Негизгиге Интервью Тамга: Чыгармачылыкта бийик деңгээлге жетип, атым сакталып калса экен дейм

Тамга: Чыгармачылыкта бийик деңгээлге жетип, атым сакталып калса экен дейм

488

Тамга: «Чыгармачылыкта бийик деңгээлге жетип, атым сакталып калса экен
дейм»

Бүгүнкү биздин маегибиздин карманы – Тамга деген өзгөчө атка ээ таланттуу
ырчы кыз. Ырчы болсом экен деген балалык аруу кыялы акырындан ишке
аша баштаганын, ар бир адам аракет кылып, көздөгөнүнөн кайтпаса акыры
жеңиштин даамын татчу күн келерин айтат ал.

Атың өзгөчө экен. Бул сенин сахнадагы каймана
атыңбы же чыныгы ысымың ушундайбы?

— Мага ушундай оригиналдуу ысым ыйгарып койгону үчүн чоң энеме ыраазычылык
билдирем. Мен төрөлөрдө чоң энем түш көрүп, түшүндө «небереңдин атын Тамга
деп кой» деген аян берилген экен. Ошондуктан мен жарыкка келер замат ата-энем
ат тандап отурбай эле ушул ысымды ыйгарышыптыр.

Өзүң тууралуу, кайсы жердин кызы болсуң?

— Мен, негизи, Ош облусунун Алай районунан болом. Бирок Бишкек шаарында
төрөлүп-өскөм. Учурда Калый Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук
консерваториясында 4-курста окуйм.

Учурда сен жаштардын талабына ылайык чыгармаларың менен
популярдуулугуң артып турган кез. Айтсаң, ырчылыкка кандайча келип
калгансың?

— Кичинекей кезимден эле ыр-бийге шыктуу болчумун. Үйгө коноктор келсе эле
ырдап-бийлеп концерт коюп берчүмүн. Уялуу деген сезим такыр жок болчу. Анын
үстүнө атам дагы мени ырдатып, «бул жерин жакшылап соз, бул жеринде үнүңдү
бийик чыгар…» деп мага вокалдык жактан пайдубал түптөп берген десем болот.
Ооба, атам профессионалдуу музыкант эмес, бирок менин ырдаганыма аябай көп
көңүл бурчу. Ошондуктан ырчы болом деген тилегим кичинемден эле
калыптанган. Кийинчерээк мектепте ар кандай кечелерде ырдап жүрдүм. Анан
карасам бат эле убакыт өтүп, 11-классты аяктап баратам. Ошондо келечектеги
кесибимди тандоого убакыт келгенин билип, жаңылып калбагыдай чечим чыгарыш
керек болду. Көп кесиптер тууралуу ойлондум, бирок баары бир ички сезимим,
жүрөгүм ырдоону каалап туруп алды. Андыктан ички сезимиме баш ийип, ушул
чыгармачылык жол менен кетүүнү көздөдүм.

Анан, чоң сахнага качан аттандың? Бул жолдо кандай кыйынчылыктар
болду?

— 2-курста окуп жатканда талаттуу, жакшы ырдаган улан-кыздарды тандап алып
чыгармачылыкка жол ачып берген «Асман» долбооруна катышып калдым. Бирок,
тилекке каршы, ал сынактан алдыңкы орундарга жетише алган жокмун. Бул үчүн
эч убакта кайгырбайм. Сынакта жеңилген болот, жеңген болот дегендей. Бирок
калыстар тобунда отургандар мага жакшы ой-пикирлерин билдирип, «сен
Кыргызстандын эле сахнасынын жылдызы эмес, чет мамлекеттерде да ырдап,
биздин өлкөнүн атын чыгарчудай дараметиң бар экен» деп айтып жатышты. Ошол сөздөр мага стимул берди десем жаңылышпайм. Мен айтат элем, эгерде ырчы
чынында эле таланттуу болсо, сахнадагы кыйынчылыктар көзгө көрүнбөй эле өтүп
кетет. Берилген талантка эмгек, максат кошулса, ал жакшы жемишин бербей
койбойт. Албетте, мен учурда чыгармачылыктын туу чокусуна жете элекмин. Ага
жетиш үчүн мен дагы көп иштешим керек. Бирок эмгектин үзүрүн көрөрүмдү мен
акырындан биле баштадым. Тамга деген атым аз да болсо мааниге ээ боло
баштады. Мунун артында мен жалгыз эмесмин. Мени колдогон командам бар,
учурдан пайдаланып аларга терең ыраазычылык билдирип кетким келет.

Чыгармачыл адам сын менен гана өсөт дешет эмеспи. Сен тарапка
айтылган терс ойлорду кандай кабыл аласың?

— Кудайга шүгүр, учурда менин дарегиме айтылган жакшы гана сөздөр
басымдуулук кылып жатат. Бирок арасында акырын менин короомо таш ыргытып
коюп жаткандар дагы жок эмес. Мен жөнү жок эле сындагандарга такыр
чычалабайм. Мисалы, инстаграм баракчама сөгүнүп жазган инсандар дагы
кездешет. Менин сахнада кийген кийимиме, стилиме, боёнгонума асылгандар
болуп калат. Аларга такыр жооп бербейм. Бул жөн гана образ да. Кээ бирлер мени
бой көтөргөн кыз деп да ойлошот экен. Мен буга такыр кошулбайм.

Ата-энең, бир туугандарың жөнүндө айта кетсең, алар дагы
чыгармачылыкка жакын адамдарбы?

— Ата-энем чыгармачылыктан алыс адамдар. Бирок атам ырдап, комуз, аккордеон
чертип калчу. Башында айтып өткөндөй, мени чыгармачылык жолго салган дал
ушул киши болуптур азыр ойлосом. Тилекке каршы, атам мен беш жашка
чыкканда каза болуп калган. Үйдө төрт бир тууганбыз, улуусу мен, менден кийин
сиңдим, анан эки иним бар. Апам кесиби боюнча мугалим. Бирок шартка
байланыштуу азыр кесиби менен иштебейт. Апама терең таазим этем. Апам –
менин жашоом. Аны ыраазы кылыш үчүн болгон күч-аракетимди жумшайм.
Жалгыз төртөөбүздү багып, эч нерседен кем кылбай чоңойтуп келе жатат.

Тамга, өзүң жөнөкөй студент болсоң, чыгармачылыгыңды ким колдойт?

— Чыгармачылыктан тышкары кафеде ырдап акча табам. Материалдык жактан эч
кандай деле көйгөйлөр болгон эмес. Кудайга шүгүр, ушул чыгармачылык менен,
талыкпай эмгектенүү менен өзүмдү эле эмес, үй-бүлөмдү дагы каржылап келем.
Бир туугандарымдын улуусу катары аларга үлгүлүү жол көрсөтүү жоопкерчилиги
менин моюнумда. Албетте, чыгармачылыктагы жолум акча табуу үчүн эмес, бул
жан дүйнөм каалап турган нерсе. Ошондуктан, биринчиден, бул жол менен өзүмө
болгон талапты аткарып жатсам, экинчиден, күйөрмандарым эмгегимден ырахат
гана алып турса экен, кыргыз эли мени менен сыймыктанса экен деген тилек.

Азыр сүйлөп жатсаң бир башкача жагымдуу коңур үндүн ээси экениңди
баамдадым. Тамагың ооруп жатабы десем, ага дагы окшошпойт…

— Ооба, үнүмдүн өзгөчө экенин бардыгы эле айта беришет. Бир укканга тамагым
ооруп калгандай сезилет. Кээ бирлер «вокалдан ушундай кылып таптайсыңбы, үнүңдү?» деп дагы сурашат. Жок, бул мага табияттан берилген үн. Атактуу
америкалык ырчы Мерайа Кэрри дагы ушундай кырылдаган үндүн ээси эмеспи. Ал
ошондой үнү менен кандай гана хит ырларды жараткан. Ошондуктан мен дагы
ойлоп калам, буюрса, келечекте угармандарымдын эсинде калчу жакшы
чыгармаларды тартуулайм деп.

Кыргыз ырчы кыздарынын арасынан рэп аткарган кыздар дээрлик жокко
эсе. А сен бул жанрда кандайча ырдап калдың?

— Мен мурун ички дүйнөмдө рэп аткарууну аябай жактырчумун. Бирок негедир
аткарчу эмесмин. Эл кандай ойлойт дегенге эле такала берчүмүн. Эми жакындан
бери рэп жанрында ырдап жүрөм. Билбейм, күйөрмандар колдоп эле жатышат.
Демек, кыздарга деле рэп аткарууга болот тура деп калдым. Албетте, эми муну
улуу муундагы адамдар колдобосун түшүнүп турам. Бирок жаштардын дагы
талабына ылайык ырлар жаралып турбаса болбойт го.

Ушул убакка чейин канча ыр, клип тартууладың күйөрмандарыңа?

— 15 тей ыр, 10 чакты клибим чыкты. Дагы алдыга көп пландар коюлган. Жеке
концертимди берип, ырлар жыйнагымды чыгарайын деген тилектерим бар.
Буюрса, анын баарын ишке ашыра алам деп ишенем. Жеке жашоомо кызыккандар
тууралуу айта кетсем, азырынча бул экинчи пландагы нерсе. Анын үстүнө жашмын
дегендей. Алгач чыгармачылыгымды бир нукка салып алайын, анан жигит күтүү,
турмуш куруу тууралуу ойлоноттурмун.

Маегиңе рахмат, Тамга! Максаттарыңа жетишиңе биз дагы тилектешпиз.

Асел Эсенбек кызы

СоӊкуКош бойлуу жылдыздар өздөрүнө кантип кам көрүшөт?
КийинкиРактын биз анчейин көңүл бурбаган белгилери