташа баштады, сиз таарынган жоксузбу?

– Эки жыл мурун атасы кызына чалып жүргөнүн укчумун. Ал кызымдын телефон номерин таап алып чала берчү, бирок Назира такыр сүйлөшпөй ѳчүрүп салчу. Бир жылдан кийин “кичинемде көрдүм эле, азыр кандай болду экен?” деп барып көрүп келди. Быйыл атасы тууралуу байма-бай чыгарып жатканын фейсбуктан көрүп, ачыгын айтканда, жаман болуп, чочуп да кеттим. Кызыма таарындым. Назира кечирим сурады. Мейли, атасы менен катыша берсин, бирок кулагым угуп, көзүм көрбөсүн дедим.

– Ал кишинин да үй-бүлөсү жок экен, кайрадан бирге болууңуздар мүмкүнбү?

– Мен бир жолу кызым үчүн жарашып кѳргѳм. Бирок азыр ал тууралуу сөз болушу мүмкүн эмес. Ал киши убагында өз кызыкчылыгын ойлоп, каалаганындай өмүр сүрдү. Башы аман болсун! Мен Нази деп жашадым, муну милдет кылбайм. Назидей кыздын энеси болгонума сыймыктанам.

Айгерим Токтобай кызы

Жооп калтыруу

Please enter your comment!
Please enter your name here