Негизгиге Сахна өкүлү Гүлнур Асанова: Жоолук салынгандан кийин атамды кечирүү жеңил болду

Гүлнур Асанова: Жоолук салынгандан кийин атамды кечирүү жеңил болду

5903

Чыгармачылыгын тасма талаасынан баштаган эстрада ырчысы, актриса, дастанчы Гүлнур Асанова жакында жоолук салынып, ыйманын бекемдеди, тогуз жылдан бери байланышпаган атасына жолукту. Мындан ары чыгармачылыгында кандай ѳзгөрүүлөр орун алары, жашоосу тууралуу маек төмөнкү макалада.

– Гүлнур айым, шоу-бизнестеги жоолукчан айымдардын катарын сиз да толуктадыңыз. Бул жоопкерчиликтүү кадамга канча убакыт даярдандыңыз?

– Негизи, бул кадамга көп жылдардан бери даярданып келгем. Студент кезимде дин тууралуу маалыматтарды алып, таалимдерге барып, Кадыр түндү мечиттерден тосчумун. Кээде багымдат намазын да окуп калчумун. Февраль айында Умра сапарына барып келгенден кийин “жамына берсемби?” деген ой келген. Бирок ыймандан шайтан күчтүүрөөк болду окшойт, улам бир шылтоо чыгып, такыр жоолукка ѳтѳ алган жокмун. Кийин таажы вирусу менен ооруп калганда “айыгып кетсем сөзсүз парзымды аткарам” деп Кудайдан ден соолугумду тиледим. Аллах мага шыпаа берип айыгып, убадамды аткарып жоолук салындым.

– Алгач жоолук салынганда кандай сезимдер болду?

– Жоолук менен катар эле беш маал намазымды тургуздум. Ал маалда үйдө эле болуп, жоолук салынганымды 2-3 жумадай эч ким билген, көргөн жок. Социалдык тармактарга да чыгарган жокмун. Үйдө отурганда анчалык билинген эмес. Качан эшикке чыга баштаганда тааныштар, күйөрмандар көрүп жакшы кабыл алганда толкундоолор болду. Алгач ирет жоолук менен пандемияда кайрымдуулук иштерин кылгандарга ыраазычылык катын тапшыруу иш-чарасына баргам. Жоолук салынып, бет кап тагынып жүргѳнгѳ атымды атаганга чейин эч ким деле байкаган жок. Качан гана атым аталганда таанып, сүрөткө түшүп, жоолугум жарашканын айтышты. Абдан жагымдуу болду. Дегеле жоолук салынгандан бери өзүмдү жеңил сезип калдым. Көптөн бери көрө элек тааныштарымдан “токтоо болуп калыптырсың” деген сөздөрдү угуп жатам.

– Ата-эне, бир туугандарыңыз кандай кабыл алышты?

– Баары жакшы кабыл алышты. Болгону, апам бир аз “эми чыгармачылыгың кандай болот?” деп кабатыр болду. Себеби апам беш жашымдан баштап ар кандай ийрим, сынактарга ээрчитип барып катыштырган, сыналгыдан көрсө кубанып чыгармачылыгыма күйгөн, өнөр адамы болуумду тилек кылып келген инсан да.

– Гардеробуңузду толук жаңырттыңызбы?

– Мен көбүнесе кыргыз колоритиндеги кийимдерди кийчүмүн. Алардын баары жабык, жеңдүү, кош этек кийимдер болгондуктан, жоолук менен айкалыштырып кие берем. Башка кийимдеримди тааныш, туугандарга тараттым. Гардеробумду акырындык менен жаңылап келе жатам.

– Кыргызды көптөгөн эл аралык сынактарда таанытып келгенсиз, дагы да катышууну уланта бересизби?

– Ушул күнгө чейин Кыргызстандын атынан көп эл аралык сынактарга катышып, салттуу музыканын жайылуусуна салымымды кошуп келдим. Токтогул Сатылганов атындагы төш белгиге татыдым, алтын медаль, жүздөн ашык диплом, ардак грамота, кубокторго ээ болдум. Эл-жер кыдырып, Бельгия менен Германияга жеке концертимди тартууладым. Мунун баарына шүгүр. Эми деле эпостордон, дастан, жаратылыш маселелерин чагылдырган, баатырлык, бир туугандык сыяктуу шариятка туура келген чыгармаларды аткара берем. Эл аралык сынактарга дагы да барышым толук мүмкүн. Буюрса, буга да убакыт келет. Азырынча шарият жолунда көбүрөөк илим алгым келип турат. Төрт айдан бери тойлордо кызмат кыла элекмин. Ичимдик коюлган тойлордон такыр баш тартам. Жакындардын жакшылыктарына барып каалоо-тилегимди айтып келүүм мүмкүн. Бирок чектөө менен жүрүп, зарыл себепсиз көчөгө чыкпайм. Убактымдын көбү үйдө ибадат кылуу менен өтөт.

– Жакында эле катташа баштаган атаңыз тууралуу айтып берсеңиз?

– Атамдын аты-жөнү Акылбек Асанов. Көп жылдан бери байланышыбыз жок эле, жакында апамдан телефон номерин алып, байланышка чыктым. Жашык болуп калыптырмын, атам менен сүйлөшүп жатып көз жашымды тыя албай ыйладым. Бир ай мурда айылга барып учурашып, эки сааттай сүйлөшүп отурдук. Жашоомдо биринчи жолу атам менен ушундай сүйлөштүм, мага эки саат да аздык кылды. Атамдын үй-бүлөсү, бала-чакасы бар. Буюрса, мындан ары катышып турабыз. Ыйман жолуна түшкөндүн жакшы жактары көп экен, кечиримдүү, сабырдуу болот экенсиң. Мен азыр баарын кечирип, мурдагыдай кекчил болбой калдым. Атамды кечирүү да жеңил болду.

– Сизге суктанган, колуңузду сураган мырзалар көп эле болсо керек. Кандай мырзаларды баалайсыз?

– Колумду сураган мырзалар бар. Сөзүнө турган, айтканын иш жүзүндө көрсөтө алган, ыймандуу, илимдүү, ишкер, токтоо мүнөз мырзаларды баалайм. Мындай мырзаны жолуктурсам “жеке жашоомду ачыктабайм” деп өзүмө сөз бергем.

Айгерим Токтобай кызы

Жооп калтыруу

Please enter your comment!
Please enter your name here