Негизгиге Ден соолук Япон укалоосу – манжалардын жардамы менен бырыштардан арылуу

Япон укалоосу – манжалардын жардамы менен бырыштардан арылуу

449

Беттеги ар бир бырыш туура эмес жашоо образынын, ашыкча стресстин белгиси. Аны алдын алуу үчүн көптөгөн ыкмалар бар. Алардын бири – япон укалоосу. Бизге келгенине 7-8 жылдын жүзү болсо да акыркы убактарда гана суроо-талапка ээ болуп жаткан бул ыкманын таасири жана башкалардан артыкчылыгы эмнеде экенин адис айтып берди.

Укалоочу Гүлкайыр Асылбекова: “Жылышып кеткен майларды ордуна коюп бырыштарды жазабыз”

— Гүлкайыр, бул массаждын башкалардан өзгөчөлөгү эмнеде?

— Биз зоган ыкмасын колдонобуз, ал “жаңылануу” дегенди түшүндүрөт. Адамдын жашы өткөн сайын беттин териси жумшарып, бырыш пайда болуп, экинчи ээк келип чыгат. Бул, албетте, табияттын мыйзамы, бирок айрымдар ошону өздөрүнө маалынан эрте чакырып алышат. Буга териге туура эмес кам көрүү, күндөн коргонбой жүрүү, ичимдик колдонуу, чылым чегүү, туура эмес уйку, айтор, себептери көп. Укалоонун негизги максаты – беттеги бырыштарды табигый жол менен жазуу. Эч кандай аппарат, өзгөчө майлар колдонулбайт. Болгону, колдун туура кыймылы керек.

— Эч кандай аппарат колдонбой эле колдун жардамы менен бырыштарды жазуу канчалык деңгээлде натыйжалуу?

— Образдуу айтканда, беттин терисинин алдында май катмары бар, ал жогорудагы себептерден улам жылышып кетүүсү мүмкүн. Ошол май жок жерде бырыш пайда болот. Биз манжалардын, алакандын жардамы менен ошол майларды укалоо жолу менен ордуна келтиребиз. Бул жердеги негизги нерсе – колдун туура кыймылы. Ошондо да ал майлар дароо эле калыбына келип калбайт, үзгүлтүксүз жасалган учурда гана акырындык менен ордуна келгенде бырыш жазылат.

— Өзүңүз бул массажды кимден үйрөндүңүз эле?

— Косметология тармагына кичине кезимен бери кызыгам. Өзүмдүн кесибим мугалим экенине карабай атайын массаж боюнча курстарды окудум. Окууну бүтүп колума сертификат алган соң тажрыйба топтоо максатында салондордо иштеп жүрдүм. Кыздар колду көндүрүш үчүн бири-бирибизге укалоо жасап турчубуз.  Качан гана жетиштүү тажрыйбага ээ болгондон  кийин өз алдымча иштеп баштадым. Бир күндө 5-6 кардарга укалоо жасайм. Бир сеанс 500 сом турат. Беттеги бырыштын тереңдигине жараша 7-10 сеанс алган натыйжалуу. Бетти ошол калыпта алып жүрүү үчүн 6 айда бир жолу алып турса болот.

— Азыр айымдардын көбү ботокстун ордуна укалоого өтүп калганы айтылууда?

— Буга чейин ботоксту изилдеп окуган эмесмин, ар кимдин табити ар кандай да. Кээ бири укалоого 1-2 саат убактысын короткусу келбейт же убакыт таба албайт. Ошондуктан бир заматта жакшы жыйынтыкка ээ болгусу келип ботокско кайрылат. Бирок табигый ыкма баары бир алымдуу. Бул ыкманы деле 6 айда бир кайталап турбаса бырыштар пайда боло берет, эң негизгиси, организмге зыяны жок. Бизге бир жолу кайрылган айымдар сөзсүз экинчи ирет келип жатышат. Демек, биздин ишибиз аларды канааттандырып жатат деп билсек болот.

Укалоонун эрежеси:
— Процедура алдын ала тазаланган бетке жасалат. Андыктан укалоого макияж менен баруу ашыкча.
— Кол, беттин терисинде жеңил сыймаланып туруусу керек. Андыктан ар кандай майлардын түрү колдонулат, укалоо жасалып бүткөн соң бет ашыкча майлардан тазаланат.
— Укалоодон соң артынан 20 мүнөт табигый азыктардан жасалган маска коюлат. Бул теринин эс алуусуна шарт түзөт.
— Укалоону куперозу барларга, бетке безетки чыккан учурда, сасык тумоо болгон кезде жасатууга болбойт.

Укалоонун артыкчылыгы:
— Жаш куракка чектөө жок, канчалык эрте жасата баштаса, адамдын жүзүнө бырыш ошончолук кеч түшөт, карылыкты алдын алууга болот.
— Укалоо учурунда лимфа системасында зат алмашуу жакшырат. Кан айлануу тартиби жакшырганда теринин клеткалары жанданат. Беттин териси жылмакай, сыйдаң болуп өзгөрөт.
— Териге туура кам көрбөсө, анын алдында узак убакыттар бою токсиндер (уулуу заттар) чогула берет. Терең бырыштардын түшүүсүнө да ошол заттар себеп болот. Укалоо учурунда ал заттар териден чыгып кетет.
— Кан айлануу жакшыргандын эсебинен беттин териси агарып, көздүн алдындагы шишиктерден арылууга болот.
— Буга чейин бетиңиздин формасы тоголок, экинчи ээк бар болгон болсо укалоодон кийин беттин териси тартылып, анын формасы ичкерет жана ашыкча майлар жоголот.
— Ооздун айланасына жасалган укалоо тиштин бүйлөсүн бекемдеп, кан айлануу процессин жакшыртат.
— Укалоо учурунда эндорфин гормону иштелип чыгат. Бул гормон адамды стресстен, чыңалган абалдан чыгарып уйкуну жакшыртат.

Ал эми үй шартында төмөнкү маскаларды жасасаңыз бырыш түшүүнүн алдын аласыз:

— 1 чай кашык анар ширеси менен 1 чай кашык коюу каймакты аралаштырып бетке сүйкөп, 15  мүнөттөн кийин жылуу суу менен чайкоо керек. Аптасына бир ирет жасаса жетиштүү.

— 1 чай кашык балды 1 жумуртканын сарысын жана 1 аш кашык сулу унун аралаштырып маска жасоо керек. 20 мүнөттөн кийин жылуу суу менен жууп салыңыз. 3-4 күн аралыгында бир жасаса натыйжалуу.

— Аарчылган жарым бананды майдалап эзип, ага 1 жумуртканын сарысын, 1 чоң кашык каймак, 2 кичине кашык бал кошуп жакшылап аралаштырасыз. Аралашманы бетиңизге 20-25 мүнөт коюп, андан соң жылуу суу менен жууп саласыз.

— Алоэни сыгып, андан алынган 1 чоң кашык ширеге өзүңүз колдонуп жүргөн бет майдан жана өсүмдүк майынан 1 кичине кашыктан кошуп аралаштырасыз. Аралашманы колуңуз менен жеңил чапкылап бетиңизге, мойнуңузга сиңгенче сүйкөйсүз. 20-25 мүнөттөн кийин нымдуу салфетка менен алып саласыз.


Анара Дүйшөналиева

СоӊкуЧынара: Инимдин келечегин ойлогондон корком
КийинкиГулиза: Унаалуу болгонума азыр да ишене элекмин