Негизгиге Аңгеме Бакытты талкалаган бийиктик

Бакытты талкалаган бийиктик

1081

Шаардын чок ортосундагы заңгыраган кабат үйдүн бир айнеги кѳңүлдүү серпилди. Терезе пардаларды ырахаттана ачып жүргѳн айым Мария. Тактап айтканда Майрамкүл. Майрамкүл кантип Мария болуп калганын кийин билесиз.

Айым беш бѳлмѳнүн тең терезелерин ачып болгон соң турган ордунда бир чимирилип алды. Кѳѳдѳнүн толкуткан кубанычтуу сезимден колдору ѳзүнѳн ѳзү канаттай жайылып, учуп кетчүдѳй болду. Ушул мүнѳттѳрдѳ жыргалын, бакытын бирѳѳ менен бѳлүшкүсү келди. Кимге айтса экен. Мээсине эң алды ага күлүп сүйлѳгѳн менен ичи тардыгы байкалып турган бир-эки курбусу келди.

— Хм, кошкула. Силер менен экинчи ирет жолукпай калсам сонун болмок, – ѳзүнчѳ сүйлѳнүп алды. Андан кийин кѳз алдына тартылганы кесиби боюнча кез келишип калса кызуу сүйлѳшкѳнү менен иш алып барууда артынан аңдыганын койбогон кесиптеши түштү. Жетишкендигин бѳлүшүүгѳ бул да татыксыз. Ата-энесин ойлогондо жүрѳгү сайгылашып кетти. Аттиң, алар бул жарыкта болгондо эт-майын артынып эчак эле келишпейт беле. Кѳзүнѳ жаш толо түштү. Бирок бул ойду андан ары улантуу азыр максатсыз эле. Мария азыр кубанып, азыр жашоону үйрѳнгѳн. Кейип отуруу – ийгиликсиздердин иши.

       Туугандар. Ѳзү бул ойго сынбагандай түр кѳрсѳттү, а жан дүйнѳсү дароо бүк түшүп жата калып эки колу менен кулактарын бекем басып, башын жерге ургулап жиберди. Ѳзүнүн туугандан кечкен, туугандын жакшылык, жамандыгынан безе качкан акылсыздыгына бармак тиштеди. Оо, бул Мария тууганга бай эле. Сегиз бир туугандын тѳртүнчүсү. Жашоосуна «ийгиликтүү болуу» деген сѳз аралаша баштаганда улуусу улуумун, кичүүсү кичүүмүн дебей колдон-буттан алышкан. Анан чын эле ийгиликтүү болгон кезинде аларга такыр убактысы артпай баштады. Канчалаган үйлѳнүү той, бешик той, тушоо той, там тойлор болду. Баарында бошобой «Баланча деген сертификат алышым зарыл болуп турат. Ал үчүн мынча миң доллар тѳлѳп, мынча сааттан окуп атам. Ай, ушу кыргыздар, тойлоп эле жүрѳ бересиңер. Ѳзүңѳрдү ѳнүктүрүүнү түк билбейсиңер. Тойго кеткен акчаны окууга жумшабайсыңар…» — деп билген акылын айтып аягында тойго эч кандай бара албастыгын билдирет.

        Аялдын мындай кадамдары бир жатынды жарып чыккан туугандарына барган сайын оор тийчү болду. Башта «келе албаса да белегин берип жибериптир» дешип жѳнѳткѳн белек-бечкектерин кѳтѳрѳ чаап кѳрсѳтүшүп, катарында болбосо да «арабызда Майрамыбыз да бар» деше турган. Бара-бара Мариянын белектерин босогодон бери ашырбай калышты. Керек болсо байкеси «ошол кыздын байлыгына батегим… Жакшылыгыма келип жүзүн кѳрсѳтүп койбогон неме мен ѳлгѳндѳ да келбесин» деди таарынып. Бул үчүн Марияга эч ким болушуп чыккан жок. Мындай таарыныч баарынын ичинде бар эле. Бир туугандарга анын акчасы, белеги эмес бир туугандык жүрѳгү, бир боордук камкордугу керек болчу. Туугандардын ар убак түгѳйлѳрү менен чогуу жолугуп келген салтын ушул Майрам бузду. Кийин чогулган сайын эстеликке деп сүрѳткѳ түшүү салтын кошушту. Ушул сүрѳткѳ түшүү маалында эч бири айтпаганы менен ар биринин ичинде Майрам алардын катарында эместигине ичтен сызган ѳкүнүч болуп турчу. Майрамкүл болсо Мария болгондон бери бир туугандарынын ага деген бир боордук тартылуусун унутуп салды. Керек болсо жерге тепсеп келген экен. Азыр гана ушуну билип жан дүйнѳсү жанчылып турбайбы. Биринин жакшылыгына барып койбосо эми анын кубанычына кимиси жетип келмек?

          Ээ бербеген ойлору эми аны күйѳѳсүнѳ жетелеп барды. Бул адам тууралуу ойлонуу кандай оор, кандай узак. Керек болсо кандай жийиркеничтүү. Аны жашоосунан эчак сүрүп чыгарып салган менен аң-сезиминен чыгара албас болду. Качан болбосун аны үйгѳ камап, идеяларын талкалап, ѳзүн ашканага малай кылып алсам деген ушул адам балдарына ата болуп калганын карачы. Ушул үчүн гана ал тууралуу айрым окуяларды аттап-буттап болсо да бир тизмектеп ѳтѳт ойлору.

         Мектепте мыкты окуп, активист болгон Майрамкүл баягы эле ала качуунун курмандыгы болду. Жолдошун жакшы кѳрүп жашап кетүү ага эч качан мүмкүн эместей сезилчү. Антсе да балалуу болгон соң баш ийбеске аргасы калган жок. Бирок мамилелери оңолуп кетпеди. Шаар кѳрүп калган жаны алыскы айылда ѳтүп жаткан күндѳрүнѳ ичи ѳрттѳнѳт да турат. Китеп окуп, сабак алчу убактысын уй саап, кир жууп, суу ташып ѳткѳрүп жатканына бушайман. Кызы жарыкка келгенде шаарда жашоо талабын катуу койду. Ал үчүн кайненесинен жеме угуп, эринен таяк жеди. Ал сайын кѳгѳрүп, ал сайын ак эткенден так этип шаарга жѳнѳдү. Аялынын ушул ээн баш максаттары гана болбогондо жолдошунун жашоосу нанга сүртүлгѳн каймактай тегиз, сонун ѳтѳ бермек. Андай болгон жок.  

         Артынан далай келип алып кетүүгѳ айткан сунушу «жашасаң мени менен шаарда жаша. Болбосо айылыңа жаңы аял таап алып жашай бер» деген жооп укчу эри. Угар жообун баамдап турса да дагы бир ирет ѳтүнүч кылып келген. Майрам үйдѳ жаңы кийимдерди кийип алып күзгү алдында сүйлѳп жатыптыр. Эрин кѳрүп эле жѳнүн билди да жай түшүндүрүүгѳ аракет кылды:

— Суранам, мени жайыма кой. Мен үч жыл баш кѳтѳрбѳй окудум, үйрѳндүм. Балдарың мыкты деген бала бакчада жакшынакай билим алып, ѳсүп жатышат. Нормалдуу адамдын жашоосу ушундай ѳтүшү керек. Мен артка кайтпайм. Билесиңби, мен эртең жүздѳгѳн адамдардын алдына чыгып сабак ѳтѳм. Айылдан кантип келип, кантип азыр ийгилик жолунда баратканымды айтып, элди шыктандырам. Кыз-келиндерге ушундай дем-күч жетишпейт. Мен болсо аларга максатына жетүүдѳ үлгү болом.

          Күйѳѳсүнѳ анын бир да кеби жаккан жок. Адаттагыдай эле уруша кетишти. Эри ага эси-кѳѳнүнѳн кеткис кордук кылды. Эртең эл алдына чыгам дегенине кыянаттык кылып атайылап кѳзүн кѳк ала кылып салды. Ушундан баштап Майрамкүл күйѳѳсү борбордо пайда болгондон баштап балдарын курбусунун үйүндѳ кармачу болду. Качан эри тажап жолго түшкѳндѳ балдарын жанына алып келет. Андан калса күйѳѳсү балдар үчүн деле анча кабатыр эмес. Аларды сурабайт, этпейт деле. Бирок аялды чогуу жашоого кѳндүрүү үчүн дайым аракеттенет. Тилегине каршы мындай аракеттери аялды токтото алган жок. Майрамкүл элине жаңы келген тренер деген кесипти аркалап, эл алдында сүйлѳп иштей баштагандан бери абдан ѳзгѳрдү. Шыктанды, ачылды, кубаттанды, чырайына чыгып, сулуулугу ашты. Анан айланасындагылар ушунун баарына анын узун ысымы анча жарашпай атканын айтышты. Кѳп ойлонуп отуруп эмнегедир Мария деген атты жактырып тандап алды. Ат табылган эле күндүн эртеси жаңы сүрѳткѳ түшүп, тийиштүү кагаздардын баарын башынан бастырып чыкты. Кечинде аны дагы күйѳѳсү тосуп алды. Кагаздардан жаңы атын угуп шылдыңдап күлүп, айрып, тытып салды. Мария канча каалаганы менен аны сотко бергенге ыраа кѳрбѳй койду. Кийин балдарына «атасы түрмѳдѳ отурган» деген кеп жабышпасын деген эле. Бирок эри аны билген жок. Кыянаттыгы күчѳп «мага анча эле башка аял кааласаң мына» деп Мариянын батирине аялдарды ээрчитип келип түнү менен тынчтыгын бузуп шапар тепти. Акыры айласы кеткенде аял аны киши жалдап сабатты да, экинчи босогосун аттагыс кылды.

            — Ууф-ф, — аял жаман ойлордун аягына чыкканына жеңилдей түштү. Чын эле жашоосундагы бул учур аяктаганда да абдан жеңилдеген. Беймаал пайда боло калып жашоосун сапырык кылып кетчү адамдан кутулуп жыргап калган. Бирок уулу менен кызын багуу оңойго турган жок. Аларды бакчанын жардамы, бала багуучулардын күчү менен гана чоңойтконун мойнуна алат. Антпеске аргасы жок болчу, «менин эле эмес далай балдар ушинтип чоңоюп атышпайбы. Башкысы бала күнүнѳн жакшы окуп, тил үйрѳнүштү» деп дароо ѳзүн актап коёт. Бирок эсинен кеткис бир окуя бар. Аны ѳзүнѳ балдары да, башкалар да айтып, айыптаган эмес. Бирок ал окуя үчүн азыр да ѳзүн соттой берет.

            Ошол жылы бир дүйнѳгѳ белгилүү тренердин сабагына барууну максат кылды. Ал үчүн акча топтоо планын түзүп, биринчи кезекте арзан батирге кѳчтү. Кычагансып ошол кыш суук болду. Айтылган окууга керек акчаны ырас эле камдады, анча-мынчасын карызга алды. Ага деле кайыл болуп дүйнѳ тааныган адам менен жолугаарына жетине албай жатты. Сабак болчу дата дем алыш күнгѳ туура келип калды. Адаттагыдай бала багуучусун чакырып, уйкудагы балдарын ѳѳп коюп таң азандан окууга кетти. Эми ал жердеги толкун Мария үчүн ѳзүнчѳ жомок эле. Үйүнѳ толгон энергия, толкуган эмоция менен кеч кайтты. Жепирейген батиринин босогосун аттап эле жанагы кубанычынын баарынан куру жалак калды. Үйдүн ичи таштай муздак, кышкы тондорун кийген уул-кызы кучакташып ыйлап отурушуптур. Үй ичи эртең менен кандай болсо ошол бойдон, тамак жасалмак турсун тѳшѳк жыйылбай жатат. Энесин кѳргѳн балдар ботодой боздоп коё беришти. Ага кошулуп аял да ыйлап жатты. Балдарын мындай абалга түшүрүп келбей койгон бала багуучуга ачуусу кайнап турса да чалган жок. Жоопкерчиликсиз мамилеси үчүн келип кечирим сурайт деп ойлоду арсыз дымагы. Бирок ал кийин дайынын чыгарбай кетти. Ошол күндү ойлосо азыр да балдарынын алдында башы салаңдай түшѳт. Бул күн анын эне катары балдарына кандай мамиле кылгандыгына так баа коюп берген күн эле.

Азыр да адаттагысындай ушул күнѳѳсү үчүн кечирим издеп балдарына чала баштады.

— Балам, сени сагындым. Сени бүгүн бир сонун конок кылайынчы. Кайсы ресторанга баргың келет айтчы. Эне-бала болуп отура элегибизге канча болду. Бир сагыныч тараталы. – ар бир сѳзүн кылдат тандап, баса айтты.

— Мам, такыр бошобойм. Бүгүн чоң семинар бар. Кызыңа чалчы. Пока.

Деми сууй түшсѳ да дароо ѳзүн колго алды.

— Кызым, менин ханышам. Апаң сени сагынды. Келчи сени бир коноктоюн. Айт, эмне ичкиң келет, эмне жегиң келет. Же дүкѳн кыдыралыбы?

— Мама, мен бүгүн бир психологдун сабагына барам. Акчасын тѳлѳп салгам. Калтыра албайм. Кааласаң ошол жерге сен да кел. Сабак укканча учурашып алабыз. Болбосо бул айдагы ар бир күнү пландалган. Кийинки айда э.

Балдарына ар бир күндү пландап жана ал планы ишке ашмайын эч жакка кайрылбай күрѳшүүнү ѳзү үйрѳткѳн. Аргасыз кызына ийгилик каалап телефонду ѳчүрдү. Таңды кѳңүлдүү тосуп, толкунданган айым азыр бѳлмѳ ортосунда мууну бошоп жер карап отурду. Башынан ѳткѳн оор күндѳрдү канча ирет эл алдында шыктануу менен айтып берип, баарын жеңип чыгууга болорун кеп кылчу. Азыр жеңбей эле жеңилүүнүн жолунда жашап ѳткѳнүн байкады. Кызыл тилин сайратып жүрүп миңдеген адамдарга сабак ѳтүүгѳ жетишти. Ѳзүн ийгиликтүү адам деп тааныта алды. Бирок ошол кезде ийгилик деп тааныган нерселери жаңылыштык болуп кѳрүнүп турду азыр. Жаштыгынын күчү, элдин сүрѳѳнү, арты артынан табылган кѳп суммадагы акчалар, ал акчаларды табыш үчүн баш кѳтѳрбѳй окуш керек болгон китептер ага ой токтотуп, эки-жагын кароого мүмкүнчүлүк бербептир. Эми минтип ак кагаздын бетин толтурган ага жетсем, буга жетсем деген тизмелеринин баары аткарылган соң тыйындын экинчи бети ачылып отурат. Жашоосунда бир туугандын, күйѳѳнүн, баланын орду аңгырап бош калганын карачы.            

Гүлайым Калыбекова

СоӊкуГулиза: Унаалуу болгонума азыр да ишене элекмин
КийинкиАскат, Миргүл: Биздин сүйүүбүз анардан башталган