Негизгиге Ден соолук Эмчек өз милдетин аткарбаса ракка кабылат — Кыял Макиева, онколог-маммолог

Эмчек өз милдетин аткарбаса ракка кабылат — Кыял Макиева, онколог-маммолог

1621

Бул темага кайрылуу оор, бирок кайрылбай коюуга да мүмкүн эмес. Бүгүнкү күндө эмчек безинин залалдуу шишиги онкологиялык оорулардын ичинен алдыга озуп чыкты. Өкүнүчтүүсү, көбү оору өрчүп кеткенде билишет. Аты жаман оору тууралуу онколог-маммолог, медицина илимдеринин доктору, Кыргыз-Орус Славян университетинин онкология жана нур терапиясы кафедрасынын профессору, КРнын саламаттык сактоонун отличниги Кыял Макиева айтып берди. Бул маек айымдарга коңгуроо болот деген үмүттөбүз.

— Кыял Болотбековна, бүгүнкү күндө эмчек безинин залалдуу шишиги биринчи орунга чыгыптыр?
— Тилекке каршы, бул оору республика боюнча башка онкологиялык оорулардын арасынан биринчи орунга чыкты. 99% аялдар, 1% эркектер ооруйт.
— Кайсы учурда рак клетка ойгонуп, өзүнүн чабуулун баштайт?
— Буга көп себеп бар. Биринчи кезекте бул оору тукум кууйт, эгер атасы же апасы ошол оору менен ооруган болсо андай адамдардын балдары да кооптуу топко кирет. Эртели-кеч оорушу мүмкүн. Аялдардын жыныстык гормондорунун иштөөсү бузулса бул ооруга жол ачылат. Аял турмушка кеч чыгат, убагында төрөбөйт, төрөсө да эмизбей коёт. Таблеткалар менен аборт кылса, баш-аламан жашоодо жашаса да бул ооруга жол ачылуусу мүмкүн. Экология да таасир этет, радиация бөлүнүп чыккан аймактар да кооптуу. Клетка  ДНКдан турат, ДНК ар кандай белоктон туруп, ал белоктор чынжыр аркылуу бири-бирине уланып кетет. Адам стресс болгондо бир белоктун ордуна башка белок келип туруп калат дагы, чынжырдын ирети бузулат. Бир клетка экиге бөлүнүп, бирөөнүн ордуна төрт клетка пайда болуп калат. Клетка канча бир убакыт жашап убагында өлүп, анын ордуна жаңы клетка пайда болушу керек. Эгер ушул процесс токтоп калып клетканын үстүнө клетка кошулуп көбөйө берсе, ошол жерден залалдуу шишик пайда болуусу мүмкүн. Организм ушунчалык акылдуу механизм. Бир жерден эле иштөө тартиби бузулса, мүчүлүштүктөр башталат.
— Кайсы учурда көкүрөктү сактап калууга болот?
— Биринчи жана экинчи А стадиясында сактап калса болот. Шишик пайда болгондон баштап көлөмү 2 сантиметрге чейин болсо, колтуктун айланасындагы без түйүндөрүндө метастаза жок болсо операция жолу менен шишиктин өзүн алып салып, эмчекти сактап калса болот. Эмчек төрткө бөлүнөт. Сырткы, ички, үстүңкү жана ылдыйкы бөлүк. Шишик эмчектин сырткы бөлүгүндө жайгашса колтуктун айланасындагы бездерге метасаз кеткен- кетпегенин текшерип, таза болсо операция кылабыз. Эгер шишик эмчектин ички бөлүгүндө жайгашкан болсо ички органдарга, биринчи кезекте боорго метастаз кетип калат. Андайда көкүрөктү эмес, өмүрдү сактап калуу да оор болуп калат.
— Бул оору жашарып аткандай?
— Ооба, жашарып атат. Мурда элүү жаштан жогору аялдар келсе, азыр 22 жаштагы турмуш кура элек жаш кыздар келип атат. Иликтей келсең тукумунда бар болуп чыгат.
— Стресс онкологиялык ооруга кандай таасир этет? Аныктама барбы?
— Негизи онкологиялык оорунун баары стресстен деп айтылат. Келген бейтаптардын баарынан сурасаң качандыр бир учурда катуу сокку алган. Күйөөсүн же баласын жоготкон болот. Адам стресс болгондо гормондордун иштөө тартиби бузулат. Пролактин деген гормон өлчөмүнөн көп бөлүнүп чыга баштайт, ал гормон түздөн-түз эмчек ткандарына терс таасирин тийгизет. Ошонун эсебинен ткандар туура эмес өсүп баштайт. Шишик деле залалдуу жана залалсыз болуп бөлүнөт. Залалсыз шишик дары-дармек менен айыгат. Аялдын калкан без, эмчек бези, жатыны бири- бири менен гормоналдык чынжырча менен байланышкан. Гормон бузулуп калкан безде же жатында маселе жаралса, эмчекке сөзсүз таасир этет. Эмчектин, жатындын рагы эч кандай белги бербей өөрчүй берет. Бейтаптар “шаарга келдим эле, көрүнө кетейин” деп кайрылганда көп учурда ушул оору аныкталат. “Температура болбосом, оорубасам эмнеге эмчегимди алып салган атасыңар?” деп таң калышат. Бул оору тымызын өөрчүп жанды кейитип оорутпагандыктан көбү метастаз кетип өөрчүп кеткенде келишет. Мисалы, өлкө боюнча жылына 700-1000 адам кайрылса, ошонун 20сы биринчи стадияда келет, калганы 3-4 стадиягө өтүп кеткен болот. Шишик чоңойгондо эмчекти жарып чыгат. Ал жерге аялдар ар кандай чөп-чар таңып, табыптарга бара беришет. Аягында ал жерден жагымсыз жыт чыгып адам чыдабай калат. Изилдеп келгенде метастаз сөөккө, боорго кеткен болот. Андай учурда биз тилекке каршы жардам бере албай калабыз.
— Алгачкы стадияларында жакшы айыгып кетсе кийин төрөгөнгө болобу?
— Жок, бул оорудан кийин биз төрө деп сунуш кылбайбыз. Тескерисинче энелик жумурткаларды бууганга аракет кылышат. Себеби шишик кайра бир жерден пайда болуусу мүмкүн. Бирок оорудан кийин 4- 5 жыл өзүн жакшы карап жүрүп төрөп алгандар да болот. Кээде аял боюнда бар болгондон кийин онкологиялык ооруга кабылганын билет. Негизи шишик боюнда жок кезде эле пайда болгон болот, бирок аны убагында аныктабагандыктан билинбейт. Биздин гинекологдор жатынды гана карашат. Өздөрү карагандан ээринсе маммологго милдеттүү түрдө көрүн десе жакшы болот эле. Кечээ эле 25 жаштагы кыз келди. Экинчи стадия экен, боюнан алдырып өзүн дарыланууга жөнөттүк. Андан көрө ооруну жеңип, башка балдарына жөлөк болгону жакшы эмеспи. Боюндагы баласына 8-9 ай болгондо келишет, аларды жасалма жол менен төрөтүп алып андан кийин дарылайбыз. Кээ бир гинекологдор эмчеги ооруса “төрөп алсаң өтүп кетет” дешет. Жок, андай эмес, эгер эмчек безинде кандайдыр бир кооптонууну байкасаңыз, дароо маммологго кайрылыңыз дээр элем. Баланы пландаарда сөзсүз бардык адистерден өтүп койгон ашыкча болбойт.
— Эмчек эмизгендерде бул ооруга кабылуу коркунучу азаябы?
— Ооба, азыр төрөп коюп жумушка чыгып кетип атышпайбы. Баланы 1,5 жылга чейин эмизүү керек. Бездер жакшы иштейт. Эмчек сулуулук үчүн жаралган эмес, анын жаратылыштан берилген милдети — бала эмизүү. Убагында бул милдетин аткара албаса ал деле ооруга кабылат.
— Эки эмчекти алдыргандан кийин пластикалык операция жасатып алса балким аялга психологиялык жактан кемтик болбойт беле?
— Жаш кыздар эмчегимди сактап бергиле дешет. Колубуздан келгенин кылабыз. 4-5ти төрөгөн айымдар “алып салсаңар да мейли, тирүү калсам болду” дешет. Негизи пластикалык операция айымдарга керек. Биздин медицинанын тарыхында бир да жолу пластикалык операция кылган эмеспиз. Эмчегин алдырган аял жаралуу. Эртең менен үстүнө кирсең доктурду көргүсү келбейт, дубалды карап ыйлап жата берет. Депрессияга түшүп кыйналышат. Эмчегин алдыргандардын 80% ажырашып кетет. Өздөрүн кемтик сезишет. Буюрса 2022-жылдан тартып пластикалык операцияны ишке ашырууга бел байлап атабыз. Залалдуу шишикти алгандан кийин, химия, нур терапиясынан өткөндөн соң саламаттыгында баары жакшы болсо пластикалык операция жасатып алууга болот.
— Нур менен химия терапиянын айырмасы эмнеде?
— Аты айтып тургандай эле залалдуу шишик алынган аймакты аппараттын жардамы менен нурга какташат. Адистер ал жердин тереңдигин аныктап беришет. Максаты кайрадан рак клеткасын пайда кылбоо. Химия терапия кан тамырга куюлат дагы канды толугу менен тазалап чыгат. Хирургия, нур, химия деген үч баскычты өткөндө адам оорудан толук айыга алат.
— Аял катары сиз үчүн бейтаптарга оорусун угузуу канчалык оор?
— Жаш курагы улуу аялдар  “калган жашоомду балдарым менен өткөрсөм” деп калышат. Жаш кыз-келиндер өтө оор кабыл алышат. Депрессияга түшөт. Химия терапиянын баасын укканда күйөөм таштап кетти дегендер жок эмес. Ар биринин үй-бүлөсүндө көйгөйү бар. Бейтапка башынан кандай дем берсең дарылануусу андан ары жакшы болуп, айыгып кетет. Туугандардын колдоосунан көп нерсе көз каранды. Бул диагнозду жакын адамына угузууга аргасыз болобуз. Рак деген сөздү айтпайбыз. Дароо башка чапкандай болушат. Өзүбүздүн медицинадагы сөздөрдү колдонобуз. Бир терапия алгандан кийин кайрылбай коюшат. Алар дарылануусун улантуу үчүн бүт аракетибизди жумшайбыз. Ушул акыркысы деп алдап атып айыктырган учур болот. “Сиз дарыланбай орто жолдон таштап койсоңуз экөөбүздүн тең мээнетибиз текке кетет” десең көнөт. Келбей койгон бейтаптарды “эмне болду экен” деп ойлоп калам. 2-3 жылдан кийин “апам каза болуп калды” деп кыздары келишет. Көбү жакын адамы же таанышы ушул оорудан каза болгондон кийин коркуп текшерилгени келишет. Бул оору эч кандай белги бербей ичте жеп бүтөт. Андыктан жылына бир жолу сөзсүз текшерүүдөн өтүп туруу керек. Тукумунда бар болсо 6 айда бир келүү зарыл.
— Маегиңизге рахмат!

Анара Дүйшөналиева

СоӊкуНазгүл Узбекова: 100 тонна сөөлжан чыгарайын деп жатам
КийинкиКапыстан келген кырсык жашоомду түп-тамыры менен өзгөрттү