Негизгиге Сурагым келет Үйдүн “ээсинен” кантип кутулабыз?

Үйдүн “ээсинен” кантип кутулабыз?

768

– Менин жаңы бүлөгө келин болуп келгениме эки жыл болду. Жолдошум үйдүн кичүүсү болгондуктан 60 жаштан өтүп калган кайнене-кайнатам менен Чүйдөгү айылдардын биринде турабыз. 10 айлык уулубуз бар.

Бул үйгө келин болуп келгенден бир жылдан кийин мындагы сырдуу көрүнүштөргө күбө боло баштадым. Бир жолу түштө уктап калыптырмын. Чочуп ойгонуп кетсем эле эшиктин жанында ары карап эркек киши туруптур. Кайнатам биздин бөлмөдө эмне кылып жүрөт деп таң калдым. “Ата” десем бери карады эле, башка киши  экен. Жүрөгүм оозума тыгылып, эптеп өзүмдү кармап келме келтире баштадым. Баягы караан мени бир топко чейин карап турду да, андан кийин биздин бөлмөдөн чыгып кетти. Коркконуман калтырап, үнүм чыкпай калды. Түшүм дейин десем, көзүм ачылып турат. Ордумдан туруп бөлмөдөн чыгып кете албай телефон чалып сыртта жүргөн жолдошумду чакырдым. Ал келгенде болгон окуяны айтып берсем эч камырабастан: “Аа, ал тууралуу сага айтпай калган турбаймынбы. Ал биздин үйдүн ээси. Коркпо, эч зыяны жок”,- деп койду. Кантип коркпой коём? Ошол кезде кош бойлуу элем, боюмдан түшүп калса эмне болот эле? Күйөөм минтип койгон соң көргөнүмдү кайненем менен кайтанама айтсам алар да “аа, ал жүрө берет” деп коюшса бир чети таң калсам, бир чети кандай үй-бүлөгө туш келгениме түшүнө албай жаттым. Эртеси бул тууралуу кошуна эжеге айтсам, ал да билет экен. Көрсө, биз жашап жаткан жерде эски там болгон экен. Ал үйдүн ушундай “ээси” болгон үчүн арзан сатылса да эч ким албаптыр. Анан тобокелге салганбы же арзанына кызыкканбы, кайнатам сатып алып, эски тамды бузуп ордуна эки кабат кылып ушул үйдү салган экен. Бул үйдүн мындай сырдуу экенин айылдын баары билет, мен эле билчү эмес экенмин. Ошондон баштап менден уйку качты. Түнү жарыкты күйгүзүп жатып улам-улам ойгоно берем. Күндүзү үйдө жалгыз кала албайм.

Кийин төрөп, балама алаксып кеттим. Көрүмчү ошол бойдон көрүнгөн эмес. Бирок балам 6 айлык болгондон баштап бир чекитти карап алып бирөө менен ойноп жаткандай кыткылыктап күлө берген адат таап алды. Мындан улам ал эми баламдын көзүнө көрүнүп жаткан го деп ойлой берем. Үйдү сатып башка жакка көчөлү десем үчөөнүн тең уга турган түрлөрү жок. Жок дегенде молдо чакырып тазалайлы десем буга чейин көп эле жолу антип аракет кылышкандарын, бирок эч кандай майнап чыкпаганын айтышты. Мен минтип көпкө жашай албайм. Үйдөгүлөр эч кандай чара көрүшпөсө баламды алып кетип калсамбы деп ойлоп жатам…

Сулайман Кочкорбаев, жинолог:

– Эл арасында “арбак, үйдүн ээси” деген сөздөр айтылып келет, бул туура эмес. Бул кадимки эле жин. Негизи, жин ар бир үйдө эле болот, алар “мусулман” жана “каапыр” деп экиге бөлүнөт. Мусулман жиндин чын эле зыяны жок. Ошентсе да алардан коргонуу иретинде үйгө кирип жатканда “Бисмиллях” деп эшикти ачып кирип, тамак ичерден мурда бул сөздү айтып жесең, жин-шайтандар кетет. Эгерде бул сөз айтылбаса, ошол үйдө түнөп калышат. Андан тышкары үйүңүзгө ар дайым “Бакара” сүрөөсүн илип, аны окуп турсаңыз, жин-шайтандар жолобойт. 

Негизи, жиндер да инсандардай эле насыл улайт, көбөйөт, эркек жана аялдар болуп бөлүнүшөт. Эркектери үй-бүлө курушуп, балдар төрөлөт. Өз үй-бүлөсүн коргоп, инсандардай эле жашоосун улантышат. Дин жин тууралуу маалыматтарды чектейт. Жин биздин көзүбүзгө көрүнбөс болгондуктан, дагы көп нерселерди айта албайбыз. Ток этерин айтканда, үйдө куран көп окулса эле бул нерсе жоголот.   

Жооп калтыруу

Please enter your comment!
Please enter your name here