Негизгиге Ден соолук Рактын биз анчейин көңүл бурбаган белгилери

Рактын биз анчейин көңүл бурбаган белгилери

3131

Рактын биз анчейин көңүл бурбаган белгилери

Учурда канчалык медицина өнүкпөсүн, онкологиялык оорулар адам өлүмүнүн негизги себептеринин бири бойдон кала берүүдө. Эң өкүнүчтүүсү, дарт өзү тууралуу кеч маалымат бергенинде. «Адамдар рактан коркушат, бирок анын алгачкы белгилерин издөөдөн эринишет» дешет онколог-дарыгерлер. Анын сыңарындай, денедеги биз көрүп-билип, бирок эч эле капарыбызга албаган белгилерден улам организмде залалдуу шишиктин очогу бар экенин баамдап, оорунун алдын алууга толук мүмкүн.

Ич көбүү

Дайыма ич көөп тургандай сезим болсо же тамактанган соң ич көөп, жел толсо
дагы ичеги рагынын алгачкы белгиси деп түшүнүүгө болорун медициналык
изилдөөлөр далилдеген. Анткени жоон ичегиде же ичке ичегиде жара болсо,
барган тамак-аш андан ары кетпей ошол жерге топтоло берет да, ал залалдуу
шишиктен бөлүнүп чыккан вирустар, бактериялар тамакты сиңирип алып, көмүр
кычкыл газын бөлүп чыгарат. Бирок муну көпчүлүк адамдар элес албай «туура
эмес тамактанып алдым» деп гана ойлошот. Ошол себептүү эгерде ушундай
белгилерди байкаган болсоңуз, улам кийинкиге жылдыра бербестен,
ичегилериңизди текшертип, ооруга бөгөт коюңуз.

Узакка созулган жөтөл

Жөтөл десе эле тамагы ооруп же ангинасы кармап калыптыр дейбиз. Бирок жөтөл
эң көп дегенде 1-2 жумага гана созулууга тийиш. Эгерде убактысы андан көбөйүп
кетсе, адамдын тамагында, кызыл өңгөчүндө жана өпкөсүндө рактын клеткасы
ойгоно баштаганынан кабар алууга мүмкүн. «Чылым чекпейм, андыктан менде
шишик пайда болушу таптакыр мүмкүн эмес» десеңиз жаңылышасыз. Шишик
токтоосуз өсүп, оору акыркы стадиясына жете электе адистерге кайрылып, өз
өмүрүңүздү сактап калыңыз.

Тилдин үстүндөгү ак кебер

Тиш жуу маалында кээ бир адамдардан тилинин үстүндөгү ак кеберди байкоого
болот. Албетте, бул белгини алгач көргөндө рак деген түшүнүктү ойлоп дагы
койбойбуз. Анткени ал ооз көңдөйүнде эч кандай оорутууну жаратпайт. Эгерде
тилибизди тиш жууган сайын жууп турсак дагы мындай ак кебер пайда болгону
токтобосо, сөзсүз дарыгерге кайрылыңыз. Себеби мындай белги ооз көңдөйүнүн
кайсы бир бөлүгүндө залалдуу шишик пайда болгонунан кабар берет.

Тырмактын формасынын өзгөрүшү

Тырмактар башында жакшынакай түзүлүштө болуп, бирок күтүүсүздөн эле үстүңкү
катмары дөмпөйүп, катталышып өсө баштаса да организмде бул коркунучтуу
дарттын уюткусу бар экенин түшүнсөк болот. Баарыбызга белгилүү болгондой,
мындай көрүнүштү байкаганда дароо эле организмге кальций же йод жетишпейт
деп түшүнөбүз. Албетте, бул туура. Бирок кээде аталган заттар организмде
жетиштүү өлчөмдө болсо дагы жогорудагы белгилер байкалса, бул – эки өпкөдө
тең рак клеткалары ойгоно баштаганынын ачык далили.

Кал, меңдердин пайда болушу

Адамдын денесинде тубаса кал, меңдер болот. Булар адамдын ден соолугуна эч
кандай кооптонуу жаратпайт. Ал эми булардан башка дагы меңдер чыга баштаса,
же болбосо тубаса меңдер баштапкы ачык түстөн күңүрт өңгө өзгөрө баштаса,
демек, организмде рактын алгачкы стадиясы өз өкүмүн сүрө баштаган болот.
Тезинен толук текшерүүдөн өтүп, кайсы органда рак клеткасы өсө баштаганын
аныктаңыз.

Ашыкча терчилдик

Ооба, тердөө бардык адамдарда кездешчү кадимки эле көрүнүш. Тердөөнү,
чынында, көпчүлүк адамдар олуттуу деле карап, кандайдыр бир айыккыс дарттын
белгиси катары кабыл алышпайт. Бирок адам бат-баттан тердеп, бул көрүнүш
түнкүсүн дагы тынчтык бербесе, жакшысы, медициналык кароодон өтүп койгону
дурус. Анткени ашыкча терчилдик көпчүлүк учурда боордун, сөөктөрдүн жана
кандын рагына алып келерин окумуштуулардын изилдөөлөрү далилдеген.

Дайыма аба жетпегендей абал

Жеңил жумуш кылса дагы же болбосо тепкичтен чыгып баратып деле дем жетпей
калды деген адамдарды кездештирип калабыз. Мындайда ким эле эмчегинде рагы
бар экенин билсин. «Дем жетпей калды, эмнеге минтип жатат?» деп ойлонуп,
бирок ал суроо боюнча эле кала берет. Ооба, окурман, айымдардын эмчек
рагында дем жетпөө абалы дайыма болуп турчу процесс. Анткени аталган
органдагы рак клеткасы сөзсүз түрдө өпкөгө метастаза берерин дарыгерлер
тастыктап келишет.

Денедеги кычышуу

Кычышкан жерди тырмап коёбуз, кычышуу дароо басылып калат. Кээде эч бир
себепсиз эле жан кыйнаган кычышууга кабылабыз. Аллергия болуп жатам деген
ой келет. Албетте, бул денедеги кычыштыруу аллергия дагы болушу мүмкүн.
Бирок муну тери рагынын өөрчүп келаткандыгынын белгиси катары дагы карасак
болот. Албетте, андай олуттуу дарт болбой эле койсун, андыктан анын алдын
алып, өзүңүзгө ишенимдүү жүргөнүңүз дурус эмеспи.

Асел Эсенбек кызы

СоӊкуТамга: Чыгармачылыкта бийик деңгээлге жетип, атым сакталып калса экен дейм
КийинкиСамара Каримова: Көрө албастардын сөзүнө капа болбойм