Негизгиге Ашкана Хачапури жасайбыз

Хачапури жасайбыз

210

Классикалык хачапури

Кандай азыктар керек?

Сүт: 250 мл

Өсүмдүк майы: 1 чоң кашык

Каймакмай: 60 г

Дрожж: 1 чай кашык

Туз: 1 чай кашык

Шекер: 1 чай кашык

Ун: 400 г

Сулугуни сыры: 500 г

Каймак: 2 чоң кашык

Жумуртка: 1 даана

Кантип жасалат?

Алгач хачапуринин камырын жасайсыз. Ал үчүн унга дрожжду, тузду, шекерди кошуп аралаштырасыз.

Сүттү кайнатып, ага каймакмайды салып эритесиз. Сүт жылуу калыбына келгенде ундун үстүнө куюп жакшылап аралаштырасыз.

Өсүмдүк майын кошуп дагы аралаштырасыз.

Суюк болуп калса ундан кошуп, чоюлчаак камыр жууруйсуз да, бир саат тыныктырып коёсуз.

Камыр тыныкканга чейин сырды кыргычтан өткөрөсүз же майда кылып туурайсыз. 4 чоң кашыктай тууралган сырды алып коюп, калганына 2 чоң кашык каймак кошуп аралаштырасыз.

Даяр болгон камырды төрт бөлүккө бөлөсүз да, ар бирин өз-өзүнчө жука кылып жаясыз.

Каймак кошулган сырды төрт бөлүккө бөлүп, жайылган камырдын ортосуна бирден коёсуз.

Камырдын чекелерин бириктирип “мүшөкчө” жасайсыз.

Эми аны тегерек нандай кылып жаясыз.

Бетине жумуртканы сүртүп, кургак сырдан себелеп коёсуз.

Хачапурини 220 градустагы духовкага 20 мүнөт бышырасыз.

Кесимдерге бөлүп, жылуу калыбында дасторконго коё берсеңиз болот.

Жумуртка менен хачапури

Кандай азыктар керек?

Камыр

Моцарелла сыры: 200 г

Адыгей сыры: 250 г

Жумуртка: 4-5 даана

Каймакмай: 100 г

Кантип жасалат?

Сырдын баарын кыргычтын ирик тишинен өткөрөсүз.

Ага жумшартылган каймакмайды кошуп аралаштырасыз.

Тыныккан камырды бирдей өлчөмдөгү 4-5 бөлүккө бөлүп алып, жука кылып жаясыз.

Камырдын карама-каршы турган эки чекесине 1 кашыктан начинка салып, аны ороп келип кайыктын формасындай кылып камырдын чекелерин бириктиресиз.

“Кайыктын” ортосуна да начинкадан саласыз.

Аларды пергамент кагазы салынган калыпка тизип, 220 градустагы духовкада кызаргыча бышырасыз.

Бышарына беш мүнөт калганда алып чыгып ортосуна бирден жумуртка чагып кайра саласыз. Бышканда көк чөптөр менен кооздоп дасторконго коё берсеңиз болот.

СоӊкуҮйдүн “ээсинен” кантип кутулабыз?
КийинкиНуржан Ташболот кызы: Мени кызымдын бала багуучусу деп ойлошот